Айылдын «капитан атасы» – Сапа Асаналиев

4-Сапа АсаналиевТоң районунун “Ардактуу атуулу”, 92 жаштагы Төрт-Күл колхозунун тургуну Сапа АСАНАЛИЕВди өз уулдары гана эмес, жакын тууганы мен да ыйык көрөм. Тоңдун өзөгүн түзгөн Торгой уруусунун, ошондой эле Кыдык жана Саяк урууларынын урпактары да жакындан билип сыйлашат.

Нарк-насилибизди, салт-санаабызды, санжырабызды чечмелеген, ары тамашакөй атаны бүт айыл эли “капитан ата” деп коюшат.

1946-жылы кан майдандан капитан чинин алып келген Сапа Асаналиев Аскердик жогорку окуу жайлардан окуйун десе, “беш жолу жаракат алып, аман-эсен келдиң” деп атасы окууга жибербей коюптур. Болбосо Сапа атабыз К.Үсөнбековдой, Д.Асановдой генерал болмок эле.

Сапа Асаналиев 1923-жылы төрөлүп, зирек чоңоюп, 8-классты бүткөн соң орто мектепте эсепчи болгон. Согуш башталганда Фрунзедеги аскердик пехоталык училищада окуп, лейтенант чинин алып, №160 СД танкага каршы ротанын командиринин орун басары катары жөнөтүлөт. 1943-жылы жаракат алып, №4989 госпиталында дарыланат. Айыгып, 6-гвардиялык армияда взводдун командири болуу менен Орловск, анан Курск багытына жөнөшөт.

Тарыхта белгилүү болгондой, Курск чабуулунда душмандын 200 даана пантерасы болсо, беш күндүк салгылаштан соң 16 эле танкасы калган. 1943-жылдын 5-июлунда ПТР танкага каршы аткычы менен Курск айлампасы каардуу башталган күнү Сапа Асаналиев душмандын эки даана “пантера” танкасын атып жардырган. Эрдиги үчүн “Кызыл жылдыз” ордени менен сыйланган.К.Рокосовскийдин башчылыгы алдында душман шайы оодарылып, 1943-жылдын 12-июлунда контр соккуга өтүшкөн. Кыргыздын кырааны Сапа атабыз К.Рокосовский менен жолугуп, согуштук  өнөр бөлүшкөн. “Курск айлампасында эки тарап тең чоң жоготууга учурадык, кыргыздар да тайманбас эрдик көрсөттүк. Мизи майтарылган фашисттер Советтер Союзун жеңе албастыгын ошондо сезишти” дейт Сапа ата.

1943-жылы 76,2 мм. калибрлүү замбиректер взводдун командирлигине дайындалып 3-прибалтикалык согушка жөнөтүлгөн.

1944-жылы Сапа Асаналиев КПССтин мүчөлүгүнө өтүптүр. Жеңишти Эльба дарыясынын жээгинен тоскон. 1946-жылы 30-майда Кызыл Армиянын катарынан запастагы капитаны болуу менен эли-журтуна кайтат. Кан майдандагы эрдиктери үчүн “Улуу Ата Мекендик согуштун 1- жана 2- даражадагы ордени”, “Кызыл жылдыз “ ордени, “ Варшаваны бошоткондугу үчүн”, “Германияны жеңгендиги үчүн”, “Эльбадагы жолугушуу” жана башка көптөгөн юбилейлик медалдары менен сыйланган. “Александр Невский” ордени менен сыйлоо каралып, белгисиз себептерден улам ал сыйлыгын албай калган.

Фрунзедеги айыл чарба техникумун артыкчылык диплому менен бүтүрүп, чарбаларды уюштурууда, колхоздоштурууда мал чарбасында, айыл чарбасында үзүрлүү эмгектенди. Чарбалардын башкармасы, райкомпартиянын биринчи катчылык кызматтарын аркалаган. “Коммунизм” орто мектебин (мурдагы “Курмани”, “Сталин”) куруп толук бүтүргөн. Социалдык имараттарды салдырган. 2000-жылы “Даңк” медалы менен сыйланды. Ал эми Улуу Жеңиштин 60 жылдыгында Ысык-Көл элинин атынан Москвада болуп, В.Путин жана Д. Буш менен жолугушкан.

Бүгүнкү күндө эл ичинде чоң кадыр-баркка ээ капитан атабыз төрт кыз, төрт уулунан он жети небере, жыйырма чөбүрө күтүп, элибизге тынччылык тилөөдө.

Кубатбек ОСМОНОВ,  фотожурналист

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *