Имамидин ТАШОВ, «KG ГРУПП» курулуш компаниясынын башкы директору: «Бата – мансаптан да, байлыктан да жогору тураарын эске алсак»

8-2Ѳткѳн аптанын 8-августунда «KGГРУПП» курулуш компаниясы социалдык багытта мугалимдерге, врачтарга, ИИМ кызматкерлери  жана эмгек мигранттары  үчүн ѳз наркында бериле турган «Алымбек Датка» турак-жай  комплексинин капсула куюу аземине компаниянын кардарларын, ѳнѳктѳштѳрүн, ошондой эле алар менен чогуу мекенчил идеологияны тутунган жакын санаалаш теологдорду, ЖМК жана Ѳкмѳт, Бишкек мэриясы, министрликтерден ѳкүлдѳрдү чакырышып,  ѳздѳрүнүн кубанычтарын тең бѳлүшүүгѳ ниет кылышты.  Бул иш-чараны аталган компания  кыргыз салттуулугундагы  кан чыгаруу менен баштап кой союшуп, куран окутушту.

Бишкек шаарынын салкын абалуу тоо тарабынан орун алган  А.Токомбаев кѳчѳсүндѳгү бул үйдүн кардарлары буйруса кийинки жылдын аягында үйлѳрүнүн босогосун аттаганы турушат.  Жаңы турак-жай жана ошол күнкү азем боюнча кыскача маалымат берүүсүн  ѳтүнүп, «KG ГРУПП» курулуш компаниясынын башкы директору Имамидин ТАШОВГО кайрылдык.

 

– Имамидин мырза, жаңыдан курулуп баштаган турак-жай комплекси боюнча сѳз салсаңыз?

– Ѳзүңүздѳргѳ маалым болгондой, биздин «Алымбек Датка» турак-жай комплексибиз бизге ишенген, бизден үмүттөнгөн, социалдык жашоосу жагынан орто саналган, бюджеттик мекемелерде гана иштеп жатышкан кесиптин ээлерине багытталып курулууда. Мугалимдер, дарыгерлер, мекен сакчылары жана мигранттар – ушул төрт категориядагы Кыргызстандын жарандары биздин кардарлар. Азыр ушундай бир мезгилде жашап атпайбызбы  – боло турган жакшылыкка элдин ишенүүсү кыйын болуп калган. Көздѳрү менен көрмөйүнчө бир нерсеге ынанышпайт. Андыктан, жасап жаткан ишибизге отчет берүү, жакшылыктын чындыгын көрсөтүү максатында 8-августтагы аземди уюштурдук.

8-712 кабаттуу бул турак-жайдан мугалимдер менен дарыгерлерге  116 квартира, милицияларга 48 квартира каралган. Бюджетте олтурган кесип ээлери мындай арзан үйдү сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгѳнүнѳ абдан кубанышып, сүйүнүчкѳ бѳлѳнүшүүдѳ. Алар бизге баталарын берип, жакшы тилектерин айтышып, жагымдуу сѳздѳрү менен компаниянын жамаатын бакытка бѳлѳп атышат.  «Бакытка бѳлѳп» деген сѳздү бул жерден жѳндѳн-жѳн айткан жокмун. Себеби, ушул заманда адамдардын бири-бирине чын дилинен, жүрѳгүнѳн жакшы сѳз чыгарып айтуусу да сейрек кѳрүнүш болуп калбадыбы. Мындан улам, үйүбүздү  бүтүрө электе эле кулагыбыз угуп жаткан жакшы сѳздѳргѳ семирип, бакыттын даамын сезип жатабыз десем жаңылышпайм. Эң негизгиси – элдин батасынан кем болбойлу. Батанын баркын билген адам үчүн бакыт байлыкта да эмес, бийликте да эмес. Бакыт – кубанган адамдардын чын дилинен сага берген батасында. Бакыт – баардык мансаптан, дүнүйѳ байлыктан бийик турат. Мен дайыма ушуну тутунуп жашайм. Бактылуулук – бул ак бата алуу.

 

– Сезимиңиздерге орногон бактылуулук ылайым кабыл болсун. Ал эми кайсы бактылуу мугалимдер, кайсы бактылуу дарыгер, милиционерлер арзан үйгѳ илинип калышты экен деп да кызыгаар биздин окурмандар…

– Ал бактылуулардын бүт баары үйдү кадыресе ѳз жолу менен алышты.  Социалдык турак-жай салынаарын жарыялардан алгачкылардан болуп уккандар дароо арыздарын жазышып, тизмеге киришти. Аларды «Тигил маалымдаманы алып кел, бул каттоонун документин алып кел» деп чуркатып кыйнабастан, биринчи долбоор болгондуктан тизмеге илингендердин баарын кабыл алдык. Буюрса, мамлекеттик каттоо мекемеси менен биргеликте атайын квоталардын негизинде иштейбиз деген ой-тилегибиз бар.

 

– Үйдүн капсуласын куюуда ырымдалып салынчу барак-тилекке сиздердин компания кандай маанидеги сѳздѳрдү жазганынын маанисин билсек болобу?

– Ак баракка жазылып «термоско» салынган ал күнкү тилектин мазмуну албетте Кыргызстандын келечегине жана ошол үйдѳ жашай турган кардарларга арналган тилек-максат тексти болду. Ѳзүбүздүн компаниянын мөөрүн басып, ак кагазды жакшылап ороп салып,  Кудайдан суранып,  капсуланы жакшылап бекитип койдук. Ичине аба киргизбеген, абаны сыртка да чыгарбаган ал «термосто» тилегибиз жакшы сакталып,   Кудай буюруп аны 50-60 жылдан кийин бирөө таап алса да жазуусу ошол бойдон тура берер.

8-6

– Аталган аземге бийлик ѳкүлдѳрүнѳн чакырылдыбы?

– Иш-чарабызга Бишкек шаарынын мэрин чакырганбыз, бирок жумуштары чыгып калган окшойт, келе албады. Бирок, ушунча бюджетчилерди  камсыз кылып жаткан, ушунча бюджетчилердин маанайын кѳтѳргѳн иш-чарага  мэрдин ѳзүнүн келиши ошол күнгѳ кошкон чоң салымы болмок деп эсептейм. Мэриядан тышкары, мугалим-дарыгер-мигрант-милицияларга  берилип жаткандыктан,  Саламаттыкты сактоо министрин, Билим берүү министрин, Жаштар жана миграция министрин  жана Шаардык ички иштер башкармалыгын чакырганбыз. Булардын ичинен Шаардык ички иштер башкармалыгынын орун басары Болот Имангазиев,  Жаштар министрлигинин статс-катчысы келди.

 

– Сиздердин компаниянын бир жакшы жѳрѳлгѳсү бар экен: ар бир жаңы салынып бүткѳн үйдүн кардарларын тойканага расмий түрдѳ чакырып, шаңдуу майрам салтанатын уюштуруп, квартира ачкычын белек менен кошо ѳзүңүз тапшырат экенсиз…

– Ооба, үй ээлерине ачкычты өз колум менен тапшыруу салты буюрса мындан кийинки салынып жаткан жана салына турган ар бир үйдүн бүтүшү менен уюштурулуп , кардарларыбызга ак ѳргѳѳ тою сѳзсүз арналып турат  деген ниеттемин.

 – Маегиңизге чоң рахмат!

8-1

6 thoughts on “Имамидин ТАШОВ, «KG ГРУПП» курулуш компаниясынын башкы директору: «Бата – мансаптан да, байлыктан да жогору тураарын эске алсак»

  1. Саламатсызбы урматту И.Ташов. Сиздин ишинизге ийгилик, чынында ото чон туйшуктуу жумушту аркалап журосуз. Мен сиздердин компанияныздарды коптон бээри билем, анткеним себеби бизди чет элдик курулуш компаниялары басып кетпедиби. Мен кыргыздардын озунун курулуш компаниясы болуусун каалайт элем, ошондо эн биринчи сиздерди коруп абдан кубангам. Менда келечекте компания тузгум келет, бирок биринчи тепкичти баспай туруп, онунчу тепкичке чыгуу мумкун эмеспи. Мен сиздердин компанияныздарда иштеп биринчи тепкичтерди уйронуп турсам болобу?

  2. Саламатсызбы Имамидин Ташов мен Сехер Рысбекова “Инолифт эскалатор лимитед ” фирмасынан,эгер мумкунчулук тузулсо сиздин фирма менен иштешели деген сунуш бар.Сиз буга кандай карайсыз эгер бул сунуш конулнузду бурса биз менен баарлашып коюнузду отуном

  3. Саламатсызбы, сиздер тарабынан өткөрүлүп жаткан мындай колдоолор биздин да жүрөгүбүздү жылытып, үмүтүбүздү жандандырды. мындай конкурска биз да катышууга мүмүкүнчүлүгүбүз барбы?

  4. Саламатсызбы Имамидин Мырза! Сизге Аллах ыраазы болсун! Ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө ден соолук каалайм! Өзүңүз айткандай, азыркы мезгилде бирөөдөн бирөө жакшылык күтпөй калды. Ал эми Сиз бул жакшылыкты жасап отурасыз. Мен мугалиммин. Жалгыз бой энемин. Жолдошум фамилиясын берген жок. Сизден сураныч, арзандатуу менен пайызы жок батир ала аламбы? Эки балам мектеп курагында. Жалгыз иштеп багам.

Leave a Reply to кенешбек Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *