Шералы СООРОНБАЕВ, сүрөтчү, тери чебери: “Көрөрманың  жок болсо,  чыгармаң өксүктө кала берет”

1-Жаачы

Токойлуу айылда чоңойгон,  жыгач уста чоң атасынын чеберчилигине таасирленип, анын куралдары менен алгачкы аракеттерин жасаган  Шералы  Сооронбаев  окуучулук кезинде сүрөтчүлүккө кызыкса, кийин А.С.Чуйков атындагы  окуу жайынын терини көркөм иштетүү бөлүмүн бүтүрүп, бара-бара теринин табиятын жана мүмкүнчүлүктөрүн улам терең  түшүнүп, андан кийин биротоло бул көркөм  дүйнөгө сүңгүп  кирген.

6-Сооронбаев Шералы

Чыгармачылыкта жеке өзүнө гана тиешелүү өзгөчө өңүтү менен, нукура адистик чеберчилиги менен таанылып келаткан  Шералы Сооронбаевдин  колунан жаралган чыгармалар  учурда Австрия, Германия, Турция, АКШ, КМШ мамлекеттеринде жеке коллекцияда, Кытайда жибек боюнча музейде, Кыргызстандагы Иорданиянын элчилигинде жана ошондой эле президентибиз Атамбаевдин иш бөлмөсүндө орун алган.

– Шералы мырза, сиздин териден жасалган картиналарыңыз көпчүлүктү суктантып да, таңдантып да келет. Тери буюм катары биздин жашообузга канчалык тереӊ кирген?

– Тери иштетүү биздин ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан өнөр болуп саналат эмеспи. Тери буюмдары – көчмөн элинин атрибуту. Себеби, бул өнөр атадан балага, энеден кызга, устаттан шакиртке өтүп, элибиздин материалдык байлыктарынын бирден-бир элементи катары кызмат кылып келгенин жакшы билебиз. Бүгүнкү күнү илгеркидей тери буюмдарын колдонууга муктаждык аз болсо дагы, ал музейлерде экспонат болуп биздин көчмөн жашообуздан  кабар берет. Ат жабдык, жүгөн, ээр токум,  кишинин тулку боюндагы кийимдер – бардыгы териден жасалчу. Боз үйдөгү кымыз сактаган сабаа, чанач, көөкөр, көнөчөк, чыны кап, отурса көлдөлөӊ, ун сактаса супара – мунун бардыгын ата-бабаларыбыз териден үй шартында жасап алышчу. Азыркы заманбап жашоодо териге байланыштуу маданият акырындап унуткарылып баратканы кооптуу маселе. Көпчүлүк элтери иштетүүнү завод-фабрикаларда жасалуучу иш деп түшүнүп калышты. Андыктан, териге байланыштуу салттуу билимдерди кайрадан калыбына келтирип, аны жайылтуу иши жалпы элдик маданиятты сактап калуу үчүн көӊүл бура турган маселе.

“Ордо”

6-Ордо

– Көркөмдүккө келүүчү материал катары теринин мүмкүнчүлүгү жана оорчулугу канчалык?

– Эгер көркөм сүрөттө түс берүүнүн мүмкүнчүлүгү кенен болуп, ар кандай ракурстан алып тартуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, териде андай мүмкүнчүлүктөр жок. Себеби, тери кургаганда өзүнүн формасын өзгөртүп таштайт. Анан бардык эле боекторду ала бербейт.  Ага өзүнчө боектор колдонулат. Кагаздан айырмаланып, тери тирүү организм, анүстүнө, ар бир тери бири-бирине окшобойт дагы. Маселен, бирөө жакшы боек алса, ошол эле учурда форманы албай коюшу мүмкүн, же тескерисинче да болуп  калат. Тери менен алдын ала болжоп иш кылуу кыйын, иштеп жаткан учурда гана кандай кылуу керектиги билинет.

– Учурда кандай ой-толгоолор менен кандай тематиканын үстүндө иштеп жатасыз?

– Териге түшүрүлгөн чыгармачыл ой көбүнчө каймана түрдө берилет. Териге каймана маани чөгөрүү абдан ыӊгайлуу, теринин табияты ошого жарашат.  Учурда негизги тематика тарыхый окуяларга, уламыштарга байланыштуу болууда.  Бул багытта кызыгып жатканымдын дагы себеби бар, анткени, элдик акылмандуулук кылымдар бою калыптанган жана аны символдоштуруу биз үчүн маанилүү деп эсептейм.

“Жибек жолу”

8-Жибек жолу

– Бизге тектеш элдердин арасында терини көркөм иштетүүдө биздин ордубуз канчалык?

– Мындан 2-3 жыл мурун Татарстанда терини көркөм иштетүү боюнча фестиваль өткөрүлгөн болчу. Кыргызстандын атынан  тери менен иштеген сүрөтчү Ишен Чаланов агай  экөөбүз барып катышып келдик, бир чети башка элдер терини кандай иштетээри абдан кызык болду.

Бизден айырмаланып, башка элдерде терини  технологиялардын жардамы менен иштетип, кол жумушу сүрүлүп калган экен. Фестивалга Өзбекстандан келгендердики көбүнчө тери кутучалар, сандыкчалар, анан койдун терисинин бетине боек менен чийилген көркөм сүрөт  экен. Иран менен Түркиядан келгендердики көбүнесе териден тигилген бут кийимдер. Азербайджандын кол өнөрчүлөрүнүн  тери буюмдары жупунураак экен, алар койдун терисинен аппликация кылышыптыр. Ал эми Казакстандын өкүлү терини Чымкенттен иштеткен кыргыз бала болуп чыкты. Анын буюмдары биздикине окшош экен, анткени окуу жайды бизден бүтүп барыптыр.

Биз, кыргызстандыктар, ал фестивалда көөкөр, тогуз коргоол, ат жабдыктар жана башканын баардыгынан бир аздан көргөзмөгө чыгардык. Татарлар менен башкырлар өзгөчө көөкөрлөргө абдан кызыгып таң калышты. Кыргызстанда терини көркөм иштетүү кудайга шүгүр, жакшы багытта, тез ылдамдыкта өсүп келатат.

– Чыгармага болгон элдин мамилесин кандай баалайсыз?

– Чыгармачылык -бул чоң түйшүк. Сенин чыгармачылыгыңды көрүп же окуп түшүнгөн киши сөзсүз болуш керек экен. Жаратылган чыгарма элге жетпесе, сиңбесе ишиңдин мааниси канчалык болуп калат  – ал жагын дагы ойлонууга туура келет.

Ишиңдин, чыгармаңдын көрөрманы жок болсо, ал жаратылган чыгарма өксүктө, көмүскөдө кала берет турбайбы. Көркөм чыгарма элге жетип бааланса, багы ачылат. Муну айтып жатканымдын себеби, биздин музейлерде жазда-күздө көргөзмөлөр өтүп турат, арасында 40-50 жылдык ишинин жыйынтыгы катары биринчи жолу уюштурулуп аткан автордук иштер болот.  Адатта мындайда көргөзмөгө тууган-урук,  жоро-жолдош жана кесиптештеринен турган эле чакан топ келип катышып бергенин көрөбүз. Ал эми атайы келип кызыккан кишилер чанда гана. Сүрөт музейине кирген киши сейрек. Мындан улам азыркы заманда чыгармачылык дүйнөгө болгон муктаждык  жоктой сезилет. Технология өнүккөнү менен, адамдын көкүрөк көөдөнү бош болуп калса, мына ошондон өткөн караңгылык жок. Жакшы чыгармадан  жан дүйнөгө азык алып турган жакшы да.

“Мөңгүнүн муңу”

8-Мөңгүнүн муңу

Алдыда кандай иш мерчемдерин болжоп жатасыз?

– Жалгыздап  иш кылуу кыйын. Чыгармачыл топтордун демилгелерин арттыруу орундуу болуп турат. “Жалгыз аттан чаң чыкпайт” дегендей, чогуу-чаран кызматташып иштешүүдө эмгек өнүмү жогору болот. Кол өнөрчүлөр менен сүрөтчүлөрдү чыгармачылыктын кызыкчылыгы  үчүн бириктирип, орток бир чөйрө түзүү маселеси бар. Анткени, бул эки өнөрдүн ээлеринин ортосундагы байланышты күчөтүп алып чыксак майнаптуу болор эле. Сүрөтчүлөрдүн билими, ал эми кол өнөрчүлөрдүн эмгеги бар. Булар бири-бирин эң жакшы толуктап, бир бүтүмдүктү түзүшмөк. Анткени, учурда сүрөтчүлөр көбүнесе ой дүйнөсү менен алдыга кетип, ал эми кол өнөрчүлөр кол эмгеги менен алектенип отуруп,  фантазия дүйнөсүнө чабыттаганга убактысы жетпей кайталанма болуп калып жатат.

 “Транс”

8-Транс

– Сүрөткер катары өз элесиңизде кыргыз аксакалынын бейнесин сүрөттөп бере аласызбы?

– Сурооңон улам, айылдагы чоң атамдын курагындагы аксакал кишилер дароо эсиме келүүдө. Алар сөөлөттүү, мүнөздөрү салабаттуу адамдар эле. Кийген кийимдери кенен, балпайган чоң  колдорунда кармаган таягы же бел курчоосунда камчысы, башында оор тебетейи болуп, аксакал кишилердин дээрлик бардыгында сакал-мурут коюлуп, жылдыздуу да, сүрдүү да көрүнүшчү. Жадагалса жүздөрүндөгү бырыштары да көрктүү болчу.  Баскандарын, олтуруп-тургандарын эстесек бир далайга сөз кыла турганга татыктуу. Атка минип алса дагы куп жарашып калчу. Айтор, аларга алптардын, балбандардын сүрөттөмөсү ылайык келмек.

Эсимде калганы, алар бири-бириникине конок болуп, түнү менен кеп куруп сөз кумарына баткан адамдар эле. Тестиер балдарга сөзсүз көңүл буруп, назарын салышчу. Чоң атамдын бирөөнү катуу тилдеп урушканын эч көргөн жокмун, кандай гана кырдаал болбосун  жай отуруп айтып, же иштин чоо-жайын шашылбайтүшүнүп угуп, анан бир жыйынтыкка келээр эле. Бир сөз менен айтканда, мен көргөн биздин аксакал адамдар нарк сактаган  салабаттуу адамдар болуптур.

Доор элеси – эне жана бала. Жерден көккө чейинки аралыкты адам баласы энесиз элестетиши кыйын. Ошол аралыкта адам баласынын жашоо башталышы, бүтүшү эне менен баланын ортосундагы байланышты жана адам баласынын чексиздиктеги ордун көргөзөт. Бир жагынан чыгарма балбал ташка дагы окшоп кетет. Чыгарма көп кырдуу десек болот. Бул чыгармада негизги ой эне менен баланын ортосундагы ыйык мамилени чагылдырууга карата багытталды.

8-Доор элеси - аннотациясы бар

“Көрөңгө”.  Бул сөз акка карап айтылат. Мисалы, кымызга, сүткө дегендей. Көрөңгөнүн түздөн-түз мааниси аздан көбөйүп, көптөн азайып турган чексиздикти түшүндүрөт. Көрөңгөлүү деп элге карата дагы айтылат. Биздин элдин басып өткөн жолу так ошол көрөңгөнүн табиятындай болгон. Бирде чачылса кайра чогулуп, жашоонун ыргагындай термелип келген. Көрөңгө – баш-аягы жок чексиз кыймылдын белгиси. Бар жашоонун деми. Анын оргуштап турган булагы.

8-Көрөңгө -аннотациясы бар

Маектешкен Айбек БАЙЫМБЕТОВ

One thought on “Шералы СООРОНБАЕВ, сүрөтчү, тери чебери: “Көрөрманың  жок болсо,  чыгармаң өксүктө кала берет”

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *