«Эне-Сай кыргыздары – түпкү тегибиз»

7-В.БутанаевВиктор БУТАНАЕВ, Тарых илимдеринин доктору, профессор, хакас этнографы

КРнын илимине эмгек сиӊирген ишмер, РФнын тарых илимдеринин доктору Виктор (Астайбек) Яковлевич Бутанаев байыркы Эне-Сай кыргыздарын изилдеп, кыргыздар менен хакастардын түпкү теги бирдей экендигин баса белгилеп келет. Жоголуп бараткан хакас маданиятын кайра жандандырууда анын салымы зор. Аты орусча болгону менен, хакас улутундагы Бутанаевдин жүргөн-турганы, табияты кыргыз. Жергебизге илимий иш-чарага келген жеринен маек куруп, анын көпчүлүккө көмүскө болгон жеке жашоосун ачып бергенге аракет кылдык.

– Биз сизди тарыхчы катары билебиз. Бирок, кесип, билим, өнөрдүн сыртында кишинин жан дүйнөсү, үй-бүлөсү деген түшүнүктөр бар эмеспи, биз сиздин дал ушул көпчүлүккө көмүскө жактарыӊыз тууралуу билгибиз келет?

– Сизге абдан ыраазычылыгымды билдирем. Анткени, мага эч качан, эч ким мындай суроо берген эмес. Өзүм тууралуу сөз баштасам, аскер үй-бүлөсүндө туулгам, атам офицер болгон. Ата Мекендик согуш учурунда учкучтар полкунун командири болуп кызмат өтөптүр. Албетте, менин да аскер болушумду каалады, жолун улантышым керек экендигин баса белгилеп, мени Суворов окуу жайына киргизди. Ал жерге бараарым менен аскердик кесип меники эмес экендигин түшүндүм. Ошол окуу жайдын өзүнөн эле тарыхчы болууну чечтим. Элибиздин өткөнүн изилдегим келди. Окууга тапшыруу учуру келгенде кайсы шаарда окуурумду тандашым керек болчу. Албетте, ал кезде Москва, Ленинград алдыӊкы шаарлар эле. Бирок, мен элимдин өткөнүн изилдөө үчүн түрк элдеринин арасында болушум керек деп ойлодум да, Ташкент шаарына сапар алдым.

Окуп жүргөн кезде айланамда башка улуттун сулуу кыздары көп болчу. тегимдин жолун улантууну көздөп, урпактарымдын чыныгы хакас уулу болушу үчүн хакас кызын тандап, ага үйлөндүм. Ошентип, тагдырым бир багытка түштү. Үч балабыз бар.Үй-бүлөм менин тандоом болгондуктан, албетте баары жакшы.

– Балдарыӊыздан сиздин жолуӊузду улантуучулар барбы?

– Улуу кызым филологиялык факультетти бүттү. Кыз деген конок экен. Турмушка чыгат, бирөөнүн бүлөсү дегендей. Экинчи кызым да өз жолу менен. Уулум болсо Санкт-Петербургдан Чыгыш таанууну окуп бүттү. Бирок, ал да өзүнүн жеке ишкердигин баштап, өз багыты менен кетти. Мени кыйнаган нерсе, уулум дагы деле үйлөнбөй бой жүрөт. Мүмкүн кыргыз кызынабы же хакас кызынабы үйлөнүп алса абдан жакшы болот эле.

– Сиздин үйүӊүздө хакас элинин салт-санаалары кармалабы?

– Мен элимдин салтын абдан жакшы билем. Бирок, «Мезгил менен талашпа» дешет. Анын сыӊарындай, жаӊы заман, жаӊы көз караштар… ошондуктан мен эч кимди мажбурлабайм. Байыркынын каадасын жакшы билгеним менен, аны менен эмес, азыркы бүткүл кишизаты жашап жаткан маданият менен жашайм.

– Эми кесибиӊизге келсек, көчмөн доору кишизатына эмне берди сиздин көз карашыңызда?

– Менин оюмча, бизге учу-кыйыры ажыратылбаган мейкиндикти берди. Сиз менен биздин ортобуздагы карым-катышты шарттаган эбегейсиз мейкиндик. Бул да болсо көчмөн доорунун шарапаты. Көчмөндөрдүн ат туягы жеткен жердин баары бири-бири менен катышып, байланышып калганы – көчмөн цивилизациясынын күнүбүзгө кылган жакшылыгы. Үстүртөн айтканда ушундай. Ал эми тереӊдеп айтып берүүүчүн көп күн батырып, таӊ атыра маектешүү керек.

Тарых илимине кошкон салымыңызды айтсаңыз?

– Укмуш эмгек кылдым деп айта албайм. Бирок, илимге кайсы бир деӊгээлде салым кошо алдым. Аны баалоочулар силер, сырттан карап турган адамдар. «Мурас» фондусунун жардамы жана демилгеси менен, ушул жылы буюрса «Бутанаевдин тандалма эмгектери» деген эки томдук жарыкка чыгат. Бул мен үчүн абдан жагымдуу кабар. Ал эми эл Бутанаевдин ишинен кабардар болот.

Тарых, түркология, этнография улуттук аӊ-сезимди калыптандырып, демди көтөрө турган илимдер эмеспи. Сиз изилдөөлөрүӊүздүн аркасында ушул нерсени элиӊизге бере алдыӊызбы?

– Мен бере алдым. Анткени, Совет доорунда биздин улуттук майрамдардын бири да майрамдалчу эмес. Жазып жүрүп, айтып жүрүп биздин элдин эӊ алдыӊкы эки майрамын майрам катары жандандырууга жетиштим. Бизде «Тунпайрам» алгачкы тун айрандын майрамы деген майрам жана хакас элинин жаӊы жылы «Чылпасы» жылбашы майрамдары унутта калып, такыр майрамдалбай калган. Булардын актуалдуулугун көтөрүп, элге булар тууралуу маалымат бердим. Андан башка, унутта калган улуттук даам, тамак-аштарын баяндаган китеп жаздым. Этнография илими болбосо, улуттун улут катары жашап кетиши кыйын. Анткени азыр ааламдашуунун арааны жүрүп турат. Маданияттын баары аралашып, улут улуттугун, эл элдигин унутуп барат. Этнография болсо унут калгандын баарын кайра жандантып, улам кийинки муунга сунат. Эгер мен элимдин эзелкисин изилдебесем, элимдин көп нерсеси унутта калмак. Өздүгү, тарыхый маданияты, салт-санаасынан кабарсыз болмок.

– Кыргыз эли менен хакас элинин ортосундагы кандык байланыш тууралуу айтсаӊыз?

– Тарыхчылардын арасында Эне-Сай кыргыздары менен Теӊир-Тоо кыргыздарынын ортосундагы байланыштар, тува, алтай, хакас элдери менен кыргыздардын ортосундагы байланыштар тууралуу ача пикирлер бар. Бул, эки кылымдан бери болуп келаткан талаш маселе. Бирок мен жеке позициямдан эч качан кайтпайм. Менин айтып келаткан оюм боюча: Эне-Сай кыргыздары теӊир-тоолуктардын да, биздин да, алтай, тувалыктардын да түпкү теги. Ырас андай болгон соӊ, биздин кандык жакындыгыбыз бар.

– Илим менен алектенгенден сырткары эмне жасай аласыз?

– Менин бир жердешим «Сен илимде генералсыӊ, бирок, тиричиликте катардагы жоокер абалындасыӊ» деп айтты эле. Анын сыӊарындай, мен оокат жасай албайм. Элдердей болуп укмуштай дачаларды куруп, же машина оӊдогон өнөрүм жок. Муну мойнума алам.

– Дос деген сиз үчүн ким, досторуӊуз барбы?

– Дос – кыйынчылыкта жаныӊда туруп кайрат бере турган, жакшылыгыӊды теӊ бөлүшө турган адам. Тилекке каршы,менин эӊ жакын досум,  тарых илимдеринин доктору, профессор Бектемир Жумабаев бир жыл мурун кайтыш болуп кетти. Кыргызстанга келүүмдүн негизги себеби ушул болчу, анын жайына барып, чөгөлөп топурак салып, анан досума болгон кусамды, ичиме толгон сагынычымды ыйлап чыгарып алуу. Ал менин чындыгында өтө жакын адамым эле.

– Жалпы элдерге болгон кандай каалооӊуз бар?

– Жалпы дүйнө элдери өзүнчө кайталангыс. Ошондуктан ичи тардык, көрө албастык деген нерселер жоюлуп, бири-бирин колдоо, көтөрмөлөө күчөсө дейм. Айрыкча бир тууган элдер ааламдашуу араанынан аман өтөлү. Бутубузда бекем туруп, белибизди бууп, өздүгүбүздү сактайлы. Кыз алышып, кыз беришип, өз ара ынтымакта, жакындыкта бололу.

Шаакан ТОКТОГУЛОВА

4 thoughts on “«Эне-Сай кыргыздары – түпкү тегибиз»

  1. Кыргыз деген эл азырк хакастар.Биз Кун(Гун) элинин тикелей урпактары кытай тарыхта кидан(мурунку монгол,татар)деп да аталган кидандарды бул элдерди.Азыркы монголдор калмактар).Манас,Моде,Таншихай,Амбагай,Атилла,Абоцы,Элуу даши,Чынгыз кан,Кучлук,Бухар эмирлиги,Кокон хандыгы,Жаныбек,Керей,Токтомуш,Эдигей хандары ,Тимур ж.б улуу хандар биздин бабалар.Азыркы кыргыз,казак,кара ногой(Кырым татарлары),башкыр,кара калпак,македондуктар,серптер,мурунку монголдор ,алтай элдери ж.б ушул кытай же тарыхта кидан элинен чыгышат.Азыркы 
    кытай мамлекетине кытай деген атын берген ушул кытай эли, тарыхта кидандар Кун(Гун)элинин тикелей урпактары.Биз кыргыз деген элдин атын хакастарга беришибиз керек.Озубустун туура атыбыз кытай же Кун(Гун)эли деп аташыбыз керек.

    • ГЕ-ГУН, г я н ь – г у н – Кытайдын расмий тарыхнаамасынын эң алгачкы эстелиги Сыма Цзяндын «Тарых жазмаларындагы» («Ши–цзи») б. з. ч. 201-ж. эскерилген кыргыздардын энчилүү атынын кытай транскрипциясында (айтымында) берилиши. Бул терминди орустун кытай таануучусу И.Бичурин биринчилерден болуп ырастаган ж-а дүйнөлүк ил. чөйрөгө тааныткан. Сов. мезгилде хакас археологу Л. Р. Кызласов этнотерминдин кыргыздарга таандык экендигинен күмөн санап, ил. талашты туудурган. Сов. белгилүү кытай таануучу С. Е. Яхонтовдун пикири б-ча «хягас» түрүндөгү кытай транскрипциясы кыргыз деген сөздү туюндурат, ар кандай формада берилген кытай иероглифтериндеги терминдер (Ге-Гун, Гянь-гун ж.б.) фонетикалык вариант катары эсептелип, кыргыз деген атты түшүндүрөт.

    • Кыргызды каратып туруп монгол менен кытай кылып койгонуз болбойтко, Барсбекти каяка алып барабыз, Манас бабабыз кытай калмак менен согушуп келсе, кандайча кытай болуп калабыз, Атилланын тукуму десениз ага да ойлонуп коруш керек, аларды азыркы биздеги, казактардагы, озбекстандагы, Венгериядагы кыпчактар деп тарыхчылар жазып жатпайбы?, ошондой эле кытайлар кыргызды бурут болуп жатпайбы? Биз кыргыздар, хакастар Барсбектин тукумубуз.

  2. * * * (Китептин кыргыздарга тиешелүү тексттеринен) Менин оюмча, Орто Азия алкагына чыгыштагы Хинган тоолорунан тартып батышта Каспий деңизине чейин, түндүктө Алтай Тоолорунан тартып түштүктө Гималай тоолоруна чейинки болгон аралык кирет. Мына ушул Орто Азия алкагына кирген кеңири чөлкөмдүн борбордук бөлүгү — Шинжиан, Жети суу, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан өңдүү жерлерди кучагына алат. (2-бет). Миладиянын (биздин жыл санообуздун) III кылымында жашаган (196—250) Йү Хуан: «Вей хандыгынын кыскача тарыхы» деген чыгармасында Туралар жөнүндө мындай деп жазган: «Огуз мамлекети… Уйсундардын батыш-түндүгүнө, Каңлы хандыгынын чыгыш-түндүгүндө жайгашкан. Алардын аскерий бөлүктөрүндө 10 миңден артык жоокер бар. Огуздар мал-чарба менен күн көрүшөт. Алардын журтунан жакшы аттар чыгат. Жапайы айбандардан Илбирс бар. Кыргыздардын мамлекети Каңлы хандыгынын (Арал жана Балкаш көлдөрүнүн аралыгы) батыштүндүгүнө жайгашкан, 30 миң жоокери бар. Булар мал-чарбачылыгы менен иришет. Булардын жеринде Илбирсттер көп, жакшы жылкылары да бар. Туралар мамлекет Каңлы хандыгынын түндүгүндө, 60 миң кишилик аскерий конушу бар. Эли чарбачылык кылат… Жогоруда аталган үч мамлекеттин ичиндеги Кыргыз мамлекетинин борборунан Кун теңрикутунун (шанүйүсүнүн) Орхон боюндагы ордосуна баруу үчүн 7000 чакырым жол жүрүүгө туура келет. Кыргыз мамлекетинин түштүгүнөн Арка Кошу жана Алты бектикке баруу учун 5000 чакырым жол жүрүүгө туура келет. Кыргыз мамлекетинин батыш-түштүгүнөн Каңлы хандыгынын чек арасына баруу үчүн 3000 чакырым жол жүрүүгө туура келет. Кыргыз мамлекетинин батышынан Каңлы хандыгынын борборуна (азыркы Ташкен шаарынын батыштүндүгүнө жайгашкан Киш шаарына — автордун эскертүүсү) баруу үчүн 8000 чакырым жол жүрүүгө туура келет. (19-бет). III кылымда Уйгурлардын чоң тармагынын бири болгон Чыгыштын Огуздары азыркы Зайсан көлү, Алтай тоолорунун өрөөндөрүндө жашаган. Кыргыздар азыркы Енисей дарыясынын жогорку агымы менен Обь дарыясынын жогорку агымында жашаган. Батыш Туралары болсо, бүгүнкү Балкаш көлүнүн батышынан тартып чыгышта Иртыш дарыясынын жогорку агымы аралыгында жашаган. (19-бет). «Хан солаласы жылнаамасынын» «Суву жөнүндө баян» деген бөлүгүндө биздин жыл санообуздан болжол менен бир кылым илгери Чыгыш Туралар элинин саны бир нече түмөн (бир нече он миң) экендиги баяндалган. Бир нече кылымдан кийин (биздин жыл санообуздан мурдагы I кылымдан III кылымга чейин) Чыгыш тураларынын саны көбөйүп Батыш тураларынын санына жакындаган. Мына ушул фактыларга караганда, Чыгыш жана Батыш туралар деп аталган ата-бабаларыбыз өз заманында сан жагынан башка бир туугандарына (Каңлы, Кыргыздарга) караганда өтө көп болгон. (19—20-бет). «Суй солаласы жылнаамасынын» «Туралар жөнүндө баян» деген бөлүгүндөгү жазмаларга негизденгенде, Туралардын VI кылымдын аягындагы абалы мындай: «Туралардын ата-бабалары Кундардын үрүм бутагы, алардын урук-жамааты өтө көп». Жылнаамада Туралардын жашаган жерлери, тайпа аттары төмөнкүдөй берилген: 1. Байкал көлүнүн түштүгүндө Тоба тайпасы жашаган. 2. Монголиянын Селенга, Тугла, Орхон дарыяларынын өрөөндөрүндө Бөкү, Тоңура, Уйгур, Байырку тайпалары жашаган. Булар «Эркин» деп аталган. Булардан башка жана Монголияда Мончин, Туругур, Хугурсур өңдүү тайпалар жашаган. 3. Жунгариянын чыгышынан тартып Иле өрөөнүнө чейинки болгон аралыкта Чебнилер, Бурждар, Азылар, Сыныгактар, Огуздар, Кыргыздар, Унигурлар жашаган. 4. Алтай тоолорунун батыш-түштүгүндө Сур Тардуштар, Жеруктар, Забиндрлар, Түргештер жашаган. 5. Самаркандын түндүгүндө (Балкаш, Арал көлдөрүнүн өрөөнүндө), Эдил дарыясынын бойлорунда Адыздар, Хазарлар, Булгарлар, Печенектер, Когайлар, Кыпчактар, Сиварлар, Бортастар, Йемектер жашаган. 6. Жайык (Орол) дарыясынын чыгышында жана батыш жактарында Сарыгурлар, Саксындар, Мокшалар, Черкестер жашаган. 7. Чыгыш Урум империясынын чыгышында Огуздар, Аландар, Башкырттар, Кундар… жашаган». Мына ушул жогоруда оозго алынган Тура тайпаларынын аттары ар кыл болсо да, алардын орток аты «Туралар» деп аталган. Туралар өздөрүнүн жашаган жайларына жараша чыгыштагылары Чыгыш Түрктөргө, батыштагылары Батыш Түрктөргө багынган. (25—26-6.). Арабдын Аббасийлер халифатынын (750—1258) туңгуч халифасы Обул Аббас Абдулла (750—754) миладиянын 750-жылы Тамим бинни Бэхр эл Мутвий деген кишини Аббасийлердин борбору Багдаттан Уйгур-Орхон каганатынын Ханы Теңирде болмиш эл этмиш билге Баянчур кагандын (747—758) Орхон дарыясы боюндагы ордосуна элчи кылып жиберген… Ал эскерүүсүнүн бир жеринде: «Барыскоондон Орхонго баруучу жолдо жалгыз гана Түрк ханынын почтосу жүрүп турат» деп жазган (32-33-6.). Уйгур-Орхон каганаты күчөп империя даражасына (745— 830) Уйгур-Орхон каганатынын аймагына азыркы Монголия жана ички монголдордун бир бөлүгү, Жунгрия, Тарим өрөөндөрү, Фергана, Кыргызстан, Иле өрөөнү, Балкаш жээктери кирген. (34-6.). Уйгур-Орхон миладиянын 795-жылдарынан 830-жылдарына чейинки 40 жыл ичинде Адиздардан чыккан Кагандардын башкаруусунда күч алган, шаан-шөкөттүү доорунун даңкын сактаган. Бирок, Ай теңиринде кут болмуш күчтүү билге кагандын дооруна келгенде (832—839) Яглакарлар менен Адыздар кагандык так талашып, ички согуш козголду. Миладиянын 839-жылы Яглакар тайпасынан чыккан Кара Болук Сай түрктөрүнөн аскерий жардам алып, Ай теңиринде кут болмиш күчтүү билге каганга чабуул жасады. Согушта жеңилген каган өзүн-өзү өлтүрдү. Кара Болук Яглакар ханзаадасы Кичүү текинди хандык такка отургузду. Бул окуя жүз бергенде, Адыздар тайпасынан чыккан аскерий вазир Кулук Бага Енисей дарыясынын боюндагы кыргыздардын арасына качып барып, аларды көтөрүлүш чыгарууга үндөп, Кичүү текинди кулатууга кутуртту. Абалга караганда, Кулук Бага кыргыздардан жардам алып Адыздардын каганаттагы бийлик ордун кайра калыбына келтирмекчи болсо керек… Уйгур-Орхон каганатында жүз берген оор абалдан (ички согуш, табигый апааттан) пайдаланган кыргыздар көтөрүлүш (булар Уйгур-Орхон каганатына багынган хандык болучу) Кара Балгасунга басып кирди. Алар Кара Болук менен Кичүү текинди өлтүрүштү. Кара Балгасундагы кагандын ордосун өрттөдү. Мамлекеттик казынаны талады. Ошентип, күчөп турган илгерки чактарында 221 миң кишилик атчан кошуну бар кудуреттүү Уйгур-Орхон каганаты миладиянын 839жылы башына түшкөн өтө оор, кайгылуу кысмактардын себебинен кыргыздардын көтөрүлүшүнө туруштук бере алган жок. Натыйжада Чыгыш Уйгурларынын көп бөлүгү 840-жылы Уйгур-Орхон каганатынын чыгыш аймагы азыркы Монголиядан каганаттын батыш аймагы Орто Азияга көчтү, (36—37—38-6.). Дагы бир мындай ривайет (аңыз, легенда) бар: «Түрктөрдүн ата-бабасы Су (Сак?) деген элден келип чыккан. Бул эл Кундардын түндүгүндө жашаган. Түрк тайпасынын бегинин аты Апабек экен. Алар 17 бир тууган болушкан. Алардын биринин аты Элнисатур экен да, бөрүдөн туулган имиш. Апабектердин мүнөзү өзгөчө экен да өтө эле маңыроо имиш. Булардын эли жоюлуптур. Элнисатур өтө сергек келип, акылдуу экен. Ал шамал чакырып, жаан жаадыра алар имиш. Ал эки кызга үйлөнөт. Бул кыздардын бири Жаз кудайынын кызы, дагы бири Кыш кудайынын кызы экен. Анын (Элнусатурдун) эки аялынын тең боюна бүтүп төрт уул төрөйт. Бул уулдарынын бири ак кууга айланып кетиптир. Дагы бир уулдун эли Абакан дарыясы менен Кама дарыясынын аралыгында жашап, аларды кыргыз деп атаган. Дагы бир уулунун эли Ризягил дарыясынын боюна жайгашыптыр. Дагы бир уулунун эли Шенжужи тоосунда жашаган экен. Бул төрт уулдун туңгучу экен. Мына ушул тоодо Апабектин да урпактары бар экен. Эл жерде үшүп кыйналганда туңгуч уул от чыгарып, аларды ысытып, аман сактап калган экен. Алар бул туңгуч уулду урматтап, өздөрүнө кан көтөрүп, Түрк деп наам берген». (Бул текст «Жу солаласынын Түрктөр жөнүндө баян» деген бөлүмүнөн автор тарабынан которулгандыгын эскертет. А. С.). (69—70-6). Бөрү тотеминде жана бөрү жөнүндөгү аңыздарда Кундар, Уйгурлар, Түрктөр Кыргыздардын кандаш бир тууганы экендиги далилденет. (78-6.). …археологиялык фактылардын тышында дагы, Лопнурдан табылган аялдын сөөгү (мындан 6400 жыл мурда көмүлгөн) жана Кумулдан табылган аял сөөгүнүн (мындан 3600 жыл мурда көмүлгөн) кебетеси кыр мурун, сары-кызгылт чачтуу Монголияда жашаган чыгыш уйгурларынын жана Енисей боюнда жашаган кыргыздардын кебетелери менен негизинен окшош чыккан. Чыгыш уйгурларынын чырайы ак, кыр мурун, чачтары кызгылтым түстө болгон. Енисей кыргыздарынын кебетеси да уйгурлардыкынан айырмаланган. (Бул тексттердеги сөздөрдү автор У Яншу деген кытай тарыхчысынын «Жаңы Таң жылнаамасы» деген китебинин «Кыргыздар жөнүндө баян» деген бөлүмүнө таянып жазган. А. С.) (79-6.). Кан системасы жана үрп-адаттары жагынан негизинен окшош келген Кундар, Туралар, Улуу яучилер (жоочулар), Уйсундар, Каңлылар, Сактар, Түрктөрдүн чыгыштагы монгол насилиндеги элдер менен Орто Азия жана батыш Азияда белгилүү даражада Ариан насилиндеги элдер менен өз ара сиңишип кетишинен Түрки тилинде сүйлөшкөн, туугандык жактан бир бирине жакыны көптөгөн Түрки элдер келип чыкты. Буларга: Чыгыш Сибирь Лена дарыясынын боюнда жашаган Якуттар, Енисей дарыясынын боюңда жашаган кыргыздар, Байкал көлүнүн түштүгүндө жашаган буряттар, тувалар, (кытайдын) Гансу провинциясында жашаган салалар, сары уйгурлар, Шинжиандагы уйгурлар, Батыш Түркстандагы казактар, кыргыздар, өзбектер, башкырттар, татарлар, түркмөндөр, мордовалар, чуваштар, Украинадагы Ага Огуздар, Кавказдагы черкестер, Дагыстан аталары, азербайжандар, аварлар, Ирандагы азербайжандар, Ирактагы азербайжандар жана Түркиядагы түрктөр кирет… Бул Түрки элдердин басымдуу көпчүлүгү азыр ислам динине (сунни) ишенет. Булардын жалпы жан саны эң аз дегенде 150 миллиондон ашат. (86—87-6.). Эми Уйгурлар менен Кундардын байланышына токтолуп өтөлү. Улуу, кудуреттүү Күн Теңрикуту (Батур, Моту, Маодун) такка отурган мезгилде (б.з.ч. 214—170) Уйгурлардын ата-бабалары жана аларга кандаш бир тууган элдер түзгөн ондогон хандыктар бар эле. Бул хандыктардын кээ бирлери Байкал бойлорунда, Кең Сууда (кытайдын Гансу провинциясында), айрымдары болсо Орто жана Батыш Азияда жашашкан. Булардын ичинен татыктууларынын абалын кыскача түшүндүрө кетүү үчүн кытайдын байыркы тарыхчысы Сыма Чиендин «Тарыхнаама (тарыхый жазмалар), Кундар жөнүндө баян», «Тарыхнаама, Фергана баянынан» жана Бан Гонун «Хан солаласы жылнаамасы, Батыш элдер жөнүндөгү баянынан» материалдар алууга туура келет. Мына ушул булактарга негизденгенде, миладиядан үч кылым мурда Байкал көлүнүн өрөөнүндө Чыгыш уйгур хандыгы, Енисей дарыясынын жогорку агымында кыргыз хандыгы, азыркы Зайсан жана Алтай чөлкөмүндө Огуз хандыгы, азыркы Гансунун (Кытай провинциясы) Хеши коридорунда, виншанын ирсин өрөөнүндө Улуу Жоочулар менен Уйсун хандыгы бар болгон. Орто Азиянын Тарим чөлкөмүндө болсо, Кара шаар, Кучар, Аксуу, Кашкар, Жаркент, Котен, Лолан (Горан) хандыктары болгон. Орто Азиянын батышында болсо Фергана хандыгы, Канлы хандыгы, Батыш Азияда Алан хандыгы бар болучу. , Канлы хандыгы азыркы Самаркан тегерегинен тартып Балкаш көлү менен Арал көлдөрүнүн аралында болгон. Аландар мамлекети Каспий деңизинин Чыгыш-Түндүк жагын ээлеп жаткан. Батур Теңрикут биздин жыл санообуздан 202 жыл мурда Байкал калаасындагы Чыгыш уйгурлар хандыгы менен Енисей дарыясынын жогорку агымындагы Кыргыз хандыгын басып алды (115—116-бет). Төмөнкү текстке эскертүү: Кундардын улуу империясын курган Батур Теңрикут (Маодун Шанйү) жыл санообуздан мурдагы III кылымда эбегейсиз күчөгөн. Коңшу уруулардын баарын өзүнө багындырган. Бирок биздин жыл санообуздан мурдагы I кылымдын орто ченине келгенде бийликке мураскерликти талашып бир туугандар арасындагы кагылышуулар пайда болду. Ханзаадалар (Теңрикунун тукумдары) ээлеген жерлеринде өздөрүн Теңрикут деп жарыялашып, кундардын улуу империясы бөлүндү боло баштады. Бул абалдан пайдаланган, мурда кун империясына багынган майда хандыктар (уйгур, кыргыз) өздөрүн жеңил сезип, көз карандысыздыкка умтулса, кун теңрикуттары аларды уучунан чыгарбоого умтулушту. Төмөнкү текстте мына ушул бардыгыбызга сабак болучу кырдаал берилген. А. С. Даңктуу Батур Теңрикуттун чөбөрөлөрүнүн бири Шолой Канкуй Теңрикут (кытайча Шүлүй чан чю шан йү) миладиядан 60 жыл мурда каза болду, кундун бийликтегилери Теңрикуттук так талашып, бир нече жылга созулган кандуу согуштарды жүргүзүштү. Миладиядан мурдагы 60—52-жылдар аралыгындагы 8 жыл ичинде Когушар, Китиуш, Туржу, Огуз, Чили деген ханзаадалар өзүлөрүн Теңрикут деп жарыялашты. Бул аракет «беш Теңрикуттун укук талашуусу» деген ат менен тарыхта калган. Шолой Канкуй Теңрикуттун уулу Кутиуш Теңрикут 50 миң кишилик атчан кошунга таяна отуруп төрт жыл ичинде (56—52) так талашып өздөрүн Теңрикут деп жарыялаган Когуша, Тужу, Огуз, Чилилерди биринин артынан бирин талкалады. Мына ушул ички согушта сансыз жоокерлер өлүп, кундардын элинде кан дарыясы пайда болду. Дөбөлөргө өлүктөр үстүндө оозу канга боёлгон бөрүлөр улуп-уңшуп, жырткыч куштар чырылдашкан өтө үрөйлүү кырдаал бардыкка келди. Согуш болуп өткөн жерлер агарган адам сөөктөрүнө толду. Чарба малдарынын 90 проценти кырылып, элди ачарчылык каптады. Өз ара бир туугандардын согуштарына катышкан 350 миң жоокердин 300 миңи майданда каза тапты. Кандуу жеңишке жеткен Кутиуш Теңрикут кундардын борбору Өтүгөнгө келип, салтанат менен такка отурду. Өз агасынан жеңилген Когушар Теңрикут эмне кыларын билбей, ордодогу жакындарын чакырып кеңеш курду. Ошондо, Элкусай деген вазири Хан солаласына (Кытайга) багыналы, алардан жардам алып, Кутиуш Теңрикутту жоюп, кундардын канын ээлейли деген кеңешин берди. Буга каршы болгон вазирлер: «Кундар атка мыкты отурган эл, согушта дүйнөгө даңкы кеткен. Кундар эрдикти урматтайт. Баш ийип бергенди пас көрүшөт. Согуш майданында каза болуу эрдиктин салты. Азыр бир туугандар арасында бийлик талашуу жүз берген болсо да, кундакы бийлик баары бир өздөрүнүн колдорунда турат. Башкалардын колуна кеткен жок» дешти. (Бирок) Когушар Теңрикут Эркусайдын гана демилгесин өткөрдү. Ал миладиядан мурдагы 52-жылы бир нече он миң атчан кошун өзүн пааналаган кундарды ээрчитип улуу кытай сепилинин түндүгүнө жакындагы өзүнүн уулун Чан анга (Кытай императорунун борборуна) жиберди. Кутиуш Теңрикут Когушардын чыккынчылык аракетин угуп, катуу каарданат. Когушар Чан Ан шаарына жакындаганда Кытай императору хан Шү Энди кубанганынан атактуу ишмерлери баштаган ондогон миң киши менен борбордун батыш түндүгүндөгү Вейх дарыясынын көпүрөсүндө Когушарды салтанат менен тосуп алды. Кутиушка каршы келишим пайда болду. Мына ушундан пайдаланган Кутиуш миладиядан 49 жыл илгери борбору Өтүгөндү таштап, түндүккө жол тартты. Ал алды менен Чечек (Чөгүчак) тегерегиндеги Огуздарды, андан кийин Аскерий бөлүктөрүн толуктап алып, Енисей дарыясынын жогорку агымындагы Кыргыздарга жортуул жасап аларды кайрадан басып алды. Мунун соңунан эле, Байкал калаасындагы тураларды багынтты. Кутиуш Теңрикут Огуздар, Кыргыздар, Тураларды багынткандан кийин кыйла күчөп алды. Бул үч кандыктын аскери кошундарынан пайдаланып, Уйсундарга чабуулга өттү… (132—134-беттер). Миладиянын IV кылымынын аяк ченинде Аварлар баш көтөргөн кезде Туралар эки тармакка бөлүнгөн 18 тайпадан турган. Алардын 6 тайпадан турган бир тармагындагылар: 1. Кызыл туралар, 2. Уйгурлар, 3. Хугурсу, 4. Жибини, 5. Кыргыздар, 6. Элтекин, Чыгыш тураларынын 12 уруудан турган дагы бир тармагы: 1. Чиполи, 2. Тора, 3. Элжан, 4. Тарлан, 5. Кога, 6. Тарбокан, 7. Айрон, 8. Баян, 9. Эркин, 10. Беркли (Тумактуу), 11. Кыой, 12. Юшупи. Чыгыш туралары мына ушул чоң эки тайпага бөлүнүп жашап турган кезде аварлар (жужандар) тарых сахнасына чыгышты. Демек, ал кезде Чыгыш Тураларында бирлик жок болгон (160—161беттер). «Түрк» сөзүнүн келип чыгышы жөнүндө ар кыл түшүндүрмөлөр бар. Эң негизгиси акылга конумдуусу, дүйнөдөгү бардык тарыхчылардын нукура көпчүлүгү макул көргөн бир тыянак — түрк» сөзүнүн мааниси — кудуреттүү, күчтүү дегенди ( билдирет, ал эми «көк түрк» деген сөз — «илахи (теңир) түрк» деген мааниде. Анткени, түрктөр көк асманды эң улуу теңир жай алган орун катары түшүнүшкөн, ошон үчүн «көк» сөзүн «көк» — түс, ирең маанисинде эмес, теңир, кудай маанисинде колдонушкан. Демек, «Көк түрк» — «Илахи (теңир) түрк» дегенди билдирет. «Түрк» деген наам байыркы кездерде, белгилүү тарыхый шартта, белгилүү жер, аймакта жашаган түрктөрдүн наамында этностук мааниге ээ болгон. Маселен, бул наам миладиядан VI кылым мурда Эдил (Волга), Жайык (Орол) дарыяларынын өрөөндөрүндө жашаган түрктөрдү, кийинчерээк Алтайда жашаган түрктөрдү гана билдиришкен. «Түрк» деген наамды туң гуч ирет Юнан (грек), Урум (Рим) тарыхчылары милядиядан беш кылым илгери эле өз чыгармаларында пайдаланышкан. Юнан (Грек) тарыхчысы Хирадут (Геродот) миладиядан беш кылым илгери түрктөрдү «Юркаий» деп жазган. Урум (Рим) тарыхчысы Филнус Сичиндос (Кичүү Пилиний Секунд?) жана миладиянын I кылымында жашаган Фомфиниус (Помпоний?) түрктөрдү «Туркаий» деп жазышкан. Алар жазган түрктөр — Эдил, Жайык өрөөндөрүндө жашаган түрктөр болчу. Кытайдын байыркы жылнаамаларынан «Жу солаласынын жылнаамасында» «Түрк» деген наам Хирадуттан (Геродоттон) 1100 жыл кийин (VII кылымдын баштарында) тилге алынган. (177—187-6.). Ошол мезгилде «Түрк атка минсе атасын да унутат!» деген макал бар экен. Көк Түрк каганаты түзүлгөн VI кылымда «Түрк» деген сөз Алтайда жашаган түрктөрдү гана билдирген этнонимдик маанисин койду. Анткени, Түрк каганаты доорунда «Түрк» деген наам түркий тилде сүйлөгөн, насили, үрп-адаты жагынан бири бирине окшош же жакын уйгур, огуз, кыргыз, кыпчак, чигил, басмил, түргеш, кийинчерээк түрктөшүп кеткен кытандардын (чедандардын, кидандардын) жана башка да майда элдердин орток улуттук наамы болуп калды. Ошол мезгилден тартып «түрк» деген наам Түрк каганаты аймагында жашаган бардык элдердин улуттук, саясий бирикмесин түшүндүрүүчү наамга айланды. (179-6.). Түмөн хан миладиянын 552-жылы февралда Авар (Жужан) каганатын жойгондон кийин өзүн «Элхан» деп жарыялады. Өтүгөндү (байыркы Кундардын борборун) Көк түрк каганатынын борбору кылып белгиледи. Иниси Истэми ханды Ябгу (вазирге тете) даражасында Көк түрк каганатынын батыш тарабын башкарууга ыйгарды. Истэми хандын ордосу Текес дарыясынын боюна жайгашты. Түмөн хан 553-жылы өлгөндөн кийин анын чоң уулу Кара хан такка отурду. Бирок, Кара хан такта бир жыл отурган соң каза болду. Анын уулу Түмөн хандын ортончу уулу Мукан хан такка отурду… Түрк хандарынын ичинде Мукан хан өзүнүн чечкиндүүлүгү, кайраттуулугу, кыраакылыгы, нары эстүүлүгү менен жана аскерий, дипломатия жаатындагы өтө айлакерлиги менен дүйнөгө даңкы кеткен… Мукан ханды «Түрктөрдүн Аттиласы» деш керек. Мукан хан Батур теңрикуттан (Маодун шанйүдөн) жети кылым, Аттиладан беш кылым кийин дүйнөгө келген, даңктуу Түрк кол башчысы болду. Мукан хан 554-жылы Чыгышка жорук жасап Манжуу, Монгол элинин ата-бабаларын толук багындырып, Көк түрк каганатынын чыгыштагы чегарасын Улуу Океан жээктерине такады, Сахалин аралын, Корея жарым аралынын түндүгүн ээледи. Ал чыгыштан жеңиш менен кайтып келген соң, түндүккө жортуул жасап, Орхон, Тугла, Селенга дарыяларынын өрөөндөрүндө, Байкал көлүнүн кылаасында жашаган чыгыш уйгурларын, Енисей дарыясынын жогорку агымында жашаган кыргыздарды багындырды. (182—183-6.). …562-жылы (Көк түрктөрдүн) Ак Кундар (Эфталиттер) менен болгон согушу аяктагандан кийин Түрктөр менен Ирандын ортосундагы достук мамиле (жер чатагынан) бузулуп, эки мамлекет душмандашып калды… Кийин, Эстэми ябгу 568жылы Маниях жетекчилигинде Чыгыш Урум (Византия) императору Юстиан Инин сарайына (азыркы Стамбулга) элчилер жиберди… Император Юстиан II Түрк элчилерин өз элине кайтарарда Зимарх жетекчилигиндеги өзүнүн элчилигин да кошуп жиберди… Истэми ябгу Урум элчилерин Түрк жергесинен узатар кезде, император Юстиан II ге жана Зимарх жетекчилигиндеги 20 элчинин ар бирине өзгөчө кымбат баалуу белектерди берди. Истэми ябгу Зимархка берген белектерине кошуп Кыргыз аттуу бир сулуу кызды да берген. Текес жайлоосунан жолго чыккан Урумдуктар Туран сулуусун атка мингизип, аны алыстагы Стамбулга ала кеткен. Эскертүү: Истэми ябгу берген кыздын аты «Кыргыз» эмес, асили ал кыргыздын сулуу кызы болгон. Бул жөнүндө кеңирирээк билүүнү каалагандар 1990-жылы «Кыргызстан» басмасынан чыккан Аман Газиевдин «На берегах яхсарта» аттуу китебиндеги «Посольство Зимарха» деген тарыхый аңгемесин окуп чыгуусун сунуш кылар элем. (А. С.). …750-жылы Кыргызстандагы Талас дарыясынын жээгинде Арабдар менен Кытайлардын ортосунда, Орто Азияны талашып өтө кыргындуу согуш болуп өттү. Бул согушта Салих ибни Зияд командалык кылган араб жоокерлери Гао Шензы кол башчылыгындагы кытай аскерлеринин быт-чытын чыгарды. Гао Шензы тирүү калган 3000 кишисин алып качып кетти. Талас согушу Таң солаласынын Орто Азиядагы таасирин шыпырып таштады. (229-6.). Кытай мамлекети 750-жылы Талас согушунда Арабдардан жеңилгенден кийин, миладиянын 1757-жылына чейинки өткөн 1000 жылдык убакыт ичинде Орто Азияга өз таасирин жүргүзө алган эмес.(241-бет.). Ай теңирде кут болмиш кулук билге каган бийлеп турган мезгилде (791—808) Уйгур-Орхон каганаты андан бетер күч алды… Ай теңри хан 200 миң кишиден турган атчан кошунун мобилизациялап, багынбагандардын жана Тибеттиктердин үстүнө жорук тартты. Ай теңри хан 810-жылы Енисей дарыясынын жогорку агымында жашаган Кыргыздарга чабуул жасады. Кыргыздар мурда Уйгур-Орхон каганатына баш ийген болсо да, кийин мунт чыгарып, өз алдынча көз карандысыз болуп калган. Буга каршы болгон уйгурлар кыргыздарды кайра-кайра багынткан болсо да 790жылы уйгурлар тибеттиктердин чабуулуна учураганда, кыргыздар кайрадан баш көтөрүп көз карандылыгын жойгон. Ай теңри хан Енисей дарыясынын боюна жетип келгенде каарман кыргыздардын катуу каршылыгына учурады. Бирок, Ай теңри хан баатыр кыргыздарды аеосуз бастырды. Кан көп төгүлдү. (279-280-6.). Эзелтен эле уйгур каганатында хандык такка уйгурлардын яглакар уруусунан чыккан хандар отуруп келген. 795-жылы Айчур өлгөндөн кийин андан калган такка яглакар уруусунан эмес, он уйгур урууларынын бири адыздар уруусунан чыккан Кутлук (мурдагы баш вазир) каган болду. Адыздардан такка отурган Хазартекин менен Хутекиндердин мезгилине жеткенде (824—839) уйгурдун айрым бектери каган болуу ниетине берилип, бул максатын турмушка ашыруу үчүн уруулук ураандарын чакырып чыгышты. Ошентип, бийликтеги адыздар уруусу менен яглакар уруусунун ортосунда кандуу согуштар келип чыкты. Хазартекин 832-жылы ички согушта каза тапты. Анын ордуна такка отурган Хутекиндин мезгилинде (832—839) ички согуш андан бетер күчөдү. 839-жылы Алп Кулук билге каган даражасындагы Хутекиндин вазири Арчун Алп менен Шумкартекин биригип Хутекинди өлтүрмөкчү болушту. Мына ушуга нааразы болгон Кара Кулук деген таркан Хутекинге каршы мунт чыгарды. Кара Булак чөл түрктөрүнө кайрылып, алардан жардам сурады. Ошол учурда Чөл түрктөрү Теңир тоолорунун күңгөйүндө жашоочу. Алар Чумул жана Чигил деген эки тайпадан туруучу. Чумул тайпасы азыркы Үрүмчү шаарынын чыгышынан тартып Кумул шаарына чейинки өрөөндү ээлешкен. Чигилдер болсо Үрүмчүнүн батышынан тартып Манастын батышына чейинки өрөөндө жашаган. Кытайдын байыркы тарыхчылары булардын жашаган жерлери чөл-талаалардан тургандыктан, аларды «Чөл түрктөрү» деген наам менен жазып калтырышкан. Түрдүү себептер менен кийинки кездерде чигилдер батышка жылып Жети-Суу, Талас өрөөндөрүн мекендеген. Чумулдар 790-жылдар азыркы Жимисар өрөөнүнөн көчүп Гансуу провинциясындагы Увий, Ниңшадагы Линву деген жайларга барып мекендеп, Таң солаласына багынды. Таң солаласы алардын ханына Ли фамилиясын берди. Мына ошол Чөл түрктөр кытайдын Хуанхы жана Чаңжиаң өрөөндөрүнүн айрым аймактарында «Кийинки Таң» деп аталган бир мамлекет курушкан. Бул мамлекет 14 жыл (923—936) өкүм сүрүп, акырында кытайларга ассимиляция болуп кирип кетти. 839-жылы Чел түрктөрүнүн аскерий жардамына ээ болгон Кара Булук менен Хутекин ортосунда кыргындуу согуш болуп жеңилген Хутекин өзүн өзү өлтүрдү. Жеңген Кара Булук дагы эле Адыз уруусунун ханзаадасы Кичүүтекинди хандык такка отургузуп, яглакар уруусунан чыккан айрым текиндерди мырза камоого алды. Кара Булуктун аракетине нааразы болгон аскерий таркан (вазир) Кулук Бага (Яглакар уруусунан) хандык такты тартып алуу ниетине келди. Дал ушул учурда уйгур каганаты аймагында табигый апаат (жут) болду. «Эски Таң жылнаамасынын уйгурлар жөнүндө баян» бабындагы материалдарга Таянсак, 839жылы уйгур каганатынын жайлоолоруна калың кар түшүп, катуу жут башталган. Көп сандагы уй, жылкы жана майда жандыктар тоңуп өлгөн. Анын үстүнө элге чума (обо) дарты жайылып, көп адамдар каза болгон. Айыл чарбасы бүлүнүп, элди ачарчылык каптаган. Эл үй-жайларынан ажырап тентип кетишкен… Уйгур каганаты мына ушундай оор абалда дуушар болуп турганда яглакар уруусунан чыккан Кулук Бага кыргыздардан жардам алып, кагандык такты адыздардан тартып алуу үчүн 840-жылы Енисей кыргыздарына баш кажалады. Ал каганаттын ички абалын кыргыздын ханына айтып берди. Мындан мурда эле мунт чыгарып көз карандысыз болуп алган кыргыз ханы, Кулук Баганын сунушун макул көрүп, бул жакшы шарттан пайдаланып, уйгур каганатын кулатып, Кара Балгасундагы топтолгон сансыз байлыкты ээлемек болду. Кыргыз ханы 100 миң кишилик атчан жоокерди аттандырып, Апа башчылыгында Кара Багасунду көздөй жөнөттү. «Эски Таң жылнаамасы. Кыргыздар жөнүндө баян» деген тарыхый маалыматка таянганда, уйгурларга кандаш тууган кыргыздардын тил, жазуусу уйгурлар менен окшош келип, кебете жагынан чачтары кызгылтым, көздөрү көк, чырайлары ак экен. Эң мурда кыргыздар Кундарга, андан кийин түрктөргө жана уйгурларга багынып жашаган. Уйгур-Орхон каганаты дооруна көбүнчө багынып жашаган. Бирок, дайыма мунт чыгарып турган. Акыры 830-жылы өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялашкан. 840-жылы Апа жетекчилигиндеги 100 миң кишилик кыргыз атчандарынын кошуну уйгур каганатынын баш калаасы Кара Балгасунду басып алды. Кыргыздар уйгурдун ханы Кичүүтекин менен Кара Булукту өлтүрүштү. Каганат ордосун өрттөп, күлүн көккө сапырды. Уйгур хандыгынын казынасындагы дүйнө-мүлктү талап алышты. Азиянын тарыхый сахнасында эки кылым бою көтөрүп турган кудуреттүү уйгур каганаты, жогоруда айтылгандай, ички согуш, табигый апаат, чума кесели жана кыргыздардын чабуулу менен ойрону чыкты. Алар кыргыздардын чабуулуна туруштук бере албады. Андан ары, чыгыш уйгурларынын көп бөлүгү — Теңир тоосунун түндүк, түштүгүнө, дагы бир бөлүгү Кытайдын түндүк өрөөнүндөгү Хыбей, Шанши провинцияларынын түндүгүнө көчө качышты. Чыккынчы Кулу Бага каган болуу ниетине да жете алган жок. (284—289-6.). Кээ бир легендаларга караганда, (Уйгурлар ишениминде) Маныс аттуу жеңиш теңриси да болгон экен. Буга байланыштуу 840-жылы мунт чыгарып, Уйгур-Орхон каганатын ойрон кылган кыргыздар ошол жеңишинин салтанатында өздөрүнүн ханына Маныс титулун ыйгарышкан. (328-6.). Кытандар (Чедандар, Кидандар, Манжулар, Кара кытайлар деп да аталат) байыркы замандарда азыркы Ляониң провинциясында (кытай манжурия) жашаган эл болучу. Кытандар Тунгустардын бир бутагы Сианпилерден тараган. Буларга монгол элементтери да аралашкан болушу мүмкүн. Кытандар алгач Кундарга, Сианпилерге, Аварларга (жужандарга), Көк түрк каганатына багынган эле. Кийин Уйгур-Орхон каганатына да багынган. Кытандар 916-жылы, кытай тарыхчылары Ляо солаласы деп атаган мамлекетти түзүштү. Бул мамлекет (916—1125) күчөгөндө, анын чыгыш чегарасы Улуу Океан жээктерине, түндүгү Байкал өрөөнүндө, батышы Алтайдын чыгышына барып такалган. Кытандар 926-жылы Монголияга басып кирип, ал жерде 80 жыл жашаган кыргыздарды илгерки өзүнүн журтуна кууп салган. Кыргыздар 840-жылы мунт чыгарып Уйгур-Орхон каганатын кулатып, анын борбору Кара Балгасунду басып алган соң, Енисей боюнан Монголияга көчүшкөн жылы. (556—557-6.). Эскертүү: Ляо солаласы тарыхый сахнага чыкканда ага кытайлардын чыгыштүндүк жана түндүк жагындагы аймактары да кирген. Кытандар аскерий жортуулдарына сөзсүз өзүнө багынган кытайлардан, монголдордон да катыштырган. Кыргыздын кытай, манжу, монгол согуштук күчтөрү менен чоң кагылышуусу да, балким, биринчи жолу ушундай башталат. Манаста айтылган «Бакай маңжы-Коңтаажы» дегендер Кытандарга гана тиешелүү. Коңтаажы (Хуаңтайжи) манжулардын да 17-кылымдагы ханы болгон менен эл оозундагы ырларда мурдагы манжуларды да элге түшүнүктүү болсун үчүн кийинки элге таакыш хаңдарынын аты менен айтып өтүшү да мүмкүн. Ал түгүл, Жунгар калмактарын да кошкон болсо керек. «Манас» эпосунун «Миң жылдыгы» жөнүндөгү ойго кошулуубузга туура келет. (А. С.). Кытандар XI кылымга келгенде алсырай башташты. 1120жылы Жүржиттер мунт чыгарып 1124-жылы Кытандар мамлекетин жойду. Жүржиттерден жеңилген Кытандардын бир бөлүгү ханзаада Йилодашынын жетекчилигинде батыш-түндүккө качып, Енисей дарыясынын боюна барган. Кытандар ал жерде кыргыздардын талоонуна учураган. Акыры, батыш-түштүккө көчө качып, Кара ханилерди пааналаган. (557—558-6.). «Эски Таң жылнаамасы. Кыргыздар жөнүндө баян», «Жаңы Таң жылнаамасы. Кыргыздар жөнүндө баян» деген жылнаамаларында баяндалышына караганда, кыргыздар бардык жагынан уйгурларга окшош делинген. Дагы башка тарыхый маалыматтарда, VIII кылымда Енисей кыргыздарынын саны 1 миллион экен да, 100 миң жоокерден турган атчан кошуун болгон. (685-6.). 840-жылы адыздардын ханзаадасы Пантекин өзүнө таандык туугандары менен чыгыш уйгурларынын борбору Кара Бажасун тегерегиндеги тайпа урууларын ээрчитип батышка көчтү. Алар машакаттуу сапарларын улантып, тоо-давандардан ашып бир нече жүз миң элди баштап, миллиондогон чарба малдарын айдап, 841 жылы күздө азыркы Жимисардын чыгышынан тартып Кумул, Баркөл (байыркы түркчө аталышы Барс көл) жайлоолоруна чейинки өрөөндөргө келип токтоду. Аларга тыныгуу керек эле. Анын үстүнө кыш келе жаткандыктан чарба-малдарды аман-эсен жазга жеткирүү үчүн от-чөбү мол, жылуу кыштоолорду табууга, кышкы мал азыгын камдап алууга киришүүсү керек эле. Дагы бир жагынан Кара Балгасувду ойрондогон кыргыздар Пантекиндин артынан кууп жетүү коркунучу да турган. Айткандай эле, 842-жылы кыргыздар Пантекин жетекчилигинде батышка көчүп Жимисар, Баркөл өрөөнүнө келип жайгашкан уйгурларга чабуул жасоого бел байлады. Так ошол учурда, Таң солаласынын айрым саясатчылары Пантекинге жардам берип, Кыргыздар чабуулун майтарууну ортого койгон, бирок, бул сунуш баш вазир Ли Дэййү тарабынан четке кагылган. Өздөрү үчүн оңдуу учурдан пайдалана билген кыргыздар 842-жылы Теңир тоолорунун түндүк өрөөнүнө басып кирип, Манас, Жанбалык, Үрүмчү шаарын багындырды. Андан ары чыгышка жол тартып, Бешбалыкты басып алды. Мындай кооптуу абалдан чочулаган Пантекин батыш-түштүккө багыт алып, Кумулдан өтүп Карашаар, Кучар райондоруна жетип мекендеди. Карашаар менен Кучар стратегиялык жактан шарты жакшы, Теңир тоолору калкалап тургандыктан кыргыздар оңойлук менен чабуулга өтө албас эле. (689-6.). Уйгур Идикут (Идикут — байыркы уйгур тилинде «бактылуу падыша» деген маанини берет) хандыгынын негиздөөчүсү Пантекин 848-жылы хандык такка отурду. Пантекин каган болгондон кийин, алды мен Тибеттиктерди Турпандан айдап чыкты. Андан кийин, Бөкөтекин башчылыгындагы уйгур жоокерлери Теңир тоолорунун этектериндеги Манас, Үрүмчү, Бешбалык өңдүү жерлердеги кыргыздарды кууп чыкты. (692-6.). Чыңгышкан… тышка карата чегарасын кеңейтүү согушун жүргүздү. 1207-жылы туңгуч уулу Жожиханды Сибир элдерин багындырууга аттандырды. Жожихан Енисей дарыясынын боюндагы кыргыздарды, Байкал кылаасындагы буряттарды, Алтайда жашаган уйгурларды, Енисей өрөөнүндөгү ойротторду (Уйгур аттарды), Коңураттарды (Коңураттарды) багындырды. (273-6.). ТЫНЧТЫКБЕК ЧОРОТЕГИН, ТОКТОРБЕК ӨМҮРБЕКТЕГИН

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *