“Бош кетпей, ала кет, арзан жана аман жет”

10702193_972040022824170_5031722115520615097_nЖаштардан жаңы долбоор

Кыштын кычыраган мезгили башталды. Эртең мененкисин да, түштө да, кечкисин да Бишкек ичинде дароо унаага түшүп кетүү оңой эмес. Үшүгөн мектеп окуучусуна да, кары-жашына да аялдама көпкө чейин унаа күтүп калууга туура келүүдө.

Күткөн маршруттук таксиңе же автобусуңа батып кетсең да жакшы, болбосо, кайра кийинкисин күтүп, сабакка же ишиңе кечигип, суукта убара чегип, кыжалаттанып, жол тиктеп жалдыраган боюнча күнөөнү кимге коёруңду билбей тура бересиң.

Көрсө, мындай жагдайды да жеңилдетсе болот экен!

“Акыл жаштан чыгат, асыл таштан чыгат”, “Акылдуу тоону томкорот, акылсыз элди омкорот” дегендей, жалаң жаштардан куралган “Көчмөн” аттуу коомдук фонддун мүчөлөрү борборубуздун тургундарынын жолдогу оор абалын жеңилдетүү максатында социалдык жаңы долбоорду жаратышып, “омкорулган элге” “тоо томкоргудай” эле ишти баштоого бел байлашты.

Долбоордун аталышы: “Бош кетпей, ала кет”.

Максаты –  кыштын суугунда жөө жүргөн адамдарга маршруттук такси, троллейбус, автобус күттүртпөй аларга кам көрүүгө жана айдоочулардын кирешесин да арттырууга багытталган.

Жолоочу жолдо калбасын, айдоочу акчасыз калбасын деп, жолу бир тарапка кетчү тигиниси менен мунусун бириктирип, капчыгындагы тыйыны көчөдөгү таксилердин баасына тең келе албаган, шашылышта айла таппаган адамдарга “Көчмөн” фонду жакшы шарт түзүүдө.

Айдоочулар менен жолоочулардын бири-бирин “таанып алуу” шарты болсо төмөнкүдөй:

Бул долбоорго кызыккан, макул болгон айдоочулар машинесинин маңдайкы айнегине коомдук фонд иштеп чыккан атайы сары кагазды чаптап алышат. Ал чаптама сары кагазда: “Бош кетпей, ала кет, арзан жана аман жет” деген сөздөр жазылган. Сары кагазды алыстан байкаган жолоочу чоң бармагын өйдө каратып колун көтөрүп, өзү тарапка барчу машинени тосот. “Өз кишисин” байкаган айдоочу албетте мындай учурда дароо токтоп берет.

“Чакан шаарыбызда бири-бирибизге жардам берип, 20-30 сомдон ашпаган жол кире менен бири-бирибиздин көңүлүбүздү жылытып, бир тарапка бараткан адамдар бир жолду чогуу карытканды, жакшылык тартуулаганды үйрөнөлү” дешет долбоордун мүчөлөрү.

Шаардыктардын көңүлүнө төп келчү мындай долбоорду ойлоп тапкан жаштар – “Көчмөн” коомдук фонду жаңыдан түптөлүп, ушул жылдын ноябрь айында ырасмий каттоодон өттү. Азыркы тапта фонддун жыйырмадай мүчөсү бар. Алар – жогорку окуу жайларынын студенттери.

Пикирлеш, тилектеш жаш улан-кыздардын коомго пайда алып келели деген жана жагымдуу, пайдалуу маанай тартуулаган иш-чараларды, долбоорлорду өткөрүүгө болгон ынтызарлыктары ушул уюмду түзүүгө, биргелешип иш алып барууга түрткү болду.

Бүгүнкү күнгө карата фонддун эсебинде чакан коомдук иш-чаралар бар. Тактай кетсек, “Битик. Кыргыз жазуусу” (Орхон-Энисей рун тамгалары – чын аталышы “Битик”) деген аталышта үч күндүк бекер окутумдары бекер окутулууда жана студенттер күнүнө карата кыргыз шоу-бизнесинин жылдыздарынын катышуусунда борбордук аянтта этно-концерт өткөрүлдү. Бирок, оюн-зоок, концерттер майрамдарга карата гана өткөрүлчү иш-чаралар болмокчу.

Ал эми негизги максаттарыбыз деп, “Көчмөн” коомдук фонду улуттук баалуулуктарды сактоо, жайылтуу, заманбап тенденцияларды эске алып коомдун турмушун жеңилдетүүгө жана жалпы кыргыз элинин кызыкчылыктарын коргоого багытталган иштерди алып барууну атайт.

Маселен, кыргыз тарыхына жана маданиятына үгүттөө максатында үч аптадан бери байыркы кыргыз жазмасы боюнча окутуулардыөткөрүп жатышат. Тренинг баардык каалоочулар үчүн акысыз жүрүүдө.

Мындан тышкары, фонд жүзөгө ашырчу иштердин арасында туризмди өнүктүрүүгө, органикалык таза айыл чарба продукциясын өндүрүүгө, Кыргызстандын маалыматтык мейкиндигин жакшыртууга багытталган жана башка да тармактарды камтыган долбоорлор бар.

“Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам” демекчи, коомдун жашоо-турмушун жеңилдетүү чакан иш-чаралардан, ар бир атуулдун көзгө илинбес салымынан куралат. Ал эми элине камкордук жараткан жаштардын жогорудагы иштеринин артында тоодой болгон мекенчил дымак, журт керегине жарасак деген зоодой кубат, кажыбас кайрат көрүнүп турат.

“Алдыңкы көч кайда барса, кийинки көч да ошол жакка барат” дегендей, бирдиктүү жаштардын “Көчмөн” коомдук фонду көчүнөн адашпай улуу көчкө айланып, иштери үзүрлүү уланып, өздөрүнөн кийинки өспүрүмдөрдү, жеткинчектерди артынан улап, мекенчилдердин катарын мекенди өзгөртүүгө, өстүрүүгө жана өркүндөтүүгө салымын кошо берүүгө тилектешбиз.

Кубатбек ОСМОНОВ

One thought on ““Бош кетпей, ала кет, арзан жана аман жет”

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *