Коомдук ишмер, журналист Кенжалы Сарымсаков менен коштошуу

3-Кенжалы агай

Жаштарды канатына калкалап жетилткен

Устатым Кенжалы агайдын жарык дүйнѳ менен кош айтышканын укканымда кѳкүрѳгүмдѳ толбос  боштук пайда болгонун сездим.

«Бул боштук кантип толот?» деп дилимдин түпкүрүнѳн ѳзүмѳ суроо салдым. «Сенден күткѳн, үмүт кылган ишенимим бар, эмгектене берсең кѳздѳгѳн максатыңа жетесиң» деген эле агай алгачкы жылдары мен аны менен мекенчил иш-чараларда иштеше баштаганымда.  Демек, «кѳкүрѳгүмдѳгү азыркы боштукту  агайдын ишеничин актоо менен толтурсам болот»  деген ой келди мага.  Бул жооптун милдетин канчалык деңгээлде татыктуу аткарарымды албетте убакыт, мезгил, келечек таразалайт…

Бир жыл мурун жай олтуруп баарлашканыбызда ѳзүмдѳгү жакшы жаңылыктарымды айтсам абдан кубанып, «Ой кумарына батып, иштин ырахатын сезип иштегенге маани бер, жалаң каражат  гана табуу менен жашап калуудан алыс бол, эч качан жандүйнѳңдү кыйноого салба…» деген насаат сѳздѳрүн турмуштук мисалдар менен айтып, бараткан багытымдын баалуулугун, жоопкерчилигин дагы бир жолу эскерткен.

«Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрѳнѳт» деген Чыңгыз атабыздын айтылуу насаат сѳзүнүн чындыгын мен Кенжалы агайдан кѳрдүм. Канчалаган жаштардын жаңы шилтеген кадамына багыт берип, улуу жѳнѳкѳйлүгү менен кѳптѳгѳн жаштарды карыялык канатына калкалап, качан анан жаштар бышып жетилгенде кѳзүндѳгү томогосун алып, анын кѳздѳгѳн ишине ак батасын берер эле. Кенжалы агайдын акыл-насаатынан азык алган жаштар азыр бир гана жалпыга маалымдоо каражатында эмес, билим берүү тармагында, маданият жаатында, саясый чѳйрѳдѳ, эл аралык деңгээлдеги долбоорлордо да үзүрлүү эмгектенип келатышат.

Негедир эки жылдан бери агайга арналган атайын ыраазычылык  жазайын деп чыгына албай жүрдүм. Зыйнатына барып, сѳѳгүн кабырына алып чыгып баратканда чын дилимен Кудайдан, агайдан кечирим сурап, устатыма болгон ыраазычылыгымды агайдын элесине айтып жатып, жарык дүйнѳдѳ жакындарыңа арнаган ыраазычылыгыңды, адамдарга жасай турчу жакшылыктарыңды эч качан кийинкиге калтырбаш керектигин дагы бир жолу түшүндүм…

Кош болуңуз агай, Жараткан Улуу Күч жаткан жериңизди жайлуу, топурагыңызды торко кылсын! Жаныңыз жаннаттан болсун!

Мундуз АСАНАЛИЕВА, «Кѳк асабанын» кабарчысы

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *