Эргүүңдү кандырган ЭтноДиско

9-3

Жакында “Супара” этнокомплексинде кыргыздын улуттук бийи боюнча жабык түрдө этнодискотека болуп өттү. Бул шаң “Кыргызстан Кыялы” Коомдук  Фондунун мүчөсү Улан Үсөйүндүн демилгеси жана “Супара” этнокоплексинин колдоосу менен уюштурулду.

Кеченин негизги максаты – кыргыздардын улуттук (этно) бийлерин коомчулукка жайылтуу, ошону менен бирге муундан-муунга өткөрүп, тарыхта калтыруу иш-чарасы. Этнодискотеканы “Нур” комузчулар ансамбли ачып, “Миң кыял” бийчилер тобу коштоду. Маарекенин чылбырын Али Токтакунов өз колуна алып, этнодискотека майрамын шаңга бөлөдү .

Албетте мындай кечеге Кыргызстанга белгилүү, аттуу-баштуу инсандар келип катышты. Атай кетсек, кара жорго бийинин тарыхын изилдеген Болот Дыйканбаев жана бул бийди коомчулукка алып чыккан Кубанычбек Эсентаев өзүнүн шакирттери менен келишип, кыргыздын улуттук бийлерин көрсөтүшүп, кеченин көркүн ачышты. Ошондой эле Табылды Эгембердиев, Жоомарт Жолдошев, саясатчы Адахан Мадумаров, режиссер Эрнест Абдыжапаров жана эстрада жылдыздары Салтанат Cадыкова, Мирбек Атабеков ж.б. аттын кашкасындай таанымал инсандар келишти. Боордош элибиз Казакстандан да өкүлдөр келип, алар өз ойлору менен бөлүшүштү. Ал эле эмес Түрк, Америка элинин атуулдарын бул бий аянтынан жолуктура алдык.

Алгач даам татып алгандан кийин этнодискотека башталып, ортодон сынактар уюштурулуп, коноктор этно бийлери боюнча өз ойлорун ортого салышты. Арасында ырчылар шаңдуу ырларын ырдашып, Бакыт Мамаевдин «Шаман» бийине да күбө болдук. Коноктор арасында кыргыздын бийлери жөнүндө талкуу жүрүп, эми мындан ары ар айда “Супара” этнокомплексинде этнодискотека болуп тураарын баса белгилешти. Бул күнү этно бийлерге сынактар болуп, биринчи орунга “Супара” этнокомплексине 2 адамга эс алуу баракчасы, экинчи орунга этнокомплекстин даамдуу татымдары жана “Шоро” компаниясынын максымы, жана башка кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

9-1

 

9-2

9-4

9-5

9-6

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *