Немистин гранатасын тосуп алып, кайра өздөрүнө ыргыткан Сакай ата

IMG_6552Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Шор-Булак айылында жашап, балдары, небере-чөбүрөлөрүнүн маңдайында бактылуу карылык дооранын сүрүп жаткан Сакай АБЫКАЕВ карыя быйыл 97 жашта.

1939-жылдын декабрында аскерге чакырылып, кан күйгөн Улуу Ата Мекендик согушка башынан аягына чейин катышып, гитлердик баскынчыларды талкалаган Улуу Жеңишти Сакай ава Чехословакиянын Прага шаарынын жанынан тосуп, көкүрөгү толо орден-медаль, «старший лейтенант» аскердик наамы менен 1946-жылдын жай айларында аман-эсен туулуп-өскөн айылына кайтып келген. Ал Армиянын генералы Коневдин армиясында, 448-дивизияда согушкан.

Сиз согуш чыкканга чейин эле аскерге кетип, ошол боюнча Улуу ата мекендик согушка кириптирсиз, аскерге кеткенге чейин эмне иш менен алектенчү элеңиз?

– Мен айылдагы мектепте окуп 5-классты бүтүргөндөн кийин 1938-жылы Токмоктогу техникумга окууга кетип, эки жылдык техникумду жарым жылда аяктап, 1939-жылдын май айында «Веттехник» деген адистик алып үйгө кайткам. Совхоздун алыскы Сырт өрөөнүндө мал догдур болуп ошол жылдын аягына чейин эмгектендим.

Ошол кездеги совхоздун деректири Бутирин 1939-жылдын 22-декабрында 27 баланы «полуторка» жүк ташуучу машинасына салып  Жети-Өгүз райондук аскер комиссариатына алып келди. Ошол эле күнү кечинде аскерге жарактууларыбызды параходго салып, таңга жуук Балыкчыга келип түштүк. Ал жерден аттуу-жөөлүү болуп тосуп турган ага-туугандарыбыздын коштоосу менен Фрунзеге карай жол тарттык. Мен почто тарткан арабага түшүп барып, педтехникумдун короосуна жайланыштык. Ал жерден баарыбызды мончого салышты. Кыргыз балдардын ал кездеги кийген кийимдери жалаң териден болгондуктан, санобработкадан өткөрүп дезинфекциялагандан кийин тери шымдарыбыз, тондорубуздун баары курушуп күйүп калып, дээрлик баарыбыз  кийимсиз жылаңач калдык. Анан үч күндүн ичинде ар кайсы жерден кураштырып, чогултуп бизди кийиндирип поюзга салышты.

Гурьевге жеткенде бизди экиге бөлүшү. Бир бөлүгүбүз Кара Деңиз багытына кетти, мен Сталинград чөлкөмүнө экинчи бөлүк менен кошо жөнөп, Богословскидеги Чкалов атындагы авиациялык аскер окуу жайына туш болуп, ошол окуу жайдын М-1 деген жеңил автомашинасын айдап начальникти тартып кызмат кыла баштадым.

Аскердик турмушка көнүгүшүп антип-минткиче убакыт желдей сызып 1941-жылдын жай айлары да кирип келди. Анан эле бир күнү дагы тревога болуп, «Согуш! Согуш чыкты!» деп ызы-чуу түшүп жатып калдык. Ошондон баштап окоптон-окоп болуп, Сталинградды туш-туштан душмандар талкалай башташты. Элдин качканы качып, жашынганы жашынып, качып баратышып сууга түшүп өлгөндөрү да көп болду. Биз согуштун биринчи күнүнөн баштап эле немистер менен бетме-бет келип согушуп жүрдүк. Богословскидеги авиа окуу жайынан бөлүнүп Калмык Автономиялуу облусунда, Сталинградга жакын Ворошиловоград, Шахты, Красногорка, Ростов-на-Дону деген жерлерде согуштук.

Сиз немистер менен катардагы жоокер катары согушуп жүрдүңүзбү?

 Жок, мен станковый пулемётту атканды, октогонду башка балдарга карагандажакшы өздөштүрүп алгандыктан, мени адегенде командир отделение, андан кийин взводдун командири кылып коюшту. Менин аскердик билимимди атайын комиссия текшергенден кийин Түштүк фронттун «Младший лейтенанттар» курсунун начальниги полковник Новиковдун сунушу менен Аскер фронтунун 7-сентябрь 1943-жылкы № 0736 буйругу менен мага «Младший лейтенант» деген офицердик чин берилди.

Кайсы жерде согушуп жүргөндө жарадар болдуңуз?

 Сталинградка чукул Мелитопль деген шаардын четинде биз да, немистер да коргонууда (оборонада) болуп, маңдай-тескей болуп атышып жатканбыз. Суу, тамак алып келгени кетишкен балдарга ок жаңылып, жоготуу, көп зыян тартып жан кашайып турган кезде күрүлдөгөн үндөр чыкты. Артымды карасам, ондон ашык биздин танкалар келе жатыптыр. Мындай жардам келерин күтпөгөн жаным бир чети сүйүнгөнүмөн тура калдым да, немистер көп ок чыгарып жаткан жакты көздөй кол гранатамды ыргытып калдым. Кимиси кайдан атканын билбейм, мага ок жаңылып чалкаман кетип эс-учумду жоготуптурмун. Немистердин огу киндиктен алдый тийген экен, оор жарадар болуп, Еревандагы аскер госпиталында үч ай дарылангандан кийин жакшы болуп айыгып чыгып,  кайра эле мурунку өзүм кызмат өтөгөн аскер бөлүккө келип, кайра эле взвод командири, андан кийин рота командири болуп кызмат өтөй баштадым.

Согуш мезгилинде эстен кеткис көп окуялар, эчен кыйынчылыктар башыңыздан өткөн чыгар, ошолордон эстеп айтып бере аласызбы?

 – Оор учурлар башыбыздан далай өттү. Айрыкча согуштун башталышында кыйын эле болду. Тамак-аш тартыш болуп, болсо да бизге жетпей, эчен ачка калган күндөр болду. Биздин мамлекет антип-минтип баш-учун жыйганча көп эле башаламандыктар болуп, курал-жарак, ок-дары жетишпей, кээ бир жоокерлерге мылтык жетпеген күндөр болду.

Биздин Советтик Кызыл Армия душмандын шайын оодарып, жерибизден сүрө кууп бараткан 1943-жылдын аягы 1944-жылдын баш жагы болуш керек эле, эстен кеткис бир окуя болду. Биздин бөлүк Карпат жериндеги токойдо турганыбызда бир станцияны душмандардан бошотуп ээлеп алуу жөнүндө буйрук болуп калды. Станцияны ээлөө үчүн станция менен биз турган токойдун орто жеринде жайгашкан чоң имаратка боорубуз менен сойлоп барып жыйнала баштадык. Имаратка буга чейин снаряд тийип, төбөсү ачык, талкаланган көрүнүштө эле. Ошонун ичинде бизден мурун эле немистин солдаттары да орун алыптыр. Сойлоп барып жайгашкандан кийин алар менен аңдышып атышып калдык. Ортобузду бир эле дубал бөлүп турат. Бир убакта дубалдын ары жагынан немистин биз жакка ыргыткан гранатасын шамдагайлык менен тосуп алып кайра өзүлөрүн көздөй ыргытып жиберсем жарылып кетти. Эгер ал граната биз жактан жарылса баарыбыз ошол жерден жабыр тартмак экенбиз.

– Мына быйыл Улуу Жеңиш күнүнө 70 жыл толуп олтурат. Сиз мындан 70 жыл мурун 9-май күнүн каерден тостуңуз эле?

– Ал күнү биз Прага шаарына жакын жерде турганбыз. Жеңиш биздики болду дегенди уккандан кийинки кубаныч менен сүйүнүчтү сөз менен айтып бериш кыйын. Бирин-бири куттукташып, кучакташып-өбүшүп ыйлаган эле эл! Тарсылдап асманга октор тынбай атылып жатты.

 – Аскерден качан бошоп келдиңиз?

– Согуш бүткөндөн кийин бизди – офицерлерди бошотпой кармап турушту. Анда мен старший лейтенант наамын алып ротанын командири болчумун. Кийинки 1946-жылдын аяк ченинде отпуск алып үйгө келдим.

Ошол кездеги «Улахол» совхозунун деректири Тойбаев: «Ой, Сакай, сенин «Веттехник» деген  адистигиң бар эмеспи, айыл чарба боюнча адистер армиядан дароо бошотулсун деген Сталиндин буйругу бар. Мен совхоздун атынан сен кызмат өтөгөн аскер бөлүккө өтүнүч кат жөнөтөйүн» деп калды. Мен өтүнүч катты алып кайра барып, ошону менен 1947-жылы биротоло бошоп келгем.

 – Кандай иштерде эмгектендиңиз?

– Ысык-Көл районундагы Тамчы совхозунун бир эле убакта деректири, парторгу болуп беш жыл, Көк-Мойнок совхозунун деректири болуп 2-3 жыл, Жумгал районундагы Жумгал совхозунун деректири болуп беш жыл, бир топ жыл «Улахол» совхозунда ферма башкаруучу, Карл Маркс колхозунда комплекстүү бригаданын бригадири болуп он жылдан ашуун иштегенден кийин ардактуу эс алууга кеттим. Пенсияга чыгып алып үйгө тынч жатып албай «Алтын-Булак» совхозунда зав.база болуп он чакты жыл иштедим.

 – Элиңизге айтаар каалоо-тилектериңиз бардыр?

– Миллиондогон советтик адамдардын каны төгүлүп, оор түйшүктөр менен келген Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен жалпы кыргыз элин куттуктайм! Биз башыбыздан кечирген кыйынчылыктарды эч ким көрбөсүн. Согуш дегендин атын да укпагыла!

– Чоң ырахмат! Сизди да  9-май – Улуу Жеңиш күнүңүз менен кызуу куттуктайм. Бекем ден соолукта болуп, дагы узак өмүр сүрүңүз!

 

Кеңеш БАКИР уулу, Тоң району, Шор-Булак айылы

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *