Жашоо сабактары

10648366_756346641104003_3774392962732168521_o

БАЛАНЫ ҮЙЛӨНДҮРҮҮ САЛТЫ

Адамдын жашоосундагы эң негиздүү окуя – бул үйлөнүү. Үй-бүлө күтүү – бул ар бир адамдын жашоосундагы өтө чоң маанилүү нерсе жана олуттуу учур. Адамды бакытка бөлөгөн, же тескерисинче азаптуу жашоо берген – бул баш кошуу. Ушуга өтө чоң маани берип жашаган оң.

Кыргыздын салтында үйлөнүүгө өтө чоң маани берген. Бул салт – эң негиздүү чоң салттын бири.

Кыргыздын үйлөнүү салтындагы 3 негиздүү шарт

Кудалашуу
Үйлөнүү тою
Астына келүү

Кудалашуу – бул бир чечимге келип макулдашуу. Кудалашууда эркектер – жигиттин атасы, агалары, туугандары болуп келип сүйлөшүп макулдашат, бир чечимге келип, мөөнөттү белгилөө ишин аткарып, кызга сөйкө салынат (апалар, жеңелер). Кыз узатуу – кудалашуунун акыркы тилкемине кирет.

Андан соң үйлөнүү тою болот. Үйлөнүүдө эң чоң негизги орунду элден бата алып, нике кыюу ээлейт. Тойдун ээсине жараша ыраат, сый, каада болот.

Андан соң кыз тараптын алдына баруу. Мында эң негиздүүсү – кыздын ата-энесин, урук-тууганын ыраазы кылуу.

Кыргыздын салтында септи кыз орун-очок алып, этек-жеңи жайылганда берчү. Ошол учурда сүт акысы деп, мал арналып берилет.

Куда тосуу салтанаты – деңгээлине жараша сый көрсөтүү.

Кудалашуу 3 түргө бөлүнөт

1.Саясый
2.Жагдайга байланыштуу
3.Сүйүүнүн негизинде кудалашуу

Саясый кудалашуу – бул эл башылар, хан-бийлер элдин кызыкчылыгын көздөп, башка эл башылар, хан-бийлер менен кудалашуусу. Бул кандай учурларда болот? Тарыхта эки элдин же уруунун ортосунда согуш болуп, эл бөөдө убара тартып азап чеккенде, согушту токтотуу максатында саясый кудалашууга келген учурлар көп. Кээ бир учурда эки элдин мамилесин чыңдоо, достошуу максатында, же экөөнө бирдей болгон жалпы душманга туруштук бериш үчүн эки элдин биригишин көздөгөн кудалашуу болгон.

Жагдайга байланыштуу:
Бел куда (эки дос, эки жакшы балалуу боло электе кудалашат);
Бешик куда (балдар төрөлгөндө кудалашуу);
Алака түзүүнүн негизинде (жакшы жерден кыз алууну көздөгөн, мамиле күткөн).

Сүйүүнүн негизиндеги кудалашуу – эки жаштын ортосундагы арзуу сезиминин негизинде баш кошуусу.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *