(Даректүү баян)
Байтик баатырдын мезгилинде Ала-Тоо боорунда Керкашкадан ашкан күлүк болбоптур. Кайсы жерге, кайсы элге барса да, биринчи Керкашка чыгып, байгенин ээси аталчу экен. Мен бул даректүү окуяны Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында жашоочу 80 жаштагы кудам Жаманкул Оболбековдон 2013-жылдын декабрь айында угуп, жазып алган элем.
Күрдөөлдүү күздүн берекеге толгон мезгилинде Ат-Башы, Нарын тарапта айтылуу баатыр Карачанын ашы өтүп, аны уулу Матай башкарды. Ала-Тоонун ар тарабынан мансаптуу бийлер, бай-манаптар кошумчага деп күтүрөтүп мал айдашып, күлүктөрүн таптап даярдашып, шаан-шөкөт менен келип жатышты.