Жашоо сабактары

7-жашоо сабагы5

ЭЛДИН ЖАРЫГЫ БОЛГУЛА!

Адамдын ѳйдѳсү бар, тѳмѳнү бар. Адамдын бийиги бар, пасы бар. Адамдын деңгээлине жараша ар кандай ой толгоолору да бар. Бирок ар дайым эле адамдын ой толгоосу туурада боло бербейт.

Адамдык сапат дайым бир нерсеге жетелеп, бир нерсени издетип, бир нерсеге үмүт кылдырып турат. Биздин силерге кааларыбыз жердеген жериңерди, өз элиңерди сүйгүлө. Ар дайым ѳскѳн жериңердин топурагын ыйык туткула. Андагы күлүктѳр – силердин күлүктѳрүңөр, андагы аш – силердин ашыңар. “Бѳлүнгѳндү бѳрү жейт, бѳлүнбѳ кыргыз” деп ата-бабалар эзелтен айтып келген сѳздү эске тутуп, жарык жашоону улантып, ар бир ичкен сууңарды сыйлап, ошол жерге тамырлап, ошол жердин кулуну болгула. Ошол жердин сыймыгы болгула. Ошол элдин жарыгы болгула.

Сѳз миң түркүн айтыла берет. Бирок анык сѳз Кудайда, бийик сѳз Кудайда, ыйык сѳз Кудайда. Ошол Кудайдын сѳзү менен, Кудайдын акылы менен, Кудайдын бийик ырааты менен жашаган адам – туруктуу адам.

Сѳздүн тереңин таанып, сѳздүн асылын кармап, ар дайым жарыкка умутула бергиле. Жашоонун ѳйдѳ-ылдыйын кѳтѳрѳ билип, ѳйдѳлѳгѳндѳ кѳѳп кетпей, ылдыйлаганда мүңкүрѳбѳй, жашоонун желегин кѳтѳрүп, ар дайым алдыга баса бергиле. Аркаңардагы изиңер жарык болсун, кең болсун!

Сѳздүн асылы силерде болуп, ошол асыл сѳз менен өнүп-өскөн эл-журт болсун. Ошолор силерди туу тутуп, ар дайым аркаңардан ээрчий берсин. Жашоодо адашуу болбосун. Салмактуу сѳзүңөр элди ынандырсын. Кѳшѳгѳлѳнгѳн жүзүңөр болбосун. Ар дайым жүзүңөр ачык, жарык болсун. Анткор кеп болбосун. Сүйүүгѳ толгон мээримдүү сѳз болсун.

Сѳзүңөрдүн жарыгынан уктап жаткан бала кѳзүн ушалап ойгонуп турсун. Сѳзүңөрдүн жарыгы күчтүү болсун!  Караңгы жерден жарыкты күйгүзүп жибергенде ойгонуп кеткен сымал, силердин сѳзүңөр ошондой жарк эткендей болсун.

Сѳздүн кубатына жетип, сѳздүн тереңине жетип, ошол тереңдикти башкаларга тааныта билгиле. Сүйүү менен шайкеш болгула. Ѳрнѳктүү жашоо болсун, багыттуу иштер болсун, сыймыктуу үндѳр болсун. Айгайлаган жоо болбосун, карайлаган күн болбосун. Суунун тунуктугу дайым болсун. Ошол тереңдикте балыктай ээн-эркин сүзүп, ошол тереңдикке ээ болгула.

Атадан туяк калсын. Асылдан багыт калсын. Жашоодон иргелген, бийиктикти самаган адамдар жаныңарга толсун. Кудайдын сүйүүсүнѳ жетип, акыл-насаатка ээ болуп, эл-журтка баш болуп, тереңдикти тааныткан элдин жарыгы болгула.

Жашоо билимине куштар болгон, ошол билимди самап турган, билимди алып турган, билимдин тереңин ачып турган адамдардын бири болгула. Билимге суусаган адамдарга мүрѳк болгула. Билимди жайылтканга канат болгула.

Берекелүү аш болсун, жагымдуу үн болсун, телегейиңертегиз болсун. Жашоодо ар бир адамдын багыттуу иши болсун. Кѳз каранды күн болбосун, тушалуу бут болбосун. Кайрымдуу эл болсун, карагайлуу тоо болсун!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *