Мамлекеттик кызматчы кандай болуу керек?

Бул суроого бардыгыбыз тең азыркы мамлекеттик бийлик бутактарында отурган кызматчылардай болбош керек деп бир ооздон жооп беребиз. Бул – белгилүү жагдай. Бул суроонун учурга тиешелүү экенин эске албаган күндө деле ар бирибиз олуттуу түрдө карай турган маселе катары кабыл алсак жөндүү болмок. Алдыда шайлоолор турганда бул суроого ар бирибиз орток бир ой корум чыгарып, коомдук көз карашты калыптандырып чыгууда аракет кылалы.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, журналист:

– Мамлекеттик кызматта иштегендер сөзсүз мамлекетчил, башкача айтканда, мамлекет үчүн күйгөн, тажрыйбалуу, билимдүү (бир нече тил билген), ар тараптан өнүккөн, бүгүнкү шарттарда баарыдан мурда таза колдуу адам болушу керек. “Кадрлар баарын чечет” деген сөз тегин эмес. Тилекке каршы, бизде кадр даярдоо, тарбиялоо, алардын туруктуу иштешин камсыздоо саясаты жок. Ошол эле учурда алардын айлыгынын аздыгы коррупцияга малынтып коюуда. Ошондон улам бизде мамлекеттик кызмат баюунун булагы катары каралат. Айлыгы аз деп мамлекеттик кызматты таштап бизнеске өткөндөрдү дээрлик көрбөйсүң. Тескерисинче, баары эле мамлекеттик кызматка жулунушат. Себеби болсо түшүнүктүү…

Демек, өлкөдөгү башкаруу системасы, кадр саясаты жөнгө салынмайын чыныгы чыгаан кадрлардын өсүп чыгышына кепилдик жок. Мыкты кадрларды өзүнө тартып, тарбиялап, өстүрүп алганга учурдагы башкаруу партияларынын чоң мүмкүнчүлүгү бар эле.  Бирок, алтын баштуу кадр болсо дагы адегенде чөнтөгүн карашат. Чөнтөгү калың болсо болду, кимди коюп койсоң да мамлекеттик кызматтарда иштей беришет… Бизде ушундай…

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, акын:

– Мамлекеттик кызыкчылык мамлекет башындагылардын кызыкчылыгы менен дайыма эле туура келе бербейт. Мамлекеттик кызматчыларда мамлекеттик кызыкчылык тууралуу абдан терең түшүнүк болушу керек. Андан тышкары, мамлекеттик кызматкерлер  мыйзамдарды, ченемдерди, аналитикалык технологияларды, тиешелүү форматтар менен процедураларды толук билиши керек. Ансыз болбойт.Эми милдеттери менен сыпаттары белгилүү эле го дейм. Эң негизгиси – мамлекеттик кызматкерлер конкреттүү адамдарга эмес, мамлекетке кызмат кылып атышканын туура түшүнсө, мамлекет деген түшүнүк алар үчүн ыйык болсо, калган кемчилик маселелерди жолго койсо болот.

Каным ЭЛКЕЕВА, журналист:

– Мамлекеттик кызматкер – эң оболу өзүнүн ишинин көзүн мыкты билген, кайсы тармакта иштесе ошол багыттагы маселелерди түшүнгөн адам болушу керек. Эл менен сүйлөшө билүүсү да маанилүү. Мамлекеттик кызматкер өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган, милдеттерин так аткарган, өзүнүн чөнтөгү менен мамлекеттин чөнтөгүн айырмалап билген адам болсо дейм. Учурда мамлекеттин капчыгына кол салып, ошондон бутуна турган аткаминерлер аз эмес экени коомчулукка жашыруун эмес. Андыктан, абийирдүү, элди ойлогон мамелкеттик кызматкерлер көп болсо деп тилейт элем.

Ширин ИСКАКОВА, император-каган массажы боюнча инструктор:

– Мамлекеттик кызматкер кызматка отуруп атканда биринчи кезекте жеке кызыкчылыгын ойлобой, мекенимди өнүктүрүп-өстүрүүгө салым кошоюн, калкыма адилет, ак пейилим менен кызмат кылайын деп максат коюп, анан отуруш керек. Иште пунктуалдуулук, тактык, кол алдындагыларга тартипти бекем коюп, аткарган иштеринин тез жана толук, сапаттуу аткарылышын текшерип, кабыл алганды билиш керек. Кызматка келип “мен кыйынмын” деген түркөй менменсинүү жана кекирейип чиренүү кызматка келген адамдын эң төмөн түшүнүгүн билдирет. Ошондуктан кызматкер руханий жактан бай, ар тараптуу, позитивдүү ой жүгүртө алган, кичипейил, жөнөкөй, билимин ар убак өркүндөтүп, өлкөнү алдыга жылдыра турган жаңы идеяларды ойлоп таап, үлгү алаарлык сапаттарды жанындагыларга жайылтып турса – ошол мыкты адис деп билем.

 Дөөлөт СЫДЫКОВ, манасчы:

– Мамлекеттик ишмер касиетти тутунган, баскан-турганы, элге кылганы менен үлгүлүү болуп, “Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” дегенди карманышы зарыл. Калыс, чынчыл сүйлөп, сөзү менен иши дал келиш керек. Эл башкарып тургандан кийин, улуттун эртеңине кайдыгер карабай, ата-бабаларыбыз калтырган ыйыктыктарды кийинки урпактарга сактап өткөрүп бергенге алар милдеткер жана алардын ишинен кийинки урпактар үлгү алаарын унутушпасын.

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, мекенчил жаштардын өкүлү:

– Жакшы мамлекеттик кызматкерди тарбиялап чыгуу мүмкүн эмес. Элдин кызматына жарай турган адам эл арасынан тандалып суурулуп чыгыш керек. Ал үчүн коомдо тандап алуу азыркы шайлоо жолу менен эмес, табигый түрдө иштелип чыккан механизм, башкача айтканда, туура коюлган тандоонун критерийлери жүзөгө ашырылышы менен пайда болмок.

Мамлекеттик кызмат эң биринчи кезекте бул – жоопкерчилик, а демек, ушул сапатка бышкан адам жашоонун тажырыйбасын өзүнүн туруктуу салттык сапатына жуурулуштуруп келе турган болсо, эл оозуна өрнөктүү ою жана эң башкысы иши бар адам катары алынмак. Бул, санжырада айтылып жүргөн Жылкайдардын уулу Тилекматты аксакалдар кеңешип туруп, текесте жылкы кайтарып жүргөн жеринен элчилик милдетке алдырган сыяктуу да. Мамлекеттик кызматка туура адамдар келиш үчүн эл өзүн-өзү тууралабаса, бийлик ээси кимге карап түзөлөт?

Даярдаган Шаакан ТОКТОГУЛОВА

One thought on “Мамлекеттик кызматчы кандай болуу керек?

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *