Кыргыз жаштары Кыргызстанды өнүктүрө алабы?

4-5-тышкы иштерЭл жана мамлекет – бир бүтүндүк. Мамлекеттик жетекчилер -элдин жүзү. Бирок жетекчилерибиз кандайдыр бир себептерден улам кызматтык туруксуздуктун туманынан чыга албай келүүдө.

 

Сиз Тышкы иштер министри болсоңуз кандай ѳзгѳртүүлѳрдү жүргүзмѳксүз?

Ширин БОРОНЧИЕВА, Кыргызстан Эл аралык университетинин, эл аралык мамилелер кафедрасынын ага окутуучусу:

– Тышкы саясатты туура жүргүзүү үчүн, алгач ички саясатты максаттуу жана ырааттуу жүргүзүүгө туура келет.

Бул үчүн мамлекеттик стратегиянын тактыгы, түптүүлүгү талап кылынат. Максат жана стратегия так бекигенде мамлекеттеги жалпы органдар жана жарандар биргеликте стратегиянын ишке ашуусуна умтула башташат. Ички саясат жөнгө салынганда гана тышкы саясатты жүргүзүүгө жол ачылат жана оң натыйжага жетүү мүмкүнчүлүгүн алабыз. Анткени, тышкы саясат – бул ички саясаттын уландысы.

Биздин өлкөдө азыр ар тармактуу жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатат. Бул аракеттер куру калбаш үчүн түзүмдөгү кызматкерлердин жоопкерчиликтүүлүгү жана чечкиндүүлүгү зарыл. Эл дагы мамлекеттик кызматкерлердин элден башка таянычы жок экендигин туура түшүнүп, аларга тирек боло билүүсү керек. Мындан соң тышкы саясатты ишенимдүү түрдө жүргүзө берсе болот.

1. Коңшу өлкөлөр менен достук мамилени чындоо зарыл. Мамлекеттин өнүгүшү үчүн кошуналар менен алаканы бекемдеп, чек ара маселелерин биринчи кезекте чечүүгө аракеттенмекмин. Айрыкча Өзбекстан менен сүйлөшүүдө элчилик мүмкүнчүлүктөрүмдү жеткиликтүү көрсөтмөкмүн. Анткени азыр чек ара көйгөйлөрү эң эле курч болуп башка маселелердин жаралуусуна түрткү болууда.

2. Мамлекеттик жана эл аралык коопсуздукту, тартипти сактоо үчүн Кыргызстан мүчө болуп саналган эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешүүнү күчөтмөкмүн. КМШнын саясый жана экономикалык өнүгүшүндө Кыргызстандын ордун жогорулатууга аракет кылмакмын.

3. БУУ сыяктуу эл аралык чоң уюмдарда добуш берүү укугун алууга далалат кылмакмын. Бул абдан маанилүү иш. Ошол аркылуу Кыргызстандын атын таанытып, кадырын арттырсак болот.

4. Тышкы саясаттын жана элчилердин эң негизги максаттарынын бири болуп чет элде жүргөн биздин мекендештерибиздин укугун коргоо жана жеткиликтүү жардам берүү менен коопсуздугун коргой билүү саналат. Бул жагынан да көптөгөн аракеттер жүргүзүлүшү керек.

5. Кыргызстандын тышкы саясат тууралуу концепциясына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү кийирүү зарыл. Анткени заманбап доордо учурдагы концепциябыз эскилик кылат. Учурда бизге Россиядан сырткары мамлекеттер менен да тыгыз өнөктөштүктү куруп, тең укукта жана ынтымакта жашоо керек. Бул иш президенттин жана башка мамлекеттик жогорку кызмат өкүлдөрүнүн катышуусу менен чечилет.

6. Чет өлкөлөрдө кыргыз элинин өзгөчөлүктөрүн даңазалоого көбүрөөк көңүл бурмакмын. Негизинен маданий иш-чараларды (фестиваль, конкурс, кино, жарманке ж.б.) уюштуруу менен элибиздин бай маданиятын таанытсак болот. Маданият бул элдин жүзү экенин эстен чыгарбашыбыз керек.

Мындан сырткары эске ала турган башкы нерсе – жарандарыбыздын да аң-сезимин арттыруу зарылдыгы бар. Ар бир кыргыз өз элинин күзгүсү же элчиси экендигин билип, кайда жүрсө да маданияттуулугун, адамдык асыл сапаттарын көргөзө алса, Кыргызстандын кадыры көтөрүлөт. Бул үчүн бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдар, жарандык коом өкүлдөрү эл менен бирге комплекстүү иш алып баруусу керек. Ошондо гана ички саясат жөндөлүп, тышкы саясатыбыз жолго коюлат.

Сиз Энергетика жана өнөр жай министри болсоңуз кандай ѳзгѳртүүлѳрдү жүргүзмѳксүз?

Арсен ЧУРМУКОВ, Бишке шаардык жылуулук электр борборунун электр цехинин устаты, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн магистранты:

– Энергетика тармагы  Кыргыз Республикасынын байлыгы жана экономикасынын тиреги болуп саналат.

Бирок, учурда энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүбүз жеткиликтүү пайдаланылбай калууда. Буга бизде болуп жаткан энергетикалык кризисти жана энергетикалык коопсуздуктун туура сакталбай жаткандыгын мисал кылсак болот.  Албетте бул азыркы өкмөттүн, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин кемчилигин билдирбейт. Бул маселелер эгемендик алган жылдардан берки аткарылган иштердин жана тармактык туруксуздуктун жыйынтыгы. Ушундан улам өзүбүздү энергетика менен толук камсыздай албай, кошуна өлкөлөрдөн кошумча кубаттуулуктарды сатып алууга мажбур болуудабыз. Мындай абалдан чыгуу үчүн:

1.Гидроэнергетика Кыргызстандын энергетикасынын негизги булагы. Бирок гидроэнергетика толугу менен суунун көлөмүнөн көз каранды. Соңку жылдары суунун аз түшкөндүгүнө, суу сактагычтардагы суунун тартыштыгына байланыштуу энергетикалык кризиске кептелүүдөбүз. Өлкөбүздүн гидро потенциалын толугу менен колдонууга жетише элекпиз. Учурда өлкөбүздү электроэнергиясы менен камсыздоо дээрлик 90%га Токтогул суу сактагычынан көз каранды. Чоң ГЭСтердин курулушу менен катар аймактык чакан ГЭСтердин курулушун жана иштешин жөнгө салуу керек. Эгерде ушуну ишке ашырып алсак, анда көптөгөн көйгөйлөрдөн арылабыз. Бул үчүн бизге жеткиликтүү болгон инвесторлор менен өнөктөштөрдү ишке тартуу жана аларга шарт түзүп берүү зарыл. Мындан сырткары суудан толук көз каранды болбош үчүн жылуулук электр станцияларын, шамал электр станцияларын куруу жана газ менен камсыздоону ишке ашыруу учур талабы болуп саналат.

2.Кыргызстан электр энергиясын жоготууда алдыңкы орундарда турат. Буга ортодогу уурдоолор, көмүскөө колдонуулар, жабдыктардын эскилиги себеп болууда. Ошондуктан тыкыр көзөмөл, жаңы техникалык жетишкендиктерди колдонуу жана жабдыктарды жаңылоо зарыл.

3.Электр энергиясын экспорттоо системасын жөнгө салышыбыз керек. Бул жерде өлкөбүздүн эл аралык электр энергиясында ээлеген маанилүү ордун сактап калуусу да маанилүү. Коңшу өлкөлөр энергетика тармагын өнүктүрүп жана өзүн гана эмес чет элдик керектөөчүлөрдү камсыздоого жетишип калгандыктан биздин электр энергиябызга анча муктаж эмес. Ошондуктан Пакистан, Иран, Кытай, Индия ж.б. Түштүк Азиядагы электр энергиясына талап жогору болгон өлкөлөргө электр энергиясын жеткирүү аракеттерин күчөтүүгө туура келет.

4.Энергетиканы кирешелүү тармактардын тизмегине киргизиш үчүн тарифтердин маселесин чечүү жана муну менен катар эле энергия менен калкты үзгүлтүксүз камсыздоого жетишүү зарыл. Ушунун негизинде жергиликтүү керектөөчүлөр менен бирге инвесторлорго да жакшы шарт түзүп, ишенимге кире алабыз.

5.Жалпы мамлекеттик энергия үнөмдөө программаларын курулуш тармагына жана тиричилик керектөөлөргө убактылуу киргизүүбүз керек. Бирок энергетикалык маселелер чечилип, жабдыктар жаңыланган кезде үнөмдөө жана чектөөлөрдү алып салууга туура келет. Башкача айтканда, керектөөчүлөр канча колдонсо колдонсун, акысын өз убагында жана так төлөп турсун деген саясат жүргүзүлүүсү шарт.

Мындан сырткары салттуу эмес энергия булактарынын кубаттуулуктарын кеңири алкакта колдонуу, жагып жылытуунун борбордук системасына кошулбаган абоненттерге, өзгөчө жаңы конуштарга жылуулук насосторун жайылтуу энергетикалык саясатты жакшыртуунун талаптары.

Энергетика жолго коюлганда гана өнөр жай өнүгөт. Анткени өнөр жайдын кыймылдаткычы – энергетика. Кыргызстандын шартында жеңил өнөр жай тармагын, фабрикаларды ишке киргизүү, курулуш материалдарын өндүрүүчү заводдорду курууга басым жасоо керек. Өнөр жайларда жана тиричиликте көп колдонулуучу продукцияларды чыгаруучу жогорку технологиялык заводдорду куруу үчүн шарт түзүү жана инвестицияларды тартуу менен муктаждыктарыбызды канааттандыра алабыз.

Азыркы кезде кандайдыр бир деңгээлде элдин кызыкчылыгына багытталган энергетикалык саясат жүргүзүү аракеттери көрүлүүдө. Аларды толук ишке ашырыш үчүн эң негизгиси дипломатиялык артыкчылык жана саясый эрк керек. Ошондо гана энергетикалык саясат жөндөлүп, тармактык жана өнөр жайдык өнүгүүгө жетишебиз.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *