Сөз

10-сөз2Сөз деген эмне? Сөз деген миңдеген жылдар бою муундан-муунга өтүп, өнүктүрүлүп келген ыйык дөөлөт, улуу мурас, жан дүйнөбүздүн азыгы.

Адамдын төрөлүп, тили чыгып, өмүрүнүн соңуна чейинки тирүүлүгү сөз менен коштолот. Баары сөздө уюган. Акыл-ойдун, асыл түшүнүктөрдүн баары сөз аркылуу таралат.

Ата-бабаларыбыз таамай айтылган сөздүн күчү менен жоолашкандарды эпке келтирип, сөздү туу тутуп жашап келишкен.

Академик Түгөлбай Сыдыкбековдун минтип айтканы бар: “Эң кооз, эң укмуш жана эң маанилүү асыл мурасты бабаларыбыз укум-тукумга белек этти! Ал – сууга жуулбас, отко күйбөс, алааматтарда кыйрабас улуу Сөз сепилдери!”

Сөз бул жан дүйнөгө себилген үрөн: сапаттуу болсо – таасири таамай, сапатсыз болсо – курулай ооздун жели.

Көл элинде айтылуу Сарт аке чечендиктин жандырмагы жөнүндө төмөндөгүдөй айтканы бар:

“Чечендиктин биринчи жандырмагы маектешкен адамда болот. Ал сөздү таап, акылыңды улап, кептин жүйөөсүнө түшүнсө. Андан соң маектешкен адам аңдап отуруп улуу сөзгө маани берип, кадырына терең жетсе, ар бир айтылган сөздүн тамырына толук талдоо жүргүзүп, андан жаңы ой тапса, ал экинчи жандырмагы”.

Ошентип, орундуу айтылган сөз айткан тараптан гана эмес, уккан тараптан да бааланса, баркка алынса, анда, сөздүн бейишке чыкканы. Уккан тараптан жакшы баага татыган сөз, айткан адамга дөөлөт, кадыр-барк алып келет. Ошондуктан ар бир айтылган сөзгө сак, чебер болуу абзел. Сөзүм эм болот деп, жайыты жок сүйлөй берсең, бирде болбосо, бирде мүдүрүлөсүң. Чыныгы акыл чечендин бир эле жолку мүдүрүлгөнү анын мурунку даңкын жууп кетет.

Адам жашоосунда сөзгө маани берсе, ийгилик көп болот, ырахатты, негизди таанып келет. Себеби, адам сөзгө маани берген кезде сөздүн салмагын, күчүн тааныганда, ал сөздү этияттап колдонот. Сөздүн күчү көп адамга билинбейт. Сөздүн күчүн билген адам сөзгө маани берип сүйлөйт. Тереңдикти башкаларга таанытат, сөздүн тереңин, маанисин ачып берет. Сөздүн кубатына жеткен адам маанисиз сөздөрдү укпайт.

Адамдын, алгач сөзү оңолуш керек. “Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет” дегендей, баардыгы сөздөн башталат. Туура сөздү таап сүйлөп, сөздүн күчү иштээрин эстен чыгарбай, сүйлөгөндө өзүн-өзү кемиткен сөздөрдү адам колдонбошу керек. Мисалы, “менин ден соолугум начар” дегендин ордуна, “менин ден соолугум бошоңдоп турат”. “Менин кайсы акчам бар” дегендин ордуна, “азырынча менде акча жок”. “Мен түйшүктүү, жүктүү адаммын” дегендин ордуна, “азырынча менде милдет көп болуп атат”. Өзүнүн келечегине тоскоол койбош үчүн, “менин келечектен күмөнүм бар” дегендин ордуна, “мен келечектин даанасын билбейм” деген туура. “Менин колумдан келбейт” деген сөз менен да адамдар өздөрүнө чектөө коюп, тоскоолдукка малынып алышат. Ошондуктан, сөздү орду менен колдонуу оң. Сөздү орду менен колдонгон адам, сөз тереңдигинин ачкычын башкаларга да тартуулайт.

Сөздүн күчү менен ооруган адам айыгат, ишенимдин күчү менен ийгиликти жаратат, мээнеттин күчү менен даражага жетет.

Жашоонун сырын чечип тааныш үчүн сөздү баала, сөздү урматта, сөзгө таян, сөздү туура колдон, сөздү сыйла.

Адам жашоосунда сөз менен көп ийгиликке жетет, элди уютат, элге дем берет.
Сөз кура, сөздү тааны, тереңдегин,
Сөздөн сен билим алгын, кемибегин.
Сөздөн сен жашоо тааны, кубаттуу бол,
Сөздөн сен кубат алгын, жарыкты бил.
Сөздөн сен курагының жарык нурду,
Сөздөн сен таалим алгын, тарбия ал.
Сөздө бар акыл дагы, жашоо дагы,
Сөздө бар сыйкыр дагы көп катылган.
Сөздө бар кубат дагы жарык чачкан,
Сөздү эсте, колуңа ал адашканда
Билгиниң, жардам берет ал дайыма.
(“Тууралык”, 238-бет)

Конуев Турарбек ИШЕНБАЙ уулу, КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын усулдоо бөлүмүнүн башкы инспектору, мамлекеттик салык кызматынын мыкты кызматкери

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *