Тоң районунун “Ардактуу атуулу”, 92 жаштагы Төрт-Күл колхозунун тургуну Сапа АСАНАЛИЕВди өз уулдары гана эмес, жакын тууганы мен да ыйык көрөм. Тоңдун өзөгүн түзгөн Торгой уруусунун, ошондой эле Кыдык жана Саяк урууларынын урпактары да жакындан билип сыйлашат.
Нарк-насилибизди, салт-санаабызды, санжырабызды чечмелеген, ары тамашакөй атаны бүт айыл эли “капитан ата” деп коюшат.
1946-жылы кан майдандан капитан чинин алып келген Сапа Асаналиев Аскердик жогорку окуу жайлардан окуйун десе, “беш жолу жаракат алып, аман-эсен келдиң” деп атасы окууга жибербей коюптур. Болбосо Сапа атабыз К.Үсөнбековдой, Д.Асановдой генерал болмок эле.