Кыргыз кызы кандай болушу керек?

8-9-кыздар4

Кыргыз кызы – кыргыз улутунун күзгүсү. Бир аксакал: “Кыргыздын куту кыздардын чачында сакталат” деп айтты эле. Анын сыңарындай кыргыз коомунда, үй-бүлөдө болсун, коомчулукта болсун, тарбияда болсун кыздардын орду абдан чоң. Ырас, улуттун жүзү болгон соң, улуттук баалуулуктарды, каада-салтты, салттуу билимдерди кыздар алып жүрүүгө милдеттүү. Ал үчүн албетте, акыл-көрөңгө, дээр, зээн ордунда болууга тийиш. Анда эмесе, коомчулукта кыргыз кызын жигиттерибиз кандай болсо деп ойлойт, назар салалы.

 

 

 

 

8-турат бектеновТурат БЕКТЕНОВ, журналист, Швейцария

– Албетте, кыргыз кыздарын идеалдуу болушу керек деп айтаар элем, бирок, ар бир кишиде кемчилик болбой койбойт эмеспи. Ошентсе да, менимче кыргыз кызы биринчи кезекте мээримдүү болушу керек, анткени, ар бир кыз болочоктогу эне. Энелер мээримдүү болбосо, апасынын жылуулугун көрбөгөн балдар зөөкүр болуп чыккан учурлар көп кездешип жатпайбы, демек, коомдогу кыздын ролунун зор экендигин ушундан эле байкасаңар болот. Андан тышкары, акылдуу болуш керек, өзүн таза, тыкан алып жүрүүсү абзел. Кийиминин жарашыктуусун карап, колдон келсе кыргыздын улуттук кийимдерине көбүрөөк маани берип, жаңыланган түрлөрүн жарашыктуу кылып кийип жүрүшсө деймин. Азыркы заманда көчөлөрдө бети чүмбөттөлгөндөрдү көргөндөн болсо керек, кийим кийүү маданияты көп ойлондурчу болду. Анан албетте, кийим тиккенди, тамак жасаганды жакшы өздөштүрүп, андан сырткары, коомдук-маданий иштерге активдүү катышышы керек деп эсептейм. Мекенине пайдасын келтирип, билимин тереңдетип, дүйнөлүк деңгээлдеги иштерде өзүн татыктуу алып жүрсө эң сонун болот!

8-кенан айтачКенан АЙТАЧ, Түркиядагы Ван аймагында жашаган кыргыздардын айыл башчысы
– Кыргыз кызы, улуттун жүзү болгон соң, эң башкысы нукура кыргыз келбетин алып жүрүүсү керек. Кыргыздын салттуу кийимдерин чанбай кийип, зер жасалгаларын тагынып жүрсө дейм. Анан да үрп-адаттарыбызды, салтыбызды, тилибизди мыкты билиши керек. Мусулманчылык деп эле арабдашып, оронуп-чүмкөнүп баратышат айрымдары. Кыргыздын улттук кийимдерин эле кийип жүрүшсө жакшы болмок. Кыздар үчүн эң кийинүү маданияты да башкы маселелердин бири, андыктан, ушул жакка абдан көңүл бурушса дейм.

8-Максатбек КазакбаевМаксат КАЗАКБАЕВ, “Эркин Эл” саясый партиясынын өкүлү
– Кыргызда жакшы сөз бар, “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген. Мында көп маани камтылган, биздин учурга тийиштүү негизгилеринин бири болуп өзүн-өзү алып жүрүүсү саналат го дейм. Эгер оюмду чечмелеп билдирсем мындай: мисалы, көчөдө кыздар саркеч кийинсин, бирок ашынып кеткен ачык жери болбосун, көчө таптап көпкө жүрүшпөсүн, адамдардын арасында болгондо көп жана орой сүйлөбөй, сүйлөсө да өз оюн бир тилде кыска-нуска жеткирүүгө аракет жасасын. Ар дайым назик, сылык болсун кыргыз кызы. Жаман адатынан арыла жүрсүн: тамеки тартпасын, чачын өстүрсө жыйнап жүрсүн, түкүрүнбөсүн, көчөдө тамак жебесин, телефон менен көп сүйлөшпөсүн, музыканы ого эле обу жок көп уга бербесин жана башка ушул сыяктууларды баса белгилегим келет. Мунун баары кыргыз кызына жат жоруктар. Ушундай майда нерселер кыздардын кандай экенинен кабар берет деп ойлойм. Эсиңерде болсун, коомубуздун түптөлүшү, улуттун ден соолугу жана келечеги – мыкты кыздардын гана колунда.

8-МирхамидМирхамид ТОКТОГУЛ, теле алып баруучу
– Кыргыз эли аял затын абалтан эле ардактап келген. Кыздын кырк чачын улуктоо аркылуу, кыздын касиетин, намысын, назиктигин, кайратын калыптандырган. Кыргыздын жашоо мүнѳзү анын тагдырына айланып, кѳп кылымдар кѳрбѳгѳндү кѳрсѳтүп, укпаганды угузду. Ушунча кылым кыргыздын жоголбой сакталып келатканынын бирден-бир сыры –  бул анын кыздарында. Журт коргогон баатырлар, эл сактаган эрендер, калк башкарган кеменгер – ушулардын баарын КЫЗДАР  шыктандырган, бийиктиккетаасирленткен, ѳстүргѳн. Ушунча доор ѳтсѳ да ѳз атыбызды, затыбызды жоготпогонубузга шүгүр. Анткени, тынч мезгилде оокатыңды жасашкан, согуштарда окту бирге калашкан, жоо чабууну эр менен бир талашкан, баатыр жүрѳк, сулуу чүрѳк дал ушул кыздарыбыз болгон үчүн учугубуз уланып келе жатат. Кыргыз кызына качан ѳз ордун бергенде, же кыргыз кызы качан ѳз ордуна келгенде гана коомубуз оңолот. Оо, журт, кыргыз КЫЗЫ кадимки касиетине келсин, кайраттуу каармандарды берсин, замандын ийгилигин жеңсин! 

8-ИманбекИманбек АЗИЗИЛЛА уулу, жаш акын:
– “Коомдун кандай экенин билүү үчүн алардын кыздарын кара” деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, улуттун баалуулугун, салт-санаасын негизинен аялзаты алып жүрөт. Дегеним, аялзаты кийинки муунду тарбиялоочу мектеп. Бала энеден көбүрөөк таасирленет. Демек, кыргыз кызы аруу, таза, кол жеткис, ыйык болууга тийиш. Кыргыз кыздары башкаларды сулуулугу менен гана эмес, сарамжалдуулугу, турмушка бышкандыгы, адеби менен суктантып келген. Ар бир кыз уруунун намысы катары каралган. Жигиттер кыздарды коргоп, алар үчүн өлүмгө даяр болгон. Энелер, жеңелер көзөмөлдөп, элдик педагогиканын негизинде кыраакы тарбия беришкен. “Кызга кырк үйдөн тыюу” деп бекер айтпаса керек. Тилекке каршы, учурда бул милдеттер так аткарылбай, баары кайдыгер. Кыздарыбыз бузулду деп айтпайм, бирок азыркы кыргыз кыздарынын абалы көңүл жылытаарлык эмес. Ар бир кыргыз кызы “Аялзаты – коомдун күзгүсү” дегенди унутпаса дээр элем.

8-Канат Мырзабеков1Канат МЫРЗАБЕКОВ, журналист
– Кыргыз кызы эң биринчи кезекте жөнөкөй болсо. Анткени, жөнөкөйлүктүн артында мээрим, ыйбаа жана да терең акыл жатат. Андай кызга келечегиңди ишен берсең болот. Кыргыз кызы аялзатына тиешелүү болгон баардык асыл сапаттарды камтый билсин, анткени алар буга милдеттүү. Анан да билимдүү, намыскөй, туруктуу, алдыга гана умтулган жаштардан болсо. Улууга өйдө карап каяша айтпаган, кичүүгө ызаат көрсөткөн, улуттук баалуулуктарды колдонуп, аны менен жашап, сактай билген кыздардан болушса… Оо, анда кыргыздын келечеги кең.

11054528_860704193991063_4271282738611466710_nАзамат АБЫЛГАЗЫ, Россиядагы эмгек мигранты
– Кыргыз кызынын уяң, ийкемдүү, назик болушун каалайм. Ал эми кыргыз энеден өткөн касиеттүү узчулук өнөр ар кыргыз кызынын канында бар, ошол өнөрдү ар бири жөндөп кетсе дейм. Себеби, азыр ийнеге жип саптай албаган кыздарыбыз арбын. Бул кемчиликтери менен бирге эле, Каныкей энеден калган бүйрөлүк, сарамжалдуулук, сезимталдык, наздык жоголуп бараткандай. Чындыгын айтканда, азыркы кыздардын башы интернеттен чыкпай калды. Саат-сааттап интернетте олтургуча уз өнөрүн үйрөнүп алышса пайдалуу иш болмок. Кыргыз кыздарыбыз эне наркын улап кетсе, кыргыздын мыкты мууну, тукуму кайра жаралат беле деп ойлоном.

Пикирлерди жыйнаган Шаакан ТОКТОГУЛОВА

One thought on “Кыргыз кызы кандай болушу керек?

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *