Карапайым, чынчыл, таза адам Абсамат Масалиев

4-Масалиев А

Өлкөнү башкарууга оор мезгилде келди 

1985-жылы Кыргызстан КП БКнын башчылыгына Абсамат Масалиев келди. Ачык айтчу нерсе, Масалиевге алгач кыйын эле болду.

Биринчи кыйынчылык, бу киши Турдакун Усубалиевге салыштырылып калды. Кезегинде Исхак Раззаков кеткенде да Усубалиевди ага салыштырып, Раззаковдун чечендик жагын көп айтчубуз. Чындыгында Кыргызстанды 25 жыл башкарган кишиден кийин келип иштеш Масалиев үчүн оор болду. Анын үстүнө Масалиевдин өзү да Усубалиев өстүргөн кадр эле да. Экинчи жагынан Масалиев «Перестройкага» туш келип калды. Усубалиевдин тушундагыдай баары калыпка салынган жагдай эмес, коом олку-солку болуп турган Горбачёвдун мезгилине  туура келди. Партияга да чабуул башталып калган. Ушунун баары эки доордун кырында кызматка келген Масалиевди кыйлага чайналтты. Бир чети ички дүйнөсү коммунисттик, өзү таза адамга бул кырдаал оңой болгон жок. Бирок, Масалиев Компартияга  берилгенинен, өз принцибинен өмүрү өткөнчө тайбады. Кийин заман тетири кеткенде да айрымдарча партбилетин өткөрбөдү. Тескерисинче, Кыргызстан Компартиясын көзү өткөнчө жетектеди.

Абсамат Масалиев абдан карапайым жана аябай сылык адам болгон. Бой көтөргөндүк, бийлигине таянган кур сөөлөт бу кишиге жат эле. Сүйлөшө келгенде адамды өзүнө тартып турган табигый мээрими да бар болчу. Сөзсүз – күнү-түнү иштеген эмгекчилдигин айтпай коё албайбыз. Анын муундарга сабак болор эң башкы артыкчылыгы –  таза адам эле. Кыргыздын кыйын кыраандарынын бири болчу. Ошол тазалыгын билгендиктен, эч ким ага кошоматка кой союп бара алчу эмес.

Ушуерден айта кетейин, 90-жылга чейин эле Коммунисттик партия ичинен ирий баштаган. Ириткен – Горбачёвдун саясаты болду. КПССтин башкаруу партиясы деген макамын алып ташташты. Сөөгүнө чейин коммунист Масалиевге ушунун баары оор эле тийсе керек. Ал ошондой учурда иштөөгө аргасыз болду. Партия жаман же жакшы деп ачык айталбады. Ал эми Орусияда партбилетин биринчи ыргыткан Ельцин болсо, Кыргызстанда 90-жылдарда бийликке келип калган Акаев биринчи болду. Артынан Чынгышев, Шеримкулов кетти. Ошентип пачкалап ыргытмай мода боло баштады. Партбилет ыргытмай башталганда мага да келишкен. Акаев да кыйыткан. Мен а кезде Жогорку Кеңештин депутаты элем. Ошондо айткамын: «Мен 23 жашымда Коммунисттик партияга өткөмүн. Мени агартып-көгөрткөн ушул партия. Ыргытмак турсун, бул билетимди бапестеп сактап коёмун. Экинчиден, мындан кийин башка партияга кирбеймин» дедим. Ошол сөзүмө турдум. Күнү бүгүн саясый партиялар көп кайрылышат. Бирине да кирбедим. Партбилетим күнү бүгүн сакталуу. Муну мен Масалиев кабылган ошол мезгилдеги көрүнүштөрдөн улам айтып жатам.

 

Жакындан таанышуу

Абсамат Масалиевдин мезгилинде Усубалиевдин «куйругу» катары куугунтукка кабылган күндөрүм да болгон. Аны төмөндө кеңири айтамын. Бирок, Масалиев ошол учурдагы саясый шарттарга ылайык мени түздөн-түз коргой албаса да, кийин кызматка чакырып, көтөрмөлөгөнүн айтып коюшум керек. Көзү өткөнчө ал киши менен сый мамиледе жүрдүк. Азыр эстесем Масалиевди 1972-жылдан бери, тагыраагы ал киши Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин төрагасы болуп тургандан бери билет экемин. Мен ал кезде Сокулук райкомунун биринчи катчысы, БКнын мүчөсү болчумун. Масалиев менен партиянын пленумдарында жолугушуп калчубуз. Ошондо таанышканбыз. Биринчи көргөндө эле абдан жөнөкөйлүгүн, сыпаа адам экенин байкагамын. Кийин Масалиев Кыргызстан Компартиясынын өнөр-жайын тейлеген катчысы болуп калды. Бул кызматка оңой менен кыргыздардан коюшчу эмес. Баары эле сырттан келчү.

Сокулук району республикада айыл-чарбасын айтпаганда да өнөр-жайы өнүккөн ири район болчу. Бизде түздөн-түз Москвага баш ийген«Торгмаш» деген чоң завод бар эле. 1700 киши иштечү. Бул заводдон деңиздин астында жана үстүндө жүрүүчү кемелердин ашканасы үчүн таптаза болоттон казандар жасалчу. Чыныгы болоттун кандай болорун жана анынкантип курчуганын мен ошол жерден көргөмүн. Бул Завод Москвага баш ийгени менен партиялык жактан бизге карачу. Экинчиси, «Ново-Троицк» кант заводу. Мындан тышкары Сокулукта республикалык деңгээлдеги2ПМК(курулуш бирикмелери) жана транспорттук ишканалар бар эле. Бирок, булар Сокулукта 15 пайыз эле иш аткарбаса, бүтүндөй республиканы тейлеп турушчу.

1975-жылы, күздүн сентябрь айынын бир күнүндө БКнын катчысы Абсамат Масалиев өзү чалып, сылык учурашып,«ушул эки заводду, курулуш, транспорт  уюмдарын көрүп келейин дедим эле» деп калды. Келиңиз дедим. Эртеси тосуп алдым. Анан Масалиев айтып калды: “Мен эми «Ново-Троицк» кант заводун көрбөй эле коёюн, айыл-чарбасын өзүңүз менден жакшы билесиз, андан көрө «Торгмаш» заводун кеңири көрүп чыгалы», – деп. Ошого токтолуп заводго бардык. Абсамат Масалиевдин өнөр-жайды чемичкедей чагаарын ошоерден көрүп таң калгам. Мен эмес директору баш болуп, андагы адистер оозун ачып калды. Мындай ири ишкананын технологиясын так айтып, анын келечегин таамай аныктаганы менин да көзүмдү ачып койду. Мурда барганымда планыңар кантип атат, жумушчулар айлык акы алып атабы, шарттары кандай, бизден эмне жардам керек деп эле жөнөп кетчүмүн. Ошол Масалиев келип кеткенден кийин алар менен иштешүү мага да жеңил болуп калган. (Кийин сураштырып билсем, Масалиев Москвадан тоо-инженерлик институтун 1956-жылы бүтүрүп келген, өнөр-жайын ийне-жибине чейин билген адис турбайбы). Андан чыгып дагы бир ПМКны көргөнчө убакыт да бир топ болуп калыптыр. Чарчап деле калганбыз. Анан мен айттым: «Атайы деле даярдана албай калдык, ушу жердеги ашканадан болсо да чай ичип кетиңиз» деп. «Мейли, мага боло берет. Биз деле жөнөкөй адамдардан чыкканбыз» деп макул болду.

ПМКнын ашканасына кире калып эле курулушчулар ичкен тамактан биринчи-экинчиси менен алдырып, жашылча жана жер-жемиш, анча-мынча ичкилик койдуруп, эки сааттай отуруп калдык. Абсамат Масалиев: «Менин сизге симпатиям бар, ири районго  жетекчилик кылып жатасыз, ишиңер жаман эмес. Сиз жөнүндө жакшы пикирлерди көп угамын, мындан ары кызматташ болуп жүрөлү» деди. «Рахмат» деп кубанып калдым. Жылдызыбыз келише түштүбү, ошондо Масалиев эмнегедир  чечиле сүйлөп отурду. «Менин көп деле катыш адамдарым жок. Көбү менен албетте, сый мамиледемин. Бирок, Москвадагы институтта чогуу окуп, үй-бүлөбүз менен катташкан эки-үч досум бар» деп Орозбек Дүйшеевди жана Өскөн Даникеевди айтты. Көрсө, белгилүү кыргыз жазуучусу Даникеевдин түпкү адистиги тоо-инженери экен. Масалиевге окшогон жогорку кызматтагылар ар кимге эле өз чөйрөсүн айта бербейт. Бул дагы мага ишенип айткан адамгерчилиги болсо керек .

Ошону менен жакындан таанышып калдык. Кийин райондун маселеси боюнча кайрылып калган учурларым болду. Райондо жумуш бүтпөй атса, биздеги ПМКларды башка жактарга алып кетишчү. Дагы Кант заводунун көйгөйлөрү чыгып калчу. Ошолор боюнча кайрылганымда маселени ошол замат чечип жүрдү. Негизи маселени шар чеччү. Телефонду ала коюп эле «понимаете?» деп кирчү. Масалиев ушул сөздү көп айтчу.

Кийин айтып жүрүшпөйбү,Усубалиев менен экөөнүн мамилеси жаман болчу деп. Андай эмес. Мен жакшы билем. Абсамат Масалиев Турдакун Усубалиевди абдан сыйлачу. Себеби, ал кишинин өстүргөн кадры эле да.

 

Масалиевдин жубайына абдан таңкалгам

1979-жылы Масалиев БКнын катчылыгынан партиянын Ысык-Көл обкомунун биринчи катчылыгына дайындалды. Мен да Сокулуктан кетип Айыл-чарба институтуна ректор болуп калдым. Институттун иши башкачараак. Башка чөйрө. Ал учурда окуу процесстери деп жүрүп Масалиев экөөбүздүн ортобуз алыстап кеткенсигени менен БКнын мүчөсү, депутат катары пленумдарда жанаЖогорку Советтин сессияларында жолугуп калганда мурдагыдай эле саламыбыз түз болуп жүрдү.

Ошентсе да бу кишинин адамдык сапатын айтпай кетпесем болбойт. Ал Ысык-Көлдө иштеп жатканына үч жыл болуп калган. 1982-жылы июль айында Чолпон-Атадагы резиденцияга путевка алып үй-бүлөм менен барып калдым. Эс алып жүрсөк, мени менен Айыл чарба институтун бирге бүткөн Эсенкул Алиев келип калды. Ал ветеринарлык, мен агрономдук факультетин бир жылда бүткөнбүз. Алиев ошол кезде Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеп жаткан. Бакылдаган эргулум жай сурашкандан кийин айтып калды:  «Жамин, мен сени издеп таппай жүрөм. Сураштырсам эртең менен эрте жүгүрөт дейт, андан кийин Көлгө түшөт дейт… Деги колго тийбейсиң.  Абсамат Масалиев сени аябай сыйлайт экен. «Жамин Акималиевич ушерде эс алып атыптыр. Кыргыздын белгилүү уулдарынын бири. Сыйлап-урматтап коелук» деп мени жиберди. Эртең алып кетем, даяр тур» деди.

Эртеси Эсенкул Алиев келип үй-бүлөбүз менен машинасына  салып, түз эле айтылуу Көк-Жайыкка алып барды. Көк-Жайык жайлоосун ага чейин көргөн эмес элем. Керемет жер экен. Бир аппак боз үйдү тиктирип коюшуптур.

Ал жерде Масалиевдин үй-бүлөсү бар экен. Ат миндик, кымыз ичтик, козунун этинен жедик, жөө басып жайлоонун атырдай жыттуу абасынан жуттук. Үч гана үй-бүлө болдук. Мени баарынан таң калтырганы – Масалиевдин жубайы болду. Эң эле жөнөкөй адам экен. Андан да кызыгы, Пржевальск шаарындагы кийим тигүүчү фабрикада катардагы тигүүчү болуп иштеп жатыптыр. Эми обкомдун биринчи секретарынын аялы элем деп иштебей деле койсо болот эле да. Адегенде ишенген жок элем. Анан Масалиев өзү айтты: «Жок, Жамин Акималиевич, ишенип коюңуз, элдин ишенимине киребиз десек, ошол эл катары эле болушубуз керек. Анын үстүнө бу кишинин өз кесиби тигүүчү. Оокат үчүн деле эмес, ошо кесибин урматтагандыгы үчүн да иштеп жатат. Фрунзеде да фабрикада иштеп жүрдү»  деп. Буга да аябай таңкалгам.

Анан Масалиев айтып калды: «Эми сиз чоң кызматтагы кадырлуу адамсыз. Сиздин ырларыңызды радиодон кумарланып угабыз. Мына кыргыздын кымбат жери Көк-Жайыкта отурабыз. Бизге ыңгайсыз болуп атат. Бирок ыр деле ушундай жерге жарашса керек. Мүмкүн болсо баарыбыз суранабыз, бир таштап койбойсузбу. Анан атайы ырдатканы чакырткан экен деп ойлоп калбасаңыз экен» деди. Атайы комуз да алдырып коюптур. Бир жагы Масалиевдин сыйына, сылык-сыпаа сөзүнө, адамгерчилигине ыраазы болуп турган жаным, комузду алып, өзүм да эргип, кыйлага ырдадым. Беркилер да ырдашты. Кеч киргенде тарадык. Эсенкул Алиев кайра жеткирип койду.

 Мен муну Абсамат Масалиевдин адамдын кадырын билген бийик наркы деп жүрөмүн. Көңүлүмдөн да чыкпай калган.

Жамин АКИМАЛИЕВ, академик

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *