Улуттук дем. Жалган жалаа менен атууга кеткен эл агартуучу

3-Тыныстанов

Касым Тыныстанов кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан.

Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн.

1925-жылы Кыргыз Автономиялуу облусунун Академиялык Борборунун Кыргыз бѳлγмγнγн катчылыгына дайындалат. Ал кызматта 1926-жылга чейин иштеп, ошол эле убакта «Эркин-Тоо» гезитинин жоопту редакторунун милдетин да аткарган. 1927-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикасынын Эл Агартуу Комиссары болуп дайындалып, γч жыл эмгектенген. Ушул эле убакта «Жаңы маданият» журналынын редактору, 1930-37-жылдарда Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, 3 ай анын жетекчиси кызматын аркалаган.

Касым ТЫНЫСТАНОВ:

Эл агартуучу. Тилчи, окумуштуу. Тыныстанов Эл агартуу маселелери боюнча жанын үрѳп иштеген. Көптөгөн докладдарды жасаган. Кыргыз Педагогика институтунун окутуучусу болуп эмгектенген. Жалпысынан тилге байланыштуу 12 китеби бар. 1936-жылы чыккан “Кыргыз тилинин синтаксиси” – акыркы эмгеги. Тыныстановго 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессорлук наамы ыйгарылган. «Эркин-Тоо» гезитинин 1926-жылкы 8-апрелдеги санында анын «Баку калаасында боло турган тγркология съезди жана анын кадыры» деген макаласы басылып, ал курултайда ѳзγ тγзгѳн латын алфавитинин долбоору боюнча баяндама жасаган.Бул мезгилде жергебизде жаңы мектептердин массалык тγрдѳ ачылышы да анын чыгармачылыгынын гγлдѳп турган учуруна туш келген. Ал мектептер γчγн эне тилибизде окуу китептери тγзγлγшγ зарыл эле. Дал ушул маанилγγ маселени чечγγнγ Касым жарандык-атуулдук милдетим деп эсептеп, окуулуктарды тγзγп кураштырууга биротоло отурат.1924-жылы «Окуу китебин» тγзγп ,1926-жылы «Чондор γчγн алиппе», 1927-жылы «Эне тилибиз», 1933-жылы «Социалдык-экономикалык сѳздγк», 1934-жылы «Кыргыз тилинин морфологиясын», 1936-жылы «Кыргыз тилинин синтаксисин» жаратты. Ошондой эле «Эне тили» , «Жаңы айыл», «Кыргыз адабий тилинин жаңы долбоору»,«Жаңы алфавит тγзγγнγн жаңы принциптери», «Биздин тил» ж.б. макала, эмгектерин жазган.

Манас таануучу.  “Манас” эпосун жыйноого зор көңүл бөлүп, бул темада атайын макалаларды жазган, уюштуруу иштерин жүргүзгөн. “Манас” эпосунун кыргыз эли үчүн мааниси” деген темада доклады бар. “Манас” айтуучулардын үнүн жаздырткан. Улуу манасчы Саякбай Карала уулунун айтуусундагы “Манас” үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси жана уюштуруучусу болгон. “Манас” эпосун орусчага которуу ишине катышкан.

Жетекчи. Кыргыз илимий комиссиясынын жетекчиси болуудан баштап, “Эркин Тоо” гезитинин, “Жаңы Маданият жолу” журналынын редактору, маданий курулуш илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери, директорлук кызматтарды аркалаган.

Акын-жазуучу. Драматург. Касым Ташкенттеги казак-кыргыз Эл Агартуу институтунда казак тилинде окугандыктан, 1920-1921-жылдарда алгачкы 12 ырын казак тилинде жазган. 1922-1924-жылдардын аралыгында жазган 18 ыры менен «Жаңыл Мырза» аттуу поэмасын кыргыз тилинде жазган. Касымдын 1920-жылдан 1924-жылга чейинки казакча жана кыргызча жазган отуз ыры менен «Жаңыл Мырза» аттуу поэмасы 1925-жылы Москва шаарындагы СССРдин элдеринин Борбордук басмаканасынан «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен басылып чыккан. Бул китеп Совет доорунда эне тилибизде жарык көргөн алгачкы оригиналдуу ыр китеп экенин баса белгилеп кетишибиз керек.

 “Академия кечелери”, “Үч доор” тарыхый драмаларынын автору. «Академия кечелери» пьесалар тγрмѳгγндѳ «Алмамбет менен Чубактын жол талашканы» жана «Yргѳнчтγн жээгинде Айчγрѳктγн кырк кыз менен турушу» деген эки кѳрγнγш жазылган .

37 жылдык ѳмγрγнγн кѳп бѳлγгγн мамлекеттик жумуштарга арнаган Тыныстановдун кѳркѳм чыгарма жазууга убактысы аз болгон.

Котормочу.  Поезиялык котормолор топтому «θзгѳрγш ырлар» деген ат менен чыккан. Ырлар, тамсилдер котормолорунан тышкары, Касым Тыныстановдун досу жана атактуу тилчи Е.Поливанов менен бирдикте “Манас” эпосун орусчага которуу ишине катышат.

Тыныстановдун жетекчилиги менен У.Абдукаимов, К.Карасаев, Т.Саманчин «Манас» эпосунун «Чоң казат» бѳлγгγн сапма-сап которушкан. Орусчага которулган “Чоң казат” 3015 сап ырдан турат.

Журналист. Гезит, журнал беттеринде илимий-педагогикалык, саясый, социалдык-экономикалык макалалары жарыяланып турган.

Маданий ишмер. Музыкалык фольклорчу, профессор А.В.Затаевичке Кетмен-Төбөдөн Токтогулду, Жолойду, Чоң-Кеминден Муратаалы Күрөңкеевди, Көлдөн Кара Молдону алдырып, алардын комуз жана кыяк күүлөрүн жаздырат. Өзүнүн онго жакын обону жаралган.

Тарыхчы. 1923-жылы В.В.Бартольдду Кыргызстанга чакырып, кыргыз элинин тарыхын жаздырткан. Этнограф С.М.Абрамзонду Кыргызстанга чакырып, музей уюштуруу үчүн аны директор кылып дайындаган. Касым Тыныстановдун түрдүү багытта жазган баалуу эмгектерин уурдап алышып, 1940-жылдардан кийин кээ бир адамдар анын эмгектери аркылуу илимдин кандидат-докторлору болушкан. 1937-жылы аны камакка алып, үйүн тинткенде бир топ папка кагаздарын, китептерин И.Батманов органдын кишилери менен машинага салып жүктөп кеткен боюнча ал кагаздардан эч дайын жок. Кийин ал документ-кагаздарды Иса Ахунбаев да, Зияш Бектенов да издеп, эч жерден таба алышкан эмес.

Касым Тыныстанов бардык жерде бүткүл талантын, болгон илим-билимин жаңы заманга, жаңы бийликке, өзү акыл-эстүүлүк менен тандап кирген партиясына, бир боор элине, башка элдердин достугуна кызмат кылууга жумшаган.

Атууга ѳкүм

Касым жаш кезинде кургак учук менен ооруган. Бул оорусу 30-жылдардын башында козголуп, дарыгерлердин жардамы менен айыгып жаңы эле иштей баштаганда ага «эл душманы» деген жалаа жабылып, жашоосундагы оор кγндѳр башталган. 1937-жылы Москвадан чакыртылып, эч себепсиз партиядан чыгарылып, 1-августта камалган. 1938-жылдын 5-ноябрында СССР Жогорку Аскер сотунун жабык кѳчмѳ сессиясында Тыныстановго “1921-жылдан тартып улутчул «Алаш-Ордо» уюмуна, андан кийин буржуазиячыл-улутчул, диверсиялык зыянкеч, «Социалдык–Туран» партиясынын жетекчилик тобуна кирген” деген кγнѳѳ коюлуп, атууга ѳкγм кылынган. θкγм тез аткарылып, 7-ноябрда атылган. 1956-жылы аялы Турдубγбγ тишелγγ органдарга кайрылып, 1957-жылы СССРдин Жогорку Аскердик соту 1938-жылдын 5-ноябрындагы чечимин жокко чыгарган. 1958-жылы 22-январда аны партиялык жактан актаган.

Үй-бүлѳсү тарткан азап

Касымдын улуу баласы Теңдик 1925-жылы туулган. Туугандарынын эскерүүсүнө караганда, Теңдик атасы Касымды жазбай тарткан өткүр, өтө зээндүү бала болгон экен. Теңдик 12 жашка келгенде Касымды камап кетип дайынсыз жоготушуп, үйүн тоноп кетишкенден кийин акыл-эс кирип калган Теңдик энеси Турдубүбү менен тартпаган азапты тартып, сегиз жашар карындашы Бирдикти, беш жашар иниси Эркинди колунан жетелеп, “эл душманынын балдары” аталып, эч жакка батпай үйдөн үйдү кыдырып, баш пааналап калышкан.
Кийин гана арадан үч-төрт жыл өтүп, баягы коркунучтуу аңдуу, себепсиз сүйрөп кетүүлөр токтолуп, ортодо аз убакыт болсо да тынчтык орноп, бирок эми ички эмес, сырттан кол салган, дагы бир жолу адамдардын жүрөгүнүн үшүн алган Ата Мекендик согуш башталат. Жаңыдан бойго жетип калган Теңдик мекенди коргоо үчүн фашисттер менен согушууга аттанат. Анда ал жаңыдан гана медтехникумга тапшырып окуй баштаган. Согушка кетип, башына ок тийип, жарадар болуп келгенден кийин 1945-жылы энесинин колунда кыйналып жатып каза табат. Үйлөнгөнгө үлгүрбөй, артында туяк калбайт.

Эл агартуучусунун чыйыр жолу

Касым Тыныстанов 1901-жылы 10-сентябрда касиеттүү Ысык-Көл кылаасындагы Чырпыкты кыштагында, кедейдин үй-бүлѳсүндѳ төрөлгөн.

Атасы Тыныстан араб тамгасында анча-мынча окуп, кат сабаты жоюлган адам болгондуктан, Касым 7 жашка чыкканча эле араб тамгасында окуп-жазууну ага үйрөтүп койгон. 1912-жылы Касымды атасы Тыныстан Каракол шаарындагы орус-тузем мектебине орноштурат. 1916-жылга чейин Касым ал мектептин үчүнчү классын орус тилинде бүтүрөт.

Касым да 1916-жылдагы үрккөн эл менен бирге Кытай жерине качып барып, анын кѳз алдында ачтан өлүп, суукка тоңуп кыйналып, зар какшап ыйлаган кыргыздардын арасында болуп, алардын муңдуу ыйын уккан. 1918-жылы ак падыша тагынан кулап, Көлдө жаңы турмуш орноптур деген кабарды угуп, Касым ошол эле жылы качкын кыргыздар менен бирге жерине кайтып келет. 1919-жылы Каракол уездинде милициянын уездик начальниги болуп турган Садыбакас Ысмайылов деген таякесинин жардамы менен Ташкент шаарына окууга кетип, андагы казак-кыргыз институтуна кирип, ошондон анан чыгармачылыгына из салып, агартуучулук жолунун демин баштаган.

(Макала интернет булактарынан даярдалды)

Манас күмбөзү

Касым Тыныстанов

Сай-сайдан чымырканып, кулатып таш,
Омкоруп кедергини кылган талаш.
Башталып Ала-Тоодон Чүйгө карай
Күзгүдөй суусу тунук агат Талас.
Урматтуу көз жаш менен ал күмбөзгө
Коюлган өткөн күндө баатыр Манас.

Күмбөздүн салынганын кандайчалап,
Болгонун нечен жүз жыл мурун эбак.
Манастын эл бакканын, эл чапканын
Кимдигин,кандайлыгын чын аныктап.
Мурун да окуучуга сүйлөп берген
Айлана дубалына жазылган кат.
Бул күндө ырайымсыз жат жолунан
Мурунку жазуу, сызуу түшкөн урап.

Али да турат күмбөз таңыркатып,
Көргөндү ойлондурат көңүлүн тартып.
Алыста көрбөгөндү даңкы менен
Өзүнө куса кылат кумардантып.

Эрте-кеч тоонун жели жомок кылып,
Күмбөзгө толуп жаткан сырлар айтып.
Бул күнкү урпагынын жайын сүйлөйт,
Уйкуда жаткан эрди кайраттантып.

Ала-Тоо асман менен деңгелдешип,
Көтөрүп көкүрөгүн, бой тирешип.
«Манасым эр ичинде экилтик» деп
Талашат Айга, Күнгө теңештирип.
Капчыгай, бийик зоока, чер карагай
Күмбөздү күзөтүшөт кезектешип.
Жылгадан туйлап аккан тунук булак
Манастын сөзүн курат маектешип.

Элинин эт жүрөгү жараланып,
Эбаккы өткөн күндүн изин чалып.
Ырчысы ырга кошуп атын жаттайт,
Комузчу күңгүрөнтүп күүгө салып.
Уулу зар болгон күнүн сүрөттөсө,
Жашынын каны кызыйт, ичи жанып.
Какшаган комуз менен, муңдуу кайрып
Жоктошот эр Манасын эсине алып.

One thought on “Улуттук дем. Жалган жалаа менен атууга кеткен эл агартуучу

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *