Жашоо сабактары

10-2

Жашоодо, аймакта, заманда 2 түр адам болот: белгилүү жана белгисиз.

Белгилүү адам 4 түргө бөлүнөт:

1. Даражасы менен белгилүү
2. Кызматы менен белгилүү
3. Жоругу менен белгилүү
4. Сүйүүсү менен белгилүү

Белгилүү адамдардын деңгээли 4 нукта болот:

1. Заманга тийиштүү
2. Аймакка тийиштүү
3. Өтө сейрек доорго тийиштүү
4. Ченелүү мөөнөткө тийиштүү

 

Белгилүү адамдар даражасына жана иш кызматына жараша өзгөчө нукту кармап, тийиштүү деңгээлдеги маданиятты кармап, адепти, жүрүм-турумду кармап өтүүсү зарыл. Ал тийиштүү чектен чыкканда анын аброюна, анын ээлеп турган ордуна өзүнүн залакасын бербей койбойт. Себеби, белгилүү адамдардын жүрүм-туруму ар дайым элдин алдында болуп, чектөөдөн чыкканда сөзсүз түрдө элге маалым болуп, эл арасында кеп-сөз болбой койбойт. Ошондон улам, белгилүү адамдар өзүнүн деңгээлин түшүрбөш үчүн ишти, сөздү, жүрүм-турумду өзүнүн деңгээлине тете аткарып турганы оң. Белгилүү адамдардын жүрүм-туруму замандын, элдин, аймактын деңгээлинин көрсөткүчү. Белгилүү адамдардын жоруктары замандагы, аймактагы мүчүлүштүктөрдүн көрсөткүчү.

Сүйүү менен белгилүү болгондор – доорго, заманга, өлчөлүү мөөнөткө өздөрүнүн сезими менен башкаларга таанылгандар, башкаларга үлгү болгондор, көп элди таңгалткандар. Өзгөчө сүйүү ыргагы, сүйүү оту башкалардан айырмаланып, аларды элге таанытат. Өзгөчө сүйүүгө ээ болгон адамдардын көбүнесе өмүрү кыска. Буга мисалдар жашоодо көп кездешет. Мисалы: Семетей жана Айчүрөк, Автандил жана Нестан, Ромео жана Жульетта жана башкалар.

Өтө сейрек доорго тийиштүү адамдар, мисалы: Манас, ошондой эле пайгамбарлар, Баласагын, Конфуций ж.б. доордон доорго өткөндөр.

Белгисиз адамдар жоон топту түзөт. Белгилүү адамдар аз топту түзөт. Белгилүү адамдар – дайыма  элдин астында. Алар уурданып эч нерсе жасай албайт. Ошондуктан чектөөдөн чыкпаш керек. Маданияты, жүрүм-туруму менен өзүн кармап жүрүш керек.

 

Адамдын өзгөрүүсү

 Жашоонун шаңы менен, талаптын күчү менен адам өзгөрөт, өсөт, өркүндөйт. Эгер адам өзгөрбөсө, изденбесе, аракет кылбаса – адам мезгилден артта калат, жашоо шартын өзгөртпөйт, өзүн өстүрбөйт.

Күндөн күнгө, айдан айга, жылдан жылга өзгөрбөгөн адам – артта калган адам. Күн тартиби, жашоо нугу улам-улам өзгөрүүдө. Өзгөрүүнү байкаган адам – көрөгөч адам. Өзгөрүүгө моюн сунбаган адам – кежир адам. Өзгөрүү – жашоонун талабы.  Өзгөрүү  – мезгил талабы. Эң биринчи өзгөрүү: ойдо, сөздө, кыймылда. Кээ бир учурда өзгөрүү муктаждык. Бул шарт аткарылбаса – адам ийгиликке жетпейт. Бул шарт аткарылбаса – адам байыбайт жакшы жакка.

Жашоонун ыргагы, тартиби акырындан (билинбестен) өзгөрүүгө дуушар болот. Бул – мыйзам.

 

Акылман адамдын түйшүгү жана акылсыз адамдын түйшүгү

Акылман адамдын түйшүгү 3кө бөлүнөт:
1) Алгалатчу түйшүк
2) Оңдоочу түйшүк
3) Жойчу түйшүк

 

Акылсыз адамдын түйшүгүү 2ге бөлүнөт:
1) Тапчу түйшүк
2) Берчү түйшүк

Акылдуу адамдын түйшүгү башка адамдарга багыт берчү түйшүк. Акылман адам баштаган түйшүктү улантуучулар дайым болот. Акылман адамдын түйшүгү тууралыкка багыт алса – көп адамдын ырысы (улуттун, адамзаттын). Акылман адамдын түйшүгү туура эмес жакка багытталса – көп адамдын шору (ыйы, азабы, өмүрү, муктаждыгы ж.б.у.с.). Акылман адам түйшүксүз болбойт. Акылман адамдын түйшүгү токтосо, анын акылынын өчкөнү.

Акылсыз адамдын түйшүгү акылдуу адамдын түйшүгүнөн өтө тайыз, бирок убарасы көп.

 

Адамдын келечекке үмүтү

Келечек адамды көпкө үмүттөндүрөт. Келечекке адамдын ою кубаттуу болушу зарыл. Келечекке үмүттүү караган адам көп жеңишке ээ болот. Келечектен корккон адамдын жетишкендиктери аз. Келечек адамга көп үмүттү тартуулайт. Үмүт ар дайым адамдын көңүлүндө болгону зарыл, же болбосо адам келечектеги иш максатын, жакшы тилегин дайым көңүлдүү эңсеп, ал үмүттү кубаттап туруш керек.

Эгер адамдын үмүтү азайса адамдын көңүлү кирдейт, кабагына кар түшөт. Үмүтсүз жашоо адамды ийгиликке жеткизбейт. Ошондуктан адам үмүттүү, максаттуу сезимдерди улам ойготуп турушу зарыл. Үмүт адамга канат байлатат.

 

Адамдын жетишкендиги

Адамда эки түрдүү жетишкендик бар:

1)Учурга таандык жетишкендик.

2)Адамдын өзүнө таандык жетишкендик.

1) Учурга таандык жетишкендик – бул, адамдын оюнда жок, умтулбаган же салымын жетишээрлик кошпой туруп жетишкен ийгиликтер.

2)Адамдын өзүнө таандык жетишкендик – бул, каалап-эңсеп өзүнүн билимин, өнөрүн, кубатын, күчүн өркүндөтүп, азыктантып, ой толгоосу менен иш-аракети ушул нуктан чыкпай адамдын убактысын, мээнетин, көңүлүн кубатын тартуулаган иш-аракеттер. Бул ийгилик, өсүү, жетишкендик көп болсо – адамдын көңүлү, даражасы, жашоо ыргагы башка адамга дем, кубат, көңүл тартуулайт. Бул адамдын жетишкендиги көп адамды кубантат, багыт берет, адамдын мүмкүнчүлүгүнө ишендирет.

Учурга таандык жетишкендик болгондо, бул жетишкендик адамга дем, кубат бербейт. Бул жетишкендикке тегерегиндеги көп адам кубанбайт. Кээ бир чөйрөдө тардыкты пайда кылат. Мындай жетишкендиксуктандырбайт.

 

Ак жайылткан адам…

Ак жайылткан адам билбегенди билгизип, багыт таап жол көрсөтүп, элдин жүгүн көтөрүп, туңгуюктан чыгарган адам. Бул адамдардын жүгү элдин жүгү, келечектин жүгү. Мындай адамдар кыйынчылыкка карабай, көрөгөчтүк менен жол башташат, тоскоолдорго чыдап, элди үмүттөндүрөт.

Бул адамдардын милдети тар ашуудан жол таап, кыйынчылыкка чыдап, элдин жүгүн көтөрүп, жакшы жайга, туура жагдайга, өсүп-өнчү шартка алып келүү. Бул адамдардын баасы келечекти көрө билгендигинде, туура багыт тапканында жана ал жакка жол чапкандыгында. Анын баасы эмгегинин үзүрүндө.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *