“Элдин аң-сезимин көтөрүү зарыл”

10-1Хабиб АРЗЫКУЛОВ “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондун бир жарым жыл убакыттан бери жетектейт жана ал ушул жетекчилиги менен коомчулукка таанылып калды. Ошентсе да,  жеке өзү жөнүндө жана элдик ишке калыптануу жолу тууралуу маалымат алууну каалагандар аз эмес. Бүгүнкү маегибизде Баткендин кулуну Хабиб мырзага мекенчилдик жолунун кадамдары кандайча башталганына, максат-мүдөөсүнө, эл тууралуу ой-толгоосуна кызыгып суроо узаттык.

1234756_1537797149789138_1638299923344458415_n

 

-Сиздин эл-жерге кызмат кылуу далалатыңыз үй-бүлөдөгү тарбиядан башталган деп түшүнсөк болобу?

 –  Ооба, үй-бүлөдөн башталып, аны лицей анан университет толуктап кетти. Бирок, алтынчы классымдан тарта жылына төрт ирет гана ата-энемдин жанына, үйгө барып турганга мүмкүнчүлүк болгон. Калган убактымдын бардыгын “Себат” лицейинде билим алуу жана тарбиялануу менен өткөрдүм. Ошол жактагы мугалимдерим “эли-жериңерди сүйгүлө, мекенчил болгула, ар бир нерсенин өз учуру бар, азыр талбай билим алышыңар керек” деп абдан көп айтышаар эле. Окуганыңа, кызыгууңа жараша да ар кандай белектерди берип шыктандырып турушчу бизди. Таң эрте саат 4-5терде туруп алып, сабакка чейинки убакытта адабий китептерди окуп, бири-бирибиз менен жарышчубуз.  Анан сабактан кийин да кайра түнкү он экиге чейин китеп окучубуз. Азыр ойлосом, адамдык сапатыбыз жана билим-сабатыбыз ошол күндөр менен кошо калыптанып, жакшыра берген экен.

 

– Кайсы жогорку окуу жайды бүтүргөнсүз, ал жерден да мекенчилдикке тарбиялана алдыңызбы?

 – Студенттик күндөрүм Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде өттү. Ал жерден “Ыйык Ата Журт” фондунан стипендия алып жүрдүм. Бул фонддун семинарларына катышып, байкелерден, мугалимдерден кошумча сабак алдым. Менин коомго кызмат кылууга жана мекенчилдикке болгон сезимдерим ушул фонддон күч ала баштады десем болот. Алгач университетке келгенимде юрист болом, жылдызым жанат, анан байыйм деген максатта элем. Бирок беш жылдык студенттик курак менин максатымды таптакыр өзгөртүп салды. Башкача айтканда, коомго пайдалуу болушум керек деген гана негизги максатым калды. Университетти бүтүргөндөн кийин “Жаш ишкерлер ассоциациясында” (“ЖИА”) 2008-2013-жж. эмгектендим. Айта кетчү нерсе, ЖИАнын ишкерлеринин 98%ын кыргыздар түзөт. Алардын көбү чет өлкөлөрдөн билим алып келген абдан патриот кишилер. Ал эми 2013-жылдан тарта, өзүңөр билгендей, “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондунда жетекчилик кызматта иштеп жатам.

 

-Сиздин коомдук иштер менен алектенүүңүздү жакындарыңыз кандай кабылдашты?

-Элдик ишти же жоопкерчиликти чоң жүк десек болот. Мындай жүктү көтөрө билүү үчүн элге болгон сүйүү, ишке болгон берилүү талап кылынат. Элдик, коомдук иштерди аркалай баштаганымда ата-энем деле “башкалардын көйгөйлөрү менен иштегенден көрө, өз жашооңо тың болуп жашаганың жакшы” деп көп жолу эскертишти. Бирок ата-энеме элдин эгемендигинин зарылдыгын, элди эл ичинен суурулуп чыккан элдик кишилерден башка эч ким ойлобой тургандыгын туура түшүндүрүп бердим.

 

-Мекенчил киши деп кимдерди эсептейсиз?

-Эл-жерин сүйгөн, сөзү, иши жана амалы айкалышып турган, аткарган ишин элдин бакубаттуулугу үчүн арнаган кишилерди мекенчил деп эсептейм. Мекенчил киши жеке адамдык асыл сапаттарын дагы өнүктүрө билиши керек. Бүгүн бизге мекен үчүн иштей турган адам ресурсу зарыл болууда. Өлкөбүздүн кен байлыктары, жаратылыш ресурстары көп. Бул байлыктарыбызды туура иштете турган кубаттуу күч гана керек. Мисалы, Японияга барып келген ишкерлерибиздин айтуусуна карасак, ал өлкөдө кен байлыктар жок, бирок алардын эң негизги байлыгы болуп адам ресурсу саналат экен. Япон эли эң башкы күч катары адамдарга таянуу менен көптөгөн кыйынчылыктарга карабай өнүгүп кете алышты. Буга алардагы мекенге болгон күчтүү күйүмдүүлүк жана сүйүү себепкер болду. Япондордун тапкычтыктыгы жана мүмкүнчүлүктү туура колдоно билгендиги, өжөрлүгү да мактоого татырлык. Мисалы, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Япония СССРден өз элинин керектөөсү үчүн деп, бирок ашыгы менен сүт алып турган экен. Мунун себеби, япондор кен байлыгы жок болгондуктан сүт сатып алымыш болуп, сүт куюлуп барган металл идиштерди кайра иштетип чыгышчу экен. А бизге болсо колдогу бар байлыкты туура пайдалана билүү үчүн билим жана жөндөм керек болууда.

 

– “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду кайсыл тармактарда иш алып барат?

-Биздин фонд негизинен беш багытта: кары-картаңдар же карылар үйлөрүнө, жетим балдар же жетим балдар үйлөрүнө, оорукчандар же операцияга муктаждарга, аз камсыздалган же муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптарга кайрымдуулук иштерин жүргүзөбүз. Бул беш тармактын ичинен оорукчандарга эң көп көңүл бурулат. Операцияга каржы керек деп кайрылгандар көп болгондуктан, алардын ичинен чыныгы муктаждарды аныктоо максатында изилдөө жүргүзөбүз. Өзүбүздүн анкеталарыбыз да бар, ошолорду толтуртуп, анан муктаждыгынын категориясын аныктайбыз. Негизинен чет өлкөлөрдөгү эмес, Кыргызстандын ичинде жүргүзүлө турган операцияларга жардам берүүгө басым жасап калдык. Биздеги операциялардын көбү 5миң АКШ $на чейин жасалат.

 

-Сыр болбосо айтсаңыз, сиздердин фонд кайрымдуулукка кете турган каражатты кайдан табат?

-Фонд өз ишин баштаганда, Кыргызстандагы байлар жана демөөрчүлөр деле муктаждарга жардам берүүдө чоң күч боло ала тургандыгын эске алуу менен ишмердүүлүгүн баштаган. Анткени, чет өлкөлөрдөн келген социалдык жардамдардын көбүнүн аркасында атайын бир көмүскө саясат же максат бар экендиги көбүбүзгө белгилүү болуп калды. Башкача айтканда кимдин тузун татсаң, ошонун ырын ырдаш керек болот. Буга чейин жардам беримиш болуп келген диний, маданий же саясый миссионерлердин ишмердүүлүктөрү биздин элдин бүгүнкү бүтүндүгүнө терс таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан биз, биринчиден, өзүбүздүн күчүбүзгө таянып иш жүргүзүшүбүз керек деген максатта болгонбуз. Ишиң максаттуу, айкын жана жыйынтыктуу болсо – сага колдоо көрсөтө тургандардар албетте көп болот экен. Бизге “ЖИА”, кайрымдуу байлар, жеке ишкерлер, коомдук, маданий ишмерлер жана айрым ак тилек адамдар демөөрчүлүк кылышат.

 

-Эл менен, өзгөчө коомдун жардамга муктаж катмары менен иштешип жүрүп сиз эмнени тереңден байкадыңыз?

– Менин байкап кейигеним, айрым адамдар жалкоолугунун жана сабатсыздыгынын айынан жакырчылыкка тушугуп, эркин ой жүгүртө албай, бирөөлөрдү ээрчиме болуп калат экен. Ал эми коомдук тартип бузуулар, терс адаттар жана абийирсиздик сыяктуу көрүнүштөр жакырчылык жана сабатсыздыктын айынан келип чыгаарын анык билдим. Мындан сырткары, жардамга муктаждардын байларга карата жек көрүү сезимдери дагы күчтүү болорун байкадым. Ушул себептен улам, жардамга муктаждарга колдоо көрсөтүп, аң-сезимдерин көтөрүүгө таасир тийгизип, алар менен байлардын ортосуна көпүрө болуп берүү маселеси да негизги максаттарыбыздын бири болуп калды. Албетте, көпүрө болуу  оңой эмес, бирок эл-жер үчүн иштеп жаткандыктан бардыгын көтөрө билүүгө туура келет.

 Бизге жумасына жүздөгөн адамдар ар кандай жардам менен кайрылышат. Баарына болбосо да колдон келишинче жардам кылабыз. Ошолордун ичинен  сен мага жардам берүүгө милдеттүүсүң деп беттен алгандары  да кездешет. Жалпы эл тарабынан чогултулган кийим-кече, азык-түлүк жана башка деген болот. Келгендерге ошондон өзүнө керектүүсүн тандап алуусун айтабыз. Бирок кээ бири беш-алты баштык кылып толтура кийим же азык-түлүк алып алышат.  Аларга башка да муктаж адамдар бар экендигин, өздөрүнө өтө зарыл болгондорун гана алуусун түшүндүрүп айтканыбызда, алар “элден топтоп алып, анан эмне аяп жатасыңар” деп терс мамиле кылгандары аз келгенсип, бизди сараң деп атап кетишет. Айрым учурларда түнкү он экиде деле телефон чалышып, мен буга муктажмын, мага тигил керек деп милдет койгон адамдар болот.  Мунун баары адамдык аң-сезимдин пастыгынан  деп билем. Ал эми мындай пастыкка билимсиздик, жакырчылык себеп болууда. Элдин аң-сезимин көтөрүү зарылдыгын түшүнүп, биз психологдор менен биргеликте атайы  сабактарды, семинарларды уюштуралы деген максатыбыз бар.

 Чолпонбек КАПАРБЕК уулу

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *