23-сентябрь күнү Москва шаарында өткөн “Россия модасынын” IX конкурсунда Кыргызстандан барган сүрөтчү-дизайнер Гүлжан Иреш жеңишке ээ болуп, кыргыз аялзатынын этникалык кийимдери менен москвалыктарды жана Москванын меймандарын суктандырды.
Мындай кубанычтуу жаңылык “Хантун” коллекциясынын авторун гана эмес, албетте кыргыз элин да сүйүнтүп, көкүрөккө сыймык орнотот. Ал эми ушул эле сентябрь айынын башында биздин борборубузда өткөрүлгөн Дүйнөлүк эпостордун үчүнчү фестивалында да “Көчмөндөр стили” номинациясы боюнча Гүлжан Иреш баш байгеге ээ болгон.
Толугу менен