Арабанын бешинчи дөңгөлөгү болбойлу

3-ЭКОНОМ

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, мекенчил жаштардын өкүлү

Кытай тилинде кризисти түшүндүргөн сөз «коркунуч» жана «мүмкүнчүлүк» деген эки иероглифтен (危机)  куралат, дал ушул эки түшүнүк менен алардын кризиске болгон мамилесин түшүнсө болот.

Коркунуч – мүмкүнчүлүк жаратат. Хаос – иреттүүлүккө алып келет. Эволюция -революцияга жол ачат. Себеби, ар бир өнүгүүнүн кульминациясы бар, ошол сыяктуу эле талкалануунун дагы бифуркациялык чекити болот. Биз кеп кыла турган сөз, өзгөчө кырдаалда жарала турган мүмкүнчүлүктү кармап калуу жөнүндө болмокчу. Мындай мүмкүнчүлүк узак убакыт бою чечилбей келе жаткан түйүндүү көйгөйлөрдү дароо, бир заматта чечүүгө жол бермекчи. Коркунуч менен мүмкүнчүлүктү феникс кушунун жомоктуу образына куюп койгондугун түшүнгөн кишини кытайдын акылмандуулугу кайдыгер калтырбайт. Себеби, бул табияттын мыйзам ченемдүүлүгү. Ирээтсиздик ыраатка, ыраат ирээтсиздикке айланган ички карама-каршылык – бул өнүгүүнүн белгиси. Мына ушул зор тегирмендин ташындагы чайналышта форманы сактап калуу эмес, ички мазмунду, ички данекти сактап калуу гана маанилүү экенин туюп турсаңыз керек.

Эми болсо учурдагы мамлекеттик түзүлүшүбү канчалык деңгээлде талкаланууга туруштук бере алат деп суроо салалы. Суроо албетте туура эмес, анткени биз эчак талкалануунун жолундабыз, башкача айтканда ички мазмундун жоюлушуна алып келе турган коркунучтун босогосун эчактан бери сагаалап турабыз. Эгер орой салыштыра турган болсок, бизде эки жол бар: биринчиси, бизди зомби келечек күтүп турат; экинчиси, феникстин тагдыры. Бул, образдуу гана салыштыруу. Сөзсүз түрдө экинчи вариант улуттук баатырды жаратат, бул жолкусунда эми бүтүндөй эл баатыр улут болмокчу. Ансыз улуттук күчтүн аккумуляциясы жетиштүү деңгээлде энергиялык жарылууну камсыз кыла албай калат.

Узакка созулган кризиске белчесинен баткан Кыргыз элинде кандай мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн? Жолго чыгар алдында багытыңды аныктап албасаң, узак жана тез басканыңдын кереги эмне, акыры жетээр жериңе жетпегенден кийин. Жол – бул тандоо, ошондой эле элдик тагдыр. Бирөөнүн бараткан изин ээрчиген – жол басканга жатпайт. Канчалык бирөөнүн жолу шыдыр жана байсалдуу көрүнбөсүн, ал жол эч качан сеники болбойт. Ошол сыңарындай эле, өзүбүздөн иштелип чыккан өнүгүүнүн модели жаралмайын, биз эч качан азыркы мамлекеттик түзүлүш системасы менен узакка бара албайбыз.

2015-жыл экономикалык өнүгүүнүн жылы деп жарыяланды. Бул эми чынында ниет, бийликтин каалоо-тилеги. А бирок эмненин негизинде биздеги экономика өнүгүшү керек? Сырьёлук экспортпу, товардык экспортпу, интеллектулдык ресурстун негизиндеби –  эмнени сатып биз байыйбыз? Бизде же өндүрүштүк потенциал болбосо же улуттук интеллекталдык потенциалды жумшай албасак, анда кайсы экономика жөнүндө сөз жүрүп жатат?

Азыр биздин коом бай жана кедейлерге бөлүнүп калып, ортоңку катмардын калыптанышына саясый-экономикалык түзүлүшүбүз шарт түзүп бере албай келет. Ортоңку катмардын пайыздык көрсөткүчү бай менен кедейлерден көтөрүлмөйүнчө социалдык жиктелүү, аны менен кошо коомдун ар тараптуу талкаланышы токтобо кете берет. Ортоңку катмар – күчтүү мамлекеттин тиреги жана таянычы. Кыргызстанда элдин жашоо деңгээлин көтөрүүдө байлыкты тең бөлүштүрүү механизми мамлекет тарабынан иштелип чыккан эмес, же андай аракет байкалган менен ал эч качан элге тегиз жеткирилген жок. Кыргызстандагы байлардын 70%ы асмандан түшүп калышкан жок да. Бардыгыңыздар жакшы билгендей, аларды биз улам шайлап, жогорку бийлик кызматтарын ээлегенге өзүбүз жол берип келе жатабыз. Биздин жашоо системабыз элдин абалын ойлогонго жана улуттук кызыкчылыкты коргогонго эмес, саналуу ачкөз саясатчы-байлардын жыргалчылыгын камсыз кылууга карай багытталган. Ушундай системада чындап эле экономикабыз көтөрүлүп мамлекет өнүгүп кетерине ишенесиңерби? Мен маселен ишенбейм! Эки тизгин бир чылбырды берип коюп, өзүбүз болсо жайдак учкашып алгандайбыз. Же тизгинге ээ боло албайбыз, же үзөңгү какканга бут жетпейт, «алдыдагы акмакты алып ыргытканды билбей, момун болдук канжыгадагы сөөктү кемиргенге» ыраазы болуп. Минтип отурсак кийин оозубуз ашка толгону менен, улут катары элдүүлүгүбүздөн ажырап, башка болуп калабыз. Андайлар дүйнөдө жок эмес. Мен азыркы адилетсиз көрүнүштү жараткан кырдаалга каршы чыгууга чакырган жерим жок. Жайытын тебелеп салган уйду күнөөлөбөгөн сыяктуу эле, кеп башкада жатат. Дегеним, көкүрөгүндө бир илинчек калбаган айбандарды пайда кылып жаткан системаны алмаштырууга карата жасалган аракетим, болгону.

Бул тууралуу далай-далай сөздөр айтылган, айтылып келатат: алмаштырыш керек, жаңысын жаратыш керек, тазасын коюш керек… Бирок, майнап чыкпады. Чөп чыкпаган адырга үрөн сепкендей эле аракет болду. Жалпыбыздын башыбызга үйүлгөн маселелер өйдөрөөк болуп караганга да мүмкүнчүлүк бербей келет. Жолду билгендер болсо жанагы сапатсыз  куру кыйкырык саясатчылардын акча менен бийлигинин көлөкөсүндө унутулуп бара жатат. Алардын элди күрөшкө чакырган дымагы же өчүп баратат же болбосо элдин кубаттуу улутту жаратуу күрөшүнө болгон умтулуусу жана эрки турмуштун чаңында басылып калгандай…

Ар бир эл өзүнүн руханий-маданий деңгээлине жараша өнүгүүнүн мүмкүнчүлүгүнө ээ. Басып өткөн жолдун узактыгына карай эмес, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткенге жараша улуу маданияттар бааланат. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, маселен, бир дем алып туруп, канча убакытка жана кайсы бир жерге чейин жетүүдө демиңдин күчү канчалыкка чыдайт – ошого жараша жашооң өлчөңгөн сыяктуу көрүнүш. Көп элдер бир демден ары ашкан эмес, экинчи ирет дем алганга аз гана элдин маданий-руханий күчү жеткен. Бардыгынан элдин чарчап калганы жаман, андай элдер акыркы демин жашап жатат деп бекем жыйынтык чыгарууга болот. Бул албетте аянычтуу көрүнүш, мындай жоготууга бүтүндөй аалам дагы аза күтөт.  Себеби, бир элдин жоголушу менен анын артынан ошол элге мүнөздүү өзгөчөлүк, сулуулук, тереңдик жана жакшылыгы кошо кетет. Бул, бир дүйнө урап түшкөн менен барабар. Элдин эл катары жоголушу сөзсүз эле анын физикалык жактан жоюлушун түшүндүрбөйт. Ар бир элдин маданияты жер бетиндеги бүтүндөй адамзаттын жашоосун жакшыртканга жана кубанычка бөлөгөнгө берилген ыйык аманат. Канчалык кайталанып кулакка тажатма угулбасын, бирок биз, Кыргыз эли чынында эле ошол чекке жеттик, кайра бир ирет дем алганга кудурет күчүбүз жетеби – ал азыркы мамлекетибизде жашап жаткан адамдардан көз каранды болуп калды.

Ал эми жашоого болгон көз караштын ажырымынан өткөн алыстык жок экен. Кээде жаныңдагы отурган таанышыңа колуң жетпейт, таптакыр бөлөкбүз. Айтайын дегеним, бизде бир идеялык күчтүн жаралыша тамырына эчак эле балта чабылгандай. Бири- бирибизге далыбыз менен карап калган убакта кантип анан экономика жөнүндө сөз кылабыз. Мен маселен, экономиканын парадигмасы социализмге негизделиши керектигин туура көрөм. Бул сөздү уккан либерал албетте чалкасынан кетет, өнүккөн капитализм жана демократия жарыкка жол ачат деп бакырып чыккандар четтен чыгат. Алар мага окшогондорду эскичил, улутчул деп көө жаба тургандыгы дагы белгилүү. Эгер буга олуттуу карай турган болсок, экономиканын негизги мыйзамын түзүп жаткан капитализмден баш тартып, анын ордуна жаңы экономикалык негиз салмайын регионалдык интеграцияда арабанын бешинчи дөңгөлөгү болуп жүрө беребиз. Ал эми улам бир жаңы келген бийлик болсо реформа деген аталыш-шылтоо менен ачып-кычып кеткен беш бармакка ысык сорпо куюп элге бере берет.

Демек, бийликтегиси болобу, же оппозицияда чалыштап жүргөнү болобу, мындай саясатчылардан толук түрдө арылмайын жаңы системанын түзүлүшү, жаңы улуттук күчтүн чыгышы, мамлекеттин өзгөрүп-өсүүсү мүмкүн эмес!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *