“Кыргыз таануу” долбоору

IMG_4129Жашоонун негизин таанытып, адамга туура, бийик багытты көрсөтүп тууралыкка үндөгөн “Бакдөөлөт” коомунун “Кыргыз таануу” долбоорунун экинчи айлампасынын жыйынтыктоочу “Таймаш баскычы” 2014-жылдын 26-сентябрында КТРКда болуп өттү.

Долбоорго Бишкек шаарынын төрт районунун 17 мектеби катышып, 9-10-класстардын окуучуларына багытталган эле. “Жалпы билим алуу” деп саналган биринчи баскычта жүз жетимиштей (башында 170-180 бала катышып, 4 ай билим алгандан кийин 78 баладан 28 – ар бир райондон 7 бала тандалып алынды) бала катышып, алардын ичинен 28 мыктысы экинчи баскычка, башкача айтканда “Ала-Арча” капчыгайындагы беш күндүк “Көрсөтмө билим баскычына” тандалып өтүшкөн. 26-сентябрдагы үчүнчү – “Таймаш баскычта” балдар “Бакдөөлөт” фондунун мугалимдеринен үйрөнгөн билимдерин – кыргыз салттуулугун, мекенчилдик милдетин, мурасталып келаткан сөз берметтерин жана башканы өз түшүнүктөрү аркылуу ачып берүүгө аракеттеништи.

Бул баскычта окуучулар боз үйдүн жабдылышын, ар бир буюм-тайымынын аталыштарын, өзгөчөлүктөрүн, эмне кызмат аткараарын билип, боз үй тигүү, боз үйдү чечүү жана жыйноо эрежелерин толугу менен үйрөнүп, өздөштүрүп, пайдалуу тажрыйба топтошту.

“Кыргыз таануунун” былтыркы биринчи айлампасында жигиттер кой союп устукандоону үйрөнүшсө, быйылкы экинчи айлампасындагы жигиттер жылкыны союп эт бузганды үйрөнүп, устукандардын улуу-кичүүсүн, аталышын  таанып-билип, казанга салып асууну, меймандарга кандай тартип менен устукан тартууну, чучук жасоону, беш бармак даярдоону өздөштүрүштү. Ал эми ат минүү ыкмаларын өздөштүрүү, тыйын эңмей жана ат үстүнөн жаа атуу  Ала-Арчадагы көрсөтмө билим баскычынын көркүн ачты. Кыздар болсо улуттук даамдар боюнча сынактардан өтүү үчүн куурдак, куурума чай, каймактан чалган май, сары май жасоону үйрөнүштү.

Окурмандарыбызга баса белгилеп айтып кетчү нерсе – ар бир жуманын бейшемби жана жекшемби күндөрү теледен кетип жаткан мектеп окуучуларынын сынагы 2-октябрда КТРКнын “Келечек” студиясы тарабынан башталып, бул көрсөтүү ноябрдын биринчи жумасына чейин болмокчу.

Эки жылдан бери болуп келаткан бул долбоорго жаштардын мекенчил сезимдерин баалаган атуулдарыбыз демөөрчүлүк кылып, алар КТРКдагы үчүнчү баскычка да өздөрүнүн белектерин ала келип, өз колдору менен тапшырышты. Биз жаштардын жакшы иштерине кайдыгер карабаган бул инсандарга жолугуп, долбоорго демөөрчү болууларынын негизги себебин жана долбоор боюнча ойлорун уктук.

Сакен АБДЫКАДЫРОВА, ардагер, баатыр эне:

– “Кыргыз таануу” долбооруна катышып жаткан балдар азыркы алган билимдерин мындан ары да тереңдетип, өздөрүнүн тамырын тереңден таанышса, салтты кармашса, башка жаштарга да үйрөнгөнүн жайылтса дейм. Жасалып жаткан иш кимди болсо да кубандырбай койбойт деп ойлойм. Мындай билим долбоорлору болуп туруш керек жана ал мамлекеттик деңгээлде колдоого алынса, жаштарыбыз күчтөнсө деп тилейм.

Шаршен КАСЕНОВ, КРнын олимпиадачылар ассоциациясынын президенти, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу:

– Былтыр мен бул ишти телевизордон көрүп, “Бакдөөлөт” фондунун жетекчиси Мелис Мураталиевдин өзүнөн да ушундай билим берилип жатканын уккам. Анан бул ишке бир аз болсо жардам берели дедик. Себеби, азыркы балдар гана эмес, улуу муундагылар деле көп билбей калды  кыргыздын салтын, боз үй кандай тигилээрин, жасалгасын, конок күтүү, мал союу, устукан тартуу сыяктууларды. Ушул балдар алган абдан кызыктуу, пайдалуу билим башкаларга таасир берет жана бул билим тарайт деп ойлойм. Окуучулар телестудиядан айтып жаткан азыркы ырыс, ырыскы, дөөлөт, кут деген сөздөрдүн өзөгүн жаштар эле эмес, улуулардын көбү деле билишпейт да. Биз мындай иштерге колдоо көрсөтүп келебиз жана колдой беребиз. Уюштуруучуларга, мугалимдерге, жаштарга – баарына үзүрлүү ийгилик каалайм.

Жаныбек ЖАНУЗАКОВ, архитектор, жеке ишкер:

– Сөздүн терең маанисин, өзөгүн таанып айта албаган бизге окшогон улуу муундун айрым өкүлдөрүнүн көзүн ачкан азыркы долбоордун окуучуларынын билимине абдан сүйүнүп жатам. Буюрса, Кыргызстандын келечеги кең болоруна жана кыргыздын ким экендигин дүйнөгө тааныта турган бул уул-кыздарыбыздан  чыныгы мекенчил кыргыздар чыгаарына бекем ишенем. Мекенибизди коргоону, өстүрүүнү, жакшыртууну ар бир атуулдун жүрөгүнө ушул балдар жеткире берүүсүн каалайм жана долбоордун жетекчилерине терең ыраазычылык билдирем.

Мэлис БЕЛЕКОВ, ИИМдин МАККББнын бөлүм башчысы:                                                       

– Мындай долбоор бизге, ички иштер министрлигинин күзөт кызмат башкармалыгына да жагып, 2011-жылдан бери бул билимди алуудабыз. Себеби, биздин кызматта жүргөн балдар өзүбүздүн салтыбызды билбей же туура эмес колдонгон жагдайлар жолугуп калууда. Долбоордун ишин биз толугу менен колдойбуз, ошондуктан демөөрчүлүк  жардамдарыбызды берип келебиз. Келечекте бул жаштар элибиздин өсүп өнүгүүсүнө салымын кошоруна бекем ишенимибиз бар.  

Болот ЖУНУСОВ, “Илбирс” ААКнын соода тармагы боюнча комм.директорунун орун басары:

– Жаңыдан телчигип келаткан бул долбоорду мындан ары улантуу улуу муундун милдети деп эсептейм жана ушуга басым койгум келет. Жаштар болсо алган билимдерин андан ары улантып, өздөрүнөн кичүүсүнө да, улуусуна да үйрөтө бериш керек. Мына ошондо бул долбоор жашап кетет. А бул нерсе бизге сөзсүз зарыл нерсе. Себеби, кыргыз эли чакан элбиз, дүйнөдө көп элдер тилин, салтын жоготуп жатат. Ошол өзүбүздүн тилди, салтты жоготпош үчүн жаштар бул билимди улантууну колго алышсын деп тилейм.

Бүбүра БЕКТЕНОВА, Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Наргиз” ишканасынын жетекчиси:

– Азыркы ааламдашуу убагында кыргыз өзүнүн түпкү нугун, сырдуу, улуу жолун, касиетин унутуп бараткан доордо жашап жатабыз. Экономикалык прогресстен мурун, эң биринчи руханий байлыкты топтоо зарыл эмеспи. Рух дүйнөсү болбосо, эл өзүнүн өзөгүнө кайтпаса – элдин улут катары жогорулоосу, өсүүсү кыйын. Жаштарды мекенчилдикке, мамлекетин көтөрүүгө ушул долбоордун берген билими жардам берет деп ишенем. Кыргыздын уучу куру болбогондугу мына азыркы жаштардан билинип отурат. Кээ бирөөсү мекенчил ырларды айтып жатып ыйлап жиберип да жатышат. Бул көрүнүш – түпкүлүктөн, ата-бабалардан келаткан кандын козголгонун, бийик, бай сезимибиздин жашап келатканын айгинелеп турат. Демек, бул балдар жөн эле кыргызды таануу билимин гана албастан, өздөрүндөгү ички дүйнөнү да өстүрүп, ата-баба алдындагы урпактардын милдети деген нерсени да тааныды десек болот. Аларды карап туруп, ар ишти аягына чыгара турган, элим-жерим деп кызмат кыла турганын балдар экендиктерине ишенип кубандым.

Кумарбек АЙДАРАЛИЕВ, жеке ишкер:

– Биздин көчмөндөрдүн ойлору таза, жандуу болуп, табиятка сый мамиле кылып, салты баалуу болгон. Мисалы, жазында жаздоодо, жайкысын жайлоодо, кышында кыштоодо болуп, табияттын гана шартында жашап келишкен, жерди такырланткан эмес, артынан таштанды калтырган эмес. Адамдын ою, аң-сезими табиятка жараша шайкеш иштегенде – жаратылыш да өзүнүн берекесин ошого жараша жооп берип берип турат. Мына ушул нерсе биздин ата-бабаларыбыздын жашоо-турмушунда мыйзам катары иштеп келген. Адам менен табият жуурулушуп, бирин-бири угуп, бирин-бири сүйүп турган. Жайы жайдай, кыш кыштай болгон. Азыркы жашообузга эң зарыл болуп турган ушул табият маселесин жана ата-тектин тарыхын, сөзүнүн тереңдигин, улуу мурастарын  таанып, ошол чоң билимди алууга умтулуп жатышкан балдарга ыраазы болуп, мындай жакшы ишке демөөрчү болдум жана буга өзүм да сыймыктанам.

Кадыржан РАЙЫМБЕКОВ, “Агар-Тазар” ЖЧКсынын жетекчиси:

– “Кыргыз таануу” долбоору алгач башталгандан бери, кандай кылса болот, кантип өткөзсөк болот деген негизги өзөгүн түзүү талкуу-жыйындарынан тарта мен бул ишке аралашып жүрөм. Жаштар кыргыз таанууну үйрөнө баштаганда алардын кабыл алуулары кандай болору мага кызык болгон. Бара-бара, долбоор жүрүп жаткан убактарда, мектеп окуучуларынын бул билимге карата көз караштары, кызыгуулары күчтүү экенин байкадым. Анан бул долбоордо “Бакдөөлөт” фондун өтө көп түйшөлтүп кыйнаганы акча каражаты болду. Канча каражат эмнеге жумшалаары иш түзүмдө даана көрсөтүлгөндүктөн, мен дагы колумдан келген материалдык каражатты балдардын келечеги үчүн деп былтыркы айлампада да, быйылкы айлампада да көрсөттүм.

Балдардын өзгөрүүсүн, үйрөнөйүн деген аракеттерин долбоордун жетекчилери да, мугалимдери да, демөөрчүлөр да байкап келатат. Муну эмнеден байкадык – алардын жан дили менен берилген мамилесинен, атаандашуу топтордун арасында таймаш оюнунда гана жүрүп, жашоосунда бул балдар чыныгы тилектеш достукка жеткенинен, ой-пикир, көз-караштарынын биз көздөгөн нук боюнча кетип жатканынан. Мен бул балдардын мындан ары да өз эли үчүн кызмат кыла турган билим-окууларга тереңдей берүүлөрүнө тилектешмин. 

IMG_4572IMG_4711Долбоордун 26-сентябрдагы КТРКдагы “Таймаш баскычына” төрт топтун ар бири  7 окуучудан туруп, жыйынтыгы төмөнкүчө болду:

1-орун: Ленин районунун «Дилгир» курама тобу. Белеги – ар бир катышуучуга бирден ноут-бук.

2-орун: 1-май районунун «Жетиген» курама тобу. Белеги – манасчы Шаабай Азиз уулунун варианты боюнча “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин жаӊы академиялык басылышы ар бир катышуучуга.

3-орун: Октябрь районунун «Көк-Жал» курама тобу. Белеги – 2 томдон турган “Манас” энциклопедиясы ар бир катышуучуга.

4-орун: Свердлов районунун «Алгыр» курама тобу. Белеги – Жусуп Мамайдын вариантындагы “Семетейдин” 3 тому ар бир катышуучуга.

Биз иш-чаранын соңунда ар бир топтун бирден өкүлүнө суроо узатып, алардын “Кыргыз таануу” долбоорунан үйрөнгөн билимдери кандай таасир калтырганына кызыктык.

 

Жибек ЭСЕНАКУНОВА, “Жетиген” тобунан, №69 гимназиянын 11-“В” классы:

 – Билимди алгандан бери, биз өз улутубуздун баалуулуктарынын баркын, баасын билбегендигибизди түшүндүм. Кыргыз элинин тарыхында башка элдер жетпеген бийиктиктер бар экенин, өзгөчө ал руханий байлык экенин билдим. Мурда мен “мектептин аяктагандан кийин жогорку окуу жайдан билим алып, андан соң кирешелүү жерде иштесем” дечүмүн. Азыр болсо ойлорума өзгөрүү кирип, кыргызга кызмат кылышым керек деп калдым. Дагы айтаарым, “Кыргыз таануудан” биз үйрөнгөн нерсени улуу муун деле билбейт экен. Бул билимди баардык кыргыздар тереңинен таанып, чыныгы кыргыз болушса деген тилегим бар.

 

Адил ТӨЛӨГӨНОВ, “Дилгир” тобунан, №72 гимназиянын 11-“А” классы:

 – Бул долбоорго катышкан балдардын баарынын ой-толгоосу өзгөрдү деп түз эле айтса болот. Өзүм кыргызды таанытуучу билимди ала баштаганымдан тартып, көкүрөгүмдө “кыргыз” деген жалын пайда болду.  Бул жалынды мен башкалардын көкүрөгүнө да тутанта алам деп ишенем. Бир ойчулдун сөзү бар: “Тоону жылдырам деген адам эң алгач кичинекей ташты жылдырганы оң” деген. Мен да эң кичинеден баштап, алган билимимди ата-энеме, досторума айта баштадым. Мындан сырткары, балдарды топтоп алып, аларга ушул боюнча сабак берүүдөбүз. Элибизден жок дегенде беш пайыз мекенчилдер чыкса эле күчтүү мамлекет болуп кетет элек.

 

Гүлназ ТУРГАНАЛИЕВА, “Көк-Жал” тобунан, №76 мектеп-лицейинин 10-“Б” классы:

 – Мен кичинемден эле сезимталмын десем болот. Себеби, кыргыз десе эле жүрөгүм башкача кагып, толкундап кетем. “Кыргыз” деген кандай болду экен деп ойлочумун. Биздин үйдө салтты кармайбыз, бирок тереңин жакшы түшүнбөйбүз. Мисалы, ооруканадан чыкканда, же алыстан келгенде, чыныга суу куюп аны адамдын башынан тегеретип төгөбүз. Бирок мааниси эмнеде экенин билбечүбүз.  Бул долбоордун сабактарынан сөздөрдүн, салттын, ырым-жырымдын терең маанисин түшүнүп, тамырды тааныдым. Үйдөгүлөр менин өзгөрүүмдү көрүшүп, туура билим алып жатасың деп кубанышууда.

 

Тилек САТЫБАЛДИЕВ, “Алгыр” тобунан, №87 мектептин 10-“А” классы:

– Бул долбоордон мен терең билим алдым жана аны мындан ары да сөзсүз улантам деген бекем ойдомун. Мени катуу таасирленткен нерсе – биздин ата-тегибиз адам менен жаратылыш, адам менен адам ортосундагы мамилелерде жашоо мыйзамын катуу кармашыптыр. Бул нерсе кыргыз салтынын ичинде сакталган экен. Бирок азыркы учурда ошол жашоо мыйзамы унуткарылып бараткандыктан, “Кыргыз таануу” долбоору бизге  абдан керектүү билимди, ата-бабалардын мурасын үйрөтүп жатат.  

Гүлбара ТОКТОГАЗИЕВА

IMG_4268

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *