“Археологиялык эстелик жайгашкан жерлер да менчикке кетип калууда”

 “Тоо бузулуп, көл болду, көл козголуп тоо болду” дегендей, жергебиздеги көптөгөн тарыхый-археологиялык эстеликтерибиз улам мезгил жылышып доор алмашкан сайын, улам жер толгонуп силкинген сайын боз топурак бооруна тереӊдеп катылып барат. Бир кезде гүлдөп өнүккөн шаарлардын орду азыр боз топого айланып, кээси таштанды жамынып жатса, кээси жаӊы курулган үй-жай, имараттардын, короо жайлардын астында калып калган. Андан дагы жаманы, кара казуучулардын капсабына кабылып уурдалып, ташылып сыртка сатылып кеткендери канча. Кантсе да, маданияттын маанилүү маалыматтарын, мындай тарыхый шаарларды коргоого аракет кылсак жакшы болмок деген илгери үмүт менен ушул багытта изилдеп жүргөн археолог, окумуштуу Кубат Табалдиев менен маектештик. 

– Кубат агай, Кыргызстандагы тарыхый-архитектуралык эстеликтер тууралуу кеп салып берсеӊиз?

– Биз азыр илимдин жана техниканын, адамзаттын интеллектуалдык деңгээлинин болуп көрбөгөндөй өнүккөн доорунда жашап жатабыз. Бирок, ата-бабаларыбыздан калган, миңдеген тарыхый доорлордун сырларын, ийгиликтерин сактап жаткан эстеликтердин ченеми жок бузулуп жатканы өкүндүрөт.

Азыркы айта турган сөздөрдү мен биринчи ирет баяндап жаткан жерим жок. Мага чейин да агайларыбыз, эжейлерибиз  айтып жана жазып келишкен. Бирок, алардын сөзүн угушса  да көӊүл бурушкан эмес. Же болбосо бир ирет колдоп беришкен же ал көйгөйдү түшүнүшкөн эмес. Көрсө, көпчүлүктүн археологиялык мурасты сактоо түшүнүгү түбүнөн мектепте, жогорку окуу жайында калыптанбаган бойдон калыптыр.

Ушул маселелерди өлкө жетекчилеринин алдында эчен ирет чыгып сүйлөдүм. Кесиптештерим менен бирге гезит беттеринде, теле-радио берүүлөрдө улам жарыялоого аракет кылып жатабыз. Биз “Манас-1000”, “Ош-3000”, “Кыргыз мамлекттүүлүгүнүн 2200-жылдыгы” деп тарыхты, археологияны саясый идеологияга айлантып ишке ашырууда пайдаландык. Бир жагынан элибиз терең тарыхын кабылдады. Ошол эле учурда биздин археологиялык мурастарыбыз эки-үч эсе тездик менен талкалана баштады. Себеби, ошол терең тарыхыбызды далилдеген эстеликтерди изилдөө жана коргоо иши планга коюлган эмес. Мисалы, Таластагы “Манас” комплексиндеги музейге экспонат топтоо үчүн, Ош шаарынын 3000-жылдыгын далилдөө үчүн бир ирет каражат бөлүндү. Дайыма миңдеген жылдарды кучагына алган эстеликти туруктуу, үзбөй 10, 50, 100 жылдык план менен ишке ашырылуучу ишти биз бир айлык археологиялык экспедиция менен чечкенге гана аракет кылып, ошону менен чектелдик.

Натыйжада, элибиздин ой-пикири да алмашып кетти. Азыр талаага чыгып айкел, балбал таш жөнүндө маалымат сурасаң, “канча сом төлөп бересиң?” деп сурашат. Жер казып жатып бир нерсе таап алса, Бишкекке келип кимге сатышты жакшы биле башташты. Ошентип, бабалардын байлыгынын мыкты үлгүлөрү сыртка антиквар катары агып жатканы өкүнүчтүү көрүнүш болууда.

– Биздин өлкөдө тарыхый эстеликтерди коргоп, сактап калуу боюнча атайын түзүмдөр барбы?

– Совет мезгилинде Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо коому иштеген. Взнос чогултуп, ал каражат аркылуу анан өз ишин алып барышчу. Бирок, бул жумуш пенсияга чыккан партиялык лидерлерге “тынч жумуш” катары берилген учурлар көп болгон. Ошондуктан көңүл чордонунда Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин жана Лениндин эстеликтери гана туруп, археологиялык эстеликтерди  сактоо иши көңүл сыртында калган. Эгемендик алгандан кийин ал коомдун кабинеттери ЮНЕСКО комиссиясына берилип, кийин жазуусу да жок болуп кетти. Башка республикаларда болсо мындай коом ишин үзбөй, мамлекеттик каржылоого алынган.

Азыр Кыргызстанда археологиялык эстеликтердин сакталышына жооп берген орган жок. Бир гана маданият министрлигиндеги инспекция бар. Ал бир же эки гана адамдан турат. Алардын сыртка чыгып эстеликтердин абалы менен таанышканга шарты эч качан болгон эмес. Кат жүзүндө гана иш алып барышат. Мезгил-мезгили менен мыйзамга тактоо киргизүү аракетин жүргүзүшөт. Ал эми алар менен иш алып баруучу облустук, райондук бөлүмдөгү кызматкерлердин археологиялык эстелик боюнча түшүнүгү да жок. Алардын ордун музыкант же башка маданий тармагын тейлегендер алып барат. Ал гана эмес маданият министрлигинде мурда ушул тармакка жооп берген 5 орун азыр башка функциядагы ишти алып барышат.

– Эстеликтерди коргоо боюнча тизме барбы, алар катталды беле?

– Атайын мамлекеттик тизмеде 5 миң чакты эстелик катталган деп айтылып жүрөт. Биз археолог иретинде 5 миңден тышкары 100 000ден ашуун эстелик каттала элек деп айта алабыз. Бул чындык. Арийне, кеп каттаганда эмес. Мурда каттоого кирген эстеликтердин көбү жок болду. Алар маданият министрлигиндеги паспорт кагазында гана калган. Аны жыл сайын чыгып текшерген киши жок. Мамлекет тарабынан археологиялык эстеликтерди изилдөө каржыланбай калганына 30 жылга чамалап калды. Тескерисинче, коңшу республикаларда бул тармак мурдагыга карганда 2-3 эсеге көп каржылоого өттү.

– Тарыхый-археологиялык эстеликтердин негизги жок кылуучулары кимдер?

– Кыргыз элинин, мамлекетинин маданий мурасына зыянды алып келүүчү жаңы кылмыштын түрү жылдан жылга кулач жайып келатат. Ал металл детектору менен куралданган байыркы эстеликтерди карактоочулардын тобунун жайылышы. Жашыруун сооданын ыгын эч билгизбей өздөштүрүп алгандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Археологдордон мурун барып карактап кеткен учурлар арбын. Издегенине караганда, аларды кабыл алуу, сатуу алар үчүн ыңгайлуу жолго коюлган. Ал антиквар дүкөндөрүн сыртынан бир-эки жума жашыруун көзөмөлгө алса, кылмышкерлердин дайыны чыгат болушу керек. Эгер алар жоопко тартылбаса, биздин мурастарды жок кылып түбүнө жете тургандар, ал эми бул кыргыз элинин чоң трагедиясы болот. Курулуш иштери да эч көзөмөлсүз жүргүзүлүп жаткан учурлар көп. Келечекте 100-200-300 жыл жакшы изилдене турган Невакет шаарынын бир сепилин бульдозер менен түртүп, ат сарай курушту. Телевидение, газетага чыкканына карабастан куруп салышты. Акырында археологдордун айрымдарын телефон аркылуу коркутууга чейин барышты. Мына ушул сыяктуу мисалдар ар бир дубан боюнча жүздөп саналат.

– Талкаланып бараткан үлкөн тарых катылган бул улуу мурасты сактап калуу боюнча сунушуңуздар барбы?

– Юридикалык укугу бар унаа, видео-фото техникалары, командировка чыгымдары жана эмгек акы менен камсыз болгон археологдордон турган атайын орган гана археологиялык эстеликтерди көзөмөлгө алат. Бир жагынан алганда, өзгөчө кырдаал министрлиги сыяктуу мини ыкчам топтун зарылдыгы бар.

Облустарда ал органдын жок дегенде бир өкүлү иш алып барышы керек. Ошол өкүл профессионал археолог болушу шарт. Ал орган жерди пайдаланууда корукка алуу режимин киргизүүнү ишке ашырмак. Эстеликтин бузулушу жерди жана анын ресурстарын пайдалануу менен тыгыз байланыштуу. Ошондой эле, эстеликтин бузулушу антикварларды алуу жана сатуу менен да тыгыз байланыштуу. Ал гана эмес,талап-тоноого алып келүүдө. Кыргыз Республикасынын «Тарыхый-маданий эстеликтерди коргоо жана пайдалануу» мыйзамына жана кылмыш кодексине жазалоо чараларын күчтөндүрүү зарылчылыгы турат. Казына издөө, антиквар дүкөндөрүаркылуу археологиялык табылгаларды кабыл алуу жана сатууга мыйзам аркылуу катуу тыюу салынышы керек. Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер кызматынын, бажы кызматынын, мамлекеттик каттоо кызматынын иш-чараларына археологиялык эстеликтерди коргоо чараларын кошуубир топ жакшы натыйжаларды бермек. 1979-жылы башталган археологиялык жана маданий эстеликтерди паспорттоштурууну кайра жандандырып, каттоодон өткөн эстеликтерди жергиликтүү калкка, мектептерге, жергиликтүү бийликтерге сактоону милдеттендирүү керек. Айыл өкмөтү тез-тез алмашкандыктан улам, жер бөлүштүрүүдө археологиялык эстелик жайгашкан жер менчикке бөлүнүп кетип калууда.

Эл ичи куру эмес. Ар бир райондо, кээ бир айылда тубаса мураскер аксакалдар, инсандар бар экен. Алардын үлгү боло турган ишин даңазалап, эл аралык мурас коргоо күнүндө медаль, сыйлык тапшыруу элдин эстеликке болгон түшүнүгүн ачат беле деген ойдобуз.

Акырында айтаарым, 2-3 жыл даярдык көрүп тизмени тактап, жергиликтүү элге милдеттендирип, анан “2017-жыл – археологиялык мурастарды коргоо жылы” деп жарыялоо пайда алып келээр беле деген да ой келет. Байыркы мурас көп жылдык иш-аракетти талап кылат. Эң негизгиси, башталышы керек. Себеби, археологиялык эстеликтердин бузулушу улам күчөп баратат.

 Айзада КАРАБАЕВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *