«Улуттун уулу болгун!»

IMG_3630Ондогон жылдардан бери, замандын оош-кыйышына карабай элибиздин тамырын таанууга, таанытууга  салым кошкон салмактуу иштерди жасап, үзүрлүү мээнет кылып келаткан «Бакдөөлөт» коомдук фонду дагы бир иш-аракеттин натыйжасын элге алып чыкты.

Тактап айтканда, аталган фонд Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь райондук күзөт кызматынын жетекчилиги менен бирдикте «Улуттун уулу болгун» долбоорун ишке ашырышып анын жыйынтыктуу салтанаты 4-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында өткөн милиция жигиттеринин таймашынан таасын көрүндү.

Бул долбоор эки баскычтан турду. Биринчи баскыч – “Билим берүү” баскычында ушул жылдын май айынан октябрь айына чейин дарстар окулуп, «Улуттун уулу болгун» долбоорунун алкагында өтүлгөн сабактардын өзөктүү багыты улуттук баалуулуктар болду. Анын ичинен улутту улут кылып сактап турган улуттун үч негизине басым жасалды. Биринчиси, эне тилибиз. Кыргыз тилинин тарыхы, байыркылыгы, тил байлыгы, сөз өнөрү жана баалуулугу тереңинен ачылып, эне тилибизге күзөт тармагында иштеген эр азаматтарыбыз кайдыгер калбагыдай фактылар менен далилденип, көкүрөгүндө эне тилдин улуулугу уюгудай иш болду. Экинчиси, кыргыз элиндеги сакталып калган, колдонуп жаткан каада-салттын, үрп-адаттын маанисин ачып берип, сабакка катышуучулардын кызыккан суроолору аркылуу кенен талкууланып, бышыкталып жатты.  Үчүнчүсү, элибиздин тарыхы, тактап айтканда, кыргыз элинин буга чейин басып өткөн жолунда эмне жетишкендиги болгон, эмне кемчилиги болгон деген суроонун тегергинде тарыхыбыздагы урунттуу учурларга, окуяларга басым жасалды. Андан сырткары, кыргыз элине гана таандык болгон  улуттук касиеттерибизге өзгөчө көңүл бурулду: манасчылык, төкмөлүк, олуячылык, сынчылык ж.б. Ошондой эле, башка улуттан улут кылып айырмалап турган, байыркылыгынан, бийиктигинен кабар берип, азыркы күндө да өз ордунун жоопкерчилигин талап кылган кыргыз элинин дүйнөтаанымына көңүл буруп, жаратылыш менен болгон жандуу мамилеси тереңинен ачылып берилди.

Бул нуктагы сабактар милиция кызматкерлерине өзгөчө кызыгууну туудуруп, лекцияга жумуш убактысынан сырткаркы бар саат убакыт бөлүнсө да улам суроо берилип жатып, кантип бир жарым сааттан ашып кеткени байкалбай, ар бир өтүлгөн сабактан эбегейсиз эргүү, улуттун уулу болгонунуна көкүрлөк толгон сыймык менен чыгып жатышты.

Бул долбоорду ишке ашырууда Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн ардагерлер кеӊешинин төрагасы, «Бакдөөлөт» коомунун мүчөсү Мурат Алыбаев аксакалдын эмгеги зор. Мурат Алыбаев өмүр бою милициянын күзөт тармагында эмгектенип, ошол тармактан ардактуу эс алууга чыккан. Ошол эле маалда өзү иштеген Октябрь бөлүмүнүн Ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп шайланып, эс алууга чыктым деп жөн-жай жатып албастан, же бала-бакырасы менен гана алектенбестен, улуу муундун өкүлү катары жаш муундарга  тарбиялык маанидеги багыттуу билим берүү максатында «Улуттун уулу болгун» долбоорун демилге кылып көтөрүп, иштин жүрүшүндө фонддун жетекчиси Мелис Мураталиев менен биргеликте негизги жооперчиликти аркалады. Күзөт кызматында ар бир мүнөт эсептелүү болуп, убакыт абдан тартыш болгонуна карабастан, ушул долбоор үчүн сабактардын өтүлүшүнө бир саат убакытты бөлдүрүүдө жетекчилер менен макулдашып, аларды ынандырып, долбоордун өзөктүү максатын жеткирүүдө Мурат Алыбаев аксакалыбыздын орду өзгөчө баса белгилесе болот. Ал өзү  биринчи демөөрчү болуп, Таймаш баскычында жеңген топко, катышуучуларга, конокторго тапшырылуучу сыйлык-белектерди каржылап, ошондой эле башка мекенчил атуулдардын да көмөгүн алганга жетишти. Мурат аксакалыбыз бул иш аркылуу жаш муундарга карылык камкордугун көрсөтүп, ата-бабаларыбыздан бери келаткан салтты улап, мындан ары элдин жүгүн көтөрүп кетчү нуктун улантуучуларына, мураскорлоруна өз милдетин тапшырды.

Иштин жүрүшүнө, анын үзүрүнө жетекчинин жасаган мамилеси да оң-терс таасирин тийгизет эмеспи. Бул иште Октябрь аймактык күзөт бөлүмүнүн жетекчиси Мамырбек Дербишев агай “Улуттун уулу болгун” долбоорун чын жүрөгүнөн колдоп, баш-оту менен киришип, Мелис Мураталиевдин ар бир сабагына өзү да катышып жүрдү. Ар бир иш-аракетке абдан кылдаттык менен көңүл буруп, долбоордун аягына чейин билгилик менен иш алып барып, мекемеге гана эмес, мекендин өзүнө олуттуу кызмат кылган жетекчи экенин көрсөттү.

Долбоодун 4-декабрда өткөн  экинчи баскычы“Таймаш” баскычына 1-взводдон «Алга» тобу, 2-взводдон «Көчмөн» тобу, 4-взводдон «Шумкар тобу» жана ротадан «Ак келте» тобу чыгышты. Элдин тынчтыгына, коопсуздугуна кам көргөн жалаң жигиттерден куралган топтордун таймашы мекенчил духта, жана ары тамашалуу, ары кызыктуу болду. Албетте, биринчи жолу уюштурулган иш-чара болгондуктан, мүчүлүштүктөр байкалбай койгон жок. Маселен, кээ бир топтордун тапшырмаларга таптакыр даярдыксыз чыкканы билинсе, айрымдары өзүн сахнада алып жүрүү маданиятынын билбестигин көрсөтүштү.

Ар бир топ долбоордон алган билимдин негизинде өзүнө чыгарган жыйынтыгын жана элге үндөөсүн билдирген «Үндөө-чакырык» тапшырмасынан чындап кайсы топ кандай таасир алгандыгын көрсөттү. Төрт топтун ичинен «Алгыр» тобунан чыккан милициянын улук сержанты Кубанычбек Токторбек уулу  турган турушу, баскан жүрүшү менен кыска-нуска, жандүйнөдөн оргуп чыккан жалындуу сөздөрү аркылуу чыныгы үндөө чакырыктын даамын тартуулады.

Таймаштын жыйынтыгында «Ак келте» тобу – 22,4 упай, «Шумкар» тобу – 27 упай, «Көчмөн» тобу-29, 6 упай, «Алга» тобу-32, 3 упай топтошту. Ошентип, «Алга» тобу жеңишке ээ болуп, топтун ар бир мүчөсү телевизор менен сыйланды.

«Аргымак аттын мыктысы азыраак оттоп көп жуушайт, азамат эрдин мыктысы азыраак сүйлөп көп тыңшайт» демекчи, күзөт кызматында иштеген эр жигиттердин ичинде көрөңгөлүү, келечектен көптү үмүттөндүргөн чыныгы мырзаларыбыздын бар экенин көрүп, «Улуттун уулу болгун» долбоору мындан ары да алкагын кеңейтип, арышын тездетсе мамлекеттин, Ата Журтубуздун коопсуздугуна зор салым кошоруна көзүм жетти.

Элге бел болчу жигиттерибиз “Таймаш” баскычында кандай суроолорго жооп бергенин жана кандай негиздеги билимдин дарстарына катышкандарын гезит окурмандарына тааныштыруу максатында, “Топко суроо” бөлүмүндө берилген суроо-жооптордун айрымдарынан назарыңыздарга салалы. Эскерте кетчү нерсе, төрт топ тең дээрлик баардык суроолорго мыкты жооп беришти.

Суроо: Каганат деген сөз эмнени түшүндүрөт?

Жооп: Каганат – бул империя. Бир нече мамлекеттердин (хандыктардын) бирдигинен турган күчтүү мамлекет.

 

Суроо: Салт менен мыйзамдын окшоштугу жана айырмасы?

Жооп: Салт менен мыйзам экөө тең белгилүү бир эрежени, талапты аткартат. Айырмасы: салт – бул кылымдардан чогулуп келаткан, турмуш тажрыйбасынан иштелип чыккан жашоо мыйзамы, ал туруктуу. Ал эми мыйзам – адам тарабынан ойлонуп чыгарылган жашоо эрежелери, көбүн эсе туруксуз, убактылуу.

 

Суроо: Эн тамга деген эмне, кыргыздар эн тамганы эмнеге колдонгон?

Жооп: Эн тамга, азыркы тил менен айтканда, мамлекеттик белги (символ) катары пайдаланган. Ар бир уруунун эн-тамгасы асаба-туусунан баштап, мал-мүлкүнө, курал жарактарына, үй-эмеректерине, кийим-кечегине чейин басылган.

 

Суроо: Тил байлыгынын көрсөткүчү болуп эмне саналат?

Жооп: Тил байлыгынын көрсөткүчү – төл сөздөр. Төл сөздөр – бул эл өзү жараткан сөздөр, башка элдин тилинен алынган сөздөр эмес. Кайсы тилдин төл сөздөрү көп болсо, ошол тил бай деп эсептелет.

 

Суроо: Дүйнөлөшүүнүн терс жактарына туруштук берген элдер же мамлекеттер тууралуу мисал келтир.

Жооп: Мисалы, Японияда жарандык алыш үчүн 3 шартты аткарыш керек: 1. Япон тилин билүү, сынактан өтүү; 2. япон тарыхын, салтын билүү, сынактан өтүү; 3. япондун улуттук тамак-ашын билүү, жасай билүү, сынактан өтүү.

Венгрияда болсо мамлекеттик программанын негизинде баардык мектеп окуучулары жайында бир ай тоодо улуттук лагерде эс алышат, ал жерде алар көчмөн турмушу менен жакындан таанышышат: боз үйдө жашашат, ат минишет, уй саашат, кой кайтарышат ж.б.

 

Суроо: Дүйнөтаанымдын кандай түрлөрү бар жана кыргыздын дүйнөтаанымы кайсы түрүнө кирет?

Жооп: Дүйнөтаанымдын негизги 3 түрү бар: салттуу (эң байыркысы же башаттагы), диний (диндердин пайда болушу менен келип чыккан), илимий (илим-техниканын өнүгүшү менен жеткен дүйнөтааным). Кыргыздын дүйнөтаанымынын өзөгүндө салттуу дүйнөтааным орун алган, бирок калган түрлөрүн да кошо алып жүргөн элбиз.

 

Суроо: «Кул» деген түшүнүк кыргыздын дүйнөтаанымында жана батыш элдеринин дүйнөтаанымында кандай чечмеленет?

Жооп: Батыш элдеринде байлык-мүлкү жок, өз эркинен ажыраган, бирөөгө көз каранды болгон адамды «кул» деп аташат. Кыргыздар «жети атасын билбеген – жетесиз кул» деп, өзүнүн тегин билбеген, элине, жерине кызмат кылбаган, жеке керт башын, кара курсагын ойлогон адамды айтышат.

 

Суроо: Суунун кайсы касиеттерин кыргыз эли илгертен таанып, колдонуп келген?

Жооп: Суунун тазалоочу касиетин өзгөчө колдонушкан: аккан сууну бойлоп басуу, сууну баштан тегеретүү, суу менен учуктоо, сууга дем салуу ж.б.

IMG_3651 IMG_3652

 

Мундуз АСАНАЛИЕВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *