“Сникерсти” нукура азыкка, йогуртту таза айранга алмаштырышыбыз зарыл!”

9-59-2

 

 

 

 

 

Сайкал САДЫБАКАСОВА жана Наргиза АЗИЗОВА, “ОА” компаниясынын түзүүчүлөрү: “Сникерсти” нукура азыкка, йогуртту таза айранга алмаштырышыбыз зарыл!”

Күнүмдүктөгү жашоодо жөн эле дегенибиз эмес, эмнени дегенибиз, жөн эле жегенибиз эмес, эмнени жегенибиз маанилүү.

Дүңгүрөп өнүгүп, дүнүйөнүн жаңыча үлгүсүн чагылдырып турган заманбап өлкөлөрдүн коомчулугу бүгүн таза азык-түлүктү тандап алууга, табийгыйын колдонууга басым жасап жаткан чагы. Кыргызстанда да акыркы кездери азык-түлүк коопсуздугун сактоого, табигый таза азыктарды өндүрүүгө чоң маани берилип, бул тармакта мекенчил атуулдарыбыз алгылыктуу аракеттерди көрүүдө.

Кыргызстандын алдыңкы экономикалык таяныч байлыктарынын бири богон айыл-чарба өндүрүшүндө кандай жаңылыктар болуп жаткандыгын кыргыз табийгый таза азыктарын өндүрүүчү “ОА” компаниясынын түзүүчүлөрү Сайкал САДЫБАКАСОВА жана Наргиза АЗИЗОВА аркылуу таанып көрөлү.

9-1– Эл үчүн сиздердин табигый таза азыктарды өндүрүп баштаганыңыздарга эмне түрткү болду?

– Баардык нерсе азыктан башталат. Кандай азыктана турган болсок, ошондой өсөбүз. Бул – жаратылыш мыйзамы. Ушуга ылайык алгач өз балдарыбыздын аң-сезимин, акыл-эсин тунук кылып өстүрүүнү максат кылуу менен табийгый таза азыктарды өндүрүүнү баштаганбыз. Андан соң балдарыбыздын гана эмес, коомдун саламаттыгы, мээсинин, эс-тутумунун сактыгы, ой жүгүртүүсүнүн тунуктугу да өтө маанилүү экендигин эске алып табийгый таза азыктарды коомго жеткиликтүү кылып берүүнү максат кылдык. Анткени азыр маркеттерде, базарларда талапка жооп берерлик таза азык-түлүктөр аз. Алара ар-кандай химиялык кошулмалар, боёктор кошулуп өндүрүлүп жатат. Ошондуктан таза азыктарды кеңири өндүрүүгө киришип калдык. Мекенге, коомго салым кошуу өзүбүздү өнүктүрүүдөн башталарын да дайыма эске алабыз.

– Сайкал айым, мекенге салым кошуу деп калдыңыз, эл-жерге болгон сүйүү баарында эле боло бербейт, буга эмне дейсиз?

– Мен Түркияда, Японияда, Гонгконгдо жана башка чет өлкөлөрдө 20 жылдан ашуун жашап келдим. Мекенимди сагынган кезде көзүмө жаш алган учурларым  болду. Чындыгында Кыргызстандан артык жер жок. Жерибиздин кооздугу жана анын байлыгы, элибиздин табигый мүнөзүнүн өзгөчөлүгү мени дайыма сүйүндүрүп келет. Өнүккөн өлкөлөрдө, дегеле чет мамлекеттерде табигый таза азыктар байлардын азыгы катары гана өтө бааланып, суроо-талап да жогору. Бизде болсо жалпы эл колдонууга мүмкүнчүлүктөрүбүз абдан көп. Бар болгону ошол мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонуп, өнүктүрүп кетүүбүз гана керек.

– Ишти алгач баштаганда эмне өндүрүп баштадыңыздар?

– Алгач “Жаңгак керемети” “(Ореховый рай”) деген аталыштагы жаңгак азыгын өндүрүүдөн баштаганбыз, андан соң кургатылган мөмө жемиштерди кошумчаладык. Кара өрүк, кулпунай, карагат, өрүк, чычырканак, мейиз, жаңгак жана бадам кошулган азыктарды өндүрө баштадык. Азыркы учурда батончиктин 3 түрү (таза шоколад, абрикос жана бадам менен), граноланын 6 түрү (чычырканак, кулпунай, карагат, шоколад, жаңгак жана мөмө жемиш аралашмасы менен), куруттун, нандын түрлөрү чыгарылып жатат. Бул азыктарга негизинен таза бал кошуп өндүрөбүз. Алдыда нукура сүт азыктарын өндүрүүнү да көздөп жатабыз.

9-4– Өндүрүшүңүздөргө чийки азыктар кандай жол менен тандалып алынат?

– Чийки азыктарды негизинен Санжар Султанкулов аттуу “органик мырзабыз” аркылуу алабыз. Андан сырткары, азырынча ишенимдүү болгон 2 гана дыйкан менен түз байланышып турабыз. Келген чийки азыктар жана мөмө жемиштер абдан дыкат текшерилип алынат. Алардын сапатына, түрүнө, кандай шартта өстүрүлгөнүнө жана мөөнөтүнө маани беребиз. Келечекте керектөөчүлөргө да, дыйкандарга да жеткиликтүү жана пайдалуу болгудай тейлөө жолун иштеп чыгууну ойлонуп жатабыз. Муну менен катар жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде “Табийгый таза” делген сертификатты азыктарыбызга алсак деп азаматтарыбыз менен бирге аракет кылып жатабыз. Бул иш орундалса, дыйкандарыбыз, багбандарыбыз менен катар жалпыбыздын эле бир жеңишибиз болору бышык. Азырынча өрүк жана кара өрүк “табийгый таза” делип сертификат алды.

– Буюрса, “Табийгый таза” сертификаты азыктарыбызга алынса, анда өндүрүлгөн азыктарды чет өлкөлөргө экспорттоо да жакшы жолго коюлат турбайбы?

– Азыркы учурда деле Түркиядан, Казакстандан, Украинадан жана башка өлкөлөрдөн биздин табийгый таза азыктарга суроо-талаптар тез-тез болуп жатат. Биздин да чет өлкөлөргө чыгуу максатыбыз бар. Бирок, алгач өзүбүздүн базарга табигый таза азыктарды жеткиликтүү жеткирип алсак деп жүрөбүз. Анткени, азыр коомго тартууланып жаткан жалтыр-жултур жасалма кооздолгон азыктардын көбү саламаттыкка терс таасирин тийгизүүдө. Жарнаманын күчү менен аң-сезимге кирип калган ар-кандай химиялык кошулмаларга, боёкторго бай сникерс, кола, фанта сыяктуу азыктардын ордун табийгый таза жана пайдалуу азыктар менен алмаштырышыбыз зарыл. Өзүбүздө өндүрүлгөн улуттук суусундуктарды да көбүрөөк колдонуубуз пайдалуу болот. Дүйнөдө кооптуу делип 7-орунда турган йогурттун ордуна колго уюткан айранды колдонгонубуз оң.

Ушуларды эске алуу менен биринчи кезекте биздин балдарыбыздын, мекендештерибиздин сак жана кубаттуу жашоосуна салым кошушубуз негизги максат.

Чолпонбек КАПАРБЕК уулу

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *