Кыргыз жаштары Кыргызстанды өнүктүрө алабы?

3-фото

Эл жана мамлекет – бир бүтүндүк. Мамлекеттик жетекчилер -элдин жүзү. Бирок жетекчилерибиз кандайдыр бир себептерден улам кызматтык туруксуздуктун туманынан чыга албай келүүдө.

24 жылдын ичинде премьер- министрдин кызматында 27 орун алмашуу болгондугу эгемен Кыргызстаныбыздын түзүмдүк чабалдыгын, максатынын аныксыздыгын же адистик алсыздыгын чагылдырып тургансыйт. Эгерде стратегиябыз так жана туура болуп, түзүмдүк, курамдык бекемдигибиз сакталганда азыркыдай ар тараптуу алмашуулар жүрбөйт беле деп ойлоносуң. Бул алмашуулар жакшыга деп жоруй турган болсок, анда келечекте жакшырган жаңы орундарга татыктуу боло турган жаш адистерибиз кандай калыптанып жатат деп ойлонууга да туура келет. Ушул максатта учурда адистик билим алып, берип же иш аткарып жүргөн аз да болсо аты таанылып калган, умтулуусу күч жаштарыбыздын абалын аныктоого аракет кылып, тармактык министр болсо эмне иш жасап, кандай өзгөрүү кийирмек экендигине кызыгып көрдүк. Албетте сыртынан сындоо оңой иш, ичинен баамдоо барктуурак. Эмесе, “Соболчак” рубрикабыздын алдындагы “Министр болсоңуз кандай ѳзгѳртүүлѳрдү жүргүзмѳксүз?” деген сурообузга жооп берген жаштарыбызды гезитибиздин бетинен окуп туруңуздар.

Сиз Социалдык өнүгүү министри болсоңуз кандай ѳзгѳртүүлѳрдү жүргүзмѳксүз?

Азамат АРПАЧИЕВ,     Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин социология бөлүмүнүн бакалавранты, Түркиядагы “Селчук” университетинин социология бөлүмүнүн магистранты:

– Биринчиден, ѳлкѳдѳгү социалдык шарттар түздѳн-түз ѳлкѳнүн жалпы абалын сүрѳттѳп тураарын унутпообуз керек.

Башкача айтканда, ѳлкѳдѳгү экономикалык абалды турукташтыруу, бюджеттин киреше бѳлүгүн кыска убакытта кѳбѳйтүү, кѳмүскѳ экономиканы мыйзамдаштыруу, иш орундарын түзүү максатында реформаларды жасоого тийишпиз. Буларды ишке ашыруу менен гана калктын социалдык жашоо–шартын жогорулата алабыз.

Бирок азыркы реалдуу шарттарды колдонуу менен кандай ѳзгѳрүүлѳрдү кыла алабыз? Биринчиден, Социалдык ѳнүгүү министрлиги жакынкы келечекке ѳз миссиясын так коё билүүсү керек. Мисалга алсак, Түркия мамлекетинде бул жаатта иш алып барган Үй- бүлѳ жана социалдык саясат министрлигинин негизги миссиясы: “Индивид, үй-бүлѳ жана коомдун жашоо шартын жогорулатуу максатында, ѳзгѳчѳ коомдун аялуу бѳлүгүнѳ  жана жалпы калкка багытталган, алардын катышуусунда адилеттүү жана талаптарга жооп берерлик комплекстүү социалдык саясат жаратуу, аткаруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ” деп так жана даана жазылган. Анткени министрлер алмашканына карабастан министрликтин стратегиялык миссиясы ѳзгѳрбѳй калуусу керек. Ар бир эки айда министрлер кабинети ѳзгѳргѳн Кыргызстан үчүн бул абдан маанилүү.

Экинчиден, иштѳѳ системасын жаңылоо менен келечекте жемишин бере турган бүгүнкү мүмкүнчүлүктѳрдү туура колдонуу керек. Азыр жаштардын басымдуу бѳлүгү (эмгекке жарамдуу курактагылар) Россияда эмгектенишет. Бирок алардын кѳпчүлүгү жакынкы 10-20 жылда 50 жаштан жогорку жашта болушат.  Бул мигранттар пенсия курагына келгенде Россия ѳкмѳтүнѳн расмий пенсия алуусу үчүн министрлик эки тараптуу макулдашууларды  жүзѳгѳ ашыруусу зарыл. Аталган маселени азыр чечпесе, 20 жылдан соң 500 000дей адам кирешесиз жана кароосуз калуу менен кайрадан мамлекетке жүк болуусу мүмкүн.

Мындан сырткары, кыска убакытта чечилүүсү зарыл болгон маселе: мигранттардын балдары. Бул балдарга тиешелүү кѳңүл бурулбай калуусу кайрадан мамлекет жана коом үчүн абдан коркунучтуу. Алардын бир бѳлүгү Россияда, бир бѳлүгү Кыргызстанда туугандарынын колунда социалдашууда. Эки учурда тең Кыргызстандын келечеги үчүн перспективдүү жаштар тарбияланууда деп айта албайбыз. Маселени мүмкүнчүлүккѳ айландыруунун жолу бар. Аталган балдар үчүн атайын мектептерди ачуу менен бир катар башка маселелерге да чечим табууга болот. Мисалы: 1) келечекте калктын маданиятын жогорулата турган, терең билимдүү жаш муунду тарбиялоо; 2) ар облустагы мигрант балдарына орток бир жерде жеткиликтүү билим берүү менен бирге “түндүк–түштүк” жаракасын ооздуктоо же региондордун интеграциясы.

Азыркы шарттарда бул жана буга окшогон бир катар социалдык саясат иштерин жүзѳгѳ ашыруу мүмкүн. Буларды пландоодо кайсы бир ѳлкѳлѳрдүн тажрыйбасын кѳчүрүп алуу менен эмес, алардын тажрыйбасынан сабак алуу менен пландоо зарыл. Анткени, ар бир коом ѳзүнѳ таандык ѳзгѳчѳлүктѳрдү алып жүрѳт жана аларды эске албоо социалдык саясаттын натыйжалуулугун жокко чыгарчу негизги фактор болуп эсептелет.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *