“Манас таануу” теледолбоору улам күч алууда”

8-манас таануу2

«Улутум – кыргыз, урааным – Манас” деген улук сѳз ѳзѳгүбүздѳн орун алса жашообуз жарык, келечегибиз айкын болот. Бул максатты кѳздѳп, алгылыктуу ишти элге алып чыга алган, ар-намысты бийик, мекенибизди ыйык туткан атуулдардан уучубуз куру эмес. Андай каарманыбыздын бири – Коомдук телерадиокомпаниясынын алдындагы «Келечек» студиясынын продюсери Кундуз АМАНОВА. Бул студияда иштелип чыккан «Манас таануу» теледолбоору калктын калың катмарынан орун алып, республиканын бардык аймактарына таанылды.  Анда эмесе, Кундуз айым аркылуу кадр ичиндеги да, сыртындагы да сүртүмдѳргѳ бир сыйра сереп салган маегибизге көз жүгүртүңүздөр.

8-Кундуз АмановаКундуз АМАНОВА, Коомдук телерадио компаниясынын «Келечек» студиясынын продюсери

– Бул долбоордун башаты «Балдар FM» радиосунда радио-кабарчы Жылдыз Мырзабекованын демилгеси, ошол кездеги «Манас» жаштар ордосунун жетекчиси Бакыт Романовдун демѳѳрчүлүгү менен 2009-жылы башталган. 2011-жылга чейин радиодо угармандарга тартууланып жатты, 2011-жылы КТРКда «Келечек» студиясы ачылып калып, «Манас таануу» долбоорун кѳгүлтүр экранга алып чыгалы деген демилге менен ишти баштадык. Бакыт мырза теледолбоорго да демѳѳрчү болуп берүүгѳ макулдугун берди. Ал эми алып баруучуну табыш оңойго турган жок. Кыргыз радиосунун кабарчысы Абдыбек Казиевге алып баруучулукту сунуштаганымда бирге иштешүүгѳ макулдугун берген жана ошол күндөн бери биздин долбоорду мыкты алып барууда.

– Теледолбоорго алгач кайсы мектептер катышты жана көрүүчүлөрдүн биринчи пикирлери кандай болду?

– Баштаганда эле Бишкек шаарынын мектептерин бул долбоорго тарттык. Биринчи айланпасында эле келген каттардын, бизге билдирилген пикирлерден улам бул долбоор жалаң мектеп окуучуларына гана эмес, баардык муунга, республикабыздын калың катмарына, керек болсо элибизге кызмат кылган аттуу-баштуу таанымал адамдарга да билим берип жатканын түшүндүк. Демек, биз жасап жаткан иштин келечеги жана бараткан багыты, тандаган ыкмасы туура экен деген тыянак менен улам кийинки баскычтарыбызды улантып жаттык.

– Борборубузда орус тилдүү мектептер арбын, «Манас таанууга» кызыгуусу кандай болду?

– Биз дагы башкалар сыяктуу шаардык балдар кайдыгер мамиле кылат го деп шек санап жатканбыз, бирок бул оюбузду таймашка катышкан окуучулар толук кандуу жокко чыгарышты.  Орус класстын окуучулары күчтүү деген кыргыз мектептеринин окуучуларын жеңип койгон учурлар болду.

– Республикага чыга баштаганда аймактардагы мектептер менен борбор шаарыбыздагы мектептердин билим деңгээлинин айырмасы билиндиби?

– Жалпы билим берүү деңгээли үчүн жооп бере албайм, бирок, «Манас таануу» жаатында ишенимдүү айта алам – Бишкек шаарынын окуучулары ар бир айланпада алдыңкы сапта келе жатышат. Башында биз элет аймагынын окуучулары алдыга озуп кетет деп болжогонбуз, бирок шаардык мектептердин окуучулары бул жагынан бир сѳѳм болсо да алдыда экендиктерин аныктап коюшту.

– Жыл сайын ар бир айланпада талаптар, тапшырмалар толукталып же кыскартылып жатканын байкадык. Мындай ѳзгѳрүүлѳрдүн түпкү себебин айтсаңыз?

– Ооба, ѳзгѳрүүлѳр болду жана дагы болот. Орчундууларына токтолсок,  тѳрт жыл катары менен үчилтиктен Саякбай Каралаевдин гана вариантынан тапшырмалар берилчү. Ал эми быйылкы окуу жылында «Манас» бѳлүмүн Сагымбай Орозбаковдун вариантында, ал эми «Семетей», «Сейтек» бѳлүмүн кайрадан Саякбай Каралаевдин варинтынын негизинде даярдадык. Башкача айтканда, «Үчилтик» бѳлүмүндѳгү суроолор ушул негизге таянып түзүлдү. Ал эми «Серепчиден бир собол» бѳлүмүндѳ жалаң манасчылар жѳнүндѳ гана суроолор берилет.  Бул манасчыларды таанытуу багытында. «Сыр куржун» бѳлүмү аркылуу эне тилди ѳнүктүрүүгѳ салым кошуп жатабыз, себеби, кѳѳнѳ сѳздѳрдү кайрадан турмушта колдонууга жана эл оозунда айтылып жүргѳн макалдардын тереңдигин ачып берүүгѳ окуучуларды багыттайбыз.

–  Сиздер жасап жаткан иштин түшүмүн кайсы кѳрсѳткүчтѳр менен аныктасак болот?

– «Манас таануу»  долбоорунан ѳнүп чыккан тестиер балдар-кыздар алган билимин ѳзүнѳ гана сиңирип тим болбой, ѳздѳрү кайра топ курап, болгондо да саяпкер күлүгүн ат чабышка даярдагандай таптап, бышырып туруп алып келип, алдыңкы орундарга татып жатышат. Долбоор улам күч алууда. Демек, биздин максатыбыз, мүдѳѳбүз ишке ашып, жемишин алып жатабыз деп ишенимдүү айта алабыз. Мурда мугалимдер телефон чалып китептерди сурашчу эле, азыр окуучулар ѳздѳрү чалып, «Манас» эпосунун академиялык басылышын сурап жатышат.

– Жыл сайын ѳткѳрүлгѳн таймаштардын бири-биринен айырмасы, ѳзгѳчѳлүгү билинеби?

– Ар бир баскычта катышуучулардын билими тереңдеп, деңгээли бийиктеп жатканы билинет. Быйылкы айланпадагы окуучулардын ѳзгѳчѳ олуттуу мамиле менен ар бир суроого терең, салмактуу, таамай жооп бергендери серепчилерди да ордунан тургузуп кол чаптырган эргүүгѳ чейин жеткирди. Бардык дубандарды улам жыл сайын кошуп отуруп быйыл Ош дубанына да барып тартканга, мыкты окуучуларын борбордогу таймашка алып келүүгѳ жетиштик. Былтыр Ош дубанынын Кара-Кулжа районунан ѳздѳрү келип катышып, эң аз упай алып калышкан, быйыл ошол эле райондон, бирок башка окуучуларды даярдап келишиптир, республика боюнча 1-орунду алганга жетишишти. Ал эми баш байгени Нарын дубанынын Оттук  айылынан чыккан «Алтай» тобу алды. Алар Алтай жергесине барууну кѳздѳп ушул аталышты коюшкан экен,бирок, бир аз кейиткен жери былтыр дагы, быйыл дагы Алтай жергесине акысыз алып барып келебиз деген убадабызды аткара албай уят болдук. Материалдык жактан камсыздоо «Келечек» студиясынын милдети болбосо дагы, жооптуу адам катары кѳрѳрмандардын, катышуучулардын алдында ѳзүмдү абдан оңтойсуз сезип жүрѳм.

– Быйылкы баскычта сиздерди таң калтырган тайпа кайсы болду?

– Балыкчы шаарынан чыгышкан «Эремет» тобу жарым финалда эле 76 упай топтоп, баарыбыздын эсибизди оодарды. Болгондо да «Манас таанууга» 2 жыл катары менен катышып, бирок байгелүү орундарга илине албаган топтун ѳкүлү ѳз демилгеси менен даярдап келиптир. 76 упай топтогон команда бул телетаймаштын тарыхында биринчи жолу болду.

– Маегиңиз үчүн чоң рахмат, ишиңиздер мындан да ѳркүндѳп, Манас касиети жылоолосун!

 

8-Рыбай ИсаковРыспай ИСАКОВ, манасчы, “Манас таануу” телекөрсөтүүсүнүн серепчиси

– Теледолбоор көрүүчүлөрдүн суроо-талабына ээ боло алды деп ойлойсузбу?

–  Баамыбызда, бул берүү мектеп окуучуларынын гана эмес, жалпы коомчулуктун бүйүрүн кызытып, кызыгуусун жаратты десем жаңылышпайм. Анткени, ушул берүү аркылуу көп нерсени билип, “Манас” эпосу менен жакындан таанышып атабыз дегендер байма-бай кезигип жатат.

– Катышкан топтордун татыктуу таймашуусу окуучулардын даярдыгына, дараметине байланыштуубу же мугалимдин таптаганына байланыштуубу?

– Окуучулардын даярдыгы менен мугалимдин таптоосун бөлүп кароо мүмкүн эмес. Экөө шайкеш келмейинче, татыктуу таймаш да болбойт, окуяны өздөштүрүүсү да мүмкүн эмес. Окуучулар бош убактысын текке кетирбей бүткүл дитин коюп даярдангандыктан татыктуу таймаш жаралып атат деп ойлойм…

– Серепчи болууда эмнеге кылдат көңүл бөлөсүз?

– Серепчи эң оболу окуучунун сөз байлыгына көңүл бурушу керек. Андан кийин окуяга так, туура жооп бергендигин талдаш керек. Эң негизгиси, эпостун варианттуулуктарынын чаташып кетишине жол бербөө зарыл.

 

8-Бакыт РомановБакыт РОМАНОВ, «Улуу баян» коомдук фондунун жетекчиси, «Манас таануу» теледолбоорунун демөөрчүсү

– Сиздин бул теледолбоорго демѳѳрчү болушуңуздун максаты эмнеде?

– Максатым – рухий булагыбыз болгон «Манас» эпосун ѳспүрүм курактагы балдарга жеткирүү, жѳн гана жеткирбестен, алардын эс-тутумуна терең орноп, жашоосунда рухий азык катары ар кырдаалда колдоно билүүсүнѳ жол кѳрсѳтүү болду.

– Манас дүйнѳсүнѳ кызмат кылып калганыңызды кандайча түшүндүрөсүз?

– Бул биринчиден, буйрук. Экинчиден, бала кезимде элге кызмат кылсам деген купуя тилегим бар болчу, кийин манасчылар менен жакын мамиледе болуп, алардын ой-пикирин угуп, ушул иш аркылуу элге кызмат кылсам болот турбайбы деген чечимге келгем.

– Эң узак канча саат «Манас» уктуңуз эле жана уккандан кийин кандай абалда болуп каласыз?

– Манасчы Улан Исмаиловдун айтканын он саатка чукул уккам, бирок ортодон эки жолу уктап кайра ойгонгом. Чынын айтканда, «Манасты» уга билүү бул – эрдик. Себеби, айтылып жатканда сѳз керемети менен биргеликте Жогорку Аалам менен сени байланыштырган ѳзгѳчѳ бир энергетика иштейт, ал энергетиканы да кѳтѳрѳ билиш керек. «Манас» уккандан кийин аң-сезимим тазаланып, кѳңүлүм кѳтѳрүлүп, ѳзгѳчѳ шайдоот болуп калганымды байкайм.

Мундуз АСАНАЛИЕВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *