Жашоо сабактары

8-жашоо1

Сүйүү ыргагы

Кубатка толуу үчүн ар бир адам күнүгө аз өлчөмдө болсо дагы сүйүү ыргагында болуп турушу керек: балдарды, неберелерди, өзүңөрдү карап, сүйүп, элжиреп койгула. Ошону такай жасай берсе, адам кубаттуу боло берет.

Мисалы, наристени колуна алып сүйүү менен карап атканда эненин жүзү өзгөрүп, жарык чачканы көрүнүп турат.

Жашоону, чөйрөнү, табиятты ар күнү бир ирмемге болсо дагы, сүйүп койгула. Кубаттуу болсоңор, Кудайды сүйгүлө.

Өзүңөрдү өзүңөр кечиргенди үйрөнгүлө. Акылда турганды үйрөнгүлө (ачууга алдырбагыла). Өз жаңылыштыгыңарды башкадан көрбөгүлө. Себепти биринчи өзүңдөн изде. 

Жашоо нурдун өзөгү
Сүйүүдө болот турбайбы
Жашоо шарттын өзөгү
Жалында болот турбайбы.
“Береке берсе Кудайым
Акылды дайым улайын”
Деп жашаган адамдар
Кубатка толот турбайбы
Кубаттуу болот турбайбы.
Жашоо – сүйүү, жашоо – ыр,
Жашоо – ыргак кубаттуу
Жашоо – сезим көп кырдуу
Жашоо ырын ырдасаң
Кубат келет турбайбы.
Жашоо ыры эмне деп
Сурап турса адамдар
Мен айтамын мындай деп:
Жашоо ыры сүйүүдө
Жашоо ыры үмүттө
Жашоо сыры күтүүдө
Жашоо мээрим сүйүүдө.
Сүйүү толсо адамга
Жарык болот айлана
Жашоо сырын чечкенге
Сүйүү ырын черткенге
Жарыкты дайым бергенге
Даяр болот адамдар.
Гүлдөгөн кези адамдын –
Сүйүүдө турган убакта.
Сүйүнгөн кези адамдын –
Сүйүүнү алып турганда.
Сүйүү мээрим, сүйүү кут
Сүйүү негиз жашоого
Сүйүү кымбат жашоодо!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *