Маданиий-экологиялык акция: «Сууга таазим»

Ыйык-Көлүбүздү кумар жерге айлантуудан сактайлы!

Îçåðî Èññûê-Êóëü

Ушул жылдын 25-июлунда (сууга таазим кылуунун дүйнөлүк акция күнүндө) Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Манжылыда  «Сууга  таазим» аттуу маанилүү экологиялык акциясы болуп өткөн.

Буга «BIOKG» Кыргызстандын ограникалык кыймылынын федерациясы, Борбордук Азиянын тоолуу бирикмелеринин ассоциациясы, «Кыргыз өзөгү» коомдук фонду, «Ак Шумкар КУТ» жаштар коомдук бирикмеси, Кыргызстандын космоэнергетиктеринин «Группа Солнце» бирикмеси, «Эр-Төштүк» Коомдук фонду, «Суунун жана санитариянын Кыргыз Альянсы» ассоциациясы жана башка коомдук маданий-экологиялык кыймылдары, ошондой эле башка топтор, жеке адамдар катышышты.

Иш чаранын максаты – Ысык-Көлгө таазим кылуу менен коомчулуктун көӊүлүн табиятты сактоого буруу жана адамдын руханий экологиясын таза кармоого чакыруу, ошондой эле жалпы элдик ынтымак жана өлкөбүздүн жарык келечеги үчүн бата тилек кылуу болду.

oko1

Көптөгөн астронавтардын билдирүүлөрүнө таянсак, космостук орбитадан алып караганда,  Ысык-Көлдүн үстү кадимкидей жарыктанып, андан чыгып турган нурлар космосту көздөй тээп турат экен. Ысык-Көлдүн үстүндөгү жарык нур – бул өз кезегинде планетардык өткөргүч, ал ааламдык мейкиндикке жарык менен кошо жердин абалын жеткирүүчү түйүн. Телекоммуникациялык байланыштын өзөгүндө да жарык тураары белгилүү эмеспи (электромагниттик толкундар). Окумуштуулардын айтуусу боюнча, жарык бул дүйнөлүк маалыматты алып жүрүүчү.

Жарык – тазалыктын символу, ыйыктыктын белгиси. Бекеринен баардык диндерде ыйыктык жарык менен элестетилген эмес. Кыргыздардын байыркы уламыштарында Ысык-Көлүбүз Ыйык-Көл деп аталып келген. Улуу дастаныбыз «Манаста» да Ыйык-Көл деп айтылат.Анын канчалык улуу жана тарыхый бай жер экенин Көл тууралуу уламыштар, жомоктор ачык айгинелеп турат.

Биздин касиеттүү көлдү планетардык деӊгээлдеги мазар жер деп айтсак болот. Анткени, ал мазар болбосо, ушул жерден акылман акелер, биринин артынан бири манасчылар чыгат беле. Мазар жерге кыргыз кандай мамиле кылса, ыйык көлүбүзгө дагы ошондой сый-урмат менен мамиле кылуу зарыл. Ысык-Көл ыйык жай жана ал ошол бойдон дагы сансыз кылымдарга карай сакталып калышы керек.

Суунун касиети айтып бүткүс, бирок, тилекке каршы, азыркы элдин  Ыйык-Көлгө кылган мамилеси эч бир түшүнүккө сыйгыз абалга келип жетти. Ысык-Көл бүгүн кыргыздын алтын бешиги, баалуу бермети эмес, эс алып кумарга гана батчу жайга айланып, адам жандыктын ыпластыгына улам барган сайын батып бара жатат. Көлдүн жээги таштандыларга толду. Жээк бойлой отуруп алып чартаӊбай тепкен мастар, акылсыз акмактар жыл өткөн сайын көлүбүздүн касиетин кетирип, экологиялык бүтүмдүүлүгүбүздү талкалап келе жатышат. Бок ооздонгон жаштар тили тешилгенче сөгүнүп жүргөндөрү жүргөн. Биз кайсыл абалга келип калдык? Байыркы ата-бабаларыбыз жаӊы төрөлгөн наристенин денесин ырым кылым чайып келген көлүбүз бүгүн эмне болуп калды? Жээкке келип жомок, уламыш айткан аталарыбыздын дастан күүлөрү бүгүн минтип түнкү клубдар менен алмашып калабы? Арманын айтып, кусалыгын теӊ бөлүшкөн Алыкул атабыз өмүрлүк жолдошу Ысык-Көлдү бүгүн көрсө эмне деп айтаар эле…

000000338

«Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам, Ыйык-Көлүбүзгө таазим кылып, ыраазычылыгыбыз менен кошо сүйүүбүздү билдирип турууга убакыт келди.  Аруу тилегибиз менен ак ниетибизди жарыкка бөлөп, жооп катары кайра табияттан алкыш алуу ар бирибиздин энчибизге буюра турган жакшылык. Ошол кутту жерге таштабай, аны бакканга жүрөгүбүздү таза кармап, оюубузду тунук кылып турсак, албетте, жакшылык менен оомат биздин жерибиз менен элибизге келбей койбойт.

Замандаштар, жалпы коомубуз Ысык-Көлгө таазим кылып, аны барктап- баалап сыйлаганга үйрөнөлү. Бири-бирибизди ошого үндөйлү!» дешет жогоруда аты аталган   уюм-бирикме-коом ѳкүлдѳрү.

12-сууга таазим

 Айбек БАЙЫМБЕТОВ

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *