Эмне үчүн учурда ашынган тентектер, же тили 5-6 жашка чейин чыкпаган балдар кѳбѳйүүдѳ?

4-2

Чынара КАПАРОВА, Медициналык кеңеш берүү  жана спорттук  медицина Борборунун балдар неврологу, дарыгер

Кѳп жылдардан бери балдар неврологу болуп иштеп келгендиктен, акыркы убактагы балдар кѳйгѳйү жүрѳгүмдү ѳйүтүп, ушул макаламды жазууга түрткү берди. Макаладагы балдар тууралуу кѳтѳрүлгѳн кѳйгѳй маселе – жеке үй-бүлѳлѳрдүн гана эмес, бүтүндѳй биздин коомчулуктун чоң кѳйгѳйү экенин сѳз башында эле баса белгилеп айта кетейин…

Акыркы мезгилдерде  жүрүм-туруму ѳтѳ ашынган, бир жерге тура албаган тентек наристе балдардын саны арбыды. Балдар врачы катары ѳзүм кѳрүп жүргѳн кѳрүнүштѳн мисал келтирейин.  Адатта, апасы менен доктурдун бѳлмѳсүнѳ алгач кирип келген бала башка чѳйрѳгѳ келгенин дароо байкап, тегерекке акырын абай салып кѳз жүгүртѳт, апасынын этегине жабышып, жанынан алыс чыкпай, ошол келген жерине акырындап кѳнѳ баштайт. Мындай нерсе катардагы кѳрүнүш болуп эсептелет. Анан да, баарыбызга белгилүү болгондой, кичинекей балдар ак халатчандарды кѳрүшкѳндѳ коркуу сезими пайда болуп, ѳзүлѳрүн тынч алып олтурушат. Бул, биз билген, кѳргѳн, биз кѳнгѳн кѳрүнүш. Ал эми азыр кандай?

Азыркы гиперактивдүү балдар врачтын кабинетине кирип келери менен чоңдордун сѳзүнѳ аралашып, бѳлмѳнүн ичинен ары-бери чуркап, шкафтардын эшиктерин ачып аңтарып, столдун үстүндѳгү буюмдарды эч тартынбай колдоруна ала башташат. Айрым учурда колуна тийген ал буюмдарды сындырып да салышат.  Мага келген балдар мына ушундай. Алардын кээ бирлери апасынын «тынч тур» деген сѳзүн кѳтѳрѳ албай, врачтын кѳзүнчѳ эле апасын койгулап, жиндене баштайт, тиштегилейт, чымчылайт. Баспай-чуркабай эң эле тынч олтурат деген баланы байкасак, ал деле отурган отургучунда ары-бери айланып, колу-бутун кыймылдатып, башын ар кайсыл тарапка бура берет.

Балдардын мына ушундай ашыкча кыймылдуулугу жѳн гана тентектик эмес, а чындыгында оору экенин ата-энелер этибарга албай келишет. Мындай жүрүм-турум эмнеден улам болуп жатат деп ойлонбостон,  баардыгын алардын мүнѳзүнѳ шылташат. Бирок, мындай балдар балабакчага же мектепке бара баштагандан тарта бир нерсени үйрѳнүүдѳн, окуудан  кыйынчылыктарга дуушар болушат да,  мугалимдердин, тарбиячылардын аларга болгон арызданууларынан кийин гана  ата-энелер уул-кызы тууралуу олуттуу ойлонуп, аларга кѳңүл бѳлѳ башташат.

Гиперактивдүү балдардан тышкары дагы бир баса белгилеп айтып кете турган жагдай бар. Бул – убагында тили чыкпаган, сүйлѳй албаган балдардын учурда кѳбѳйгѳнү. Алардын саны күн ѳткѳн сайын ѳсүүдѳ.  Тили кеч чыккандардын арасында  «апа», «ата», «нан», «чай», «бер» деген сѳздѳрдү гана айта алган 6 жашар балдар да бар. Ал алты жашар балдар жѳнѳкѳй сүйлѳм куруп сүйлѳгѳндү кой, эң жѳнѳкѳй «мага берчи» же «нан жейм» деген сыяктуу сѳз айкаштарын айта алышпайт.

«Жашообузда эмне үчүн мындай балдар кѳбѳйүүдѳ? Алардын бул абалына ким күнѳѳлүү?» деген суроолор туулбай койбойт. Менин оюм боюнча , буга кѳптѳгѳн себептер бар. Медик катары карай турган болсом, энелердин кош бойлуулук учурундагы оордуктарга,  кыйын тѳрѳтүнѳ, боюнда барда кабылган стресске, үй-бүлѳдѳ социалдык шарттын жоктугуна же экологиянын бузулушуна шылтасам болот. Бирок, кош бойлуулугу да, тѳрѳтү да эң жакшы ѳтүп, эне ѳзүн физикалык жактан да, жан дүйнѳсүнүн тынчтыгы жагынан да абдан жакшы сезип тѳрѳсѳ деле туулган баласында жанагындай кѳрүнүштѳр болуп калып жатпайбы.  Демек, кѳйгѳй себеби эмнеде? Ооба, мен догдур катары кошулбай кое албайм: мындай балдарды атайын адистерге  – невролог, психоневролог, дефектолог, логопеддерге алып барып текшертиш керек. Кѳптѳгѳн дарылоочу каражаттардын негизинде каалаган жыйынтыкты алууга болот. Бирок, мындай каражаттар жардам бербей, же кыска мѳѳнѳткѳ гана жардам берсе, анда эмне кылуу керек? Мүмкүн, биз Жараткандын алдындагы айрым мыйзамдарга баш ийбей жаткандыгыбыздын жыйынтыгынан улам жаңы оорулар, вирустар, бактериялар, онкологиялык оорулар, кант диабети, «жаш» инфаркт жана инсульттардын саны тез ѳсүп бара жаткандыр. Жанталашып канчалык оору түрлѳрү менен күрѳшүп келатсак деле алардын келип чыгыш себептери такталбай калууда. Себеп – укумдан-тукумга келаткан туура эмес кѳз караштагы дүйнѳтаанымда, туура эмес жашап терс кадам жасаганда, каргыштын тийгенинде, маркум ата-бабасынын күнѳѳлѳрүн тартып калгандан жана башка ушул сыяктуу кѳрүнүштѳрдѳн, ата-эненин ѳзүнүн жүрүм-турумунан, аң-сезиминин пастыгынан улам болуп жүрбѳсүн? Жакында эле бир адамдан «баланын тилинин чыкпай калышы эмнеден улам болушу мүмкүн» деп сурасам, «ар кандай себептер бар, бирок,  түйүлдүк кезинде эле балага ата-эненин жүрүм-туруму, ою, сѳзү, сезими таасир берет, ата-эненин тили заар, ыплас сѳздѳрдү кѳп сүйлѳгѳн же жаман сѳздү оозанып жүргѳн болсо да баласынын тили чыкпай калат, бул, Жараткандын жазасы» деди…

КАНДАЙ КАДАМ КЫЛУУ КЕРЕК?

Баардыгы үй-бүлѳдѳн башталат. Жашоонун кийинки ѳзѳгү да үй-бүлѳгѳ байланыштуу. Ошондуктан биз ѳзүбүздүн балдарыбызга бул жашоонун туура багытын бергенге, үйрѳткѳнгѳ  түздѳн-түз милдеттүүбүз:
Жаштайынан адамды тарбияласа
Жакшы сѳзгѳ адамды маалып турса
Багыттап акыл сѳздү айтып турса
Туура нук адамга бир келип турса
Сапаттуу адамдардан таалим алса
Туруктуу ойлорду берип турса
Асылдуу адам болуп ѳсүп келет
Турмушта адамзатка бакыт берет
Турмушта акыл-насаат айтып келет
Турмушта асыл нукту алып берет
Жашатып жаңы нукту багып берет.
(«Бакдѳѳлѳт», 140–бет)

Моюнга алалы, жашоонун кыйынчылыгында биз кѳпчүлүк учурда депутаттарды, чиновниктерди же башкаларды күнѳѳлѳйбүз, бирок, баардыгын ѳзүбүздѳн, ѳзүбүздүн үй-бүлѳбүздѳн  баштоо керектигине кѳңүл бурбайбыз.  Эгер биз ѳзүбүз ѳзгѳрсѳк, анда бизди кѳрүп чоңоюп жаткан балдар ѳздѳрү эле ѳзгѳрүшѳт. Ата-эненин татыктуу жүрүм-туруму, иш-аракети – балдарга айтылган маанисиз сѳздѳрдѳн алда канча бийик турат.
Оңдосоң ѳздү ѳзгѳрѳт аалам
Оңдосоң ѳздү ѳзгѳрѳт балаң
Оңдосоң ѳздү ѳзгѳрѳт баары.
(«Ак нур», 50-бет)
Жакшы жакка ѳзгѳрүү менен биз ѳзүбүздүн келечегибизди ѳзгѳртүп, балдарыбызга жардам кыла алабыз.  Негизи, ѳзүңѳ ыңгайсыз суроолорду берүүнү үйрѳнүп, жана  аларга чын дилиңен туура жооп бергенди билиш керек:

  • Мен ѳзүмдүн балдарым үчүн үлгүлүүмүнбү?
  • Алар мага окшош болгулары келишеби?
  • Мени менен алар сыймыктанабы же уялышабы?
  • Алар мени сыйлашабы?
  • Аларга менин кеңешим баалуубу?
  • Мен ѳзүмдүн балдарыма туура тарбия бердимби?
  • Мен балдарыма ѳз убагында мээримди, жылуулукту, камкордукту бердимби, же буга менин убакытым болгон жокпу?
  • Балдардын тарбиясына кѳңүл бурбастан, мен ѳзүмдү миңдеген шылтоолор менен бошотпой келдимби?

Насаат айтпай балдарга
Ѳз жайына коюшту
Балдар укпай насаатты
Акыл албай атадан
Насаат укпай энеден
Канча балдар адашты.
(«Ак нур», 72-бет)

Улгайып турган маалда
Жашоону иликтегин
Жашоодон тапсаң акыл
Тууралап айтып бергин
(«Тууралык», 37-бет)

Улуу муун айтса жакшыны
Тууралыкка багыттайт
Улуу муун чанса жакшыны
Урпактарын алар кыйнайт
Улуу муун сүйсѳ жакшыны
Асылдыкты тартуулайт
Тереңдикке багыттайт
Асылдыкты алар баалайт
Үлгү болот балдарга
Сүйкүмдүү болот аларга.
(«Тууралык», 36-бет)

Биз, баардыгыбыз бала болуп тѳрѳлѳбүз. Биздин жашообуздагы комплекстер, кетирген каталар, коркунучтар – баардыгы балалыктан башталып келет жана алар  жашоодогу жагдайларды туура баалап билгенге тоскоолдук кылат.  Эгер биз  ѳзүбүздү жакшы жакка ѳзгѳртүүгѳ күч жумшабасак, ѳзүбүздү ѳзүбүз тарбиялоо менен алектенбесек, анда, билип да, билбей да, биздин ата-энелерибизден кетип калган каталарды ѳзүбүздѳ алып жүрѳ беребиз.
Ѳзгѳрүү талап болгон мезгил мына
Ѳзгѳрүү сурап турган мезгил мына
Ѳзгѳрбѳйм деген адам кѳп кыйналат
Ѳзгѳрүү улам-улам эшик кагат.
(«Тууралык», 149-бет)

Ата-эне үчүн эң негизги чоң белек – бул, биз сыймыктана ала турган мыкты балдар. Ал эми сыймыктана ала турган балдардын чоңоюп ѳсүшү – бизге гана байланыштуу. Алардын таалим-тарбиясына биз гана жооптуубуз. Андыктан, ата-энелер, алгач ѳзүңѳрдү тарбиялагыла, ойлонууңарга, сүйлѳгѳн сѳздѳрүңѳргѳ, жүрѳгүңѳрдүн тазалыгына кѳңүл бургула. Себеби, биздин балдар бизге гана окшош болуп тарбияланышат.

Биз, ата-энелер, баардыгыбыз укум-тукумубуз күчтүү болсун деп каалайбыз, туурабы. Балдарыбыз бактылуу, ден соолуктуу, жашоодо кѳп нерсеге жетишкен, турмушта ѳзүнүн ордун тапкан, акылы, сезими, үмүтү бизден күчтүү, ѳздѳрү кыраан, кылган кызматы элибизге пайдалуу ураан болсо, бул, жеке үй-бүлѳнүн гана эмес, бүтүндѳй улуттун кубанычы эмеспи.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *