Жашоо сабактары

7-жашоо сабагы

АТАЛАР СӨЗҮ

Көр оокатты эмес, көңүлдү, мамилени баалагыла!

Илгерки кездеги адамдардын сапаты менен азыркы кездеги адамдардын сапатынын айырмасы өтө чоӊ.

Ата-бабалар мамилени, пейилди, жерди, тууганды бийик тутса, азыркылар мамилени дагы, жерди дагы, тууганды дагы бийик тутпастан, күнүмдүк ашты, күнүмдүк оокатты, отурган жайын баа тутуп, ошол айланасын коргойм деп итаалыга окшоп баратышат. Ал эми биз үчүн бул бок болчу.

Бизге адамдын мамилеси, адамдын кѳңүлү, анан жердеги сулуулук, тазалык, Кудай берген чоң ырыс, жердеген жерибиз, ата-тегибиз, алардын айткан насааты, баалаган баалуулугу маанилүү болчу.

Кѳр оокаттын аркасынан ушунчалык жан үрѳп киришпей, ошону колубузга тутамдабай, ѳзүбүзгө баарын үрѳбѳй кенен жашачубуз.

Кѳңүлдү баалачубуз, жардамды аячу эмеспиз. Азыркы адамдар жардам деп  дүнүйѳсүнөн кичинекей бир үзүмүн берип коюшат. Ошону дагы алар өзүнүн тамырынан бир нерсени жулуп бергендей болушат (ичи ооруп беришет). Андай болбогула, жардамды пейилиңер менен, дилиңер менен бергенди үйрѳнгүлѳ. Ак пейилден, чын дилден бергениңер өзүнүн үзүрүн кайра берет, бербей койбойт. Бул себептүү мыйзам. Жаныңарды кыйнап бергениңер – өзүӊөрдүн үрѳп чогултканыӊарды агызып турат. Ошого маани бергиле, бул акылды кѳкүрѳккѳ салгыла. Жаныңарды кейитип бербегиле, ѳзүңѳргѳ жаман. Жаныңарды кейитпей бергиле, ошол жакшы, ошол баалуу. Ошону сезгиле, ошону туткула, туураны кармагыла.

Бирѳѳнүн ашын ага кѳрсѳтпѳй катып албагыла. Ал кѳрбѳсө, бийиктен кѳрдү, биз кѳрдүк. Андай даам, андай азык силерге кубат алып келбейт. Андай азык курсагыңарды толтурат, бирок кубат бербейт. Ошону баамдагыла, ошону сезгиле, аны ѳзүңѳрдүн жонуңар менен сезбестен, башканы иликтеп кѳрүп сезгиле. Ушул акылды кѳкүрѳгүңѳргѳ отургузгула, кыттай уюткула, ошону кармагыла.

Силерге кааларыбыз, ар дайым ушул акылды кѳкүрѳгүңѳргѳ түшүргүлѳ, айтылган жаман сѳздү бүркүп салгыла, ѳзүңѳргѳ уютпагыла. Ошону менен силер ѳзүңѳрдү таза сактайсыңар. Эгер жаман нерсени кѳкүрѳккѳ уютуп алсаңар, ошол уюган нерсе силерди жей баштайт, силерди кемире баштайт.  Ошондуктан жаман сѳздү унутуп, бүркүп, силкип таштап, жакшы сѳздү кѳкүрѳккѳ катып, уютуп, анын жарыгын кѳбѳйтүп, анын кубатын кѳбѳйткүлѳ!

Ушул улуу сѳздѳрдөн ѳзүңѳргѳ акыл таап, тажрыйба топтоп, иликтѳѳ кылып, тууралыкты таразалап, ушул жашоодон ак-караны таанып, баалуулукту  багып, жаман нерсени ылгай билип, жаман нерсени топтобой агызып ийип жүргѳндү үйрѳнгүлѳ.

Ар дайым жолуңарда жарык нур силерди жетелеп турсун, жашоонун берекесин дайыма Кудайым берип турсун!

Акыл уюсун! Жарык кабыл болсун!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *