Жашоо сабактары

7-жашоо сабагы подвал фото

АТАЛАР СӨЗҮ

Сапатка толуу

Адам сапатка толо албайт – эгер анын кѳрѳңгѳсү болбосо.

Адам сапатка толо албайт – эгерде анын каалоосу болбосо.

Адам сапатка толо албайт – эгерде ал бир нерсеге умтулбаса.

Эгерде сапатка толбосо – адам ѳзгѳрүүдө, ѳсүүдѳ болбойт.

Сапатка толгон сайын адам ѳзгѳрѳ алат.

Бир сапаттан бир сапатка ѳтүүнү кыргыздын мисалында айтсак: бул, сүттөн каймак, каймактан май чыгаруу (ак май), майдан сары май кылуу. Сапаттан сапатка ѳтүүнү байкагыла: сүттүн даамы кандай, сары майдын даамы кандай, алардын сакталышы кандай?  Канчалык чоң айырма бар?

Сүт бир күндүк, эгер ал жылууда турса. Сары май бир жылдык.

Сапатка адам ушул сүттѳй эле болуп жете алат. Уламдан-улам ѳзүндѳгү жеңил нерсени чыгарып, анын ордуна салмактуу нерсени алып калуу менен.

Өзүңөрдөгү жеңил нерсени чыгарган сайын силер маңыздуу, сапаттуу жана салмактуу болосуңар. Ошол сапатка толууну каалагыла. “Сапаттуу болоюн” деп эңсегиле, анан ѳзгѳрүп, бийикке умтулуп, жеңилден арылып, салмактууну уюта бергиле! Силер ѳзгѳрсѳңѳр, коом ѳзгѳрѳт.

Ар нерсе уюткулуу бир нерседен башталат. Сүткѳ уютку кирсе, ал уюйт. Силер уютку болсоңор, ошондо жалпы элди уюта аласыңар. Акылды уютуп, сапатты уютуп, тереңдикти уютуп, асылдыкты уютуп, ѳзүңѳр уюткуга айланганда – анан коомду уюта аласыңар.

Ошол уюткулук сапатка жетиш үчүн ѳзгѳрүүңөр талап.

Ошондуктан, ѳтѳ маанилүү, ѳтѳ керектүү – бул сапатка толуу. Сапатка толмоюнча коом ѳзгѳрбѳйт.

Сапат эмнеден башталат?

Эң оболу түшүнүүдѳн башталат. Жашоонун сабагын, билимин түшүнүп,  анан ошого жетүүдѳн башталат. Билимдин тереңин түшүнмѳйүнчѳ, ѳзгѳрүүгѳ умтулуу, каалоо болбойт.

Өзүңѳрдүн ордуңарды билип, өзүңѳрдүн жашооңорду өзгөртүп, тазалыкка, бийиктикке жетиш үчүн жашоо билими керек. Ошонун баарына жеткенден кийин сапатка толосуңар.

Акылды билип, ушул билимге жетип, бирок сапатка толбой калганда ѳзүңѳрдүн жашооңорду ѳзгѳртѳ албайсыңар.

Билимди билип, сапатка толсоңор, жашооңор ѳзгѳрѳт.

Сапатка толбосоңор, жашоо бир күндүк сүттѳй. Сүттүн мѳѳнѳтү бир күндүк, сары майдын мѳѳнѳтү бир жылдык…

One thought on “Жашоо сабактары

  1. “Жашоо сабактары” деген китебиңиздер чыкса алат элем. Качан чыгарасыздар?

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *