Кубан ЧОРОЕВ, экономист: «Акча системасынын туура эместигинен  туңгуюк абалдабыз”

Улуттук банк кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштебей жатканын жана аны улутташтыруу менен кошо акча системасын алмаштыруу керектиги тууралуу коомчулук арасында кийинки мезгилде байма-бай сөздөр жүрүүдө.

5-Чороев

Бул олуттуу маселе маалымат булактарында экономист Кубан Чороев тарабынан иликтенип элге жеткирилип отурат. Өлкөдөгү финансылык системаны турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча сунуш-кеңешмелер буга чейин тиешелүү бийлик бутактарына айтылганы менен, бул маселе боюнча чечкиндүү кадамдар жасалбады. Акча системасында кандай реформа керектиги жөнүндө жана анын мамлекет үчүн мааниси тууралуу интернет булактарында кеңири айтылууда. Ал эми Кубан мырза менен болгон маекте биз бул маселенин  негизги түшүнүктөрүнө токтолдук жана  жеке адамдык өсүү боюнча суроолорго  орун бердик.

Кубан мырза, биздеги Банк системасында реформа жүргүзүүгөэмне тоскоолдук болуп жатат?

– Эӊ негизги маселе, менимче, интеллектуалдык тоскоолдук. Мен сунуштаган маселени түшүнүш үчүн биздеги экономикалык абалга болгон башкача көз караш керек деп ойлойм. Бүгүнкү күндө ошол эле улуттук банкта, мамлекеттик бийлик бутактарындагы жетекчилердин экономика тууралуу билими азыркы шартка жооп бербей калгандай көрүнөт. Алар үчүн бүгүнкү система – туура система деп эсептелет. Себеби, алардын калыптанган билими жана тажырыйбасы белгилүү бир чектен ары чыкпай, билген-көргөнүн “туура, башкача болушу мүмкүн эмес” деген түшүнүктүн деӊгээлинде калышкан деп айтса болот. Коммерциялык жана улуттук банктардан турган эки баскычтуу финансылык системаны туура экономикалык теория деп эсептешет. Бул системанын алкагында эгер маселе жарала турган болсо, кандай учурда кандай кадамдарды жасаш керек деген түшүнүк мээбизге сиӊип калыптанып калган. Мен айтып жаткан сунуштун мааниси азыркы системаны түп тамыры менен альтернативалык түзүлүшкө алмаштырууда жатат. Эгерде биз мындай чечкиндүү өзгөрүүгө бара албасак, экономикалык өнүгүү болбойт. Өкмөттө, Президенттик аппаратта, Жогорку Кеӊеште же Улуттук банктын жетекчилигинде ушул маселени түшүнүп, объективдүү көз караш менен карап изилдөө жүргүзүү керек. Чынында эле финансылык системалык өзгөрүү керекпи, анын орду канчалык деген суроонун айланасында майнаптуу ой жүгүртүп жана аны чечүүдө тиешелүү кадамдарга барууга кайра эле интеллектуалдык деӊгээл менен эрк жетишпегендиги тоскоол болуп келет.

– Финансылык системаны өзгөртүү үчүн кандай жеке аракеттерди жасап жатасыз?

– Биздин коомдо кардиналдык өзгөрүүлөрдү жасаш үчүн – өзүнүн аӊ-сезимин өзгөрткөн, жаӊырууга жетишкен адамдардын санын көбөйтүш керек. Менин максатым – системанын көйгөйлүү жактарын массалык маалымат каражаттары жана соцтармактар аркылуу макала түрүндө элге жеткирүү болуп саналат. Финансылык системаны өзгөртүү боюнча сунуштарым мамлекеттик жетекчилерге жетпесе да, карапайым элге түшүнүк берейин дегендин үстүндө иштеп  жатам. Эл бул маселени акырындап түшүнө берсе, эртеби-кечпи күчтүү коомдук пикир жаралат. Бир жылдан ашыгыраак убакыттан бери айтылган маселе боюнча жеке маалымат жүргүзүү саясатын ишке ашырып келем. Менин оюмча, өлкөдөгү социалдык-экономикалык туӊгуюк абал акча системабызды туура эмес тандап алганыбыздан улам болуп жатат.

– Маселе жалпы эле экономикалык түзүлүшүбүздүн мүчүлүш кеткенинде болуп жатат да?

– Экономикалык теориялардын бир нече багыты бар эмеспи. Бүгүнкү күндө биз окуп өздөштүрүп жаткан экономикалык теория мейнстрим болуп калган орток теория. Бул теория өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасына, идеологиясына, жашоо образына көбүрөөк дал келет. Ал эми бизге окшогон спецификалык өзгөчөлүктөрү бар, өнүгүү жолуна эми гана түшө турган улуттук мамлекеттер үчүн туура келбейт. Ошондуктан, биздин талаптарга жооп бере турган экономикалык багытты тандап алуу же иштеп чыгуу маселеси турат. Азыркы системанын зыяндуулугу – дээрлик бардык параметрлери боюнча бизге дал келбегендигинде жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк абройлуу экономисттер кандай учурда кандай экономикалык система туура келе тургандыгын дааналап  айтып келишет.

– Экономикалык либерализмди азыркы мамлекеттик системада киргизүү канчалык орундуу?

– Кыргызстандын азыркы экономикалык системасы либералдык теорияга туура келбейт. Либерализмде мамлекеттин экономикага болгон таасири төмөн болушу керектиги белгилүү. Ал эми учурда бизде мамлекеттин экономикага эле эмес, социалдык да чөйрөгө болгон таасири чоӊ. Маселен, бүгүн мамлекет үч чоӊ социалдык маселени чечет. Алар билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздандыруу. Ушул үч тармакты камсыз кылууга мамлекеттик бюджеттин дээрлик 70%ы сарпталат. Биздин өкмөт негизинен ушул үч тармактын маселесин чечүү менен алек. Учурда ички дүӊ продукциябыз 400 млрд.сомго жетпеген акчаны түзөт. Ушул сумманын үчтөн бир бөлүгү биздин мамлекеттик бюджетти түзөт – 100-120 млрд.

– Мамлекеттин экономикадагы орду канчалык болуш керек?

– Бизде 20 жылдан бери мугалим-врачтарда жакшы айлык акы болгон эмес. Бир сөз менен айтканда, мамлекетибиздин экономикага болгон таасири сан менен алганда – чоӊ, сапат жагына келгенде – төмөн болуп калган. Биздин экономика либералдык эмес, социалдык экономика болгондуктан, жогоруда айтылган үч тармакты бакканга эптеп-септеп араӊ жарап жатат. Эгер  мамлекет мугалимдерге жакшы айлык төлөп бере албаса жана мектептерди заманбап технологиялык шарт менен камсыз кылып бере албаса айтыш керек эле “биздин колубуздан келбей жатат, экономикабыздын мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп калды” деп. Элдин  кийлигишүүсү менен билим берүүнү коомдук же жеке менчикке өткөрүп бериш керек болчу. Күчтүү коомдун негизин сапаттуу билим берүү системасы түзөт. Мамлекет – бул техникалык структура эле эмес, мамлекет – биринчи кезекте анын адамдары. Мамлекеттин күчү жарандарга бекилген. Маселен, ошол мамлекеттеги компаниялар, өндүрүштөр, илимпоздор, спортсмендер ж.б. бардыгы биригип өлкөнүн келечегин аныктайт.

– “Каренси Боард” (currencyboard) системасы тууралуу кыскача айтып өтсөңүз, биз кандай учурда сомдун курсун долларга карай туруктуу кармай алабыз?

– Биз билгендей дүйнө жүзү XXкылымга чейин акча бирдигин алтынга бекитип келишкен. Башкача айтканда,канча акча басып чыгарылса, анын нак куну алтын түрүндө банктарда сакталып турчу. 1944-жылы Бреттон-Вуд келишиминин негизинде «алтын стандарты» долларга алмаштырылган. Башкача айтканда,доллар дүйнөлүк валютага айланган. Ошондон баштап дүйнөдөгү бардык борбордук банктар долларды резерв катары сактаганга милдет алышты. Бирок ошондо деле АКШ долларды алтынга алмаштыруу системасын колдонуп келген. Мамлекетте алтын запасы канчалык болсо, ошончо эле акча чыгаруу керек болчу. Экономика өсүп баштаган сайын мамлекетке дагы ошончолук акча керектелип отуруп, акча басып чыгарыла бергени менен алтынга болгон теңдешүүсү бузулуп калган. 1971-жылы Ричард Никсон долларды алтынга бекитүүнү жоюп салды. Мындайча айтканда, доллар эми алтындын көлөмүнө байланбай калган. Мындай болушунун себеби, Европадагы мамлекеттер доллар акчаларын АКШга жөнөтүп, алтынга алмаштырып баштаган. Бул көрүнүш АКШнын алтын запасынын кескин түдө азайышына алып келүү коркунучун мүнөздөгөн эле. 1971-жылдан баштап долларды кайрадан башка нерсеге байлоо маселеси чыккан. Ал убакта нефть оорчундуу мааниге ээ болгон ресурска айланып баштаган мезгил эле. Сауд Аравиясы нефтинин эң ири көлөмдө экспорттоочу мамлекет болгондуктан, АКШ эки мамлекет ортосундагы стратегиялык кызматташуу боюнча келишим түзүүнү ишке ашырды. Келишим боюнча АКШ Сауд Аравиясындагы нефтинин эң негизги жана ишенимдүү кардарына айланган, бирок Сауд Аравиясы нефтини башка жакка сатуудагы соода бирдиги катары долллар менен эсептешүүгө милдет алган. Ошондон баштап доллар нефтиге байланган да, дүйнөгө кеңири тарай баштаган.

– Бизде финансылык системабызды стабилдештирүүгө мүмкүнчүлүк болгон жокпу?

– Кыргызстанда сомду алтынга байлаш керек. 1944-жылы 1 унция алтын 24 доллар болчу. Азыр болсо 1 унция алтын 1100 долларга чейин өсүп жетти. Себеби алтындын дүйнөдө казылып алынган темпи менен акчаны басып чыгаруу темпи эки башка айырмага түшүп калды. Кыргызстан жок дегенде 2000-жылдары сомду алтынга байлоого өткөндө, ошол мезгилдеги баа боюнча 1 унция алтын 250-300 доллар болмок. Эгер ошондо эле биздин сом алтынга байлана турган болсо, бүгүнкү күндө элдин алган орточо айылыгы азыркы эквивалент менен алганда 1500-3000 доллардын айланасына жетмек. Анткени, ошол убактагы айлыкты эгер алтын менен байлай турган болсок, сомдун жөн эле номиналдык куну (баалуулугу) бүгүнкү күнгө чейин 4 эсе өсмөк.  Ошондо бүгүнкү күндөгү сомдун сатып алуу жөндөмдүүлүгү күчтүү болуп, элдин жашоо турмушу бир топ  жеңилдеп, эмгиче бардарчылыкка жетип калмак. Тилекке каршы, тескерисинче, оор абалды күчөтүп алдык.

1-фото1

Бүгүнкү күндө бул маселе боюнча кандай конкреттүү сунушуңаз бар?

– Менин сунушум – сомду туруктуу кармайлы деген чакырык. Биз сомду туруктуу кармабасак. финансы системабыз өнүкпөйт жана элдин жашоосу дагы оңолбойт. Азыр Улуттук банкта 2 млрд. доллар резерв акча турат. Ошол эле убакта биздин экономикабызда бүгүн 67 млрд. сомду которсоң 1 млрд долларга чыкпайт. Биз резервдеги акча менен сомдун долларга карай болгон курсун фиксациялап бекитип коюуга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

– Анда сизге мындай суроо: эгер сиз эртең улуттук банктын төрагасы болуп бекитилип калсаңыз, кандай кадамдарга бармаксыз?

– 1 млрд долларды эртеңден баштап сомдун долларга карай болгон курсу 69 сом менен өйдө дагы, ылдый дагы эмес, туруктуу кылып бекитмекмин (резервдеги акча менен). Жана, банктарга кепилдик менен канча сом алып келсе, бекитилген (фиксацияланган) баа менен ошончо доллар берет элем. Же болбосо, 100 млрд. доллар алып келсең, кайра эле ушул курс менен сага ошончо сом басып берүүгө кепилдик берүүгө даярмын дейт элем. Эгер ушул системаны кабыл алсак, ошол күндөн баштап биздин экономикада эч кандай девальвация болбойт. Мындай системаны бардык араб өлкөрү 1971-жылы эле АКШ менен стратегиялык келишимди түзүп жатканда улуттук валюталарынын долларга карай болгон курсун фиксациялап туруктуу бекитип коюшкан. 71-жылы Сауд Аравиясынын 3.65 реалы 1долларды түзгөн. Азыр деле Арабияда каалаган банктан ушул эле курс менен акча алмаштыра аласыз. 40 жылдан ашык убакыттан бери курсу өзгөрүлбөй келет. Эмне үчүн көптөгөн инвесторлор Араб өлкөлөрүнө барганга ынтызар. Анткени аларда финансылык стабилдүүлүк  бар. Инвесторлор андай жерге өздөрү издеп барышат.

Эми, кийинки суроолорум жеке өзүңүзгө тиешелүү суроолор болсун. Сиз жашоодо эмнеден уяласыз?

– Артыңдан жаман сөз калтырып коё турган иштерден уяласың да. Кыргызда жаман сөзгө калуу оор нерсе эмеспи. Жакшы сөз кала тургандай жакшы иш жасаган болсом, ошол мен үчүн канааттандырарлык.

– Сизди эмне намыстантат?

– Көп жылдар бою тарыхыбызды, маданиятыбызды, кыргыздын философиясын изилдеп жүрүп байкадым, жаштар арасында көпчүлүгү бул нерселерге маани бербей, жүрөгү менен кыргыздыгын  туйбай маңкурт болуп жатышкандыгы мени ардантып, намысыма тийген маселе болду. Жаштар билимдүүрөк болсо экен дегеним, күнүмдүк көр оокаттан башы чыкпай калгандардын көз карашы тар болуп, түшүнүгү өспөй калат экен.

– Эгерде сизде мүмкүнчүлүк болгондо, эмнени биринчи оңдойт элеңиз?

– Жогоруда айтылып өткөн маселе боюнча адис катары өзгөртүү киргизгенге жетишсем, анда мен көкүрөктөгү көксөп келген жакшылыкты жалпы кыргыз элине жасаган болор элем.

– Өзүңүздөгү өзүңүз канааттанган кайсы сапатыңызды белгилейт элеңиз?

– Пендечилик жашоого таптакыр кирип кеткен жагдайдан сактоочу ички өзөгүң болбосо, турмуштун сазында калып кеткенден өткөн түйшүк болбосо керек. Менимче, ошол ички туюмдун күчү менен да Жараткандын алдында деңгээлиңди кармап турган абалыңдын болуп турушу жакшы нерсе. Ички багытыңдан оолактабай жүргөнүң жашооңо бир топ жеңилдик менен көтөрүмдүүлүктү берет окшобойбу.

– Ушуну жоюшум керек эле деген өзүңүзгө жакпаган терс сапатыңыз барбы?

– Кенебестик сыяктуу жакшы эмес сапатым барбы деп эсептейм кез-кезде. “Боло берет эми, эч нерсе болбойт” деп көз жумган сапатты адат кылбай жоюш керек го деп ойлойм.

– Сизге карай айтылган сынга болгон мамилеңиз?

– Жасап жаткан ишиңе карай айтылган конструктивдүү сын болсо – жакшы. Ошого жараша жооп бергенге дагы мүмкүнчүлүк болот. Анан бирок жеке адамдык сапатка асылган сындарды мен орунсуз деп эсептейм.

– Ийгиликтин сыры сиздин көз карашыңыз боюнча, бул…

– Ийгиликтин сыры – ар бир адам өзүн кайсы тармакта күчтүү экенин сезгенде ачылат. Эгер адам колунан келген да, келбеген да нерсе менен алек боло берсе, көзөдөгн максатына эч качан жетпейт. Ийгиликтин бирден бир булагы – өмүрүндөгү так аныкталган максатынын болушу. Бир максатка карай жумшалган күчтүн аягы, албетте ийгиликке алып келет.

Айбек БАЙЫМБЕТОВ

One thought on “Кубан ЧОРОЕВ, экономист: «Акча системасынын туура эместигинен  туңгуюк абалдабыз”

  1. Кубан мырза менен жолугуп сүйлөшүүгү болор бекен?
    Мен да экономистмин көз карашым Кыргыздын улуу Ата-Салты менен айкалышкан Өзүбүзгө гана тийешелүү экономикалык жолдун түптөлүшүн эңсеп келем.

Leave a Reply to Максаталы Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *