Мурас өнөр. Кыргыз кийиминин жеңиши!

23-сентябрь күнү Москва шаарында өткөн “Россия модасынын” IX конкурсунда Кыргызстандан барган сүрөтчү-дизайнер Гүлжан Иреш жеңишке ээ болуп, кыргыз аялзатынын этникалык кийимдери менен москвалыктарды жана Москванын меймандарын суктандырды.

1-1

Мындай кубанычтуу  жаңылык “Хантун” коллекциясынын авторун гана эмес, албетте кыргыз элин да сүйүнтүп, көкүрөккө сыймык орнотот.  Ал эми ушул эле сентябрь айынын башында биздин борборубузда өткөрүлгөн Дүйнөлүк эпостордун үчүнчү фестивалында да  “Көчмөндөр стили” номинациясы боюнча Гүлжан Иреш баш байгеге ээ болгон.

Бүгүн биз Гүлжан айымга бирин-экин суроо узатып, Москвадагы сынактын кандай өткөнү туурасында билүүгө кызыктык.

– Гүлжан айым, бир ай аралыгында  эки чоң сыйлыктын ээси болдуңуз, жеңиштериңиз куттуу болсун! Айтсаңыз, Москвага кандайча чакырылып калдыңыз?  

–  “Россия модасына” адатта Кыргызстандагы “Легпром” ассоциациясы өткөргөн сынактын жеңүүчүлөрүн жөнөтүшөт. Үч жылдан бери ал жеңүүчүлөр Москвадан да жеңиш менен кайтышууда.

Бирок мен Кыргызстандагы сынакка катышкан эмес элем, жолдомом да жок болчу. “Хантун” коллекциясын Москванын мода өкүлдөрү сүрөттөрдөн көрүшүп,  алардын сынагынын талабына туура келбесе да  эки жылдан бери чакыруу жөнөтүп атышкан. Мен макул болуп, бирок бул сынактан өзүмдү сынаш үчүн эмес, кыргыздын этникалык кийимдерин таанытуу үчүн бардым.

– Подиумга чыкканга чейин бир сыйра даярдык болот эмеспи, “Хантунду” ошол жерден алгач көргөн уюштуруучулар, башка дизайнерлер кандай кабыл алышты?

– Аларга аралашкан алгачкы күнү эле башка катышуучулардын коллекцияларын көрүп алып, эмнегедир  катышпай эле койсомбу деп да ойлоп кеттим. Себеби, подиумга чыгаар алдындагы кыска убакытта тез-тезден көп каттуу кийимдерди кийинтиш, элечектерин, күмүш жасалгаларын тагынтыш оңой эмес эле. Ушул жагын ойлоп кабатыр болдум. Анүстүнө,  даярдык жүрүп жатканда эле костюмерлери да, моделдери да тизмесине “Хантунду”  “татаал коллекция” деп жазып алгандары ой-тынчымды алган. Бирок, уюштуруучулардын бардык жагдайларды эске алгандары, иштин көзүн мыкты билгендиктери, менин коллекцияма өзгөчө жылуу мамиле жасагандары көңүлүмдү жайлантты.

– Москвага жардамчы-сүрөөнчүңүз жок  жалгыз бардыңызбы?

– Мындайда өзгөчө маданият ишмерлери, искусство өкүлдөрү акча каражатынан каржалып калат эмеспизби, Москва тарап жалпы сумманын эсебинен жеңилдик көргөзгөнү менен, барып-келишиме, ал жактагы мейманкана жана тамак-ашыма кеткен каражатты жеке өзүмдүн көтөрүшүм оңой болгон жок. Ошондуктан жалгыз барууга туура келди.

– Анан подиумга чыгаарда моделдер убагында даяр болуп, кечикпей чыга алыштыбы?

– “Хантун” чыгаар алдында уюштуруучулардын өкүлдөрү улам келип, “татаал коллекцияга” кандай жардам керек деп сурап атышты. Мени жетишпей калбасын деп коллекция чыгаардын алдына рекламалык жарнама кетиребиз деп атышкан. Бирок, баардыгы көптөп жардам берип жиберишкендиктен, кенен жетиштим.

– Кайсы музыканын коштоосунда чыктыңар?

–  Кийимдер “Ордо Сахна” этнографиялык тобунун “Түш” аттуу чыгармасынын коштоосунда чыкты. Сынактын жыйынтыгы кандай болгон күндө да, мени өзгөчө толкундатканы жана эсиме бекем кадалганы – кыргыздын күүсүнүн ошол жерде жаңырганы жана кыргыз кийимин кийип алып каалгый баскан орус кыздары болду…

Кымбат ЖОЛДОШЕВА

  IMG_6717 IMG_6719 IMG_6724 IMG_6731 IMG_6736

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *