Кытай. Шанхай-2014. Кытайдагы кыргызстандыктардын I-курултайы

9-лого“KYRGYZ UNION”  коомдук уюму 

1-2-3-май күндөрү Кытайда кыргызстандыктардын биринчи курултай мааракеси өткөрүлдү. Курултайдын максаты – Кытайда окуп, иштеп жүргөн кыргызстандык жаштардын башын бириктирип, байланышта болуп туруусуна шарт түзүү жана кыргыз маданиятын жайылтуу.

Курултайга Кытайдын көптөгөн шаарларында билим алып жатышкан 130дан ашык студент катышты. Ошондой эле, КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алымкулов Алиясбек Төлбашиевич; “Замандаш” ассоциациясынын өкүлдөрү Азамат Айтбаев жана Чолпон Осмонова; “Строй Мир” компаниясынын ген.директору Ибраев Саматбек Кулукеевич; Гуанчжоу шаарындагы КРнын консулу Максат Ишенбекович мырзалар ардактуу коноктордон болушту.
1-май күнү Шанхай шаарынын ажайып жайларына экскурсия уюштурулуп, 2-май күнү расмий иш-чаралардын алкагында жолугушуу жыйыны тегерек столдо уюшулду. Бул жыйында Кытайдын ар кайсы шаарларынан келген студенттердин өкүлдөрү баяндама жасашып, көйгөй маселелер талкууланып, кызыктырган суроолору менен пикир алмашышты.
Расмий иш-чара кыргыз улуттук кийимдерин кийген кыз-жигиттердин концерти менен улантылды. Жаштар комуз, чоор, гитара аспаптарын чеберчилик менен ойноп, ырларды жагымдуу күүлөр менен коштоп беришти. Ал эми кыздардан түзүлгөн топ кыргыз бийин тартуулашты. 3-май күнү болсо шаардын сыртына чыгып, көк чөптүн үстүндө кыргыз күрөш, чүкө, кызыл жоолук жана башка улуттук оюндар уюштурулду.
Курултай эң жогорку деңгээлде өтүп, кыргызстандык жаштар Кытайдын баардык шаарларында кыргыз маданиятын алга жылдырууга жана улуттук өнүгүүгөөз салымдарын кошушаарына ишенимдери бекем экендиктерин билдиришти.

9-курултай2

9-курултай

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, Гуанжоу шаары, “Көк асаба” гезитинин кабарчысы

 

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *