Жүрөгүбүзгө “Биздин Кыргызстан” дегенди терең сиңирели!

3-2

Учурда Жапониянын Киото шаарында окуп жүргөн кезим. Бул жакка «Саат-Билим тил жана маданият борбору» аркылуу келгениме 4 ай болду. Ушул мезгил ичинде дароо байкаганым бул болду:  жапондуктар өз Мекенин көздүн карегиндей аяр сакташат экен. Төрт тарабын океан курчап турган Жапония сууга чөгүп баратса да кучактап алып кошо чөккөнгө даяр эл экенине ынандым. Жерин, элин ушунчалык сүйүшкөндөрү чындап суктанаарлык.

3-БолотбекУрматтуу Кыргыз элим, Кыргызымдын жаш муундары! Мен бүгүн жапон эли тууралуу азын-оолак сөз баштап, өз көзүм менен көргөн-билгендеримди айтып өтөйүн дедим.

Жапондор өз маданиятын, тарыхын, тилин баарынан бийик коюшуп, бекем тутунуп, эч кимге көз каранды болбой өнүккөндөн өнүгүп келатышат. Алар, экономикалык, техникалык өнүгүү менен бирге адамгерчилик сапатты да биринчи орунга коюшкан. Ар дайым жөнөкөй болууга аракет кылышат. Көчөдөбү, иштеби, кай жерде болбосун бири- бирин сыйлап, алдынан өтөөрдө кечирим сурап турушат. Улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүшөт. Жаштары улуулардын жанында катуу сүйлөшпөйт, ийменип, уялып турушат, демек, үй-бүлөдө тартип бар, ошол тартип менен чоңоюп-өсүшкөн.

Иш жагын айтсак, жапондор жанын берип кулча иштеп, бийче жашаган эл. Эмгекти өтө сүйгөн күжүрмөндөр.  Мен ишкана жетекчилерин да көрүп, алардын кыймыл-аракетине, мамилелерине баам салдым. Алар өздөрүнүн жумушчулары кийген кийимди кийишип, жумуштун кандай түрү болбосун кол алдындагылардан эки эсе тез жүгүрүп, кошо иштешет. Ар бири мамлекетинин өнүгүшүнө салымын кошконго далалат кылышат Өз мекени жөнүндө бир жаман сөз айттырбаган бул эл канчалык мүмкүнчүлүгү болсо,  ошончолук эли-жерин мактап турууга аракеттенишет.

Бүгүнкү күнү Жапония цивилизациянын туу чокусуна жетип турган учуру. Өлкөсүнүн кайсы бурчунда жүрүшпөсүн, жапондуктар өзүбүздүн жер деп анын улам тазарышына, өсүшүнө, өнүгүшүнө кам көрүп турушат. “Чет жактан эч ким келип жардам бербейт, баарын өзүбүз жасап, өзүбүз таза кармап, өзүбүз өнүктүрүшүбүз керек” деген түшүнүктү бекем кармашат. Ар бир жапон жараны “мамлекетибиздин өнүгүүсүнө эч ким биздей болуп салымын кошо албайт, биз өзүбүзгө гана ишенебиз” дешет. Тазалыкты сактоо тартиби аларда ушунчалык терең сиңген, таштандыларын өздөрү менен кошо ала кетишет. Келгенимден бери ушу күнгө чейин көчөлөрүнөн бир түкүрүк, бир таштанды көргөнүм жок. Шаарлары күзгүдөй таза. Элдин басымдуу бөлүгү мекенчил, билимдүү, аң-сезимдүү болгондо гана өнүгүү тез жүрөт экен. Өсүүсү мындай элде билимсиз, жүрөгүндө мекенчил сезими жок айрым аз-маз адамдардын бар-жогу билинбей да калат экен.

Азыркы мезгилде эми жапондуктар океандын үстүнө жер жасашып, жаңы Токио шаарын курабыз деп чоң долбоордун үстүндө иштеп жатышат!

Алар башка тилди билсе да өз тилинде гана сүйлөп, башкаларды дасүйлөтүп турушат. “Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт” дегендей, жапон эли бири-бирине ушунчалык жан тартып, мактап, дем-кубат берип турушат. Ал эми каада-салттарын өтө чоң маани беришип, дүйнөлүк деңгээлге да чыгарып коюшкан. Бир эле мисал – «Чай жөрөлгөсү».

Кадырлуу Кыргыз элим, бул саптарды жазып жатканымдын себеби, Жапонияны үлгү кылалы деген жокмун, болгону, өзүбүздө бар нерсени: ата-бабаларыбыздын бийиктикти, берекелүү жашоонун мыйзамдарын макалдарыбызга, насаат сөздөрүбүзгө, салтыбызга сактап кетишкенин унутпасак, эсибизге бек алсак, ошол баалуулукту жерге таштабай улантсак дейм. Эгер биз ошол улуу мурасты жандандырсак, жашообузда колдонсок, мыйзам кылып тутунсак гана руханий жактан да, экономикалык жактан да чоң өнүгүүгө жетишебиз!

Бул жерди, бул элди көрүп, салыштырып туруп, бир нерсеге ынандым – мамлекеттин өсүүсү үчүн жеке эле экономикалык тарап жетишсиздик кылат. Адамгерчиликти, руханий жолду, улуттук каада-салтыбызды, нарк-насилибизди бекем тутунуп, аларды мыйзам катарында жашоого киргизгенде гана туу чокуга жетебиз!

Кыргыздын салттарында, макал-лакаптарында, «Манас» эпосунда дүйнөлүк өтө чоң философия камтылган. Кыргыз элинин дымагы өтө күчтүү жана ар бир кыргыз өтө жөндөмдүү келебиз. Бир эле мисал, канча улут болбосун, баарынын тилин жатык үйрөнүп кете алабыз. Дегеним, биз бул жакта көптөгөн ар кыл улуттар менен бирге окуйбуз, алардын ичинен бирөөсү дагы менин ысымымды так, туура айта алышпайт.

Кыргызстан бизге, биздин урпактарга керек. Кыргызстандын кайсы бурчунда жүрбөйлү, анын ар бир кулачы биздики деп билишибиз керек. Баардык жагынан ушунчалык ыңгайлуу, ажайып жерде жайгашканКыргыз жергебизди көздүн карегиндей сактап, тазартып, бүлдүрбөй курап, сындырбай өстүрүп сүйүп жашайлы, жүрөгүбүзгө “Биздин Кыргызстан” дегенди терең сиңирели!

Биз, кыргыз эли, ата-бабаларыбыз калтырган таалим-тарбия, акыл-насааттары, улуу мурасы аркылуу дүйнөгө үлгү боло турган жагдайдабыз! Кыргыз эли дүйнөнү жакшылыкка алып барат дегенге мен бекем ишенем, жана ошого жеткенге эриш-аркак, жапа тырмак аракет кылалы демекчимин! Бул сөзүмдү руханий көрөңгөсү терең адамдар дароо түшүнөөрү айкын, ал эми түшүнбөй мыйыгынан жылмайгандарга албетте башка сөзүм жок.

Элиме терең сый-урматым менен, Болотбек Субанов

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *