Мезгил күткөн Сүймөнкул

chokmorov8

“Роза гүлүнүн тикенектүү ичке талын сүрөттөп жатып, адамдын бүтүндөй өмүрүн айтып койсо болот”.

Чыңгыз Айтматов

Сүйөркул экөөбүз көп жыл кошуна жашадык. Иниси Сүймөнкул келип калганда учурашып, баарлашкан учурлардын биринде: “Тестиер бала кезим. Айылдын четиндеги тектир талаада жападан жалгыз бир түп өрүктүн жазында аппак болуп гүл ачканын карап эле тургум келчү. Бир күнү ошол жер айдала баштап, трактор менен челип өтүп, тамырынан бери жулунуп, гүлү жер бетине чачырап калган абалына жаным кейип эңшерилгеним эсимен кетпейт” деп сөз арасында айтканы бар.

Улуу таланттардын табияты ушундай окшобойбу.
Жакында Чоң-Таш айылында Сүймөнкул Чокморовдун 75 жылдык эскерүү аземи өткөнүн коомчулук билет. Эл-журт топтогон каражат менен таштан чегилип тургузулган эстелигинин ошондогу ачылышында куран окулуп, Сүймөнкулдагы адамдык асылдык, улуу жөнөкөйлүк, “өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” дегендей элине, жалпы эле адамзат дүйнөсүнө жасаган эмгеги айтылып атты.

Чыңгыз Айтматов жана Сүймөнкул Чокморов – эриш-аркак эки дүйнө. Бул эки таланттын жан биргелик жакындыгы бекеринен эмес, табигый.

“Сүймөнкулду мезгилдин өзү күтүп жаткан” (Чыңгыз Айтматов). Ал кез эмне деген мезгил эле? Мезгилдин өзү кандайча жаралат? Албетте, ири алдыда мамлекеттик, коомдук жагдай. Ал кез азыркыдай бийлик, мансап, байлык башыбызгы чыккандай заман эмес, интеллигенция чөйрөсүндө интеллектуалдык изденүүчүлүктүн деми басымдуулук кылып турган учур эле. Мамлекеттик деңгээлде ошого шарт түзүлгөн. Зарыл болгон учурлардын бардыгында тийешелүү идеологиялык кеп-кеңеш жыйындар өткөрүлүп, маселеге маани берилип, багыт берилип турчу.

Чыңгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Салижан Жигитов сындуу чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү – ошол кездеги мезгилдин өзүнөн өсүп чыккан эл сыймыгы.

Азыр маселе эмнеде турат?

“Эгемен болдук деп делбе ээленбей, ириде рухтун өзүн эркиндикке алып чыгууда турат. Эл, коом, менчик, байлык жана башка түшүнүктөрдү өз кыртышыңдан серпип, кайра маңыздап чыгышта турат маселе” (Чыңгыз Айтматов атындагы Коомдук академиянын академиги Чоюн Өмүралиев).

Биздеги азыркы системанын өзүндө руханий негиздүүлүк жок. Турмуштун өзү жеке кызыкчылык, айла-амалкөйлүктөрдүн туткунунда. Мындай шартта мезгилдин өзү дүнүйөкөрлүк табышкерликти талап кылып калаарын бүгүнкү реалдуулуктар ырастоодо.

Кенжалы Сарымсаков

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *