Канын-жанын отко салган кыргызстандык аталар

4-5-фото

Улуу Ата Мекендик согуштун майдан талаасы жоокер аталарыбыздан күтүүсүз кырдаалдар убагында жалтанбас айбатты,  майтарылбас  кайратты,  тайманбастыкты, шамдагайлыкты, чечкиндүүлүктү, керек болсо курмандыкты талап кылган.

Биздин, Советтик Армиянын курамындагы кыргыз жоокерлеринде жогоруда аталган  сапаттар толугу менен бар болгон. Керек болсо албууттанган дем, курчуп турган дымак менен коштолуп, кайталангыс  эрдиктерди жасап, кыргыздын чыгаан уулдары мекен үчүн жанын курман кылып, баатыр ата-бабаларыбыздын жолун жолдошкон. Арадан 70 жыл убакыт ѳтсѳ да, алардан калган жарык из али кѳѳнѳрѳ элек…

Кубат ЖУМАТАЕВ

Кубат Жуматаев “Кызыл Туу” ордени менен сыйланган. 1942-жылы 16-сентябрда Кавказ үчүн болгон согушта баатырдыктын өлбөс үлгүсүн көргөзгөн. Ал душмандын чабуулун кайтарып жаткан учурда немецтик танктардын курчоосунда калат. Кубат Жуматаев көз ирмебестен акыркы гранаталарын өзүнө байлап, алдыда келе жаткан бронемашинага боюн таштап, жардырып жиберген. Мындай эрдиги калган жоокерлерди согушка шыктандырып, натыйжада душмандын мизи кайтарылган. (Архив, Киргиз.фил.ИМЛ)

СҮЙҮНБАЕВ

1943-жылы Дондо советтик танкачылар десант автоматчылар менен аскердик тапшырманы аткаруу убагында душмандын танкачылары жана автоматчылары менен кокусунан беттешип калат. Кармаш катуу жүрүп, эки жак машиналардан чыгышып жекеме-жеке күрөк, автоматтын кундагы менен мушташка өтүшөт. Беттешүү учурунда Сүйүнбаев өзүнөн эки келген олбурлуу немецтин астында калганына карабастан, душмандын башындагы каскасын чече коюп, эки колу менен күүлөнүп уруп башын жарган. Беттешүүнүн акырында Сүйүнбаевдин эсебинде 20 фашист жок кылынган. (“Известия”, 1943, 8-январь)

Акын САДЫРБАЕВ

Акын Садырбаев 1942-жылы, декабрь айында  “Кызыл Жылдыз” ордени менен сыйланган.  Душмандын дзотун жок кылуу максатында ал эки жоокерди жетектөө менен амбразурага 7 метр жетпей окопко келип кармашат. Атышуу учурунда душмандын дзотунан окопко келип түшкөн 16 гранатаны Акын Садырбаев алып кайра дзотту көздөй ыргытууга жетишет. Он жетинчи граната баатырдын өмүрүн алып түшкөн. Бул эрдиктен кийин калган 2 жоокер советтик кошумча аскерлер келгенчекти 1 сутка тынбай согушту токтотушкан эмес. (“Советская Киргизия”, 1943, 14-январь)

Муса ЭСЕНГУЛОВ

Муса Эсенгулов согуштун жүрүшүндө өзү жалгыз душмандардын танкаларына каршылак көргөзүп чыккан. Ал ПТР (противотанковое ружье) менен 2 танканы талкалап, натыйжада өзү да куралсыз калып катуу жарадар болот, бирок ага карабастан кайрат-эркин жыйнап, акыркы күчү менен согушту токтотпостон колуна граната алып, душмандын танкынын алдына боюн таштайт. Жыйынтыгында Муса Эсенгулов кошо жарылып, душманды токтотуп курман болгон. (“Письма с фронта”, Ташкент, 1949, 60-62)

Миралкан СЕЙТЕКИНОВ

1942-жылы Панфилов дивизиясындагы ашпозчу Миралкан Сейтекинов өзүнүн эр жүрөктүүлүгү жана шамдагайлыгы менен айырмаланган. Түштөнүү убагында аскерге түшкү тамак жеткирип бараткан учурда Миралкан Сейтекинов кокустан немецтердин тобуна тушугат. Ашпозчу буйдалбастан автоматын оңтойлото кармай душмандын 9 солдат офицерин атып үлгүрөт. Натыйжада калган  гитлерчилер качып кутулуп, тамак кечиктирилбестен өз убагында аскерлерге жеткирилген. (“Краная Звезда”, 1942, 3-ноябрь)

Ашырбай КОЁНКӨЗОВ

Легендарлуу чалгынчы, белгилүү панфиловчу Ашырбай Коёнкөзов 1943-жылы 31-декабрда Псковдун алдында душмандар менен болгон катуу салгылашта баатырларча курман болгон. Ал аз убакыттын ичинде 138 фашисттик солдат офицерлерин жок кылып, 15ин туткунга түшүрүп кармап келген. 1943-жылы декабрь айынын ичинде эле Ашырбай Коёнкөзовдун чакан тобу душмандын 10 эшалонун жүрүштөн чыгарып, 10 паравоз жана фашисттердин тирүү аскерлери менен жыйырмадан ашуун вагондорду жардырып жок кылышкан. (Соловьев П.Ф. “Солдаты Родины любимой”, Фрунзе, 1974, с. 372)

Анварбек ЧОРТЕКОВ

Анварбек Чортеков – СССР баатыры. 1943-жылы Днепрдин батыш жээгиндеги плацдарм үчүн болгон согушта кайтпас эрдиктин бийик үлгүсүн көргѳзгөн. Ал душмандын 4 жолку чабуулун токтотуп, 30дай гитлерчини жок кылар замат  душман ээлеген бийиктикти колго алган. Анварбек Чортековдун чыдамкайлыгы жана эрктүүлүгү менен фашисттер артты көздөй чегинүүгө аргасыз болушкан.

Жапар ЖАБАЕВ

1942-жылы Курск алдындагы салгылашууда партизандык кыймылдын катарын толуктаган. Тайманбас Жабаев кармаш учурунда душмандын 5 аскерин колго түшүргөн. Согуш маалында душмандын орнотулган пулеметтук эсебине жете барып фашисттерди атып жок кылган да, пулеметун тартып алган. Кийинки кармаш учурунда гитлердик чоң гарнизонго биринчилерден болуп кирип барып 9 фашистти жок кылган, дал ошол салгылаш учурунда Жапар Жабаев баатырларча курман болгон. (“История Киргизской СССР”, т.2, с. 114-115)

Казак ЖАРКЫНБАЕВ

Казак Жаркынбаев, СССР баатыры. Днестр жээгиндеги болгон салгылаш учурунда 45 миллиметрлик пушка менен душмандын 2 пулеметтук эсебин жана 25тен ашык фашистти жок кылган. Душмандын бешинчи чабуулунда Казак Жаркынбаев пулемет менен 12 гитлерчини атып олтүрүп чабуулду токтоткон.

Жумар АСАНАЛИЕВ

Жумар Асаналиев – СССР баатыры. 1944-жылы душмандын аскерлерине аз сандагы ок жана гранаталары менен туруштук берген. Ал орнотулган пулемет менен фашисттердин  биринчи чабуулун токтотот, душман өзүнүн 20 аскерин жоготуп чегинүүгө мажбур болот. Бирок Жумар Асаналиевдин жалгыз экенин билип калган гитлерчилер советтик жоокерди тирүүлөй кармап алууну көздөшөт да, кайрадан күчөтүлгөн чабуулга өтүшөт. Акыркы гранаталарын колго алган Жумар Асаналиев курчап алган душмандарды жардырып, өзүн кошо курмандыкка чалган.

Токубай ТАЙГАРАЕВ

1944-жылы 10-июлда душмандын коргонуу чегин биринчилерден болуп бузуп кирген. Фашисттердин траншеясына кирип барып 10 немисти атып, 5 фрицти колго түшүргөн. Согуштун экинчи күнүндө душмандан тартылып алынган бийиктикти коргоодо чоң эрдик күргөзгөн. Ал өзү менен кошо 3 аскер менен жалгыз калып, акыркы окко чейин салгылашкан. Бирок ага карабастан душмандын чабуулу токтогон жок. Жарадар болгон Токубай Тайгараев акыркы гранаталарын колго алып, гитлерчилердин тобуна кирип барып жардырган. Баатырларча курман болгон Тайгараев фашисттердин жүрүшүн токтоткон.

Кочкор МУРЗАКАРИМОВ

Душмандын танкасын жүрүштөн чыгаруу убагында эки жолу ийининен жарадар болот. Бирок тайманбас эрктүүлүгү Мурзакаримовдун демин сууткан жок. Фашисттердин экинчи чабуулунун мизи кайтарылгандан кийин колго курал кармай ала турган 3 гана жоокер калат. Кийинки чабуул өтө катуу жүрүп, бул жолкусунда Мурзакаримовдун пулеметуна снаряд тийип башынан жарадар болот. Өзү жалгыз калган кыргыздын чыгаан баатыры көзү көрбөй калса дагы акыркы гранаталарын чогултуп, душманды көздөй ыргытып жатты. Күч тең эмес эле, Мурзакаримов акыркы гранатасын бооруна алып, күчүн жыйнай жабылып келген немистерди көздөй өзүн жардырып жиберген. Натыйжада катуу жардыруудан кийин согуш талаасы тынчый түшөт. Куткарууга келген советтик артиллеристтер офицер Кочкор Мурзакаримовдун денесинин жанынан 96 гитлерчини санашкан. Мындай эрдик фашисттердин акылына сыйган эмес. (“Советская Киргизия”, 1945, 21 января.)

(“Кѳк асабанын” архивинен, 2012-жыл, май айы)

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *