«Элге кызмат кылбай жашоо – менин акылыма сыйбайт»

Кубанычбек ТОКТОБЕК уулу, милициянын улук сержанты: «Элге кызмат кылбай жашоо – менин акылыма сыйбайт»

Жигиттик касиети жигеринен, улуттук деми кебинен билинип, баамдаганга баатырдык сыны байкалган, денесинде жүгүргөн канында бабалардан калган улуттук демдин уюткусу барынан кабар берген каарманыбыз ТОКТОБЕК уулу Кубанычбек учурда Октябрь аймактык күзөт бөлүмүнүн биринчи взводунун милиционери болупэмгектенет. Жашы жыйырма беште. Көкүрөгүндө мекенчил дымагы күч, жүзүндө жоокердик айбаты бар маектешим менен баарлашуу ары жөнөкөй, ары кызыктуу болду. 

7-1– Кубанычбек мырза, кыргыз учурашкандан кийин эле «кайсы жердин кулуну, кайсы элдин тукуму болосуң» деп эзелтен эки адамдын баарлашуусун баштачу экен. Анын сыңары, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

– Менин кичи мекеним Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Көк-Жар айылы болот. Уруум солто, солтонун ичинен беш көрүктүн урпагымын. Атам мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенет, ал эми апам мектепте мугалим болуп эмгектенет. Төрт бир туугандын үчүнчүсүмүн.

 – Бул кесибиңизди эмне себептен тандап алдыңыз?

– «Куш уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» дегендей, бала кезимден бери атам «Жан баккан уулдан, эл баккан уул артык, элге кызмат кыл» деп кулагыма куя берчү. Бой жетип, эс тарткандан кийин «кайсы кесипти тандасам элге кызмат кылган болом» деген ой акыл-эсиме орноп алган эле. Ошентип ойлонуп жүрүп, милиция кызматкерлери элдин укугун коргоп, элге кызмат кылат экен деп, аз да болсо элге жарыгым тийсин деген ой-мүдѳѳ менен ушул кесипти аркалоого аттангам. Милиция кызматкери болуп иштеп келатканыма төрт жылдын жүзү болду.

 – Ата тарбиясын терең сиңирген уулдардан окшойсуз, атаңыздын бала кезиңизде жасаган мамилелеринен айтып бересизби?

– Балалыгыман бери атамдын мага берген тарбиясын, жасаган мамилесин эстегенде, дароо эле бул сөзү эсиме түшөт: «Балам, сенин апаң мектепте мугалим, эгер жаман жактарга барсаң, адепсиз жоруктарды жасап апаңдын жүзүн жер каратсаң, анда сен менин балам эмессиң. Сен үчүн эч качан биздин жүзүбүз жер карабаш керек». Мындай катуу эскертүүлѳрү менин дилиме кичинемден орноп калган. Балалык кылып кандай тентектик кылсам да бул сөз эч качан эсимден чыкчу эмес, азыр да чыгарбайм. Атам 11 бир туугандын эң улуусу болуп, көп жоопкерчиликти ѳзү аркалап чоңоюптур. Ар дайым бизге «Ойуңду оңдо, ниетиңди түз кой. Ниетиң ак, ойуң оң болсо, ишиң да оң болот» деп эскертип турат. Өзүм турмушта иликтеп байкаганымдай, чындыгында эле ойуңду оң алып жүрүүгө ар бир күнү, керек болсо мүнөт сайын аракет кылып турбасаң, ойдун бузулуп кетиши бат эле. Мисалы, бирөө сени жөөлөп кетсе, ага терс ой менен кыжырданбай, ачууң менен кабылдабай, «мүмкүн көрбөй калды, кокустан жѳѳлѳп кетти» деген ой менен мамиле кылсаң, анда мындай сабырдуулук аракеттериңдин өзүңдүн турмушуңа жакшы жагынан таасирин берерин, ѳзүңѳ да жеңил болорун байкадым.

 – Демек, атаңыз жан дүйнөңүздүн байышына, өзөгүңүздүн бекем болушуна бала кезиңизден кам көрүптүр да. Ал эми тиричиликке тың болушуңузду да унутта калтырбаса керек?

– Элибизде «балаң жети жашка чыкканча ханыңдай көр, жети жаштан кийин өзүңдүн кулуңдай көр, бой жеткенден кийин досуңдай көр» деп айтылат эмеспи. Атам дагы эркек балдарын ушул тартип менен тарбиялайт. Мен 7 жашка толгондо агам ден соолугунан бир аз жабыркап калды, иним болсо жаңы төрөлгөн эле, ошондуктан тиричиликке эрте аралаштым. 4-класс кезимде айылыбыздын уй кезүүсүн жалгыз кайтарчумун, атам менен түнкү сугаттарга бирге барып жардамдашчумун, улуулардын катарынан калбай картошка айдап, картошка түптөчүмүн. Атам экөөбүз ат минип алып чөпкө бартканда убакытты текке кетирбей, тегерегибиздеги жайлоолордун, кокту-колоттордун аталыштарынын баарын шашпай үйрөтүп, ар бир жайыттын өзгөчөлүгүн ачып берип, «атаң барда жер тааны деген ушул болот, өз мекениңдин  өзөчөлүгүн билүү эркек бала үчүн милдет» деп, бир барганыбызда кокту менен,  бир барганыбызда башка тоонун кыры менен, бир барганыбызда түздүк менен алып барчу. Азыр ошол кездерди эстеп, атамдын мага айткан акыл-насааты, тиричиликке эрте аралаштырган тарбиясы өз турмушумда чыйрак болушума түрткү берген турбайбы деп, атамды даанышман экен деп калам.

 – Милиция кызматкери болуш жеңил-желпи жумуш эмес, айрым учурда түйшүгүнө түтпөй, «башка кесипти деле тандасам болмок экен» деген түйшөлүүлөр болобу сизде?

– Адам өзүн бир ыргакта алып жүрүш оор. Айрым учурда балким мугалим болсом болот беле, же дарыгер болсом болот беле деп ойлоп кетем. Бирок, ал ой толгоом көпкө созулбайт. Себеби, милициялык күзѳт кызматымда кайсы бир жаңжалдын түйүнүн чечип, андан жабыр тарткандардын ыраазычылыгын, алкышын укканда ѳз кесибиме болгон ышкым кайра күчтөнүп, сыймыктануу сезимим анча-мынча пайда болгон арасат ойлорумду жууп кетет.

 – Ошондой окуялардан бөлүшө кетсеңиз?

– Бир жолу күйөөсү кызуу болуп келип аялы экөөнүн ортосунда катуу пикир келишпестик жаралып, бизге чакыруу түшѳт. Биз алардын талашынын себебин сурап билип, ошого жараша түшүндүрүү иштерин жүргүзгѳн соң айткандарыбызга ынанышып, сѳзүбүздү кабыл алып элдешишти. Кийин чын ыкласынан ыраазычылыктарын билдиришти. Бул – биздин жумуштун эң жөнөкөй мисалы. Аялы менен күйөөсү чырдашкан, эки бир тууган араздашкан жаңжалдарына кѳп учурда арачы болобуз.

 – Ушундай мисалдардын көптүгүнө карабай эл арасында милиционерлерге карата жек көрүү, алардан иренжүү мамилеси басымдуу экени жашыруун эмес, милиция кызматкери катары буга кандай пикир айта аласыз?

– Башкаларды айтпай эле коёюн, мындай пикирди ѳзүмдүн туугандарым, жоро-жолдошторум деле мага ачык айтышат. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, айрымдардын зулум, пас мамилеси аркылуу жалпы милиционерлердин баарына көө жаба берүүнүн өзү туура эмес деп ойлойм. Азыркы коомдо милиционерлердин кызматына муктаждар көп экенин ѳз ишибизден билебиз. Ити жоголсо деле 102ге чалышат, токмок жесе деле 102ге чалышат, буюмун жоготсо да 102ге чалышат, айтор, милиционерлердин кызматысыз бир да күндү элестетиш мүмкүн эмес. Балким, милиционерлерге карата коом өз пикирин өзгөртүш керектир жана терс жактарынын күбѳсү болуп калышса анын жоюлушуна салымын тийгизиши керектир деп ойлойм. Биздин заманда ар бир эле тармактын чѳйрѳсүнѳн Кудайга жакпаган терс кѳрүнүштѳр кездешип жатпайбы.

 – Сиздин кесип эл менен тыгыз жана түзмө-түз иштешүүгө багытталгандыктан, элдин ар кандай катмарына дайыма аралашып жүрѳсүз. Элге болгон байкооңузду, баамыңызды серептегенден кийин эмнеге кейип, эмнеге кубанасыз?

– Менин кейигеним – элден ыйман-ынсаптын кеткендиги жана эне тилин чанып сүйлөбөй  жаткандары. Кээде нукура кыргызча сүйлөп кайрылсаң түшүнбөй туруп калышат. Ошондо аларды карап туруп, «мындай көрүнүш элдин эртеңине доо кетирбейби» деп түйшөлө түшөм. Кыргызстанда жашаган дунгандарды байкасам, орусу менен орусча, кыргызы менен кыргызча сүйлөшсө да, эки дунган эч качан бири-бири менен бѳтѳн тилде сүйлөшпөйт экен. Улуттун жүрөгү тил экенин кыргыз тилин бузуп сүйлѳгѳндѳр түшүнбѳй жатканы элибизди ойлонтчу олуттуу маселе. Дагы бир кейигеним, жаштарыбыздын көбү көңүл ачууга басым жасап, баалуулуктары өзгөрүп, жеңил-желпи жашоого ыкташат. Мээнеттенип, эмгектен баар табууга маани беришпейт.

Ал эми кубанганым – башкалар дайыма баса белгилеп айтканды мен да айтам – ал меймандостугубуз. Ошондой эле улуттук салттарыбыздын жанданып, жашообузга кайра кайтып келип жаткандыгы мени кубандырат.

 – «Отузунда орок оро албаган, кыркында кылыч чаба албайт» деген макалды кандай түшүнөсүз?

– Учурда материалдык жактан да, моралдык жактан да алсыз, жеке көйгөйүн тыңдап чече албаган жигиттерибиз жок эмес. Бул макал – көздөгөнүн ишке ашыра албаган, көксөгөнүнө жете албаган адамга карата айтылган макал. Отузга чыкканча элге салым кошо албаган эркек, кыркка чыкканда деле кыйратып кызмат кыла албайт деген чечмеленүү жатат деп эсептейм бул жерде. «Жаман айтпай жакшы жок» демекчи, эркек болуп туруп элге кызмат кылбагандар кантип басып жүрүшөт деп айткандан тартынбайм. Мекенди, элди ойлобой жеке ѳзүнүн кара жаны менен алышып жашоо менин акылыма сыйбайт.

 – Кыргыз жигитинде сөзсүз ушул сапаттар болуш керек деп, кайсы сапаттарды айта аласыз?

– Ата-энесин сыйлабаган жана үй-бүлөлүк тылын тыңдап үй-бүлөсүнө башчы боло албаган эркек кыргыз жигити эмес деп эсептейм. Башчы болуу – сага табият берген негизги жоопкерчилик. Ал жоопкерчиликти аткарбай коюуга акың жок. Ошондой эле намыскөйлүк менен мээнеткечтик болмоюнча элдин купулуна толо албайсың. Ар-намыс менен кур намысты ажырата билүү оң. Мисалы, бул мынча миңге үйлөнүү тойун өткөрүптүр деп атаандашсаң, бул – кур намыс. Эгер, «эмне үчүн биз өнүккөн мамлекеттин жаштарындай болуп иштей албайбыз» деп туруп, иштин көзүн таап мээнеттенсек, анда бул – ар-намыс.

 Мундуз АСАНАЛИЕВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *