Aug 19

1916-2016. Үркүн окуясына – 100 жыл

1916-2016. Үркүн окуясына – 100 жыл

Улуу жолдун учун улаган билет,

Улуу тарыхты сураган билет

1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына арналган руханий-практикалык жөө жүрүш

8-12

Улуттун трагедиясына айланган 1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арнап, жүрүшкө жөө чыгууну, ченелүү гана азык алууну жана ашуу жерлерин басып өтүүнү көздөп, ушул жылдын 1-июлунан 7-июлуна чейин “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмесинин 5 кишиден турган өкүлү: Мирхамид Токтогулов, Миррахим Токтогулов, Дөөлөт Рысбаев, Жоламан Жолдошбек уулу жана мен – Чолпонбек  Капарбек уулу  “Бишкек – Соң-Көл” багытында жөө жүрүшкө чыгып кайттык.

Толугу менен

Aug 04

Индира РАЙЫМБЕРДИЕВА, коомдук ишмер: “Алтын экспорттогон эмес, жогорку сапаттагы инсанды экспорттогон өлкөгө айлануубуз зарыл”

“Кечээ көргөн алтыныӊ бүгүн көрсөӊ жез, кечээ көргөн акылман бүгүн көрсөӊ нес” дегендей эле. Бир өлкөдө же бардык мамлекеттерде эле эмес, он сегиз миӊ ааламдын баарында адам акылына сыйгыс өзгөрүүлөр, кубулуштар ыкчам жүрүп, талдаарыӊды же таӊданаарыӊды билбей калган жагдайлар арбын. Жогоруда айтылгандай,  бүгүн көргөн жакшыӊ эртеӊ башка болгон баш адашкан заманда эл тагдыры, эл эртеӊи эмне болоор экен? Кайсыга ишенип, кайсыны туу тутуп, же кайсыдан үмүттөнөөрүн билбеген элдин аз да болсо жумуруна жук болоор, эртеӊине нук болоор деп, белгилүү коомдук ишмер Индира Райымбердиева менен болгон маекти сунуштайбыз.

1-Кыргыздын абалы

– Индира айым, сиздин көз карашыңызда, азыркы учурда элибиздин аң-сезими системалык жаңыланууга даярбы?

– Менимче, учурда элдин аң-сезиминде баалуулуктар системасы өзгөрүүлөргө учурап жатат. Элдин же коомдун өкүлдөрүнүн баалуулуктар системасын 4 негизги топко бөлүп кароого болот.

Биринчи топтогулар “салттуу” баалуулуктар системасына негизделгендер.

Экинчи топтогулар – “гедонисттик” (кумарлануучулук) баалуулуктар системасын тутунушкандар. Бул топтогуларга позитивдүүлүктү, чыгармачылыкты алдыңкы орунга коюп, жашоо керемет деп эсептеген өкүлдөр кирет.

Үчүнчү топко киргендер “инстинкттик” деңгээлдеги баалуулуктарды карманып, көр тириликтик муктаждыктарды канааттандыруу менен гана турмуш кечиришет.
Толугу менен

Aug 04

Көөдөн майрамы

Илона СУЛТАНОВА, «Кѳчмѳн эл музыка фестивалы» долбоорунун автору жана жетекчиси: «Максатым – туристтерди тартуу аркылуу экономикабызга салым кошуу»

IMG_2890

Монгол улуттук музыкасы жана Хооми кѳмѳкѳй үн менен ырдоонун чеберлери, Улуу Британиялык музыканттар Майкл Ормистон жана Кандида Валентино Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда 2-июль күнү «Түбѳлүктүүлүк кайрыктары» этникалык концертинин бет ачарын ѳткѳрүштү.

Толугу менен