ТАТТЫБҮБҮ

ТаттыСабира КҮМҮШАЛИЕВА, Кыргыз эл артисти: “Эркелеп турганы адамды элжиретип жиберчү”

– Бул актриса сахнада болсун, турмушта болсун өтө мээримдүү, кыргыз элинин жакшы сөзү менен айтканда мээр чөбү бар актриса эле.  Жашым бир топ өтүп кетип, мен элдик артист болгондо Таттыбүбү театрга келди.

Аябай суктанчу элем. “Атаңын гөрү, же мойун жок, же бой жок менде” деп койчумун ичимден.  Бул актрисадан элди билбейм, мен сүрдөп кетчүмүн. Адам сүрдөй билиш керек. Адам ошондон коруна билиш керек. Адам ошол актрисаны сыйлай билиш керек. Корунуп, жүдөп калганың, ошондон үйрөнөйүн дегениң. Сахнадагы жашоо менен турмуштагы жашоо эки башка нерсе болот. Бул актрисанын сахнадагы жашоосу өтө кызыктуу, өтө мээримдүү, өтө таң калтыра турган бөлөкчө эле. Тянь-Шань Ала-Тоолоруна чак келе турган эч нерсе жок эмеспи! Абасы да, суусу да таза, мөңгүлөрү аппапак. Ошонун суусун ичип ыракаттанып олтурабыз. Актриса нак ошол Ала-Тоодой залкар эле.

“Мен муну ойноймун” деп бирөө менен роль талашканын, бирөө менен айтышып жатканын, бирөөгө бир ичи тарлык кылганын эч бир уккан жокмун. Анткени бул өзүнүн талантын, өзүнүн бийиктикте экенин билчү. Таттыбүбү бала кыял, ичи кенен, бардык адамга жакшылык кылган, эч кимге эрегишпеген адам эле. Мунун бир оозун кыйшайтып туруп эркелеп турганы адамды элжиретип жиберчү. Аткарган ролдоруна карата ачууланып сындап койгон учурларда таарынып, тултуйтуп калгандын ордуна негедир эркелеп, адамды ээритип сүйлөп жиберчү жагымдуу мүнөздөрү бар эле. Бул актриса кайра келбес жакка эрте кетип калды. Мына ушуга биз өкүнөбүз.

Актриса кинодо өлбөс-өчпөс образдарды жаратты. “Атадан калган туякта” менин келиним болуп ойноду. “Отко таазим”, “Кызыл алманы” алалы, “Ак Мөөр”, “Ак куулар конгон айдың көлдү” алалы – баарында ролдорун укмуштуудай ойноду. Уркуя  – Таттыбүбүнүн кинодо түзгөн образдарынын эң алдыңкысы. Актрисанын оргуштап төгүлүп турган таланты, көрк-келбети Уркуянын образынын тереңдеп ачылып берилишине өбөлгө түзүп, фильмдин көркөмдүк деңгээлин жогорулатты. Аз күн жашаганына карабай искусствонун даңгыраган  жолунда өз изин калтырып кете алды. Аны акыркы сапарга узатуудагы актриса менен коштошууга келген элдин көбүн айтпа. Ошол учурда ичимден “жаш болгону менен аз эле убакыттын ичинде ушунча элди өзүнө багынтып тартып алган азамат экен, “Эмгеги бар – элге таандык, эли бардын – эмгеги бар” деген ушул да деп койдум. “Отко таазим” фильминде обкомдун секретары (Б.Бейшеналиев) менен арабада кетип бараткан жерин тартып жатканда атайын көргөнү бардым. Ал эпизод тартылып жаткан учурда Таттыбүбүгө суктанып тамшанбаган адам калбады. Таттыбүбүнүн ойногон ролдору өзүнчө бөлүнүп-бөлүнүп турчу. Ар бир образды ар кандай алып чыкчу. Сахнага чыгып, аны тең жарып басып өткөнүндө эле өзүнчө образ түзүлүп калчу.

Бир жолу биз Оштогу жибек комбинатына барып, жумушчулар менен пикир алмашуу иретиндеги жолугушуу уюштурдук. Ошондо элдин арасынан бир жумушчу кыз: “Сиз “Отко таазим” фильминде Уркуянын (Т.Турсунбаеванын) энеси болуп аткардыңыз эле. Бизге Таттыбүбү эже жөнүндө айтып берсеңиз?” деген суроо берип калды. Таттыбүбү жөнүндө айтып жатып ыйлап жибергенимди сезбей калыптырмын. Элдин жүзүнөн жылтырап жаш куюлуп жатканын көрүп, Таттыбүбүнү бир гана биз эмес, элдин бүт баары жакшы көрүшөрүн сездим. Мындай учур Ош шаарындагы Крупская атындагы орто мектептин окуучулары менен болгон жолугушууда да кайталанды. Менин 70 жылдык юбилейлик тоюмда фильмдерден үзүндү  көрсөтүлгөн. Ошондо Таттыбүбү көрүнө калган жерлерде эл күрүлдөп ордунан туруп шартылдатып кол чаап жиберишти. Ушундан эле Таттыбүбүнү эл кандай деңгээлде жакшы көрөөрүн сезсек болот.

Мындай актриса эми биздин театр үчүн көп-көп мезгилдерден кийин жаралат. Ал биздин сахнабызга конуп калган көз тойгуз ак куу эле. Барктай албаганыбыздан соң көздөн кайым болуп эч кимге карматпай учуп кете берди.

Ракыя ЖУСУПОВА (80-90-жылдардын маектеринен)

One thought on “ТАТТЫБҮБҮ

Leave a Reply to алина Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *