Nov 26

Жакында – “Боз жол” көргөзмөсү

8-Тупкулук 20Канда сакталган касиеттүү узчулук өнөр демин ойготуп, ага аталардын керээзи айкалышып, абалкыны азыркыга жандантууга бел байлаган «Саймалуу Таш» (Ош шаары) галереясынын негиздөөчүлөрү, сүрөтчүлөр Арстанбек Мырзаев менен Гулжан Ирештин чыгармачылыгына арналган «Боз жол» көргөзмөсү кайра жанданууну күчөтөөрү бышык.

Толугу менен

Nov 26

КЫРГЫЗДЫН БАКТЫСЫНА ЖАРАЛГАН НУКУРА ТАЛАНТ

listing_original_14156808017162399346

Таштан МАМБЕТАЛИЕВ, улуттук коопсуздук кызматынын жана финансы полициясынын запастагы полковниги    

Кыргызды дүйнөлүк коомчулукка тааныткан, элибиздин сүймөнчүгүнө айланган, жалпы кыргыз улутунун сыймыгы Сүймөнкул Чокморов тууралуу айтылып, жазылып, тартылса дагы, анын тагдыры, өмүрү, эмгектери ар түрдүү себептер менен жогорку деңгээлде изилденбей, туура маалыматтар элибиздин калың катмарына жеткирилбей келет.

Мен бүгүнкү макаламда Сүймөнкул Чокморовдун тегин, тагдырын, эмгектерин учкай изилдеп, ал тууралуу айрым эскерүүлөрдү, фактыларды ар кандай булактардан алып кыска түрүндө берип, муну менен окурмандардын көңүлүн бурууну туура көрдүм.

Толугу менен

Nov 26

Мезгил күткөн Сүймөнкул

chokmorov8

“Роза гүлүнүн тикенектүү ичке талын сүрөттөп жатып, адамдын бүтүндөй өмүрүн айтып койсо болот”.

Чыңгыз Айтматов

Сүйөркул экөөбүз көп жыл кошуна жашадык. Иниси Сүймөнкул келип калганда учурашып, баарлашкан учурлардын биринде: “Тестиер бала кезим. Айылдын четиндеги тектир талаада жападан жалгыз бир түп өрүктүн жазында аппак болуп гүл ачканын карап эле тургум келчү. Бир күнү ошол жер айдала баштап, трактор менен челип өтүп, тамырынан бери жулунуп, гүлү жер бетине чачырап калган абалына жаным кейип эңшерилгеним эсимен кетпейт” деп сөз арасында айтканы бар.

Толугу менен

Nov 26

Улутчул платформа: Кыргызстан кандай болуш керек?

71F3CD2B-B6A5-4973-94F4-9853874A893F_w640_r1_cx0_cy40_cw0_sБул платформа 2010-жылы улутчул позицияны карманган атуулдар тарабынан иштелип чыгып, ошол кезден бери ар кайсы идеологиялык талкууларда жарандарга сунушталып келатат. Андан бери эч кандай өзгөрүүгө дуушар болгон жок. Платформанын азыркы тапта эч кайсы партияга же уюмга тиешеси жок. Ага өзгөртүү, алымча-кошумча киргизилбейт, колдогусу келгендер ушул турган турпатында колдошу зарыл. Интернетте жакындан бери жарыя болуп келаткан бул платформаны азыркы учурда 77 киши колдоп, тизме күндөн-күнгө уланууда.  Платформада айтылгандарды туура көрүп, толугу менен колдогондор интернеттеги https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=306871066162509&id=100005188544374 дарегине кирип, аты-жөнүн, жашаган жерин ачык жазып, кошула берсе болот. Улутчул платформанын авторлору бул идеялардын келечеги кең экендигине ишенет. Толугу менен