“Акындын ысмын ыйгаруу эмгек жамаатыбыздын кѳп жылдардан берки демилгеси болчу”

497c0af58a6c67a0849274cb77f94849

 

Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына улуу акын Алыкул Осмоновдун ысымы ыйгарылып, «Кылым бүтүп дүйнөдөн жок болсок да, кайра кайтып жолугушчу жолдор бар…»  аттуу китеп көргөзмөсүнүн ачылышы жана акындын жаңы чыккан 2 томдук  “Тандалган чыгармаларынын” бет ачаар аземи болуп ѳттү.

IMG_3824Биз Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору, филология илиминин доктору, профессор Жылдыз БАКАШОВАга кайрылып, бул иш-чара боюнча кыскача маалымат алдык.

 

 

 

Жылдыз айым, сиз жетектеген Улуттук китепканага залкар акын Алыкул Осмоновдун ысмынын ыйгарылышына ким тараптан  демилге көтөрүлгөн жана мунун иш жүзүнө ашырылышына кимдердин салымы чоң болду?

– Ооба, Алыкул ѳзү жазгандай, “Он беш жолу улам кайра туулуп, он беш жолу жашарбасам карап тур” дегениндей, жүрѳктү ѳзгѳчѳ  толкунданткан маалымат Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына Алыкул Осмоновдун ысмынын ыйгарылышы – бул биздин жамааттын же окурмандарыбыздын гана кубанычы эмес, кыргыз журту үчүн ѳзгѳчѳ кымбат, ѳзгѳчѳ сыймык. Бул, Алыкулдун ѳлбѳс, ѳчпѳс экендигинин дагы бир далили.

А.Осмоновдун ысмын ыйгаруу демилгеси биздин эмгек жамааттын жана окурмандардын кѳп жылдардан берки демилгеси болду. Ал эми ысымды ыйгаруу демилгесин колдогон КР Президентине, ѳкмѳттүк комиссияга, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим, маданият жана спорт Комитетине,  Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Кыргыз Республикасынын Баатырлары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Бексултан Жакиев баштаган, Кыргыз эл акын-жазуучулары К.Жусупов А.Өмүрканов, С.Акматбекова М.Абакиров, ж.б. бардык акын-жазуучуларга, бул колдоону калың элге жеткирген бардык массалык маалымат каражаттарына чын дилибизден ыраазычылык гана билдирсек болот.

А.Осмоновдон башка да белгилүү ысымдарды бул китепканага коюу үчүн сунуштар болгондур?

Албетте, башка дагы белгилүү адамдардын ысымдары сунушталган. А бирок көпчүлүк сунуш Алыкул Осмоновдун ысымын ыйгарууга токтолду. Китепкананын алдында коюлган Алыкул Осмоновдун эстелигине байланыштуу коомчулук өздөрү эле  “Алыкул Осмонов атындагы китепкана” деп атап алышканына күбө болдук.

Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери Улуттук китепканаларына өздөрүнүн сыймыгы болгон белгилүү акындарынын жана жазуучуларынын ысымдарын ыйгарганын билебиз. Китепкана коомчулугунда  –  М.Ф.Ахундов атындагы Азербайжан Улуттук китепканасы, Абылкасым Фирдоуси атындагы Тажикстан Улуттук китепканасы, Алишер Навои атындагы Өзбекстан Улуттук китепканасы, И.Чавчавадзе атындагы Грузия Улуттук китепканасы ж.б. көптөгөндөрү белгилүү.

Биздин Улуттук китепкана – калкыбыздын көөнөрбөс мурастарынын,  жан-дүйнө, акыл-берметтери, тарых табериктери байырлап, түбөлүк түнөк тапкан куттуу жай. Ошол куттуу жай эми мындан ары Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы деген наам менен иш алып барат.

Акындын ысымын алган китепкана залкардын 100 жылдыгына карата кандай иш-чараларды өткөрүүнү максат кылып коюуда?

Улуттук китепкана улуу акындын 100 жылдык мааракесине карата «Алыкул Осмонов» борборун ачып, китеп көргөзмөлөрүн уюштуруп жана «Алыкул Осмонов»  аттуу кыргыз, орус тилдеринде библиографиялык көрсөткүчтү чыгарууну даярдап жатабыз.

Алыкул демекчи, дагы бир белгилей кете турган ѳзгѳчѳ маанилүү нерсе, биз бардыгыбыз Алыкулдун мекенчилдигинен үлгү алышыбыз керек.

“Жаз да башка, жел тийбесин абайла,

Кѳпкѳ турбас мобул турган сур булут,

Бүт дартыңды ѳз мойнума алайын,

Сен ооруба, мен ооруйун, Ата журт”.

Ооба, бардыгыбызды бул ыр Ата журтубузду ыйык тутуп, кастарлап, келечегине бардыгыбыз аракет жасап, Ата журт үчүн ак дилден кызмат ѳтѳѳгѳ үндѳп турат.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *