Манас темасындагы көргөзмө –Түштүк Африкада

8-Линда

Сүрөтчү-промграфик Майрамкул АСАНАЛИЕВ жакында адаттан тыш сапарга чыгып келгендиктен, андан жаңылык угууга, маалымат алууга шашылдык. Эмесе, анын … күндүк саякаты боюнча куруп берген кызыктуу маегине көңүл буралы.

– Майрамкул мырза, сиз жакында эле Түштүк Африкада болуп келбедиңизби, кайсы багытта, кандай иш менен бардыңыз?

– Ушул жылдын жайында «Ак илбирстин изи менен» деген аталыштагы чоң конференция Кыргызстанда болуп ѳтпѳдү беле. Илбирстерди сактоого багытталган ошол жыйынга Орто Азия жана Түркия боюнча Кристенсен фондунун мекеме директору, бурят улутундагы Эржен Хамаганованын чакыруусу менен катышып калдым.

Ар кайсы мамлекеттерден келген ѳкүлдѳр ал жыйында сѳз сүйлѳп, мен да ак илбирс тууралуу баян кылдым. Ошондогу докладымда Кыргыз дүйнѳ таанымында жана Манастагы ак илбирстин кыргыз дүйнѳсүндѳгү орду, касиети, кыргыз тотемдери менен ак илбирстин кандай байланышы бар экендиги, тотемдердин ички мазмуну, барс менен кыргыз элинин түпкү байланышы тууралуу чечмелеп сүйлѳп бергем. Менин докладым  ошол жерден АКШнын Гавайи штатынан келген метис, француз айым, дүйнөгө таанымал окумуштуу-профессор Апила Колорадого жагып калыптыр. Ата-тегинин түбү индей урууларынан чыккан ал айым дүйнѳ элдеринин байыркы ички маданиятын, каада-салтын, ар кандай орнаменттерди, оюм-чийимдерди көп жылдардан бери иликтейт экен. Кудайдын буйругу болуп, Апила Колорадо айымдын чакыруусу менен ошентип Түштүк Африкада ѳз кѳргѳзмѳмдү тартуулап. Кыргызстандан мен жана Жапаркул Райымкулов экөөбүз бардык.

 

– Африкага чакыруу сизге дароо эле ошол жыйындан сунушталдыбы?

– Жок, алгач Апила айым: «Мен ѳз ѳлкѳмѳ баргандан кийин сиз менен байланышайын, скайп аркылуу бизге, Гаваидегилерге 2-3 доклад окуп бересизби» деп ѳтүнгѳнүнѳн макул болсом, ошол эле жерден бир котормочуну таап, экѳѳбүздү тааныштырып койду. Кийин, суранганындай эле скайп аркылуу кыргыздын тѳрѳн тамгалары, белгилер, тотемдер тууралуу баяндоо жасап бердим.

 

– Баяныңызды скайп аркылуу уккан адамдар кимдер экен?

– Апила айым атайы бир аудитория даярдаптыр. Ал жердегилер байыркы белгилерге кызыккан, түшүнүгү, билими ушуга даяр, кѳпчүлүгү Американын Калифорния штатынан келген  окумуштуулар экен.  Экрандан менин тарткан сүрѳттѳрүм, тотемдер, эн тамгалар, белгилер кѳрсѳтүлүп, аларды улам чечмелеп, жаралган суроолоруна жооп берип жаттым.

 

– Демек, скайп аркылуу байланышкандан кийин сиздин чыгармачыл эмгегиңизге алардын кызыгуулары чоң болуп, Африкага чакыруу кылышкан экен да?

– Ооба, жол киремди жана башка чыгымдарды ѳздѳрү тѳлѳп беришип, докладымды уккан адамдар кийин Түштүк Африкага барганымда эски тааныштардай учурашып: «Сиз биринчи жолу келип атсаңыз да, кѳрүшүп жүргѳндѳй эле бизде абдан таанымал болуп калдыңыз» деп күлүп, жакшы кабыл алышты.

 

– Кѳргѳзмѳңүз кандай ѳттү?

– Ал жактан биз атайы туристтерди кабыл алуучу базада болуп, кѳргѳзмѳм да ошол жерде уюштурулду. Кѳргѳзмѳгѳ коюлган иштеримди ар кайсы мамлекеттен келген окумуштууларга, жергиликтүү адамдарга котормочу аркылуу айтып-чечмелеп бердим. Ал жактагылар кѳргѳзмѳ деген нерсени майрам катары кабыл алышат экен. Мисалы, менин кѳргѳзмѳмдү жѳн эле кѳз жүгүртүп карап ѳтпѳстѳн, ар бир картинама шашпай токтолушуп, маанисин талдап угуп, суроо берип, толук кандуу терең түшүнгѳнгѳ аракет кылышып, бир күндү бүтүндѳй арнашты.

 

– Сиздин эмгектериңиз негизинен Манас дүйнѳсүнѳ арналган эмеспи, алардын биздин касиет дүйнѳбүзгѳ кызыгуулары кандай болду?

– Сүрѳттѳр аркылуу Манас окуяларынан кыскача айтып берип жаттым. Сүрѳттѳгү образдарга – «Манастагы» каармандарга кѳпкѳ чейин үңүлүп карашып, кызыгуулары ѳтѳ чоң болгондуктан суроолору да кѳп болуп жатты.  Каныкейдин образына ѳзгѳчѳ кѳңүл бурушту. Кѳрүүчүлѳрдүн бири, англичан айым Линда Танкер: «Ушул сүрѳттѳрдү кѳрүп туруп, силердин элдин ички руханий дүйнѳсүнүн ушунчалык бай, анан ушунчалык баатыр эл экендигин баалап атам» деп оюн билдирди.  Манастын касиетинен аз болсо да айтканым аларды таңдандырып, мени келип кучактап, «Силерде ушунчалык бай казына бар экен. Кыргыздарды бир жолу болсо да сѳзсүз барып кѳрѳм» дегендер болду.

Ушул жерден баса белгилеп кетейин, биз ошол жерден бири-бирибиздин тилибизди түшүнбѳсѳк дагы, ойлогон ой-максатыбыз, дүйнѳ таанымыбыз бир багытта, бир нукта болгондуктан, баарыбыздын жылдызыбыз келишип, котормочу ортодогу сѳздѳрдү жарым-жартылай которсо да дароо түшүнүшүп, кѳп маалыматтар менен алышып-беришип, баарлашуубуз кетер-кеткенче жакшы маанайда ѳтүп, байланышты үзбѳйлү деген ниетти койдук.

 

– Түштүк Африкага болгон сапарыңыздан, ал жерде уюштурулган кѳргѳзмѳңүздѳн улам чыгармачыл адам катары ички дүйнѳңүздѳ кандай ѳзгѳрүү, же болбосо кандай сезимдер жаралды?

– Ар бир чыгармачыл адам ѳзүнүн жасалган ишине карата жакшы сѳз уккусу келет эмеспи. Мен картиналарымды тартып атканда «элим ушул сүрѳттѳр аркылуу бааланса экен, кыргыздар тууралуу жакшы сѳздѳрдү уксам экен, сүрѳттѳрүмдүн түпкү ѳзѳк мааниси кѳргѳндѳргѳ жетсе экен» деген тилек менен иштейм. Чынымды айтайын, бул сапарымдан ѳзүмѳ ѳтѳ чоң энергия алдым. Башым сергип, ошол чѳйрѳдѳ канат байлагандай жүрдүм. Эгер сенин жүргѳн чѳйрѳң, угармандарың, пикирлештериң, алардын ой-мүдѳѳсү, аурасы таза болсо, сен да ошондой акыбалда жеңил жана сергек  жүрѳсүң.

Африкадан кыргыз элиме болгон  жакшы пикирлерди, кыргыз дүйнѳсүн баалаган жагымдуу сѳздѳрдү уккандыктан, ички-сырткы дүйнѳм кубаттанып, «Жакшы сѳз жан эргитет, жаман сѳз жан кейитет» деген кыргыздын сѳзүн ошол жерден жон теримен ѳткѳзүп турдум. Ал эми элиңе болгон шылдың сѳз, басынтуу, жагымсыз сѳздѳрдү уксаң жаның кейийт да.

Элиңди баалаган сѳздү укканың – бул абдан бийик нерсе экен. Африкадагы мындай маанайда ѳткѳн күндѳрүм, менин ѳмүрүмдѳгү эң бактылуу, жаркын күндѳрүмдүн бири деп эсептейм. Себеби, жараткан эмгектерим аркылуу ѳз улутума болгон урмат мамилени, жылуу мамилени ошол жерден кѳрѳ алдым. Демек, сүрѳт тартып жаткандагы ой-мүдѳѳм, тилегим кандайдыр бир деңгээлде ишке ашты.

 

– Жергиликтүү элдер менен да жолугушуулар болуп турдубу?

– Ооба, жергиликтүү элдер бизге ѳздѳрүнүн салтындагы майрамдык шаңды тартуулап, ырым-жырымдарын, сүкүт салган, чок чачып шаманча бийлеген ритуалдарын да жасашты. Айта кетчү дагы бир кызык кеп,биз дүйнөгө таанымал ал жактагы  «Тимбавати» аттуу жаныбарлар коругун да көрдүк. Мына ошол аймакты зебра, жираф жана башка баардык айбанаттар менен бирге ак арстандар да мекендейт экен. Ак арстан – жергиликтүү эл өтө ыйык туткан жаныбар,эл менен байланышты түзүп турган сактап-коргоочу жаныбар болуп эсептелип, эгер ак арстандар жок болуп жоюлуп кетсе, анда элдин башына да кыйын күн түшѳт деген түшүнүк жашайт экен.  Жаныбарлардын коругуна каалоочулардын баарын эле киргизе бербегендиктен, алар бизге минтип айтышты: «Биз ата-бабаларыбыздын рухтары менен байланышка чыгып уруксат сурайбыз, эгер рухтар уруксат беришсе, анда киресиңер деп. Эгер уруксат болбосо, анда таарынбайсыңар» дешти. Ошентип, Кудай жалгап, бизге жол берилип ак арстандардын мекенине кирүүгѳ мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Коруктун жетекчиси Линда Танкер убагында Англияда ѳзүнѳ жетиштүү бай оокаты, иш кызматы бар илим-билимдүү айым экен. Мындан бир нече жыл мурда турист катары ал жакка келип, ѳзүнүн тобу менен корукту кыдырып жүргѳндѳ машинелери бузулуп калып, капыстан ак арстандардын курчоосунда калып калышат. Чоочун чет өлкөлүк адамдарга кол салып жеп салууга даяр турган ак арстандарды аралап ошол маалда Мария аттуу жергиликтүү аял келе калып, тигилерди ѳлүмдѳн сактап калат. Таң калган алар «эмне үчүн сизге арстандар тийбейт?» дегенде, «булар биздин бир туугандарыбыз» деп жооп берген экен Мария. Кѳрдүңбү, булар табият менен болгон шайкештикти абдан сактап калышкан. Мына ушул окуядан кийин окумуштуу Линда Танкер Англиядагы ишин да, байлыгын да таштап, ак арстандарды сактоого кызмат кылышым керек деп Африкага баса бериптир. Линда ѳзү илим менен алектенгенден сырткары, рух дүйнѳнү түшүнгѳн, касиети бар айым экен. Муну, кѳргѳзмѳдѳн анын Каныкей энебиз тууралуу айтып бергенден кийинки таасиринен да байкадым. Линда жана ошол жерде көргөзмөгө катышкан ар кайсы мамлекеттен чогулган адамдарга баам салып олтуруп, ушундай жакшы адамдар гана дүйнѳнү ыпластыктан, зѳѳкүрлүктѳн сактап калаарына ынандым.

Ал эми биз барган жердеги табияттын тазалыгына, адам менен жаратылыштын жуурулушуп жашаганына таң бергенден сырткары эч нерсе айта албайм. Элдери жердеги чѳптѳн, таштан тарта кумурска, кѳпѳлѳгүнѳ чейин сыйлап турушат экен. Айбанаттарды үркүтүүгѳ, аларга катуу үн чыгарууга тыюу салынган. Адамдар ушуга тарбияланышыптыр. Бир эле мисал, биз корукту машине менен кыдырып жүргѳндѳ, бараткан жолубузга арстан жатып алыптыр. Ошондо аны ордунан козгобой, машине акырын гана артка бурулуп, кайра башка жол менен экскурсиябызды уланттык.

 

– Бѳтѳн эл-жерден табият менен болгон мындай улуу шайкештикти кѳргѳндѳн кийин бул боюнча биздин акыбалыбызга сереп салып, салыштырып, кандайдыр бир ойго келгендирсиз?

– Кескин айтсам, ошондон кийин башым шишип калды чындыгында. Жогоруда айткандай, Манас дүйнѳсү аркылуу биздин рух дүйнѳбүздү, ата-бабаларыбыздын улуулугун таанып мактагандарына кѳкѳлѳсѳм, учурда бизде болуп жаткан башка маселелер менен бирге көйгөйгө айланган жаратылыш жана адам мамилесин ойлоп башымды катырып, эл башыларыбыз оңолсо, ошолор элди жакшы жакка бурса, түпкүлүгүбүздү таанып-билип келечегибизди 100 жылга алдыга ойлонсок болбойт беле деп кейидим…

 

Кымбат ЖОЛДОШЕВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *