Nov 05

Беш жүз жыл жашаган абышка

Эл ичи – уламыш кенчи

312b43f0e718db4beb7480dee0031e24

Бул  уламышты Кум-Дөбө айылынын жашоочусу  Жумалиев Жакшылыктын айтканы   боюнча жазгам. Ал киши болсо Мамырбаев Усубакундан  уккан экен. Continue reading

Nov 05

Боогачынын 150 жылдыгына карата

Боогачы

4-Боогачы фото

Белгисиз жолоочу

Күз айлары эле.  Элди аралап бир жолоочу келе жатты. Айыл аралап келе жатып, “Кийинки айылга жеткирип коюшар бекен” деген үмүттө  ат сурап кайрылса, “Тээтиги чоң үйгө барыңыз, таң-тамаша ошондо…” деген куру жооп укту.

Барса, үй толо киши. Кымыз ичишип, комуз черттиришип, Боогачынын “Үкөйүн” ырдатып дуулдап олтурушкан экен. Жолоочу салам айтып кирип, бирок тыңгылыктуу  алик ала албаган соң улагадан орун алды. Тигил ырдап жаткан адамга көңүлүн бурду да, анан алдындагы кымызынан жутуп, демин басып туруп мындай деди: “Ырдын обону саал бузулуп жатат…”
Continue reading

Nov 05

Оморбай НАРБЕКОВ, академик: “Чыкебиз жарык дүйнөдөн армандуу кетти”

3-2

Оморбай Нарбеков улуу жазуучу  Чыңгыз Айтматовдун ишенген жана сырдаш иниси катары узак убакыт бою аны менен жакын мамиледе болду.  Оморбай агайдын эл дарылаган иш бөлмөсүндө түстүү боёк менен тартылып илинген сүрөтүн көргөндө биринчи кезекте оюма ушул түшөт.

Учурда Айтматовду көрүп-билген адамдардын баянын китепке даярдап жатканыбыздан улам,  мен алгач Оморбай Нарбеков менен маектешүүгө, анын көкүрөгүндөгү  айтыла элек сырларын алып чыгууга ашыктым.  Төмөндө “Көк асабанын” окурмандары үчүн  сунушталган баарлашуубузду  жарыяладык. Continue reading