Улуу Ата Мекендик согуштун майдан талаасы жоокер аталарыбыздан күтүүсүз кырдаалдар убагында жалтанбас айбатты, майтарылбас кайратты, тайманбастыкты, шамдагайлыкты, чечкиндүүлүктү, керек болсо курмандыкты талап кылган.
Биздин, Советтик Армиянын курамындагы кыргыз жоокерлеринде жогоруда аталган сапаттар толугу менен бар болгон. Керек болсо албууттанган дем, курчуп турган дымак менен коштолуп, кайталангыс эрдиктерди жасап, кыргыздын чыгаан уулдары мекен үчүн жанын курман кылып, баатыр ата-бабаларыбыздын жолун жолдошкон. Арадан 70 жыл убакыт ѳтсѳ да, алардан калган жарык из али кѳѳнѳрѳ элек…