Элдин мүнөзү өзгөрүүдө, демек тагдыры да өзгөрүлөт!

skachki_na_loshadyah_1152x864

Улуттук идеологияны иштеп чыгуудагы асыл вазыйпаны аркалаган жана жаңы саясый элитаны түзүүдөгү милдетти аркалайм дегендерге жардам катары сунушталган ой-толгоолор

Акыркы эки жылдын ичинде Кыргызстандын эли өтө катуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Кыргыздарга нечен жылдан бери унутта калган алардын чыныгы көчмөн жана жоокердик мыкты сапаттары (бул сөздөрдүн эң бийик маанисиндеги) кайрадан кайтып келе баштаган сыяктуу. Бир жагынан, карапайым кыргыздар “сырттан” же дагы бир башка тараптардан аларга эч ким жардам бербесин түшүнүп, өзүнүн байыркы толук көзкарандысыздык абалына ээ боло баштады. Экинчи жагынан, байыркы ата-бабаларыбыздын абдан катаал турмуш жагдайлардан аман-эсен чыгып кеткенге мүмкүндүк берген өзүнүн мурунку адеп өзөгү улам даана көрүнө баштады. Ооба, бул өзөктү четтен келген алдым-жуттум баалуулуктар аз жерден тыптыйпыл кыла жаздады. Элдеги байкалган дагы бир жагымдуу көрүнүш – элдин өзүнө болгон урмат-сыйы жана ар-намыс сезими ойгонууда. Бул сапаттар азырынча билинер-билинбес көрүнүп атканы менен, алардын улам козголуп, күчтөнүп келатканы анык жана айкын болууда. Мунун баары коомдо зор өзгөрүүлөр күтүлөөрүн айгинелейт. Анткени, качан элдин мүнөзү өзгөрүлгөндө, анын тагдыры да өзгөрүлөт.

Кыргызстан – ажайып өлкө. Кыргызстандагы жүрүп жаткан саясый, коомдук, жана эң башкысы, руханий процесстерге болгон көп жылдык байкоолор – дал бизде жаңы коомдук түзүлүштүн модели түптөлүүдөбү деген божомолго түртөт. Бул модель – эң жогорку башында адеп-ахлак орун алган жана узак жылдар бою бүт дүйнөгө үлгү боло турган модель. Мындай таңкалычтуу жана көпчүлүккө азырынча “сандырак” сыяктуу көрүнгөн ички туюмду өлкөдөгү сандаган адамдар сезүүдө (сезгенде да эң чабал эместер туюп-билүүдө). Бул көрүнүш кыргыздардын жамааттык акыл-эсинин “код-программасы” бар экенин жана ал тарыхый ийгиликке, жетишкендикке жеткизерин айгинелейт.

Эгер улуттун каймагы (бул сөздүн мыкты маанисинде) элдин маңдайына жазылган алардын өзгөчө парзын сезе баштаса, ал эми эл болсо турмуш-шарттын буга чейинки оорчулуктарынан чыгып өзүнө келе баштаса, анда кыргыздардын жакынкы эки жылда боло турчу “булкунуу факторун” талкуулоого мезгил бышып жетти. Ооба, кыргыздар бүгүнкү күнү “кереметти” күтүү абалында жашоодо. Кыргыз “кереметин”.  Демек, дал ушул абал учурунда үч маанилүү факторго көңүл бурбай кюуга болбойт.

 

1.Чыныгы лидердин пайда болушу 

Биз өзүбүздүн лидерибизди күтүүдөбүз – жакшы билими бар, жетектөө тажрыйбасы жана башка сапаттарга ээ жөн эле лидерди эмес, терең руханий билими жана үзгүлтүксүз изденүү практикасы бар лидерди күтүүдөбүз. Анын эл үчүн жоопкерчиликти тартам деген  өзгөчө жана өтө күчтүү адеби болушу зарыл. Мына ушундай гана адеп нак акыйкаттыкты орнотуу жөнүндөгү түшүнүктүн жөндөмүн лидерге тартуулайт, ошондой эле, анын лидер болушуна “буйрук” бергендердин алдындагы жоопкерчиликти терең сезүүгө, кызматын так аткарууга умтулуусун шарттайт. Бул – бийик руханий дүйнөнү, элин жана өзүн сыйлоонун белгиси. Өтө күчтүү адеп – баштаганды аягына жеткирүүгө өбөлгө түзгөн “жоокердик кайратты” өстүргөнгө, күчтөгөнгө түртөт. Ушундай лидер гана азыркы чакчелекей жашоодо бизди чыгарып, көксөгөн жеңишибизге жеткире алат. Так ошол руханий байлыгы жана руханий жактан алдын ала көрүүчүлүгү болбогондугу үчүн Кыргызстандын эки президенти элди кыйналууга, өлкөнү кыйроого алып келди. Эки жетекчинин трагедиясы аркылуу дүйнө бизге саясатта руханий байлыктын зарыл экендигин тастыктады. Байыркы деп саналган элибиздин жогорку деңгээлдеги адеп-ахлагы “булкунуп” чыгуу үчүн – ал концентрацияланган түрүндө саясый элитада ачылышы керек.

 

2.Чыныгы идеологиянын пайда болушу 

Биз өзүбүздүн улуттук идеябызды күтүүдөбүз. Биримдикке, тынчтыкка, достукка жана башка жалпы көрүнүштөргө чакырык салган идеяны эмес, адамдын жогорку ыйык жаратылышын, адамдын өмүрүнүн маңызын, адамдын тынымсыз өсүүдө болуусун, туура жашоосун, бийик руханий дүйнөнүн алдындагы, ата-бабаларыбыздын жана укум-тукумдарыбыздын алдындагы жоопкерчиликке үндөгөн идеяны күтүүдөбүз. Мындай идеология, биринчиден, өзүңдү бирөөлөргө (коррупционерлерге, фанатик-экстремисттерге, жашыруун күчтөргө жана башка чыныгы же ойдон чыгарылган душмандарга) каршы коюуга, кемчиликтерин издөөгө багытталбай, тескерисинче, өзүбүздүн насилибиз (оболу, руханий жана маданий) менен наркыбызга басым коюуга багытталышы керек. Балким, “караңгылык менен күрөшкөндү токтотуп, жөн гана жарыкты күйгүзүп коюу” мөөнөтү келип жетти.

Экинчиден, мындай идеология биздин терең руханий баалуулуктарыбызга таянган салттык маданий-руханий жолу менен негизделиши зарыл. Кыргыздын салттуу маданияты – элдин энергетикалык, психикалык, менталдык жана материалдык деңгээлдеги жашоосун сактоочу эң мыкты система болушу толук ыктымал. Учурда, кыргыздын ар бир маданий феномени өзүнүн маани-маңызы менен ачылып, жашоосун улап, заманбап коомдун талаптарына жооп берүүдө.

Үчүнчүдөн, күтүлүп жаткан идеология практикалуу болушу зарыл. Ал – билим берүү, экономика, саясат, саламаттыкты сактоо, дипломатия жана башка коомдук системаларга турмуштун салттык (руханий) принциптерин киргизчү жол картасына айланышы керек. Мына мисалы, кыргыздын эпикалык мурасында же ырым-жырымдарында, каада-салттарында байыртан катылган экологиялык аң-сезим – бүтүндөй дүйнө азыр умтулуп жаткан органикалык айыл чарбаны түзүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк бере алат. Убагында Махатма Ганди өз элинин байыркы принциптеринин бири: каршылашына күч колдонбоо принцибин карманып, аны саясаттагы жана дипломатиядагы күчтүү куралга айлантуу менен акырында элине эгемендүүлүктү алып берген. “Булкунуу” болуш үчүн, биздин каада-салттар да баалуулуктардын иш системасына жана жүрүп жаткан социалдык технологияларга сиңип кирип кетиши зарыл

 

3.Коомдун биригиши

Биз оболу кандай элдин биригишин күтүүдөбүз? Оболу, туура ой-толгогон, иштерман, мекенчил, жеке кызыкчылыкты четке кагып чын дилинен ак кызмат кылган, муну менен бирге адеп-салтты сактаган адамдардын өкүлдөрүнүн биригишин күтүүдөбүз. Биз чакан эл экенибизди эстен чыгарбайлы да, ар-намысын сактаган ар бир адам өзүнүн адеп-ахлактык принциптери менен жашаарын жана Мекенинин кайра жаралуусу үчүн өз салымын кошууга түздөн-түз кыйшаюусуз аттанаарын, дал ушундай кадам гана азыркы абалдан “булкунуп” чыгуу үчүн баалуу, маанилүү ресурс экенин баамдайлы. “Булкунуу” болуу үчүн – элдин гүлдөшүнө багытталган улуттун биримдүүлүгү жана биримдүүлүктү сактоо деген жалпы коомдук талап болушу керек.

Ошентип, күтүү абалы бет алдыбызда турат. Бирок, тарых өзү көрсөткөндөй, мындай күтүү абалы көпкө созулбайт. Демек, саясатчылардын жана саясатчы болууну каалагандардын убактысы өтө эле аз калыптыр. Кимиси биринчи болуп элине үч “булкунуу факторун” камсыздап бере алса, ошол “элди өзүнө алат”. Ал эми эл болсо качан болсун өзүнүн багытын туура алат жана ал эч качан жаңылбайт. Убакыт кетти…

 Индира РАИМБЕРДИЕВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *